СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тесты по социальной психологии

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

социалдык психология предмети боюнча тесттер

Просмотр содержимого документа
«Тесты по социальной психологии»

Кыргыз республикасынын

билим берүү жана илим Министрлиги

Ош гуманитардык-педагогикалык

институту

МУЗЫКАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТ

МУЗЫКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ПСИХОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫ



«Бекитилди»

«___» ______________ 201___ -ж.

№___ кафедранын отуруму

Каф.башч.мил.атк._______Абдыразакова К.С.





Социалдык психология предмети

боюнча

Силлабус



1. Окутуучу жөнүндө маалымат.

Ысакова Мавлюда Айтматовна магистр, улук окутуучу.

e.mail: [email protected] тел. +996556150376, +996778082454.

Иш стажы 20-жыл.

Музыкалык билим берүү жана психология кафедрасы Кабинет:204.

II. Дисциплинанын аталышы жана коду, Силлабус кайсыл багыт (адистик) үчүн пайдаланылат. Мектепке чейинки билим берүү, социалдык иштер жана филологиялык билим берүү багыты боюнча 2 - курстар үчүн даярдалган.

III. Кредиттин саны: 2 кредит. 16 саат лекц., 14 саат практ. сабак, жумасына аудиториялык 2 саат.

IV. Дата: 2019-2020- окуу жылы, I I I семестр.

V. Дисциплинанын максаты жана милдеттери:

Максаты –Социалдык психология – психология илими менен биргеликте коомдогу, ишкана мекемелердеги инсандар аралык байланыштарды, тайпалардын, топтордун, коллективдин өз ара мамилесин, өзгөчөлүктөрүн жана алардын ичинде жүрүп жаткан психологиялык климатты изилдейт.Социалдык психология – психология илими менен биргеликте коомдогу, ишкана мекемелердеги инсандар аралык байланыштарды,тайпалардын, топтордун, коллективдин өз ара мамилесин, өзгөчөлүктөрүн жана алардын ичинде жүрүп жаткан психологиялык климатты изилдөөнү студенттерге түшүндүрүү.

Милдеттери:

студенттерге социалдык психологиянын предмети, усулдары, тарыхый өнүгүү этаптары жөнүндө түшүнүк берүү.Социалдык психологияны үйрөнүүдөгү негизги түшүнүктөр, принциптер, мыйзам ченемдүүлүктөр жана психологиядагы негизги ыкмалар, коомдогу инсандар аралыкмамиле, инсанга таасир этүүчү факторлор менен тааныштыруу. Социалдык психологиянын бөлүнүштөрү жанасоциалдык психологиянын өзгөчөлүктөрү жөнүндө жалпы түшүнүк берүү; Инсандардын курактык өзгөчөлүктөрү, тайпалардын бөлүнүшү, массалык кыймылдар, чоң жана кичине тайпалар боюнча жана алардагы жүрүүчү психологиялык кризистер, конфликттер жана аларды чечүү жолдорун үйрөтүү менен коомдук туура жүрүм турум ыктарына багыттоо.

VI. Курстун мүнөздөмөсү.

Бүгүнкү күндөгү коомдун глобалдуу проблемасы инсан болуп саналат. Бул проблеманы чечүүнүн негизги жолу келечек муундарга психологиялык билим тарбия берүү аркылуу инсандын коомдогу орду, коомго тийгизген таасири аркылуу ишке ашат. Аны башталгыч мектептен, мектепке чейинки тарбиялоо мекемелеринен , ал тургай баланын түйүлдүк мезгилинен баштоо зарыл. Курстун зарылдыгы жана актуалдуулугу ушунда. Дисциплинанын материалын толук өздөштүргөн келечек адиси жогорудагы проблемаларды чечүүгө, өз алдынча ой жүгүртө билүү жөндөмдүүлүгүн арттырып, коомго, инсандар аралык байланышка, айлана чөйрөгө,коомчулукта жүрүп жаткан психологиялык кырдаалдардан чыгуунун жолдорун өздөштүрүү менен компетенцияларга ээ болуу максаттарын көздөгөн практикалык иштер менен толукталат.

