СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын методдору

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын методу–бул билим берүү процессиндеги мугалим менен окуучунун ѳз ара мамилесин чагылдырган ыкмалардын жыйындысы

Просмотр содержимого документа
«Сабактын методдору»

Сабактын методдору.


Сабактын методу–бул билим берүү процессиндеги мугалим менен окуучунун ѳз ара мамилесин чагылдырган ыкмалардын жыйындысы.

«Метод» деген сөз грек тилинен которгондо «ыкма, каражат» дегенди түшүндүрүп, «изилдөөнүн жолу, максатка жетүү үчүн иш-аракеттин жолу», «кандайдыр бир ишти аткаруу каражаты, жолу»- деген мааниде колдонулат.


Сабактын методдорунун классификациясы:

1. Традициялык метод(Е. Я. Голант, И. Т. Огородников, С. И. Перовскийдин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында)

  • сүйлѳмѳ метод(айтып берүү, түшүндүрүү, лекция, аңгеме)

  • кѳрсѳтмѳлүү метод(демонстрация, кѳрсѳтүү)

  • практикалык метод(лабораториялык иш, сочинение)

2. И. Я. Лернера, М. Н. Скаткиналардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында:

  • түшүндүрмѳ-иллюстративдик метод

  • репродуктивдик метод

  • проблемалык метод

  • жеке-издѳѳ методу

  • эвристикалык метод

  • изилдѳѳ методу

3. Ю. К. Бабанскийдин изилдѳѳсү боюнча окутуунун методдорун 3 негизги группаларга бѳлгѳн.

I. уюштуруу жана окуу ишмердүүлүгүн жандандыруу методу

  • кѳрсѳтмѳлүү метод

  • сүйлѳмѳ метод

  • практикалык метод

  • проблемалык метод

  • репродуктивдүү метод

  • индуктивдүү жана дедуктивдүү метод

  • ѳз алдынча иштѳо методу

II. окутууну мотивациялоо жана стимулдаштыруу методу

III. текшерүү методу

  • оозеки жана жазуу түрүндѳгү текшерүү

  • лабораториялык иш

  • практикалык иш

  • фронталдык, дифференцирленген, программаланган, жыйынтык иштер

4. Окуучунун жана мугалимдин ички жана сырткы ишмердүүлүгүнүн дал келиши менен- М. И. Махмутовдун методдук системасы (проблемалык-ѳнүктүрүү методу)

  • Монологиялык метод

  • Кѳрсѳткүчтүү метод

  • Диалогдук метод

  • Эвристикалык метод

  • Изилдѳѳ методу

  • Алгоритмдик метод

  • Программаланган метод


Мына ушул методдордун ичинен биз тѳмѳндѳгүлѳрүнө токтолуп өтөлү:

  1. Логикалык метод(индуктивдүү жана дедуктивдүү метод)

  • индуктивдүү метод-ой жүгүртүүнүн жекече учурлардан жалпы учурларга ѳтүүсү

  • дедуктивдүү метод-бул жалпы учурдан жекече учурга карай ой-жүгүртүү

  1. Кѳрсѳтмѳлүү метод-бул метод иллюстрациялоо жана демонстрациялоо болуп экиге бѳлүнѳт.

  • эгерде материалды түшүндүрүү процессинде кѳрсѳтмѳ куралдарды кошо пайдаланылып иштелсе, анда демонстрациялоо методу

  • эгерде материалдын бардыгы адегенде толук айтылып андан кийин кѳрсѳтмѳ куралдар пайдаланылса анда окутуу иллюстрациялоо методу болот

  1. Практикалык метод(лабораториялык иш, сочинение)-окуучулардын ар түрдүү эмгектик тапшырмаларды аткаруусун уюштуруп ѳткѳрүүдѳ пайдаланылат. Теориянын практика менен байланышын бекемдейт, билгичтикттерди жана машыгууларды калыптандырат.

  2. Проблемалык метод-бул методдун негизги максаты коюлган проблеманы чечүү Аны ишке ашыруу үч негизги метод аркылуу жүргүзүлѳт.

  • Билимдерди проблемалуу баяндоо методу

  • Изденүү методу-мында окуу проблемалары мугалим менен окуучулардын биргелешкен изденүүлѳрүндѳ чечилет

  • Изилдѳѳ методу-окуучуларды изилдѳѳнүн жалпы ыкмалары менен тааныштырып, чыгармачылык менен эмгектенүүгѳ үйрѳтѳт

  1. Репродуктивдүү метод-бул окуучулардын билгичтиктерин, кѳндүмдѳрүн, иш аракет ыкмаларын калыбына келтирет. маалыматтарды тез жана бекем эстеп калууну камсыз кылат. Бул метод кѳнүгүүлѳрдү аткарууда, билимдерди оозеки калыбына келтирүүдѳ, бир типтүү маселе чыгарууда колдонулат.

