СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын  темасы:  Табигый кырсыктар болгондо өзүн-өзү алып жүрүүнүн эрежелери

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мектеби: Боронбай Атишев атындагы орто мектеби

Облусу: Ош

Району: Ноокат

Предмети: География

Классы: 6-класс

Мугалим: Аттокур кызы Жанара

Сабактын  темасы:  Табигый кырсыктар болгондо өзүн-өзү алып жүрүүнүн эрежелери

Сабактын максаттар:

  1.  Билим берүүчүлүк:  Окуучулар табигый кырсыктардан сактануу эрежелери  жөнүндө түшүнүк алышат.
  2. Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар кар көчкү мезгилиндеги, жер титирөө учурундагы, чагылган болгон учурдагы жүрүм-турум эрежелерин үйрөнүшөт.
  3. Тарбия берүүчүлүк:  Окуучулар табигый кырсыктардан сактануунун жол жобосун билүүгө, сактоого жана өзүн коргоого тарбияланышат.

Күтүлүүчү натыйжа:

- Окуучулар табигый кырсыктардан сактануу эрежелери  жөнүндө түшүнүк алышты.

- Окуучулар кар көчкү мезгилиндеги, жер титирөө учурундагы, чагылган болгон учурдагы жүрүм-турум эрежелерин үйрөнүштү.

- Окуучулар  табигый кырсыктардан сактануунун жол жобосун билүүгө, сактоого жана өзүн коргоого  тарбияланышты.

Сабактын тиби:    Жаңы теманы түшүндүрүү.

Колдонулуучу методдор:

Жекече, жуптарда, топтордо иштөө,  баяндоо, изилдөө, көрсөтүү методдору.

Колдонулуучу баалоо методдору: баяндап баалоо, аныктоочу, калыптандыруучу, бири-бирин баалоо.

Сабактын жабдылышы:

Карта, сүрөттөр, видеоролик, ватман, маркер, скотч.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам:

 Уюштуруу иштери: Мугалимдин ишмердиги.

Саламдашуу, жоктоо, Жагымдуу маанай түзүү.

“Ишенем ишенбейм” усулу колдонулат.

  1. Жер планетасы шар формасындабы? ишенем
  2. Атмосфера жердин таш катмары? Ишенбейм.
  3. Биосфера терминин 1875-жылы Австриялык геолог Эдуар Зюсс илимге киргизгенби? Ишенем
  4. Эң алгачкы глобусту Х. Колумб ойлоп тапкан? Ишенбейм
  5. Абанын температурасын термометр менен өлчөйбүзбү? Ишенем
  6. Геофизикалык коркунучтуу кубулуштарга жер титирөө киреби? Ишенем

Окуучулардын иш аракети:

Окуучулар бири-бирине жылмаюу тартуулашат жана мугалим тарабынан берилген суроолорго “ишенем” же “ишенбейм” деп жооп беришет.

2-кадам:

Үй тапшырмасын суроо:  жекече иштөө.

Мугалимдин ишмердиги.  Мугалим тарабынан даярдалган таркатмалар таркатылат.

  1. ж                                         Райкомал
  1. ж                                         Кайнама
  1. ж                                         Сөгөт
  1. ж                                         Нура
  2. ж                                         Гүлчө

2008-ж                                         Кемин

Окуучунун иш аракети.

Окуучулар аткарган үй тапшырмасын текшертишет жана стрелка менен туура  жообун белгишет. Жекече иштешет.

3-кадам: Жаңы теманы түшүндүрүү.

Мугалим тарабынан жаңы темага байланышкан видеороликтер көрсөтүлөт. Окуучулар 3 топко бөлүнөт. “Ротация”  усулу колдонулат.  Топтордо иштөө.

Ар бир топко тема, тапшырма  жазылган атайын ватман жана маркерлер таратылып тапшырма түшүндүрүлөт. Ар бир топ кеңешип суроолорго бир нече жооп  жазышат. Берилген убакыт бүткөндө, мугалим “Ротация” деген команда  берип, окуучулар өз ватмандарын сааттын жебесиндей кийинки топко жиберишет. Алар дагы кошумчалап кийинки топко которушат.  Ошентип ар бир топтун ватмандары өздөрүнө кайтып келгичекти иш улана берет.

