СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Курманжан датка

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Курманжан датканын эмгектери боюнча

Просмотр содержимого документа
«Курманжан датка»

Кыргыз адабияты 11-класс _________________

Сабактын темасы: Курманжан Датка - алай ханышасы
Сабактын максаты: а) Окуучуларга Датка энебиздин ким экендигин, кыргыз тарыхынан алган ордун, басып өткөн жолун кеңири түшүндүрүү.
б) Эркин сүйлөөгө, сөз байлыгын, ойлоо жөндөмүн өстүрүүгө көмөк көрсөтүү.
в) Эли-жерин, эне тилин сүйүүгө тарбиялоо менен бирге айкөлдүккө, боорукердикке, акылмандуулукка, намыскөйлүккө тарбиялоо.
Сабактын жабдылышы: Датка энебиздин сүрөтү, Т.Касымбековдун "Кел-кел" романы, буклеттер, плакаттар, 50 сом акча, скотч, маркерлер.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Тил Гимнин музыканын коштоосунда ырдоо, саламдашуу, класс тазалыгына көңүл буруу, жоктоо.
Сабактын негизги бөлүгү:
Адегенде, силер Датка энебиз жөнүндө кандай маалыматтарды билсеңер жана эмнени билгиңер келсе, дептерге ББкБ таблицасынын 1,2-мамычаларын толтургула. Эң акыркы "билдим" деген мамычасы сабактын аягында пайдаланылат.
Билемин Билгим келет Билдим
Окуучулар өз алдынча иштешет. Жазгандарын окуп беришет. Андан соң мугалим окуучулардын "билгим келет" мамычасынын суроолору боюнча кошумча маалыматтарды берүү менен сабакты баштайт.
Мугалим: Балдар бул эмне?
Жооп: Бул акча.
Мугалим: Канча сом?
Жооп: 50 сом.
Мугалим : Кимдин сүрөтү тартылган?
Жооп: Курманжан Датка энебиздин сүрөтү.
Мугалим: Датка энебиз жөнүндө эмнелерди билесиңер?
Жооп: Бул энебиз Алай жергесинен чыккан, "Алай ханышасы", айтылуу Алымбек Датканын жубайы - бул Курманжан Датка.
Мугалим: Азаматсыңар, балдар! Анда эмесе, балдар, биздин бүгүнкү сабагыбыз силер айткан "Алай ханышасы" Курманжан Датка энебиз жөнүндө болмокчу.
Акылман десе акылман,
Курманжан кандай асыл жан.
Кошкон соң элин оруска,
Түштүккө кимдер катылган.
Хан таажысын кийбеген,
Хандан артык бийлеген.
"Ханике", "Датка" аталып,
Курманжан өткөн дүйнөдөн, - деген ыр саптарында айтылгандай Курманжан Датка ким экендигин, анын басып өткөн татаал жолун, кыргыз элине көрсөткөн камкордугу, эли-жери үчүн жан аябай иштеген мээнеткечтиги, алгачкы саясатчы аял экендигин, энебиздин сөзгө берген баасын, чечендигин, энелик тагдырын билүү максатында тарых барактарына назар салып көрөлүчү.
Эчен жылдан бери элинин эсинен чыкпай келе жаткан - бул асылзаада аял, чындыгында, ким болгон? Көрсө карапайым орокчунун кызы экен. Курманжан Кара-Суу районунун Мады кыштагында 1811-жылы "көптүн арасында, көчтүн карасында" жүргөн, аты белгисиз муңгуш уруусунун жапалак уругунан Мамытбай деген карапайым адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Жаштайынан тың, акыл-эси, ой-туюму башкалардан өзгөчө эле. Бири-бирине күйүмдүү калың журттун түйшүгүн, жашоо шартына, жакшы нускасына ылайык таалим көргөн. Курманжан он сегиз жашка толгондо, анын карапайым үй-бүлөдөн чыкканына карабай колунда бар Түрүгүл бий өзү куда түшүп, Кунсейит деген уулуна алып берет.
Эр деп эле этегин кармаган менен өмүрү текке өтөрүн сезген кыз салтка да карабайт.Себеби акыл-парасаты пас, эр көкүрөк деми жок Кунсейиттин "мал" болбосун сезген Курманжан тез эле күйөөсүн чанып, атасынын төрүнө кетип калат. Ал убакта күйөөсүнүн башын аттаган аял жокко эсе болгондуктан, энебиздин бул кылыгы эл оозуна алынып, жамандык эмес, эрдик катары "кыйын экен" дешип дүң кылышат. Курманжандын бул аңызы ошол кездин таасирдүү адамы Алайдын беги Алымбек Датканын кулагына угулат. Алымбек Датка Курманжандын зиректигине, акылдуулугуна, сыпайы мүнөзүнө көзү түшүп, ага жуучу жиберет. Анда Курманжан: "Датка, менин башым байлануу, никеден шарият боюнча ажыратмайынча сиз эмес, Кокон ханы да мага үйлөнө албайт", - деп жооп берет. Ошондо Алымбек Курманжандын башын ачуу үчүн никедеги күйөөсү Кунсейитти чакырып ажыратат да, өзүнө нике окутат. Ошентип 1832-жылы эл тагдыры үчүн жоголгон асыл адамдардын тагдыры ушинтип биригип баш кошкон. Алымбек Датка менен 29 жыл жашап, 5 балалуу болушкан. Курманжан акылдуу аял катары өгөй баласы Жаркынбайды да өз баласындай көргөн.