VII. Пререквизит – Жалпы психология, курак психологиясы, адам жана коом боюнча мектептик билимдери.

VIII. Постреквизит – педагогикалык психология, үй-бүлө психологиясы, психолого- педагогикалык практикум.

IX. Дисциплинанын кыскача мазмуну.

Социалдык психологиянын предмети,усулу түшүндүрүүчү теориялар. Социалдык психологиянын предмети, максаты жана усулдары. Өнүгүү тарыхы. Социалдык психологияда изилдөө жүргүзүүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү. Тайпалардын психологиясы. Чоң жана кичи тайпаларда жүрүүчү психикалык процесстер. Коллективдин психологиялык теориясы. Баарлашуу жана анын инсандар аралык мамиледеги орду. Тайпа жана анын өнүгүүсү, ага таасир этүүчү факторлор. Социалдык психологияда "социалдашуу", "социалдык установка" түшүнүктөрү.

X. Календардык-тематикалык план.

Бөлүмдөрдүн, модулдардын, теманын аталышы, суроолору.

Сааттын саны

Жумага бөлүнүшү

I Модуль

12саат


1.

Лекция №1. Социалдык психология предмети жана максаты.

Лекциянын планы:

1. Социалдык психологиянын илимий билимдер системадагы ээлеген орду.

2. Социалдык психологиянын милдеттери жана коом маселелери.

3. Социалдык психологиянын өз алдынча илимге айланышы.

4. Социалдык психологиянын азыркы кезде аныкталышы.



Адабияттар:

Негизги: 2,3. Кошумча: 4,8.



Текшерүүчү суроолор:

1. Социалдык психологиянын коомдогу ээлеген орду.

2.Социалдык психологиянын башка коомдук илимдер менен болгон байланышы.

3.Социалдык психологиянын келип чыгуу тарыхы.

4. Социалдык психологиянын Кыргызстандагы өнүгүшү.

5. Социалдык психологиянын коом алдындагы маселелери.

6.Социалдык психологиянын коомдогу ээлеген орду.

Билимдерин текшерүү формасы:



Оозеки суроо тестирлөө.





2





I жума

2.

Лекция.2.Тема: Социалдык психологияда изилдөө жүргүзүүнүн методологиялык маселелери.

Лекциянын планы:

1.Социалдык психология илиминдеги методология маселелери.

2.Социалдык психологияда илимий изилдөөнүн өзгөчөлүктөрү.

3.Социалдык психологиялык изилдөөлөрдүн методдору.

4.Социалдык психологиялык маалыматтардын сапаты.



Адабияттар:



Негизги: [1.2.3.4]. Кошумча : [5.6.7.8.24].



Текшерүүчү суроолор:

1.Социалдык психологиянын илимий изилдөө усулдарынын «социометрия» усулунун айырмачылыгы кандай?

2.Социалдык психологиядагы маалыматтардын сапаты боюнча кандай көрсөткүчтөр болуусу зарыл?

3.Изилдөө усулдарынын бөлүнүшү.

4.Социалдык психология илиминдеги методология маселелери.

5.Социалдык психологияда илимий изилдөөнүн өзгөчөлүгү.



Билимдерин текшерүү формасы:

Оозеки суроо тестирлөө, реферат, доклад.





2









II жума


3.

Лекция 3. Тайпалардын социалдык маселелери.

Лекциянын планы:

1. Социалдык психологиядагы тайпа маселеси.

2.Социалдык тайпаларды бөлүштүрүү.

3.Чон тайпалардын психологиясын изилдөөнүн принциптери.

4.Гендердик курактык тайпалар.



Адабияттар:

Негизги: [1.2.3.4]. Кошумча : [5.6.7.8.24].



Текшерүүчү суроолор:

1.Социалдык психологиядан башка кайсы окуулуктарда тайпа боюнча изилденет.

2.Гендер түшүнүгүн илимге биринчи кайсы мамлекет изилдөөгө алган.

3.Социалдык психологияда гендердик маселелердин орун алышы.

4.Этникалык тайпалар.

5.Социалдык топтор, түзүмдөргө психологиялык мүнөздөмө.

6.Тайпалардагы башкаруу стилдери.

7.Уруу, улут, этностор тайпанын кайсы түрүнөтаандык.

8.Тайпа динамикасы деген эмне?



Билимдерин текшерүү формасы:

Оозеки суроо тестирлөө, реферат, доклад.









2









III жума


4.