1-топ: Кар көчкү мезгилиндеги жүрүм-турум эрежелери.

Кар көчкү жакын болгон  учурда кандайдыр бир таякты карга сайып аны бекем кармоого аркеттениш керек. Эгер кар көчкү адамды басып калса дем алуу органдарын  жоолук, шарф, мээлей менен жаап, кардын үстүнкү бетине чыгууга аракеттенүү керек.

2-топ:Жер титирөө  учурундагы эрежелер.

Эгер жер титирөөнүн алгачкы белгилерин байкап калсаңар, анда тезинен эшикке чыгып кетүү керек. Шаар жеринде көп кабаттуу үйлөрдө жер титирөө болгон учурларда коопсуз бурчтарга туруу сунушталат. Терезелерге, эшиктерге, тепкичтерге турганга болбойт. Кулап түшкөн буюмдардан алыс болуу столдун, партанын, кроваттын алдына кирип, башыңды колуң менен жаап ал.

3-топ:Чагылгандан кантип сактануу керек?

Эшик терезелерди жабуу керек, анткени үйдүн ичине шамал чагылганды алып келиши мүмкүн. Үйдүн сыртында турган антеннага. Телефон зымдарына, темир нерселерге жакында баш керек. Бардык болгон электр приборлорун өчүрүп, алардан алыс болуу. Чагылган болгон учурда телефон менен сүйлөшпөө керек.

Окуучунун иш аракети:

Окуучулар алган маалыматтарын кунт коюп угуп видеороликти көрүшөт.                3 топко бөлүнүшүп топтордо иштешет. Берилген убакыт аяктагандан кийин топтун лидерлери презентация жасап беришет.

4-кадам: Сабакты бышыктоо.

Мугалим тарабынан тесттик суроолор таркатылат.

Жуптарда иштөө:

Табигый кырсыктар бөлүмү үчүн тесттик тапшырмалар.

  1. Метеорологиялык коркунучтуу кубулушту көрсөт.

А) чаңдуу бороон

Б) жер титирөө

В) жер көчкү

Г) таштын кулашы

  1. Жер бетинин үстү көрүнбөй суунун тамчыларынын абада кармалып калышы кандай аталат?

А) мөндүр

Б) туман

В) катуу шамал

Г) керимсел

  1. Ири көлөмдөгү тоо тектердин талкаланып, аска, зоолордун чокуларынын төмөн көздөй кулашы кайсыл мезгилде болот?

А) кар көчкү

Б) жер титирөө

В) тоо көчкү

Г) сел

  1. Кыргызстандын аймагында 20-кылымдын башындагы эң чоң жер титирөө кайсыл жерде болгон?

А) Нура

Б) Сары-Камыш

В) Кемин

Г) Гүлчө

  1. Чагылган адамды канча аралыктан жабыркатышы мүмкүн?

А) 4-5м

Б) 2-3м

В)6-7м

Г) 3-6м

  1. Кандай учурда лифт менен пайдаланганга болбойт?

А)чагылган болгондо

Б) сел жүргөндө

В)кар көчкү жүргөндө

Г)жер титирөөдө

Окуучунун иш аракети:

Окуучулар берилген тесттик суроолорду жуптарда иштешет.

5-кадам: Сабакты жыйынтыктоо.

Мен... билдим. Мен ... үйрөндүм.

Окуучунун иш-аракети.

Сүйлөмдөрдү толукташат.

6-кадам: Үйгө тапiырма берүү.

§ 45  Табигый кырсыктар болгондо өзүн-өзү алып жүрүүнүн эрежелери

   (154-157-бет) боюнча окуу.

Үйдөн өтүлгөн теманы окуп түшүнүк айтуу.

Окуучулар үй тапшырмасын дептерге жазып алышат.

