СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Курманжан Датка

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Курманжан Датка

Просмотр содержимого документа
«Курманжан Датка»

Курманжан Датка

Курманжан Датка

Курманжан Датка (1811-1907) Курманжан Датка (1811-1907) - кыргыз элинин XIX кылымдагы коомдук, саясий жана аскер ишмер. 1832-чи жылдан 1876-жылга чейин Алай кыргыздарынын башчысы, даткасы болуп келген. Бухара эмиратында жана Кокон хандыгында датка наамына ээ болгон. Орус императордук армиясынын полковниги (1876-жылдан тартып).

Курманжан Датка (1811-1907)

  • Курманжан Датка (1811-1907) - кыргыз элинин XIX кылымдагы коомдук, саясий жана аскер ишмер. 1832-чи жылдан 1876-жылга чейин Алай кыргыздарынын башчысы, даткасы болуп келген. Бухара эмиратында жана Кокон хандыгында датка наамына ээ болгон. Орус императордук армиясынын полковниги (1876-жылдан тартып).
Төрөлгөндөгү аты: Курманжан Датка Ишмердүүлүк тармагы: Алай ханышасы , дипломатия, аскерий жана коомдук иштер Туулган датасы: 1811-жыл Туулган жери: Ороке (Орок, Орке) айылы ,  Букаралык: Өлгөн датасы: Ош шаары   Кокон кандыгы  Орус империясы 1907-жыл, 1-февраль Атасы: Маматбай Жубайы: Балдары: уулдары:  Абдылдабек, Мамытбек, Асанбек, Батырбек, Камчыбек

Төрөлгөндөгү аты:

Курманжан Датка

Ишмердүүлүк тармагы:

Алай ханышасы , дипломатия, аскерий жана коомдук иштер

Туулган датасы:

1811-жыл

Туулган жери:

Ороке (Орок, Орке) айылы

Букаралык:

Өлгөн датасы:

Ош шаары

  Кокон кандыгы Орус империясы

1907-жыл, 1-февраль

Атасы:

Маматбай

Жубайы:

Балдары:

уулдары: Абдылдабек, Мамытбек, Асанбек, Батырбек, Камчыбек

Өмүр баяны: Курманжан Датка  1811 –жылы Оштун Жапалак айылына караштуу  Орке кыштагында  туулган. Алайдын жана Ош аймагынын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үчташ жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош олтуруп калат.
  • Өмүр баяны:
  • Курманжан Датка  1811 –жылы Оштун Жапалак айылына караштуу  Орке кыштагында  туулган.
  • Алайдын жана Ош аймагынын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үчташ жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош олтуруп калат.

1832-жылы Курманжан 21 жашында адигине уруусунун бийи  Алымбек датка  менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон. Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы  Кокон хандыгы  эле эмес, коңшу Бухара эмирлигине, атүгүл алыскы  Россия  серепчилерине да дайын болгон. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин  Алай дагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. Ошол эле жылы  Бухара  эмири Сейит  Музаффар  Эддин Алай тараптагы кыргыздардан Кокон хандыгына таяныч издөө максаты менен Ошко чейин аскерлери менен келген. Курманжан аларды өгөй уулу Жаркынбай ж.б. балдары, туугандары менен Оштон кастарлап тосуп алышкан. Эмир Алымбектин ордун басчу адамга датка наамын ыйгарууну көздөгөн. Алгач бул наамды Курманжандын пикири боюнча ата баласы деп ошол кезде  Ош  акими болуп турган  Жаркынбай га сунуш кылышкан. Бирок, Жаркынбай бул даражадан караманча баш тартат. Ошентип, Музаффар менен Кокон ханы  Кудаяр хан  Курманжанга датка наамын ыйгарууга аргасыз болушкан. Ушул окуядан кийин Курманжан " датка " аталып, хандыктын саясий иштерине аралашкан, ордодо жолугушууларды өткөрүп, ханга кеңеш айта алган. Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурганда (1865-жылы) Курманжан улуу уулу  Абдылдабек ти ээрчитип, Коконго келгендиги маалым.

