СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуу процессин уюштуруунун формалары

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окутуу процессин уюштуруунун негизги формасы бул сабак. Ал эми аны уюштурууда окутуучу/мугалим өзүнүн чыгармачылык дарамети менен предметтик билимине таянат.

Просмотр содержимого документа
«Окутуу процессин уюштуруунун формалары»

Тема: Окутуу процессин уюштуруу формалары


Сабактын тиби: Семинардык.

Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, аудиоматериал, проектор, ноутбук, магниттер, ж.б.

Сабакта колдонулган ыкмалар: муз жаргыч, белгилөө менен окуу, мээ чабуулу, жеке, жупта, топтордо иштөө. РАФТстратегиясы, Б.Блумдун таксономиясы, SWOT анализ.

Окутуунун натыйжалары жана калыптануучу компетенциялар:

ОН-2. Кесиптик ишмердигинде башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын жетекчиликке алуу менен окутуу жана тарбиялоо процессин жүзөгө ашыра алат.

ЖК-1. Жеке ишмердигин уюштуруу, кесиптик маселелерди чечүүнүн методдорун аныктоо, алардын натыйжалуулугун жана сапатын баалоо.

КК-1. Сабактын максаттарын жана милдеттерин аныктоо, аны пландоо.

Сабактын жүрүшү: Сабактан күтүлүүчү натыйжаларды окутуучу менен биргеликте студенттер аныкташат. Доскага алтын эрежени илет.

Күтүлүүчү натыйжалар:

- Окутуу процессин уюштуруу формалары жөнүндө маалымат бере алышат.

- Стандарттык жана стандарттык эмес сабактарды салыштырышат.

-Сабактын типтери жана алардын структуралары боюнча блок схема сыза алышат.

- Интерактивдүү сабактын өзгөчөлүктөрүн айта алышат.

- Блумдун таксономиясы боюнча суроолорду берүү жана тапшырмаларды түзүү методикасы менен иштешет.

I Уюштуруу: Катышуучулардын табитин сабакка тартуу, маанайын көтөрүү максатында “Муз жаргыч” колдонуу.

«Бүгүн мен үчүн жакшы күн, анткени …»

Жакшы маанай жаратуу үчүн окутуучу катышуучулардан «Бүгүн мен үчүн жакшы күн, анткени…» деген сүйлөмдү толуктап бүтүрүүнү өтүнөт Ар бир катышуучу бул сүйлөмдү улантып, бүтүрүүсү зарыл.

Күтүү дарагына: - Бүгүнкү сабактан эмнени үйрөнгүңүз келет?- деген суроого жоопту стикерге жазып, даракка жабыштырабыз.

Текст сунушталат жана кантип окуу керектиги түшүндүрүлөт, б.а. «Белгилөө менен окуу» ыкмасын колдонуу менен окуу .

Тексттин ар бир абзацынын каршысына төмөнкү белгилерди (маркировкаларды) койгула:

√ эгерде сиз окуп жаткан нерсе билгениңизге шайкеш келсе;

– эгерде сиз окуп жаткан нерсе сиз мурда билгенге же билем деп ойлогонго каршы келсе;

+ эгерде сиз окуп жаткан нерсе сиз үчүн жаңылык болсо;

? эгерде сиз окуп жаткан нерсе сиз үчүн түшүнүксүз болсо же ушул суроо боюнча мындан дагы тагыраак маалымат алгыңыз келсе.

Окутуунун формасы - окутуу процессинин сырткы мүнөздөмөсү. Латынчадан которгондо "форма" термини бул сырткы көрүнүш, сырткы мүнөздөмө деген маанини берет. Окутуунун формасы - окутуу процессинин уюштурулушунун сырткы көрүнүшү, тышкы мүнөздөмөсү. Окутуу формасы окуучулардын санын, окуу процессинин ордун, өтүү убактысын, мугалим менен окуучулардын өз ара аракеттенишин жана уюштурулушун аныктайт. Окутуу формасы менен окуу методу ажырагыс байланышта болот. Себеби окуу процессинин маңыздуу белгиси болуп окуу методу саналса, ал эми анын тышкы белгиси - окуу формасы болот. Ошентип, окуу процесси аныкталган метод менен белгилүү бир формада жүрөт. Анын алдын-ала коюлган максатка жетиши тандап алган окуу методуна жана формасына көз каранды болот.