Лекция. №4.Тема: Социалдык чоң тайпалардын маселелери.

Лекциянын планы:



1. Стихиялык тайпалар массалык кыймылдар.

2.Этникалык тайпалар.

3.Социалдык кыймылдар.

4.Тайпалардагы лидер түзүлүшү.



Адабияттар:

Негизги: [1.2.3.4.5]. Кошумча : [6.7.13.24].



Текшерүүчү сурооолор:

1. Социалдык чон тайпалардын гендер маселелери.

2. Социалдык тайпалардагы лидерликтин башкаруу стилдери.

3.Коллективдин социалдык-психологиялык иш-аракетине анализ.

4. Стихиялуу тайпалар деген кандай тайпалар, кандай өзгөчөлүктөргө ээ

5. Чон тайпалар деп кандай тайпаларды атайбыз.

6. Кыргызстандагы массалык кыймылдардын өзгөчөлүктөрү.



Билимдерин текшерүү формасы:

Оозеки суроо тестирлөө, реферат,доклад.









2







IV жум


5.

Лекция.5.Тема: Кичи тайпанын социалдык-психологиялык жалпы маселелери.

Лекциянын планы:

1. Кичи тайпанын социалдык-психологияда түшүндүрүлүшү.

2.Тайпанын түзүмдөрү.

3.Кичи тайпалардын бөлүнүшү.

4.Тайпанын биримдиги.



Адабияттар:


Негизги: [1.2.3.4.5]. Кошумча : [6.7.13.24].


Текшерүүчү сурооолор:

1. Кичи тайпалардагы баарлашуунун түрлөрү кандайча жүргүзүлөт.

2.Чоң жана кичине тайпалардагы инсандардын өз ара окшоштуктары жана айырмачылыктары.

3.Коммуникация деген кайсы тилден келип чыккан.

4.Курактык, кесиптик тайпалар кайсы тайпага таандык.

5. Тайпанын социалдык психологиядагы бөлүнүшүн тактап айтып бер.

6. Чоң тайпаларга кандай өзгөчөлүктөргө ээ болгон топтор кире алат.

Билимдерин текшерүү формасы: Оозеки суроо тестирлөө, реферат, доклад.

2

V жума

6.

Лекция. Тема: 6. Коллективдин психологиялык теориясы.

Лекциянын планы:



1. “Тайпа динамикасы” жана тайпанын өнүгүшү.

2.Тайпанын өнүгүшү, стадиялары жана денгээлдери.

3.Коллектив теориясынын методологиялык мааниси.

4.Тайпада чечим кабыл алуу.



Адабияттар:

Негизги: [1.2.3.4.5.] Кошумча : [6.7.8].



Текшерүүчү суроолор:

1. Коллективдеги инсандар аралык байланыштардын түрлөрү.

2.Коллективдин өнүгүү стадиялары жана деңгээлдери.

3.Коллективдин өнүгүү теориялары.

4. Коллективдин психологиялык теориясы.

5.Тайпа динамикасы жана тайпанын өнүгүшү.



Билимдерин текшерүү формасы:

Оозеки суроо тестирлөө, реферат, доклад.

2









VI жума


7.

Лекция. №7.Тема:Социалдык психологияда инсандын түшүндүрүлүшү .

Лекциянын планы:


1. Инсан психологиясынын изилдөө предмети.

2. Инсандын социалдык психологиялык маселелеринин спецификалык өзгөчөлүктөрү

3.Социалдык иденттүүлүк жөнүндө түшүнүк.


Адабияттар:


Негизги: [1.2.3.4.5] Кошумча : [.6.7.13.24].


Текшерүүчү суроолор:

1.Инсандар ортосундагы мамиленин табияты жана орду.

2. Инсандар ортосундагы жана коомдук мамиле тутумундагы баарлашуу.

3. Личносттор аралык мамиленин табияты жана орду.

4. Тайпанын өнүгүшү, стадиялары жана деңгээлдери.

5.Инсан психологиясынын изилдөө предмети.



Билимдерин текшерүү формасы:

Оозеки суроо тестирлөө, реферат, доклад.

12 саат

VII жума

8.

Лекция.№8.Тема: Социалдык психологияда социалдашуу түшүнүгү.

Лекциянын планы:

1. Социалдашуу жөнүндө түшүнүк.