Сахна-сабак
Скобелев: - Келиңиз, урматтуу даткайым.
Курманжан: - Жараткандын калк ичинде ар түркүн миң аты бар, кайсы аты атап сыйынсак да баарыныкы бирдей. Ырас, бир адам атанын тукуму болгон соң, өңү-түсү, сүйлөгөн тили, тутулган дини, көнгөн адаты, малынын бөлөктүгүнө карабай түшүнбөй турган ой-санаа, келишпей турган кеп болмокпу, жылышпай турган иш болмокпу?
Биз келишер шартнааманын эртеңки өтүмдүүлүгүнө орустун өз баласы сиз, сизди гана карманабыз, урматтуу улугум.
Скобелев: - Кадырыңыз жан болсун, урматтуу Ханике айым. Ишендирип кетейин, Россия өз кол алдына караган калктардын жашоо тирилигине, тарткан динине кысым көрсөтпөйт, ал калктар империянын мүдөөсүнө каршы чыкпаса.
Автор: Курманжан Датка башын ийкеп, шартнааманы Скобелевге берет да:
Курманжан: - Окуңуз шартнааманы.
Автор: Окуйт, кол коет, Курманжан мөөрүн басат.
Скобелев: - Куп болот, урматтуу Ханике айым, сизге орус аскери, аскердик чин жана "Кара кыргыз Ханикеси" деген урматтоо ылайык табылганын көпчүлүк алдында жарыялоо өз вазифам деп эсептейм.
Курманжан: - Ыраазымын, урматтуу улугум, каны бир кыңырыкты таштаганым - куралымды таштаганым, жети ачкычты таштаганым - жети шаарлуу Коконду өзүңүзгө тапшырганым. Эми мага атак зарыл эмес, улугум! Ыйык шартнаамага ылайык, журтум тынч болсо деп гана тилеймин.
Автор: Скобелев Курманжанга ыраазычылыгын билдирип, кооз чапан жаап узатты.
Мугалим: - Мына, балдар, көрдүңөрбү, карапайым калктын таламын талашкан, өзүнүн жеке керт башынан элдин жашоосун, тагдырын жогору койгон "Ханике айым" Курманжан энебизди.