Окутуу формасы коомдун өнүгүүсү менен бирге тынымсыз өзгөрүүгө учурап келген. Азыркы мезгилде окутуу формаларын төмөнкү түрлөргө ажыратсак болот: жекелик, жекелик-топтук жана класстык-сабак.

Коомдун өнүгүшү менен XVI кылымдан баштап окутуу процессинин класстык-сабак формасы пайда болгон. Себеби. коомдук мамилелердин өнүгүшү жана өндүрүштүн татаалданышы жаш муундардын негизги бөлүгүн аныкталган деңгээлдеги билимге калыптоо муктаждыгы келип чыккан.

Класстык - сабак формасынын өзгөчөлүгү биринчиден, көп сандагы окуучуларды окуу процессине катыштыруусу, экинчиден,

окуу процессинин абдан катуу тартипте өтүшүн камсыз болушу. үчүнчүдөн, окуучулардьш өз ара атандашуусунун, мелдешинин орун алышы менен мүнөздөлөт.

Стандарттык жана стандарттык эмес сабактар

Азыркы мезгилде окутуу процесси төмөнкү формаларда өтүлөт: сабак, экскурсия, окуу өндүрүштүк жайларындагы эмгек жана өндүрүштүк окуулар, факультативдик, үйдөгү сабактар (үйгө берилген тапшырманы аткаруу) жана ошондой эле класстан тышкаркы ишмердүүлүктөр (предметтик секциялар, илимий уюмдар, олимпиадалар, конкурстар жана башкалар).

Сабак - окуучулардын турактуу курамы менен аныкталган убакыт ичинде жана белгилүү график менен өткөрүлүүчү окутуунун негизги формасы. Сабактагы окуучунун саны, окутуунун убактысы жана анын графиги нормативдик документтер менен аныкталат. Сабак өзүнчө мааниге ээ болгон жана аныкталган убакыт менен мүнөздөлгөн окуу процессинин өзүнчө бир болүгү болуп саналат. Убакыттын аздыгына карабастан ар бир сабактын жүрүшү, анын максатка жетиши окуучулардын билим сапатын түздөн-түз аныктайт. Сабакты уюштурууга төмөнкү талаптар коюлат:

  • педагогика илиминин акыркы жетишкендиктеринин жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбанын жыйынтыктарын колдонуу ' менен бирге окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүү;

  • дидактикалык принциптерди жана эрежелерди туура айкалыштыруу;

  • ар бир окуучунун кызыгуусун жана мүмкүнчүлүгүн эске алуу;

  • окуу предметтеринин байланышын камсыз кылуу;

  • мурда өздөштүрүлгөн билимдерге жана билгичтиктерге таянуу;

  • окуучунун мотивинин негизинде анын активдүүлүгүн пайда кылуу;

  • окутуу процессинин ар бир бөлүгүнүн логикалык түзүлүшүи жана эмоционалдык коштолушун камсыз кылуу;

  • турмуш, өндүрүш жана ар бир окуучунун өздүк тажрыйбасы менен байланышты камсыз кылуу;

  • окуу-үйрөнүү ыкмаларын калыптандыруу, билимди тынымсыз толуктоого багыт берүү;

  • ар бир сабактын максатынын, өтүү ирээтинин жана жыйынтыгынын алдын-ала белгилениши жана башка ушул сыяктуулар.