  • Кудаяр хандын энеси  Жаркынайым  менен Курманжан  Шералы  хандын заманынан бери эле ынак, сырдаш болуп, Кудаяр бала кезинен эле Курманжанды жакшы билчү. Конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, кымкап чапан жаптырып, баалуу белек бердирген. Жаркынбайдын ордуна Абдылдабекти Ошко аким кылып дайындаган. 19-кылымдын 70-жылдарынын башында Курманжан датка Кудаяр хандын саясатына нааразылык билдирген жана элдик кыймылдын башталышына үн кошкон.  Орус бийлиги нин Алайды каратып алуу аракети жүрүп жаткандыгын билген Курманжан датка  Ооганстан дын  Памир ине шашылыш көчүп кетип жаткан жерден майор  М.Е.Ионов дун кошууну датка-айымды колго түшүргөн. Курманжан датка каршылык көрсөтпөстөн, М.Е Ионовдун  генерал   Скобелев ге жолугуу жөнүндөгү талабына макул болгон. Бир топ бийлердин коштоосунда кичүү уулу  Камчыбек ти, небереси  Мырзапаяс ты алып,  Чоң-Алай да өргүү алып жаткан М.Д.Скобелевдин лагерине түшкөн. Генерал М.Д. Скобелев Курманжан датканы сый-урмат менен тосуп алып, алтын чөйчөктү белекке берип, парча чапан жапкан. Курманжан датка туткун абалына карабастан өзүн салабаттуу кармап, акылдуу жана терең сөздөрү менен таң калтыргандыктан генерал М.Д.Скобелев орус бийликтерине Курманжан датка жөнүндө маалымдаган рапортторунда ага "Алай канышасы" деген наам ылайык келерин жазган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Курманжан датка орус бийликтерине багынгандыгын билдирген жана балдарын мурунку жайларына көчүрүп келүүгө, алайлыктарды орус букаралыгын кабыл алууга көмөктөшүүгө мажбур болгон. 1876-жылы күзүндө  Кабул дан Курманжан датканын Абдылдабектен башка балдары  Мамытбек ,  Асанбек ,  Баатырбек  келишет да Ошту,  Өзгөн дү,  Кичи-Алай ды,  Ноокат ты башкарып, кан төгүшүү токтоп, тынчтык орногон. Курманжан датка Алай канышасы катары таанылып, кийинчерээк Скобелев, Ош уездинин начальниги Ионов,  Түркстан  крайынын генерал-губернатору  Кауфман ,  Черняев , ал турсун  Россия нын келечектеги  согуш  министри  Куропаткин  сыяктуу адамдар менен жакшы мамиледе болгон. Алар менен тез-тез кат алышып, кээде Ошко, Жаңымаргалаң (Скобелев) шаарларына келип, сүйлөшүп турган. Согуш министри генерал Куропаткиндин катында 1901-жылы 1-декабрда император Николай II асыл таштуу шакекти Курманжан даткага белек катары берип жибергендигин маалымдайт. Кай бир учурларда орус бийлигинин зөөкүрлүгүнө каршы да каттарды жазган. 1895-жылы уулу Камчыбек дарга асылган мезгилде, куралчан орус жазалоочуларынын элди кырып жиберүүсүнөн кооптонуп, тагдырга моюн сунууга аргасыз болгон. Россия колониялык бийликтеринин адилеттүүлүгүнөн үмүтүн таптакыр үзгөн жана 20-кылымдын башында саясатка аралашпай калган. 1907-жылдын 1-февралында Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу  Сарымазар га коюлган.
1994-жыл ы чыккан  50 сомдогу  портрети.

1994-жыл ы чыккан  50 сомдогу  портрети.

2002-жыл ы чыккан 50 сомдогу портрети.

2002-жыл ы чыккан 50 сомдогу портрети.

  • Курманжан датка 1811 жылы кулжа айында Ош шаарынын анчалык эмес Орке кыштагында Мунгуш уруусунун Жапалак уруусунун Жапалак уругунан чыккан Маматбай аттуу орто дыйкан,колунда бардар адамдын уй-булосундо жарыкка келген.
  • Курманжан бой жетип,17 ге толгондо 500 тутундуу жоош уруусунан чыккан Торокул деген бийдин ,анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыккан. Куйоосу конулуно толбой бир жылдан кийин атасынын уйуно келе берет.21-жашында Кокон бийликтерине кызмат кылып,Датка деген наам алган Алымбек даткага жолугуп,коп узубай анны менен тагдырын кошкон.
  • Ошол кундон баштап Курманжан олконун саясий окуяларына ,Кокон бийликтеринин аракеттерине куйоосу Алымбек менен катар эле баштаган. Жаштайынан тын, акыл–эси, ой-туйуму башкалардан озгочо болуп,чечкиндуулугу менен айырмаланат. «Кучтуу эркектин артында андан кучтуу аял турат»дегендей Курманжан тез эле элге, алынып,Алымбектин кенешчисине айланат.Ордо жана коомдук иштерге аралашып,ошол кездин бийлик саясатын озгочо тушунгон. Алымбек датканы Нузуп олгондон кийин аталыктын ордуна кыргыз элинен Курманжан демилгечи болуп жонотот. Тактан баш тартып келе жаткан Алымбектин тизгинин буруп,» Элди ээрчиткен эрен баш калкалап кете турган болсо, беш тайпа журттун абалы эмне болот? Журоксуй тургандай артында эч кимин болбосо бир жон. Артында беш уулун, беш Алымбек турбайбы» деп кайра жонотот. Мына аялдын акылынын тунуктугу, кашкойлугу.
  • Алымбек менен Курманжан 29 жыл эриш-аркак жашайт. 1892-жылы Алымбекти Кокондо кас душмандары олтуруп кетет. Могдуроп олтуруп калбастан ,куйоосунун даткалык бийлигин улантып,озунун косомдугу жана дипломатиялык жондомдуулугу менен ,Алай элине эле эмес,бут Фергана ороонуно данктуу башкаруучу катары бааланган. Аял экенине карабай Курманжанга саясий титул берилип,Кокон хандыгында таасирлуу саясий фигуралардын бирине айланат. Кокон хандыгы кулагандан кийин жер жайнаган орустар толкуса кыргыздын кырылаарына козу жеткен Курманжан датка, генерал Скобелевдин чакыруусуна конуп шартнаамага, (келишимге) моор басат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!