Энелик тагдыры
Аял - жар, аял - эне. Курманжан энебиздин дагы бир эл оозунда калган даңкы уулу Камчыбекке тиешелүү. Жалган жалаа менен орус жазалоочулары уулу Камчыбекти дарга асышат. Эл алдында Курманжан Датканын коштошоор сөзү: "Жашыба, балам, душманың сөз кылбайбы. Жашыды, майтарылды деп таба кылбайбы. Сал, сыйыртмакты моюнга!" - деген кайрат сөзү болуптур. Байкасаңар, сөздүн өзүндө канчалык энелик күйүт, сыймык жатат. Уулун дарга асканда аркан үзүлүп кетип, эч качан башы ийилбеген Курманжан: "Жараткан Алла өзү актап жатат! Баламдын күнөөсү жок! Жаза бир, өлүм бир. Баламды бошоткула!" - деп чыгат. Бирок талабы орундалбайт. Чыр чыгарчу болсо куралчан орустар аз сандагы кыргызды жайпап кетерин сезген Курманжан элин айланта карап алып айласыз токтогон экен. Бул энебиздин эли үчүн болгон дагы бир курмандыгы эле. Энелик курмандыгы болчу.
Мугалим: Мына, балдар, биз тарых барактарынан Курманжан энебиз жөнүндө бир канча маалыматтарды билип алдык. Эмесе, ББкБ усулунун үчүнчү "билдим" деген мамычасын толтургула. (Окуучулар ар бири жеке толтуруп жазышат.)
Мугалим: Балдар, сабакты бышыктоодо синквейн, кластер усулуна көңүл бурабыз.Окуучулар алдын ала даярдалган плакаттарга синквейн, кластер усулдарын доскага чыгып иштешет.

Алгачкы саясатчы аял
Адатта ал кезде аял очокту, тиричиликти гана билген. Бирок Курманжан тез эле элге алынып, Алымбек Датканын кеңешчисине айланат, башкача айтканда анын саясий ишмер болушуна Алымбектин таасири чоң. Ордо жана коомдук иштерге аралашып, өз жөндөмүн өзгөчө түшүнгөн. Нүзүп өлгөндөн кийин аталыктын ордун кыргыз элине Алымбек Датка талашып чыгат. Датканын элди имерип келе аларын сезген Курманжан өзү демилгечи болуп жөнөшөт. Ал тургай саткындардан мизи кайтып, тактан баш тартып келе жаткан Алымбектин тизгинин буруп, Курманжан айтат: "Элди ээрчиткен эрден баш калкалап кете турган болсо, беш тайпа журттун абалы эмне болот? Жүрөксүй тургандай артыңда эч кимиң болбосо бир жөн. Артыңда беш уулуң, эртеңки беш Алымбек турбайбы?", - деп кайра жөнөтөт. Мына аялдын акылынын тунуктугу, кашкөйлүгү. Бул коогалаңдуу так талашта 1862-жылы козголоңчулар тарабынан Алымбек Датка каза табат. Ал учурда Алымбек Датканын ордодогу ордун баса турган Кокон хандыгына таасирлүү адам жок эле. Аял экенине карабай Курманжанга Датка атагы берилет. Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Азиянын тарыхында биринчи жолу аялга саясий титул берилип жатышы эле. Ушундан баштап Курманжан Датка кыргыздардын ичинен Кокон хандыгына таасирлүү саясий фигуралардын бирине айланат. Ошентип 1862-жылдан баштап Алайды башкарууну Курманжан өз колуна алган. Курманжан Датка кыргыз элин өзүнүн акылдуулугу менен өмүрү өткөнчө башкарып, 1907-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Оштогу Сулайман тоонун этегине коюлган.

Курманжан энебиздин колдоочусу болгонбу?
Курманжандын колдоочусу кызыл жолборс болгон. Ал ар дайым Курманжан менен бирге жүрчү. Эгер уктаса аягына жатчу, отурса оң кол жагында отурат эле, жакшы адам менен сүйлөшсө унчукпай үргүлөп отура берчү, эгер ичи жаман кара ниет адам болсо, түктөйүп жинин келтирип карачу.
Кокон хандыгы кулагандан кийин жер жайнаган орустар бир толкуса кыргыздан тукум калбасын сезген Курманжан генерал Скобелевдин чакыруусуна көнүп, шартнаамага, азыркыча айтканда келишимге мөөр басат. Дал ошондой опурталдуу, айласыз калган учурларда дагы караңгыда көз таап, капилеттен сөз таап, кыргызды тарыхтын тар жол, тайгак кечүүлөрүнөн аман-эсен алып чыгып жүрүп отурду.
Анда эмесе, балдар, кыргыз элинде "Миң уккандан бир көргөн артык" деген сөз бар эмеспи. Азыр баарыбыз Т. Касымбековдун "Кел-кел" романынан Курманжан Датка энебиз менен орустун генералы Скобелев менен жолугушуп, элдин тагдырын ойлоп, кам көргөн сахна-сабакка көңүлүңөрдү бурамын.