Ар бир өтүлгөн сабак сапаттуу өтүшү үчүн ага төмөнкү дидактикалык талаптар коюлат:

  • ар бир сабактын милдеттеринин ачык-айкын аныкталышы;

  • сабактын маалыматтык маңызынын окуучулардын мүмкүнчүлүгүнө жараша болушу;

  • окуу ишмердүүлүгүн уюштурууда жаңы маалыматтык технологиялардын орун алышы;

  • окутуунун ар түрдүү методдорунун, каражаттарынын жана формаларынын колдонулушу жана алардын айкалыштары;

  • сабактын түзүлүшүнө чыгармачылык изденүүнү колдонуу;

  • ар бир окуучунун жеке ишмердүүлүгү менен жалпы класстык окуу ишмердүүлүгүн байланыштыруу;

  • тескери байланышты, чыныгы текшерүүнү жана туура жетектөөнү камсыз кылуу;

  • сабакты уюштурууда илимий мамиленин жана жогорку чыгармачылыктын орун алышы.

Азыркы мезгилде сабактын абдан көп түрлөрү кездешет. Ошондуктан аныкталган критерийлердин негизинде сабактарды топторго бөлүшөт. Мисалы. сабактарды мазмуну жана өткөрүүнүн түрлөрү боюнча бөлүшөт. Сабактын мазмуну боюнча бөлүнүшү окуу предметинин мазмундук бөлүгүнө жараша болот: математика предмети боюнча сабак арифметика, алгебра, геометрия жана башка ушул сыяктуу. Ал эми өткорүүнүн түрлөрү боюнча сабактар сабак-экскурсия, сабак-театр, өз алдынча сабак жана башкалар.

Сабакты мазмундук бөлүктөрү жана ишмердүүлүктүн мүнөздөрү боюнча төмөнкү топторго бөлүшөт:

а) киришүү сабагы;

б) окуу материалы менен алгачкы ирээт тааныштыруу сабагы;

в) жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы;

г) кабыл алынган билимдерди колдонуу сабагы;

д) көндүмдөрдү калыптоо сабагы;

е) бекемдөө, кайталоо жана жалпылоо сабагы;

и) текшерүү сабагы;

ж) аралаш сабак жана башкалар.

Сабакты коюлган максатынын мүнөзүнө жана өтүү иретине карата эки түргө бөлүүгө болот:

а) стандарттык сабак;

б) стандарттык эмес сабак.


Стандарттык сабактарды төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүүгө болот:

  • аралаш сабак;

  • жаңы билимди өздөштүрүү сабагы;

  • алынган билимдерди бекемдөө сабагы;

  • билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрүү сабагы;

  • алынган билимдерди толуктоо, жалпылоо жана системага келтирүү сабагы;

  • билгичтиктерди, көндүмдөрдү текшерүү жана баалоо сабагы жана башка.


Студенттер топторго бөлүнүшөт. Ар бир топко жекече тапшырмалар берилет.


  1. Аралаш сабак төмөнкү түзүлүштө болот (убакыттар болжол менен):

  1. Окуучуларды окуу процессине даярдоо (3-4 минута). Ар бир педагог сабакты уюштуруу менен баштайт. Уюштуруу ишмердүүлүгү тез, активдүү жана жакшы маанайда өтүшү зарыл. Окуучулар менен учурашуу. окуу процессине ар бир окуучунун жана жалпы класстын даярдыгын текшерүү жана башка ишмердүүлүктөр орун алат. Уюштуруунун аягында ар бир окуучу билим алууга ынтызарланып, окуу-иштерин аткарууга даяр болууга тийиш.

  2. Өтүлгөн материалды кайталоо (10-15 минута). Окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жана өтүлгөн материалды калыбына келтирүү максатында мүмкүн болушунча көпчүлүк окуучуларды сураганга үлгүрүү керек. Айрым учурларда тест жүргүзүү, карточкалар менен жеке иштөө, айрым окуучуларды доскага чакыруу, ооз эки текшерүү жана башка ушул сыяктуу экспресс ыкмалар колдонулат. Негизинен ар бир окуучу дайыма даярданып келип, системалуу түрдө текшериле тургандай абал түзүлүшү керек. Сабактын бул бөлүгү иедагог тарабынан өтүлгөн материалды кыска жана так калыбына келтирүү менен аяктайт.