2.Социалдашуу процессинин мазмуну.

3.Социалдашуу процессинин стадиялары.

4.Социалдашуу институттары.



Адабияттар:



Негизги: [1.2.3.4]. Кошумча : [7.13.24].



Текшерүүчү сурооолор:

1. Социалдык таптар жана катмарлар.

2.Социалдашуу процессинин стадиялары.

3.Личносттор аралык конфликттин типтери жана аны жоюунун жолдору.

4.Социалдашууга таасир этүүчү факторлор.

5.Конфликттер жана аларды башкаруунун жолдору. 6.Социалдык иденттүүлүк жөнүндө түшүнүк.



Билимдерин текшерүү формасы: Оозеки суроо тестирлөө, реферат,доклад.









2

VIII жума



XI. Студенттердин өз алдынча иштеринин графиги.

Модулдун,темалардын аталыштары

Бөлүнгөн сааты

Аткаруунун формасы

Ишти тапшыруу мөөнөтү

Макс.

балл


I Модуль





1

СӨИ №1. Социалдык психология предмети жана максаты.

1. Социалдык психологиянын башка коомдук илимдер менен болгон байланышы.

2.Социалдык психологиянын келип чыгуу тарыхы.



Адабияттар:

Негизги: [1,2,3] . Кошумча : [4.5.6].

4

Тема боюнча түшүнүгүн оозеки айтып берүү

2-жума

1 балл

2

СӨИ 2.Социалдык психологияда изилдөө жүргүзүүнүн методологиялык маселелери.

1.Социалдык психология илиминдеги методология маселелери.

2.Социалдык психологияда илимий изилдөөнүн өзгөчөлүктөрү.



Адабияттар:

Негизги: [1.2.3.4]. Кошумча : [5.6.7.8].

4

Тема боюнча

реферат жазуу


1 балл

3

СӨИ 3. Тайпалардын социалдык маселелери.

1.Социалдык топтор, түзүмдөргө психологиялык мүнөздөмө.

2.Тайпалардагы башкаруу стилдери.



Адабияттар:

Негизги: [1.2.3.4]. Кошумча : [5.6.7.8.24].

4

Тема боюнча

доклад жазуу

3- жума

1 балл

4

СӨИ №4. Социалдык чоң тайпалардын маселелери.

1.Этникалык тайпалар.

2.Социалдык кыймылдар



Адабияттар:

Негизги: [1.2.3.4.5] Кошумча :[6.7.8.9.24].

4

Тема боюнча түшүнүгүн оозеки айтып берүү

4-жума

1 балл


II Модуль





7

СӨИ 5 . Кичи тайпанын социалдык-психологиялык жалпы маселелери.

1. Кичи тайпалардын бөлүнүшү.

2.Тайпанын биримдиги.

Адабияттар:

Негизги: [1.2.3.4.5]. Кошумча : [6.7.13.24].

4

Тема боюнча

доклад жазуу

6-жума

1 балл

8

СӨИ №6. Коллективдин психологиялык теориясы

1. Коллективдеги инсандар аралык байланыштардын түрлөрү.

2.Коллективдин өнүгүү стадиялары жана деңгээлдери



Адабияттар:

Негизги: [1.2.3.4]. Кошумча : [6.7.13.24].

4

Тема боюнча түшүнүгүн оозеки айтып берүү


1 балл

9

СӨИ №7. Социалдык психологияда социалдашуу түшүнүгү

1.Социалдашуу процессинин стадиялары.

2.Социалдашуу институттары.



Адабияттар:

Негизги: [1.2.3.4.5.] Кошумча : [6.7.8].

2

Тема боюнча

реферат жазуу

7-жума

1 балл



XII. Адабияттар.

Негизги адабияттар:

1.Социалдык психология Андреева Г.М., Мурзаев М.С. Ош- 2005.

2.Немов Р.С.Алтунина Р.И. Социальная психология Питерь 2010.

3.М.И. Еникеев Общая и социальная психология М-2011.

4. А.И. Кравченко Социальная работа М-2008.

5. Холостова Э.И. Социальная работа с молодежство. М-2011.

6. Журнал «Социальная психология». 2010.