Датка энебиздин сөзгө берген баасы
Кыргыздын башын кошуу үчүн түндүк уруулары ал кездин мыкты чыкмасы, атактуу Шабданды жесир Курманжан Датканын колун суроого жиберишет.Даанышман Датка айымдан сүрдөп кеткен Шабдан: "Саламатсызбы, апай" (апай айрым аймактарда эже маанисин берсе, айрым жерлерде эне дегенди билдирет) деп жибергенин байкабай калат. Сыпайы жылмайган Курманжан меймандарды коноктоп, алардын мүдөсүн угуп, мындай дейт: "Сөз - бул улуу нерсе. Кирип келгенде сиз мени апай деп атадыңыз. Эми экөөбүзгө никеге жол жок. Капачылык болбосун", - деп жылуу-жумшак сөз менен кайтарып жиберген экен.

Сабактын акырында: Мугалимдин жыйынтыктоо сөзүнөн кийин окуучулар Курманжан Датка энебиз жөнүндө ырды хор ырдашат.
Yй тапшырма: "Курманжан Датка - Алай ханышасы" деген темада эссе жазып келүү.

Баалоо





Акын Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган.
Акындын атасы Жусу Алай-Куу өрөөнүндөгү белгилүү казылардын бири болгон. 1929-жылы "кулакка тартылып" жазыксыз камалган.

С.Жусуев эскерүүсүндө: "(Атамды) Ош шаарындагы түрмөгө которуп, 1932-1933-жылдарга чейин камайт. Түрмөдөн бошотоору менен жөө-жалаңдап туулуп өскөн жери Алай-Кууну көздөй бет алат. Бирок, тилекке каршы, Алай-Кууга жете албай, Кара-Кулжадагы Түшүнүк деген айылда Таши деген таанышынын үйүндө убактылуу туруп калат дагы, көп өтпөй эле ошол жерде каза болот. Ошондо мен сегиз жашаар бала элем. Ошол күндөр али күнчө эсимден кетпейт”, - деп жазган. [1]

Сооронбай айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, 1943–1945-жж. Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон.

Согуштан кайтып келип, 1946–1947-жж. Совет райондук «Коммунизм үчүн» гезитинде жооптуу катчы болуп иштейт.

1947–1949-жж. Ош Мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, анын кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1951-жж. Ош облустук «Ленин жолу» гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштеген.

1951–1956-жж. Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда окуган.

С.Жусуев 1957–1959-жж. «Ала-Тоо» адабий көркөм журналынын башкы редактору, «Чалкан» журналында жооптуу катчы, 1960–1986-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында адабий кеңешчи болуп иштеген.

Ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган (2007).

С.Жусуев 2016-жылы 4-февралда каза болуп, маркумга арналып мамлекеттик ырасымдар өткөрүлүп, сөөгү Бишкектеги"Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.


С.Жусуевдин алгачкы «Алдыга жүргүн, кыргыздар!» деген ыры 1943-жылы «Советтик Кыргызстан» (кийинки «Ала-Тоо») журналына жарыяланган.

Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ыр китептери казакөзбек, украин, азербайжантажик тилдеринде басылган жана ырлары алыскы жана жакынкы чет өлкө тилдерине которулган. Анын 70тен ашык ырларына музыка жазылган. 2003-жылы чыккан «Канат менен Зарина» махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай ж.б. тилдерге которулуп, өзүнчө китеп болуп чыккан.
С.Жусуев ШекспирдинПушкиндинЛермонтовдун, Шевченконун, Абайдын, Мактымкулинин, Исаакяндын, Омар Хайамдын, Маяковскийдин, Есениндин, Тычинанын, Гамзатовдун, Кулиевдин, Магжандын ж.б. акындардын ырларын чебер которгон.
1949-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Сыйлыктары[

Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдө сиңирген зор эмгеги үчүн 1981-жылы С.Жусуевге «Кыргызстандын Эл акыны» деген ардактуу наам берилип, 1986-жылы персоналдык пенсия дайындалган. 1990-жылы Москвадагы Воениздаттан чыккан «Моя жизнь» деген ыр китеби үчүн Бүткүл союздук А.Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты болуп, алтын медаль алган. 1998-жылы «Кыргызстандын Эл агартуусунун отличниги», ошол эле жылы «Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери» деген наамга татыктуу болгон.
С.Жусуевдин 1994-жылы басмадан чыккан «Курманжан датка» аттуу ыр менен жазылган романы үчүн 1998-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.
Кан майдандагы жана көп жылдык чыгармачылык жемиштүү эмгектери үчүн С.Жусуев биринчи даражадагы Ата–Мекендик согуш ордени, үчүнчү даражадагы «Манас» ордени, «Каармандыгы үчүн», «Даңк» медалдары, Кыргыз, Украина, Саха-Якут Республикаларынын Жогорку Кеңештеринин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Бишкек жана Ош шаарларынын ардактуу жараны, Ош мамлекеттик жана кыргыз-өзбек университеттеринин ардактуу профессору. Кара-Кулжа районундагы Сай-Талаа кыштагындагы орто мектепке, Кара-Суу районундагы Жар-Ооз кыштагындагы орто мектепке Сооронбай Жусуевдин аты коюлган.
2005-жылы интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюму (ВОИС) чыгармачылык ийгиликтери үчүн С.Жусуевди Алтын медаль менен сыйлаган. Президенттин 2007-жылдын 13-февралындагы Жарлыгы менен улуттук маданият казынасына, кыргыз элинин руханий байлыктарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн акын Сооронбай Жусуевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы «Ак шум-кар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен берилген.


Ааламды башкарган айым – Курманжан датка

Э НЕЛИК ТАГДЫРЫ Аял – жар, аял – эне. Курманжан энебиздин дагы бир эл оозунда калган даңкы уулу Камчыбекке тиешелүү. Жалган жалаа менен орус жазалоочулары уулу Камчыбекти дарга асышат. Эл алдында Курманжан датканын коштошор сөзү “жашыба, балам, душманың сөз кылбайбы. Жашыды, майтарылды деп таба кылбайбы. Сал, сыйыртмакты моюнга!” деген кайрат сөзү болуптур. Байкасаңыз, сөздүн өзүндө канчалык энелик күйүт, сыймык жатат. Уулун дарга асканда аркан үзүлүп кетип, эч качан башы ийилбеген Курманжан: «Жараткан Алла өзү актап жатат! Баламдын күнөөсү жок! Жаза бир, өлүм бир. Баламды бошоткула!» деп чыгат. Бирок талабы орундалбайт. Чыр чыгарчу болсо куралчан орустар аз сандагы кыргызды жайпап кетерин сезген Курманжан элин айланта карап алып айласыз токтогон экен. Бул энебиздин эли үчүн болгон дагы бир курмандыгы эле. Энелик курмандыгы болчу.

КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН АКЫНДЫГЫ Баарынан кызыгы, Курманжан датка акылман, эл башкарган саясатчы гана эмес, акын да болгон экен. Эл оозуна тарап кеткен анын ырларын калк Зыйнат деген айымга тиешелүү деп билишкен. Эмнеге өз атын жашырып, ырларын башка ысым менен таратканы ушуга чейин белгисиз. Балким, «акындык эл башкарган амирге жарашпайт» деген пикирдин жаралышынан кооптонгонбу, ким билсин? Арабча жазууну жакшы өздөштүргөн Курманжан өз эмгектерин араб тилинде жазып калтырганы 1980-жылы айкын болгон. Бул кол жазмалар Кокон шаарында табылып, элге дагы бир жолу Курманжан датканын акындык өнөрү белгилүү болгон. Ошондой эле Молдо Тойчу, Амирбек аттуу акындар менен айтыш өнөрүндө күч сынашкан деген кеп бар.