  3. Жаңы материалды терең түшүнүү менен кабыл алуу (20-25 минута). Педагог жаңы материалды жеткиликтүү болгондой окуучуларга түшүндүрөт. Түшүндүрүү өтүлгөн окуу материал менен өтүлүүчү жаңы окуу материалдардын окшоштуктарын, же тескеричинче карама-каршылыктарын негиздөө менен башталат. Жаңы окуу материалын түшүндүрүү логикалык жактан байланыштуу түйүндүү бөлүктөрдү түшүндүрүү менен берилет. Окуу материалынын оор же, тескерисинче, жеңилдигине карабай ал материал сөзсүз түрдө эки ирээт кайталанып түшүндүрүлүшү зарыл. Окуучулар жаңы материалды кабыл алып, аларды өздөштүргөндөн кийин гана кийинки этапка өтүүгө болот.

  4. Кабыл алынган билимди билгичтикке жана көндүмгө айландыруу, башкача айтканда бекемдөө (5-10 минута). Кабыл алынган билимди бекемдөө мисал иштөө жана көнүгүүлөрдү аткаруу менен иш жүзүнө ашат. Алгачкы мисалды аткарууну педагог өзү өткөрүү менен эң негизги өзгөчөлүктөрдү, аткаруунун ирээти жана логикасы түшүндүрүлөт. Бир. эки мисалдан кийин гана окуучуларга жеңилден оорго, жөнөкөйдөн татаалга багытталган тапшырмалар берилет. Бул учурда айрым окуучуларды доскага чыгаруу, ар бирине жеке тапшырма берүү, топтук жарыштарды жүргүзүүлөр орун алат.

  5. Үйгө тапшырма берүү (5-10 минута). Окуучуларга үйгө тапшырма берүүдө кайталоо үчүн негизги маалыматтарды окуу китеби боюнча жана ар түрдүү кошумча булактарынан берилет. Мындан тышкары өз алдынча даярданууга берилген ар бир тапшырманы аткаруунун жолун, андагы негизги маселелерди ачык жана так көрсөтүү зарыл. Айрым учурда ар бир окуучуга өзүнчө тапшырма берүүгө туура келет.

  6. Жыйынтыктоо, баалоо (2-3 минута). Ар бир сабак окуучулардын окуу процессине катышуусун, андагы аракеттерин баалоо менен аякташы зарыл. Ар бир окуучунун окуу жетишкендигин аныктоо мүмкүн болушунча обүективдүү, ачык жана далилдүү жүргүзүлүшү керек. Сабактын аягында педагог жалпы жыйынтык чыгарат.


  1. Топ. Жаңы билимди өздөштүрүү сабагынын шарттуу түзүлүшү төмөндөгүдөй:

а) окуучуларды окутуу процессине даярдоо:

б) өтүлгөн материалдын негизги бөлүктөрүн кыскача кайталоо;

в) жаңы материалдын темасын, маанисин жана маселелерин негиздөө;

г) жаңы материалды түшүндүрүү;

д) жаңы теманын негизги бөлүгүн бекемдөө;

с) үйгө тапшырма берүү;

ж) жыйынтыктоо.

Жаңы түшүнүктөрдү, аныктамаларды жана ыкмаларды үйрөнүү окуучулардын ишмердүүлүгү менен гана ишке ашат.

Ошондуктан жаңы билимди өздөштүрүү сабагы абдан кылдат даярдалып, жогорку деңгээлде өтүшү зарыл.