7.А.В.Петровкого Социальная психология М.87

8. Г.М.Андреева Социальная психология М.99

9.В.А.Петровский Личность в психологии Р.на Д. 96

10.М.И. Бабнева Социальная психология личности М.99



Кошумча адабияттар:

11.В.А.Лобунской Социаль.псих.личности М.99

12.П.Шихирев Современная социальная психология М.99

13.Андреева Г.М. Социальная психология МГУ 1994.

14.Сатылган Токтогулов. «Научно- педагогические основы здоровья- сберегающего обучение школьников в общеобазовательных школах Кыргызской Республики» Б-2008

15.Минбаев К. Адам психологиясы. Ош-2000.

16.Закиров А.Психология боюнча практикум. Ош-2005.

17.Петерс В.А. Психология и педагогика. М-2006.

18.Носс М.Н. Экспериментальная психология. М-2010.

19.Карпухин О.Н.Крайнова Ю.Е. «Краткий курс по психологии» М-2012.

20.Бехтеров В.М. Коллективная рефлексология. Изб.работы по социальной психологии. М-1994.

21.Мурзаев М.С. Кыргыз элдик педагогикасындагы инсанды

социалдаштыруунун өнүгүүсү .Бишкек- 2013.

22.Умаров Т.Н.Борсонов А.Р. Социалдык психология Ош-2010.

23.Парыгина Б.Д. Социальная психология М-2000.

24.Крысько В.Г. Этнопсихология и межнациональное отношения М-2002.

26.Бороздина Г.В. Психология делового общения. М-2002.

27.Выготский .Л.С. История развития высших психических функции.Т.З.М Педагогика 1993.

28.Даренфорд Р. Основы конфликтологии. М-2001.

29.Агеев Р.С. Психология межгрупповых отношений. М-1983.

30.Бромлей Ю.В.Этнос и этнография. М. Наука.1973.

31.Выготский Л.С. История развития высших психических функции. Т.З.М Педагогика 1993.

32.Коломинский Я.Л. Психология взаимоотношений в малых группах. Минск 1976.

33.Немов Р.С. Социальная-психологический анализ эффективной деятельности коллектива. М.Педагог.1984.



XIII. Баалар боюнча маалымат.

Академиялык жетиштүүнү баалоонун шкаласы.

100 баллдык (%) системада баанын мааниси

ECTS боюнча колдонуучу тамга

5 баллдык система боюнча баалоо

Экзамендик ведомостко коюлуучу белги.

1

80-100

А

Эң жакшы

А (эң жакшы)

2

70-79

В

Жакшы

В (жакшы)

С (жакшы)

3

60-69

C

4

50-59

D

Канааттандырарлык

D (канааттандырарлык) E(канааттандырарлык)

5

40-49

E

6

20-39

F

Канааттандырарлык эмес

F(канааттандырарлык эмес)

Fх (канааттандырарлык эмес)

7

0-19



XIV. Балл берүүнүн талабы. Кредиттик технологиянын шартында окуу процессин уюштуруунун негизги элементтеринин бири болуп студенттин билимин баалоодогу баллдык-рейтингдик системаны пайдалануу болуп саналат. Музыка жана дене-тарбия адистиктердеги айрым предметтерден сырткары студенттер окуган предметтери боюнча электондук негизде модулдарды AVN программасында тапшырат. 1-8-жумалардын жыйынтыгы боюнча биринчи модуль 7-8-жумада өткөрүлөт. Экинчи модуль 8-16-жумалардын жыйынтыгы боюнча 15-16-жумада өткөрүлөт. Ар бир модулдагы жетишүүнүн максималдуу көрсөткүчү 100 баллга барабар. 2-модулдан кийин окутуучу AVN системасында студент үчүн кошумча 15 балл бере алат: 10 балл студенттин өз алдынча жумуштарды аткаргандыгы үчүн, 5 балл сабактагы активдүүлүгү үчүн. Эки модулду ийгиликтүү тапшырган студенттер экзаменден бошотулат. Эгерде модулдагы баа студентти канааттандырбаса, анда студент сынак тапшырат.

XV. Курстун талабы. Студент:

Сабакка үзгүлтүксүз катышууга;

Практикалык сабакта активдүүлүк көрсөтүүгө;

СӨИни өз мөөнөтүндө аткарып тапшырууга жоопкерчилик менен мамиле кылуусу зарыл.

