СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Курманжан датка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз элинин даанышман эл башкарган, аял затынан биринчи болуп датка наамына татыган Курманжан эненин өмүр баяны жөнүндө. Курманжан энебиздин өмүр жолу бүгүнкү муундарга өрнөк болууга тийиш.

Просмотр содержимого документа
«Курманжан датка»

КУРМАНЖАН ДАТКА


1832-жылы 21 жаштагы Курманжанга баргы уруусунун бийи катары жана Кокон бийликтерине кызмат кылып, датка деген наам алган, элге билгилиги менен маалым Алымбек датка кокусунан жолугуп сөз салат, андан көп узабай экөөнүн тагдыры кошулгандыгы тууралуу кеп угулат.

Ошол күндөн баштап, Курманжан өз челкөмүндө гана эмес, күчтүү мамлекет болуп эсептелген Кокон бийликтеринин иш-аракеттерине күйөөсү Алымбек дат­ка менен катар аралаша баштайт. Курманжан күйөөсү Алымбек датка Кокондо мамлекеттик бийлик кызмат аткарып жүргөндө анын ордунда билгилик менен элин башкарган. Ал эми Алымбектин мамлекеттик иштеринде акылман кенешчи катары тынбай өз ойлорун ортого салып турган.

Алымбек менен Курманжан 29 жыл бирге өмур сүрүшүп, ошол кездеги аз сандуу жоокери болгон кайраты мол кыргыз элинин бир канатына кам көрүп отурушту. 1861-жылы Алымбекти кас душмандары Кокондо өлтүрүп кетишкенде, тагдырдын соккусуна мүңкүрөп отуруп калган змее. Тескерисинче, күйөөсүнүн бийлигин улантып, өзүнүн көсөмдүгү жана дипломатиялык жөндөмдүүлүгү менен Алайдын гана кыргыздарына эмес, Фергана өрөөнүнө даңктуу башкаруучу катары таанылган.

1862-жылы Кудаярды экинчи жолу такка отургузуу маалында, ага таяныч табуу ишенимде Ошко Бухара эмири Музаффар келет. Ал ошол мүдөөсүн ишке ашыруу менен бирге Алымбек датканын ордуна бирөөнү дайындап, ага «датка» деген наамды ыйгарып кетүү вазипасын да аткарып кетүү керек эле. Бул орунга Музаффар Алымбек датканын улуу уулу Жаркынбайды сунуштайт. Бул даражаны алуудан Жаркынбай караманча баш тартып, өз туугандары учсуз ойлордун түйүнүн тынбай чечуугө аракет жасап отурушуп, бул орунга Курманжан гана ылайыктуу экендигин сөз салышып, Музаффар улукка кеп айтышат. Музаффар эмир бирде Курманжанга ишенген элге, бирде анын иш билгилигине таң калып, кийинки сунушту макул көрүп, муну Кудаяр ханга билдирет. Кудаяр хан Курманжанга «датка» деген наамды ыйгарууга аргасыз болот. Буга чейин Орто Азия жана турк элдеринде дат­ка даражасын алып жүргөн аял тарыхта болгон эмес экен. Ал кабар элге тез таркайт.

Курманжан датка ошол учурдагы орус төбөлдөрунө да коомдук жана мамлекеттик ишмер, акылман жана билгиликтуу башкаруучу, элине камкор эне катары кадыр-баркка ээ экендиги менен да белгилуу болгон. Бекеринен аны Кауфман баш болгон орус генералдары «Алай ханышасы» деп атаган эмес. Курманжан датка өз мезгилинде Россия падышачылыгынын Фергана өрөөнүндөгү ишенимдуу акимдери Скобелев, Ионов, Черняев, Фон Кауфман, Духовский сыяктуу генералдар, а түгүл согуш министри А.Н. Куропаткиндердин урмат-сыйына арзыган. Анын акылман саясаты, билгичтиги, орус-кыргыз элдеринин ортосундагы куралдуу кагылышууларды токтотуп, тынчтыкта жашоого жол ачкан.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!