3-топ. Өтүлгөн материалдарды бекемдөө сабактары окуу программасынын белгилүү бир темасын. бөлүмүн аяктагандан кийин өтүлөт. Бул сабактардын өтүү убактысы жана максаттары алдын ала окуучуларга эскертилиши зарыл. Мындан тышкары кайталоо үчүн суроолор, маселелер өз убактысында окуучуларга берилиши керек. Өтүлгөн материалдарды бекемдөө сабактары окуучулардын бардыгын бирдей суроонун жана ошондой эле ар биринин билимин атайын суроолор менен текшерүүнүн негизинде өткөрүлөт.

4-топ.Билгичтиктерди, көндүмдөрдү калыптандыруу сабагында төмөнкү дидактикалык маселелер коюлат:

а) мурда өтүлгөн окуу материалын кайталоо жана бекемдөе;

б) кабыл алынган билимди тереңдетүү жана кеңейтүү максатында аларды практикада колдонуу жана өздөштүрүү;

в) жаңы билгичтикти жана көндүмдү пайда кылуу;

г) билимди, билгичтикти жана көндүмдү өздөштүрүүнү текшерүү. Билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрүү сабактарына лабораториялык жумуштар, практикалык иштер, семинар-сабактар, окуу экскурсиясы жана башкалар кирет. Бул сабактарда өтүлгөн окуу материал боюнча кеңейтилген кайталоо орун алып, өздөштүрүлгөн билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү жаңы белгисиз абалдарда колдонуу, тапшырмаларды аткаруу жүргүзүлөт. Натыйжада билимдер системага келтирилет, ал эми билгичтиктер жана көндүмдөр жалпыланат.

5-топ. Өтүлгөн материалды толуктоо, жалпылоо жана системага келтирүү сабагында эки дидактикалык маселе каралат:

  1. Окуучулардын кабыл алган теориялык билимдерин жана таанып-билүү ишмердүлүгүнүн деңгээлин аныктоо жана текшерүү.

  2. Окуу мазмунун эң негизги түйүндүү бөлүктөрүн кайрадан калыбына келтирүү менен бирге алардын

терең кабыл алынышын жана айрым бөлүктөрдүн байланыштарын жалпылоо.

Бул сабактар окуу материалынын орчундуу бөлүктөрүн, чоң блокторун кайталап, окуу материалынын системалык мазмунун аныктоого, кабыл алынган билимдерди стандарттык эмес абалда пайдаланууга жана жаңы окуу маселелерин чечүүгө арналат. Өтүлгөн материалды толуктоо, жалпылоо жана системага келтирүү сабагы алдын-ала белгиленип, кошумча маалыматтарды таабуу үчүн адабияттар көрсөтүлүп дискуссия, семинар катары жүргүзүлөт.

6-топ. Билгичтиктерди, көндүмдөрдү текшерүү жана баалоо сабагы окуучулардын өздөштүргөн теориялык билимин, билгичтигин жана көндүмүн аныктоого арналат. Сабакта ооз эки (жалпы, жеке, топтук) суроолор, жазуу иштери, диктанттар. көнүгүүлөрдү аткаруулар жана башка ыкмалар колдонулат. Акыркы мезгилде ар түрдүү тесттик тапшырмалар дагы кеңири пайдаланылууда.

Билгичтиктерди, көндүмдөрдү текшерүү жана баалоо сабагы үч бөлүктөн турат. Киришүү бөлүгүндө педагог өткөрүлө турган текшерүүнүн мазмуну жана уюштурулушун түшүндүрөт. Негизги бөлүгүндө ар бир окучу өз алдынча коюлган маселени аткарышат. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүгүндө текшерүүнүн жыйынтыгы талдалып. ар бир окуучунун окуу жетишкендиги бааланат.


Ар бир топ аткарган тапшырмаларын презентациялашат.

Студенттерге текст таркатылат. Купуя окуп чыгып, бири- бирине түшүнгөндөрүн айтышат.