Студент:

Шартка жараша сабактан уруксат суроого;

Ден- соолугуна байланыштуу тапшырманы көрсөтүлгөн мөөнөтүнө кийин тапшырууга уруксат берилет.



XVI. Текшерүүнүн түрлөрүн жүргүзүү үчүн өтүлгөн темалардын жана суроолордун тизмеси: I Модулдун темалары.

1. Социалдык психология предмети жана максаты.

2.Социалдык психологияда изилдөө жүргүзүүнүн методологиялык маселелери.

3.Тайпалардын социалдык маселелери.

4.Социалдык чоң тайпалардын маселелери.

Тематикалык суроолору.

1.Социалдык психологиянын коомдогу ээлеген орду.

2.Социалдык психологиянын башка коомдук илимдер менен болгон байланышы.

3.Социалдык психологиянын келип чыгуу тарыхы.

4. Социалдык психологиянын Кыргызстандагы өнүгүшү.

5. Социалдык психологиянын коом алдындагы маселелери.

6.Социалдык психологиянын коомдогу ээлеген орду.

7.Социалдык психологиянын илимий изилдөө усулдарынын «социометрия» усулунун айырмачылыгы кандай?

8.Социалдык психологиядагы маалыматтардын сапаты боюнча кандай көрсөткүчтөр болуусу зарыл?

9.Изилдөө усулдарынын бөлүнүшү.

10.Социалдык психология илиминдеги методология маселелери.

11.Социалдык психологияда илимий изилдөөнүн өзгөчөлүгү.

12.Социалдык психологиядан башка кайсы окуулуктарда тайпа боюнча изилденет.

13.Гендер түшүнүгүн илимге биринчи кайсы мамлекет изилдөөгө алган.

14.Социалдык психологияда гендердик маселелердин орун алышы..Этникалык тайпалар.

15.Социалдык топтор, түзүмдөргө психологиялык мүнөздөмө.

16.Тайпалардагы башкаруу стилдери.

17.Уруу, улут, этностор тайпанын кайсы түрүнө таандык.

18.Коллективдин социалдык-психологиялык иш-аракетине анализ.

19. Стихиялуу тайпалар деген кандай тайпалар, кандай өзгөчөлүктөргө ээ

20. Чоң тайпалар деп кандай тайпаларды атайбыз.

21.Кыргызстандагы массалык кыймылдардын өзгөчөлүктөрү.



II Модулдун темалары.

1. Кичи тайпанын социалдык-психологиялык жалпы маселелери.

2.Социалдык психологияда инсандын түшүндүрүлүшү .

3. Коллективдин социалдык психологиялык теориясы.

4.Социалдык психологияда социалдашуу түшүнүгү



Тематикалык суроолору.

1.Кичи тайпалардагы баарлашуунун түрлөрү кандайча жүргүзүлөт.

2.Чоң жана кичине тайпалардагы инсандардын өз ара окшоштуктары жана айырмачылыктары.

3.Коммуникация деген кайсы тилден келип чыккан.

4.Курактык, кесиптик тайпалар кайсы тайпага таандык.

5. Тайпанын социалдык психологиядагы бөлүнүшүн тактап айтып бер.

6. Чоң тайпаларга кандай өзгөчөлүктөргө ээ болгон топтор кире алат.

7. Коллективдеги инсандар аралык байланыштардын түрлөрү.

8.Коллективдин өнүгүү стадиялары жана деңгээлдери.

9.Коллективдин өнүгүү теориялары.

10. Коллективдин психологиялык теориясы.

11.Тайпа динамикасы жана тайпанын өнүгүшү.

12.Инсандар ортосундагы мамиленин табияты жана орду.

13. Инсандар ортосундагы жана коомдук мамиле тутумундагы баарлашуу.

14. Личносттор аралык мамиленин табияты жана орду.

15.Тайпанын өнүгүшү, стадиялары жана деңгээлдери.

16.Инсан психологиясынын изилдөө предмети.

17.Социалдык таптар жана катмарлар.

18.Социалдашуу процессинин стадиялары.

19.Личносттор аралык конфликттин типтери жана аны жоюунун жолдору.

20.Социалдашууга таасир этүүчү факторлор.

21.Конфликттер жана аларды башкаруунун жолдору.

22.Социалдык иденттүүлүк жөнүндө түшүнүк.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!