7-кадам: Баалоо: Окуучулардын билимин комментарийлеп баалоо.                  Жекече, жуптарда, топтордо баалоо. Калыптандыруучу баалоонун ыкмалары колдонулат.

Окуучулар билимине, аракетине жараша бааланат.

Просмотр содержимого документа
«Сабактын  темасы:  Табигый кырсыктар болгондо өзүн-өзү алып жүрүүнүн эрежелери»

6-кадам: Үйгө тапырма берүү.

§ 45 Табигый кырсыктар болгондо өзүн-өзү алып жүрүүнүн эрежелери

(154-157-бет) боюнча окуу.

Үйдөн өтүлгөн теманы окуп түшүнүк айтуу.

Окуучулар үй тапшырмасын дептерге жазып алышат.

7-кадам: Баалоо: Окуучулардын билимин комментарийлеп баалоо. Жекече, жуптарда, топтордо баалоо. Калыптандыруучу баалоонун ыкмалары колдонулат.

Окуучулар билимине, аракетине жараша бааланат.

Мектеби: Боронбай Атишев атындагы орто мектеби

Облусу: Ош

Району: Ноокат

Предмети: География

Классы: 6-класс

Мугалим: Аттокур кызы Жанара

Сабактын темасы: Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча божомолдор

Сабактын максаттар:

  1. Билим берүүчүлүк: Окуучулар Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча божомолдор жөнүндө түшүнүк алышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар адистердин айтуусундагы 2100-жылга республиканын аймагындагы өзгөрүүлөрдү билишет.

  3. Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар айлана-чөйрөнү коргоого, мөңгүлөрдү сактоого тарбияланышат.

Сабактын көрсөткүчтөрү: Эгерде окуучу сабактын аягында.

1. ОкуучуларБорбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча божомолдор жөнүндө түшүнүк алышса

2. Окуучулар адистердин айтуусундагы 2100-жылга республиканын аймагындагы өзгөрүүлөрдү билишсе.

3. Окуучулар айлана-чөйрөнү коргоого, мөңгүлөрдү сактоого тарбияланышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

- Окуучулар Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча божомолдор жөнүндө түшүнүк алышты.

- Окуучулар адистердин айтуусундагы 2100-жылга республиканын аймагындагы өзгөрүүлөрдү билишти.

- Окуучулар айлана-чөйрөнү коргоого, мөңгүлөрдү сактоого тарбияланышты.

Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү.

Колдонулуучу методдор:

Жекече, баяндоо, изилдөө, көрсөтүү методдору, ББкБ усулу, “Абзац менен окуу” усулу.

Колдонулуучу баалоо методдору: баяндап баалоо, аныктоочу, калыптандыруучу, бири-бирин баалоо.

Сабактын жабдылышы:

Карта, сүрөттөр, атлас, контур карта.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам. Уюштуруу иштери.

Окуучулар менен саламдашуу, жоктоо, алтын эрежени кабыл алуу.

Жагымдуу жагдай түзүү.

Мугалимдин ишмердиги:

Сабактын темасы жана максаттары менен тааныштыруу.

Учкул сөздөр, асыл ойлор айтылат.

  1. Зор мүмкүнчүлүктөр баарына келет. Бирок көпчүлүгү ага жолукканын сезбей да калышат. У.Даннинг.

  2. Өз тагдырыңды өзүн башкар, болбосо аны башка бирөө колго алат. Ноел Тичи.

  3. Адам өз жөндөмдүүлүгүн аны иш жүзүнө ашырууга аракет жасап көргөндө гана байкай алат. Сенека.

  4. Адам өз күчүнө ишенген жерде гана бир нерсеге жетише алат. Л.Фейербах.

  5. Тырышчаактык кыйынчылыктарды жеңет, жалкоолук аларды жаратат. Б.Франклин.

Окуучулардын иш аракети:

Окуучулар бири-бирине жылмаюу тартуулашат жана алтын эрежени кабыл алышат. Асыл ойлор, учкул сөздөрдүн маанисин чечмелешет.