Сабактын стандартгык эмес түрү - окутуу процессинин натыйжалуу уюштурулушу максатында өзгөрмөлүү жана кайталанбаган түзүлүшкө ээ болгон формасы. Азыркы учурда педагогикалык атайын адабияттарда стандарттык эмес сабактын жүздөгөн түрлөрү көрсөтүлөт. Аларга төмөнкүлөр кирет:

- сабак-оюн,

- сабак-мелдеш,

- сабак-конкурс,

- сабак-концерт,

- сабак-диспут,

- сабак-конференция,

- сабак- экскурсия жана башкалар.

Стандарттык эмес сабактар окутуу процессине көптөгөн жаңылыктарды жана күтүлбөстүктердү алып келип. окуучулардын жалпы кызыгуусун жогорулатат. Стандарттык эмес сабактар натыйжалуу өтүшү үчүн атайын ишмердүүлүктүн негизинде өзгөчөлөнгөн окуу каражаттарын даярдап, уюштуруунун ирээтин, эрежелерин иштеп чыгуу керек. Стандарттык эмес сабак адатта кайсы бир деңгээлде өтүлгөн материалдарды жалпылоо үчүн, аныкталган системаны иштеп чыгуу үчүн өтүлөт. Ошондуктан стандарттык жана стандарттык эмес сабактарды бир-бири менен айкалыштырып, окуу мазмунунун татаалдыгына ылайыктап өтүү зарыл.


Интерактивдүү сабак жана анын өзгөчөлүктөрү


Интерактивдүү сабак өзүнө төмөнкү беш элементти камтыйт:

  • Шыктандыруу.

  • Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо, берүү.

  • Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү.

  • Интерактивдүү көнүгүүлөр – сабактын борбордук бөлүгү.

  • Сабактардын жыйынтыктарын чыгаруу, натыйжаларын баалоо.



1-этап. Шыктандыруу.

Бул этаптын максаты – окуучулардын көңүлүн карала турган, кызыгууларын жарата турган темага топтоо. Окутуунун субъектти таанып-билүунүн натыйжалуу процессине көңүлдөнгөн, кызыккан, ал эмнени жана эмне үчүн жасарын аңдап-түшүнгөн болушу керек. Окуутуунун каражаттары суроолор, шилтемелер, кыскаса тарыхтар, чоң эмес тапшырмалар, татаал эмес интерактивдүү формалар (“Акыл-эстик чабуул”, «Микрофон», «Муз жаруу») болушу мүмкүн. Бул этапты уюштуруу менен, ар дайым мына муну эсиңерден чыгарбагыла, бир окуучуну жигердүү иш-аракеттерге түрткөн, кубаттуу реакцияны пайда кылган нерсе, башкасын кайдыгер эле калтырышы, же болбосо анча орчундуу эмес натыйжаларга алып келиши мүмкүн, ошондуктан бир сабактан башка сабакка карай жүйөлөштүрүү ыкмаларын өзгөртүүгө, аларды көп түрлөнтүугө аракет кылыңыздар.

Бул элемент сабактын убактысынын 5% дан ашык эмесин ээлеши керек.

2-этап. Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо, берүү.

Бул этаптын максаты – окуучуларга алардын иштеринин мазмуунун кабарлоо. Алар эмнеге жетишүүлөрү керек, алардан мугалими эмнени күтүүдө. Эң башкысы – биргелешкен иштерден күтүлгөн натыйжа. Мүмкүн окуучулар сабактан күтүүлөрдү өздөрү аныкташат. (Убактысы – 5%)