БЕЛЕККЕ КАМЧЫ... Бет алган максатынын багыты катуу болорун билген Алымбек датка жубайына камчы тартуулаган экен. Ордого бет алар күнү жанына Курманжанды чакырып камчы сунат. Камчыны колуна кармаган Курманжан “камчы кармаган адам ийинине оор жүктү көтөрөт. Эгерде ошол жүктү көтөрүп кете аларыма ишенсеңиз, мен баш тартпайм, даткам. Болгону, бир өтүнүчүм бар” дейт. “Өтүнүчүңүздү айтыңыз” десе, “ордо оюну кооптуу. Хан ордодо жүрүп үйүңүздү унутпас бекенсиз, даткамКандай болсо да, ушул камчы экөөбүздүн ортобузда кабар ташыган белгибиз болсун. Эгерде балдарыңызды кырсык чалып же чамгарагыңызга кара булут жыйналса, мен ушул камчыны чабармандан берип жиберем. Бул камчыны аларыңыз менен ат тизгинин бурбай, улуу тоолорду көздөй багыт алыңыз» деп Алымбек датканын сөзүн алат. Алымбек датка жубайынын айлакерлигине баа берет. Кийин ушул камчы менен белги берип, күйөөсүн көп кырсыктан аман алып калган экен. Ошентип, күмүш саптуу камчы экөөнүн ортосундагы шарттуу белги болуптур.

А КЫРКЫ САПАР Өмүрүнүн 96-жылында Курманжан датка бул дүйнө менен кош айтышат. Залкар аял! Өз бактысын өзү тапкан, эр көкүрөк жигит эптеп кете албаган коогалаң заманда элин сактап калган, орустардын тилин таап, генерал айым аталган, кокондуктар коркуп турган бул аял cөздүн аныгында бийик инсан болчу. Өлөр алдында эң жакшы көргөн небереси Кадырды өзүнө чакырып, жүзүнө жакшы тиктеп туруп «Камчыбегиме окшош» деген экен. Бул анын акыркы сөзү эле. 1907- жылы Мады кыштагында Курманжан датка көз жумган. Сөөгү Оштогу Сулайман тоосунун этегиндеги Сары-Мазар көрүстөнүнө коюлган.

ТУКУМДАРЫ Курманжан датка Алымбек датка менен 29 жыл жашап, беш эркек балалуу, 2 кыздуу болгон экен. Кыздары тууралуу эч кандай так маалымат жок. Улуу уулу Абдылдабек орустардын бийлигин кабыл албай, “атадан калган ызаатым тебеленгенче тентип кетем” деп Ооганстанда жүрүп каза болот. Анын сөөгүн өлгөн жеринде калтырып, жүрөгүн тилип келип өз жерине коюшат. Камчыбеги орустардын колунан каза тапканын жогоруда сөз кылып кетик. Маамытбек, Асанбек, Баатырбек ак падышанын бийлигин таанышкан. Камчыбектен калган эки небереси Кадырбек, Жамшидбек Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшүп бир топ эрдик көрсөтүшкөн. Чөбөрөлөрүнүн бири Кыргызстандагы белгилүү илимпоз академик Муса Адышев болгон.

КЫСКАЧА...

  • Курманжан датканын өмүрү тууралуу 2002-жылы кыргызча, англисче, орусча китептер, ал эми кытайча китеп 2004-жылдары жарык көргөн.

  • 2004-жылы Бишкектеги Эркиндик гүлбагына эстелиги орнотулган.

  • Курманжан датканын урматына орус мамлекети генерал деген наам менен бирге алтын кол саат, бриллиант менен кооздолгон асем буюм тартуулаган. Бул буюмдар ошол кезде 450 рубль турган.

  • Курманжан датка 92 жашында атка чапчаң минип, кээде чаптыра да алган.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!