2-кадам: Үй тапшырмасын суроо.

Мугалим тарабынан суроолор берилет. Үй тапшырмасын текшерет.

  1. Парник эффектиси-деген эмне? Ал кантип пайда болот?

  2. Климаттын өзгөрүшүнүн негизги себеби эмнеде?

  3. Силер жашаган жерде климаттын өзгөрүү процесстери байкалуудабы?

  4. Климаттын өзгөрүү процесси адамдардын ден-соолугуна кандай таасир бериши мүмкүн?

Окуучунун иш аракети.

Окуучулар аткарган үй тапшырмасын текшертишет жана суроолорго жооп беришет.

3-кадам: Жаңы теманын үстүнөн иштөө.

Мугалимдин ишмердиги:. “ББкБ” усулу колдонулат. “ББкБ” таблицасынын Б.Бк бөлүгү толтурулат. Окуучулар жаңы тема боюнча эмнелерди билишээрин жана эмнелерди билгиси келээрин айтышат.

Жаңы темага байланыштуу видеоролик коюлат. Видеороликти көргөндөн кийин окуучулар темага байланышкан текстти абзац менен окушат жана түшүнүгүн айтып беришет.

Климаттын өзгөрүүсү боюнча окумуштуулардын божомолдоолоруна ылайык 2030-2050-жылдары Борбордук Азиянын температурасы +10Сдан +30Сга чейин өзгөрөт.

Абанын температурасынын жогорулашы климаттын кургак болушун күчөтүп, мөңгүлөрдүн эрүүсүн жогорулатат.

Бул процесс Борбордук Азияда суу ташкынын жана селдердин болуу коркунучун тездетет.

Адистер 2100-жылга республиканын аймагында бир дагы мөңгү калбай эрип кетишин айтышууда. Мөңгүлөрдүн азайышы 2100-жылы республикадагы агын суулардын эки эсе азайышына алып келиши мүмкүн. Учурда Кыргыз Республикасынын тоолордогу мөңгүлөрдүн эришинен сел, жер көчкү, кар көчкүсүнүн ж.б. саны көбөйүүдө.

Республикада 5000 ашуун көчкү жерлер катталган. Климаттык өзгөрүүлөр абанын кургакчыл болушу токой өрттөрүнүн көбөйүшүнө алып келет.

Окуучунун иш аракети:

Окуучулар алган маалыматтарын кунт коюп угуп терминдерди дептерине жазышып отурушат. Видеороликти көргөндөн кийин окуучулар темага байланышкан текстти абзац менен окушат жана түшүнүгүн айтып беришет

4-кадам: Сабакты бышыктоо. Мугалим тарабынан суроолор берилет.

  1. Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүүсүнүн негизги багыттары.

  2. Жалпы климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстандын климатына тийгизген таасири.

  3. Кыргызстандагы парник газдарынын негизги булактарын атагыла.

  4. Азыркы учурдагы Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн абалы.

  5. Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мүмкүн болгон табигый кырсыктарын атагыла.

“Б.Бк.Б” таблицасынын Билдим бөлүгү толтурулат.

Окуучунун иш аракети. Окуучулар суроолорго жооп беришет

5-кадам: Сабакты жыйынтыктоо.

  1. 81-сүрөттөр менен иштөө.

Мен бүгүнкү сабакта ... үйрөндүм.

Мен үчүн сабак ... болду.

Окуучунун иш аракети. Сүрөт менен иштешет.

Ар бир окуучу сүйлөмдөрдү толукташат.

6-кадам: Үйгө тапшырма берүү.

§ 33 Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча божомолдор

(119-122-бет) боюнча окуу.

Үйдөн өтүлгөн теманы окуп түшүнүк айтуу

Окуучунун иш аракети. Окуучулар үй тапшырмасын дептерге жазып алышат

7-кадам: Баалоо.

Окуучулардын билимин комментарийлеп баалоо. Калыптандыруучу баалоонун ыкмалары колдонулат.

Окуучулар билимине, аракетине жараша бааланат.

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!