Интерактивдүү окутуунун максаттары салттуу сабактардан айырмаланып турат. Биринчи орунга окуучулардын илим-билимдери менен байланышкан максаттар жылдырылат: функционалдык стилдердин белгилерин атоо, орус графикасында болуп өткөн өзгөрүүлөрдү атоо, орфография, орфограмма түшүнүктөрүнө аныктама берүү. Андан кийин калыптандырылып жаткан жөндөм-шыктарга байланыштуу максаттар коюлат: орус орфографиясынын ар бир принцибине баш ийүүчү жазылмаларды бөлүп көрсөтүү, тексттин стилистикалык таандыктуулугун аныктоо, топтук иштердин натыйжаларын көпчүлүк алдында көрсөтүү. Үчүнчү орунда баалуулуктарды атоочу максаттар турат: орфоэпиянын бирдиктүү ченемдеринин болуу зарылдыгына карата өздүк мамилени билдирүү, сабаттуу жазуунун мааниси жөнүндө өздүк ойлорду айтуу, алынган илим-билимдердин практикалык маанилүүлүгү жөнүндө тыянак жасоо. Бул этап абдан чоң мааниге ээ болот: биринчиден, окуучунун мындан аркы бүткүл ишин белгилүү максаттарга багыттоого мүмкүнчүлүк берет, б. а. Ар бир окуучу акыркы натыйжа кандай болорун, өзү эмнеге умтулуусу керек экенин билип калат; экинчиден, бул этапта окутуучу окуучуларды сабактын максаттарын калыптандырууга – мугалимдин кесипкөй иш билгилигинин негизгидеринин бирине үйрөтөт.

3-этап. Тема боюнча маалыматтарды берүү.

Этаптын максаты – алар анын негизинде практикалык тапшырманы аткаруулары үчүн окуучуларга жетиштүү маалыматтарды билдирүү. Бул окуу китебинин тексти боюнча иштөө, чакан-лекция, таратылма материалды окуу болушу мүмкүн. Милдеттүү шарт – окуучу бардык зарыл болгон маалыматтар бар окуу куралына, окуу китебине, хрестоматияга ээ болушу керек. Мисалы, мугалим окуу китебиндеги маалыматтка көңүл бурдурат, практикалык кеңештерди берет, терминдерди чечмелеп түшүндүрөт. (Убактысы – 10%).

4-этап. Интерактивдүү көнүгүүлөр.

Этаптын максаты – материалды иш жүзүндө өздөштүрүү, коюлган максаттарга, сабактын милдеттерине жетишүү.

Өткөрүүнүн ыраатты:

- Нускама берүү (мугалим көнүгүүлөрдүн максатын, иш аракеттердин эрежелерин, ырааттуулугун, тапшырмаларды аткарууга убакыттын санын билдирет)

1. Топторду бөлүштүрүү, ролдорду аныктоо.

2. Мугалим уюштуруучу, жардамчы, дискуссияларды алып баруучу катары чыгып жатканда тапшырмаларды аткаруу окуучуларга өз алдынча иштөө жана кызматташтыкта окуу үчүн максималдуу мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат.

3. Топтор тарабынан иштердин натыйжаларын көрсөтүү.

4. Натыйжаларды талкууга алуу.

Интерактивдүү бөлүк адатта сабактын убактысынын 60%ына чейин созулат.

5-этап.Сабактын жыйынтыктарын чыгаруу, натыйжаларын баалоо.

Этаптын максаты – сабакта жасалгандардын бардыгын аңдап-билүү рефлексиясы: алынган илимдерге жетишүү, болочокто жасай билүү, бул ар дайым толуктап турууну каалоо. Жыйынтыктарды чыгарууну суроолор формасында өткөрөбүз. Сабакты өткөрүү боюнча төмөнкүдөй суроолорду коюуга болот: эмне кыйла ийгиликтүү болду, кийинки сабакка эмнелерди сунуш кыла аласыңар? Окуучулар суроолорго жоопторду өз алдыларынча туюнтууга жетишүүлөрү маанилүү. Натыйжаларды баалоого сабактын убактысынын 20% ын калтыруу туура болот.


ИНТЕРАКТИВДҮҮ сабактын түзүмүнүн өзгөчөлүктөрү:

  • Убакыттын көп бөлүгү 4- жана 5-бөлүктөргө (салттагы сабакта – эң башкысы 3-этап).

  • Интерактивдүү сабактын маанилүү элементи – рефлексия.

5. Сабактын максаты жана милдети.