  2. Сүйлѳмѳ метод(айтып берүү, түшүндүрүү, лекция, аңгеме)- мында окуучулардын ээ боло турган билимдеринин негизги булагы сѳз болуп эсептелет.

  3. Түшүндүрүп-иллюстрациялоо метод-бул метод ар түрдүү нерселерди жасоодо, тажрыйбаларды демострациялап кѳрсѳтүүдѳ, маселелерди чыгарууда карталарды окууда, схемаларды чийүүдѳ пайдаланылат


Пассивдүү метод: Активдүү метод: Интерактивдүү метод:









Сабактын типтери:

  1. Жаңы материалды окуп-үйрѳтүү

  2. Билим жана билгичтикти ѳркүндѳтүү

  3. Жалпылоо жана системалаштыруу

  4. Аралаш

  5. Билим деңгээлин текшерүү жана коррекциялоо

Сабактын структурасы-бул окуу процессинин этаптарынын жыйындысы болуп эсептелет. Сабактын типтерине жараша структураларына токтолобуз.

Сабактын типтери

Сабактын структурасы

1

Жаңы материалды окуп-үйрѳтүү

  • үй тапшырмасын текшерүү, таяныч билимдерин кайталап, калыбына келтирүү

  • сабактын темасын, максатын, милдетин айтуу жана окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн мотивациялоо

  • жаңы материалды кабылдоо, билимдерин жалпылоо, системалаштыруу,

  • бышыктоо

  • сабакты жыйынтыктоо жана үйгѳ тапшырма берүү

2

Билим жана билгичтикти ѳркүндѳтүү

  • үйрѳнгѳндѳрүн жана билгендерин калыптандыруу;

  • үй тапшырмасын текшерүү;

  • сабактын темасын, максатын, милдетин айтуу;

  • окуучулардын сабакта аткарган тапшырмасын текшерүү

  • сабакты жыйынтыктоо

  • үйгѳ тапшырма берүү

3

Жалпылоо жана системалаштыруу

  • сабактын темасын, максатын айтуу;

  • окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн мотивациялоо

  • таяныч билимдерин калыбына келтирүү

  • негизги фактыларды анализдѳѳ, кайталоо

  • түшүнүктѳрдү кайталоо, жалпылоо жана системалаштыруу, материалдарды ѳздѳштүрүү

  • сабакты жыйынтыктоо, үйгѳ тапшырма

4

Аралаш сабак

  • үй тапшырмасын текшерүү

  • сабактын темасын, максатын айтуу;

  • окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн мотивациялоо

  • жаңы материалды кабыл алуу, ойлонуп баамдоо

  • билимдерди кабылдоо жана системалаштыруу

  • билимдерди бышыктоо

  • сабакты жыйынтыктоо, үйгѳ тапшырма

5

Билим деңгээлин текшерүү жана коррекциялоо

  • сабактын темасын, максатын айтуу

  • ар кандай ыкмалар аркылуу билимдерин, билгичтиктерин, кѳндүмдѳрүн текшерүү

  • аткарылган тапшырманы текшерүү, анализдѳѳ жана баалоо


Сабактын типтери

Сабактын формалары

1

Жаңы тема түшүндүрүү

  • лекция сабагы

  • аңгеме сабагы

  • кино сабагы

  • теориялык жана практикалык ѳз алдынча иш

2

Билим жана билгичтикти ѳркүндѳтүү

  • ѳз алдынча иштѳѳ(оозеки, жазуу жүзүндѳгү кѳнүгүүлѳр, лабораториялык иш)

  • практикалык иш

  • экскурция сабагы

  • семинар

3

Жалпылоо жана системалаштыруу

беш типтеги сабактардын негизги түрлѳрү кирет

4

Аралаш сабак

беш типтеги сабактардын негизги түрлѳрү кирет

5

Текшерүү

  • оозеки суроо

  • жазуу жүзүндѳгү суроо

  • зачет

  • практикалык

  • контролдук, ѳз алдынча иш


Сабактын формалары:

  1. Аңгемелешүү

  2. Аукцион

  3. Билимди жалпы кароо

  4. Викторина

  5. Группалык

  6. Диалог

  7. Диспут

  8. Жалпылоо

  9. Жомок

  10. Зачет


  1. Изилдѳѳчү

  2. Изложение

  3. Интервью

  4. Ишмердүүлүк

  5. КВН

  6. Кече

  7. Кино

  8. Компьютердик

  9. Конкурс

  10. Конференция


  1. Концерт

  2. Кошумча окуу

  3. Лабораториялык

  4. Лекция

  5. Мелдеш

  6. Мозаика

  7. Ойлоп табуу

  8. Оюн

  9. Панорама

  10. Практикалык


  1. Предмет аралык байланыш

  2. Пресс конференция

  3. Реферат жактоо

  4. Ролдук оюн

  5. Сот

  6. Сочинение

  7. Семинар

  8. Спектакль

  9. Театр

  10. Тестирлѳѳ


  1. Текшерүү

  2. Топтордо иштѳѳ

  3. Ток шоу

  4. Теле кѳпүрѳ сабагы

  5. Турнир

  6. Чыгармачылык

  7. Эврика

  8. Экскурция

  9. Эсеп чыгаруу

  10. Ѳз ара окутуу


Сабакка коюлуучу талаптар


I. Сабактын уюштурулушу

  • класстын сабакка даярдыгы

  • каражаттардын даярдыгы

  • санитардык-гигиеналык шарттары


II. Окуу процессинде мугалимдин ролу

  • сабак учурунда класста ѳзүн алып жүрүүсү

  • сүйлѳѳ маданияты

  • сырткы кѳрүнүшү

  • педагогикалык такт

  • ТСО жана окуу куралдарды туура пайдалануусу

  • окуучулардын кѳңүлүн теманын негизине бѳлүү

  • мугалимдин материалды терең билүүсү

  • сабактын рационалдуулугу


III. Сабакты берүүнүн сапатын контролдоо

  • сабактын башталышына максат коюу

  • ѳтүлгѳн теманы кайталоо

  • ѳтүлгѳн тема менен жаңы теманын байланышы

  • проблемалык ситуациялар түзүү

  • окуучулардын ой-жүгүртүүсүн ѳнүктүрүү

  • сабак мезгилинде чыгармачыл иштер

  • билим жѳндѳмдүүлүктѳрүн бышыктоо

  • окуучулардын сабак мезгилиндеги активдүүлүгү

  • окуучулардын билим жѳндѳмдүүлүгүнүн сапаты

  • сабактын илимийлүүлүгү, идеалдуулугу

Ѳз сабагын анализдѳѳ схемасы:


  1. Класстагы окуучулардын мүмкүнчүлүктѳрүнѳ мүноздѳмѳ берүү, сабакты пландаштырууда окуучулардын кандай ѳзгѳчѳлүктѳрү эске алынган.

  2. Сабактын кайсы тиби пайдаланды, мурунку берилген сабак менен кандай байланышкан.

  3. Сабактын негизги милдеттери кандай, ал милдеттер сабактын максаттарын ишке ашырууда кандайча эске алынды.

  4. Сабактын негизги милдеттерин чечүүдѳ сабактын убактысын рационалдуу пайдаландыбы?

  5. Жаңы материалды ѳздѳштүрүүдѳ окутуунун методдорунун айкалышы кандай тандалып алынган жана эмне үчүн?

  6. Класс менен жана кээ бир окуучулар менен байланыш кандайча ишке ашырылат.

  7. Окуу кабинети кандай пайдаланылды? Эмне үчүн ТСО пайдаланылды?

  8. Ѳз алдынча иштѳѳ канчалык эффективдүү уюшулган, ѳз билимин ѳркүндѳтүүнүн элементтери кандай пайдаланылды.

  9. Окуучулардын билиминин сапатын текшерүү кандай уюштурулган?

  10. Окуучулардын кѳп тармактуулугу менен мугалим сабакта кандай?

  11. Сабак окуучуларды кызыктыра алдыбы?

  12. Педагогикалык такт эрежелерин мугалим аткардыбы?

  13. Материалдын терңдигин ѳздѳштүрүүдѳ кандай жагдайлар түзүлдү.

  14. Окуу-процессинде кайсы учурлар табылгалуу болду?

  15. Аң-сезимдүү ишкердүүлүгүндѳ максаттуулук камсыз болдубу?

  16. Сабактын башынан аягына чейин окуучулардын иш-аракеттерин баалоо жана ѳтүлгѳн сабкка кошумча материалдарды пайдалануусу













Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!