Окутуу жана тарбиялоо процессинин бардык негизги элементтеринин ичинен сабактын максаттарынын жана милдеттеринин оптималдуу вариантын туура тандап алууда мугалимдер өтө кыйналышат.

Сабактын максаттарынын жана милдеттеринкн маанисин даана билбей туруп сабакты өткөрүүнүн методикасын, анын мазмунун жана анда аткарыла турган иш-аракеттердин багытын туура аныктоого болбойт. Эгерде мугалим сабактын максатын жана милдетин даана түшүнүп билсе, анда ал эч бир кыйынчылыкка, татаалдыкка карабастан сабакты өткөрүүгө ынтызар болуп, сабакта окуучулар коллективинин ишин раүионалдуу, жыйынтыктуу жана жыйнактуу уюштуруп өткөрүү жөндөмдүүлүгү пайда болот. Мындай учур- да мугалим өзүнүн ден-соолугунун начар абалда болушун да, чарчагандыгын да, кыйналгандыгын да сезбей бүтүндөй берилүү менен сабакты окуучулар үчүн эң кызыктуу, эң натыйжалуу кылып өткөрө алат.

Кыскасы, жыйынтыктап айтканда, сабактын максатын жана милдетин түшүнүп билүү мугалимдин эркине да, сезимине да, акылына да таасир этип, аны чыгармачылык менен эмгектенүүгө ынтызар кылат.



Максат деген - бул белгилүү багытта эмгектенүүдөн күтүлүүчү натыйжалар жөнүндөгү түшүнүк. Сабак окутуу процессинде максат эки түрдүү иш-аракеттен - мугалимдин иш-аракети менен окуучунун иш-аракетинен куралат. Сабактын максаты - бул сабак убагында мугалим менен окуучунун биргелешкен ишинин негизинде окуучу ээ боло ала турган болжолдуу натыйжа. Башкача айтканда, сабактын максаты - бул мугалимдин жетекчилиги астында бүткүл сабак процессинде окуучулар өздөштүрүүчү билиминин, алган тарбия-таалиминин, ээ болгон ой жүгүртүү амалынын натыйжасы.



Сабактын өз ара тутумдаш дидактикалык үч максатынын маани-маңызы.

Сабактын максаттары менен бирге анын милдеттери бар. Кээде сабактын максаттарын милдеттери менен бирдей карашат, бул туура эмес. Ушунун натыйжасында мугалим сабакка даярданып жатканда, анын мүмкүн болгон бардык ички моменттерин, «нюанстарын» толук алдын ала ойлонуп план- даштырбайт, демек окутуу жана тарбиялоо проүессинин натыйжалуулугу төмөндөйт.

Сабактын милдеттери деген эмне, жана алар сабактын максаттары менен кандай байланышкан? Биз жогоруда сабактын максаты - бул окуучунун окуп үйрөнүү иш-аракетинин марасы, акыркы натыйжасы экендигин айтканбыз. Бирок, акыркы натыйжага окуучу дароо эле ээ боло койбойт, максаттарга жетишүү үчүн окуучу бир катар аракеттерди жана операцияларды жасайт, мындан тышкары окуучунун иш-аракети белгилүү педагогикалык шарттарда өтөт.

Сабактын милдеттери деп дал ошол белгилүү педагогикалык шарттарда окуу процессинин аралык звенолорунда жетишиле тур- ган натыйжаларды түшүнөбүз. Мында мугалим окутуунун бардык факторлоруна жана педагогикалык шарттарына багыт жасоого тийиш, атап айтканда ал: окуу материалынын мүнөзүнө, жана ал материалды кабыл алууда окуучулар кез- деше турган кыйынчылыктарга, ал кыйынчылыктарды жеңүүнүн жолдоруна, окуучуларды окууга шыктандыруунун жана мугалим менен окуучулардын өз ара байланышып эм- гектенүүлөрүнүн мүнөзүнө өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Мына ошентип, сабактын милдеттерин аныктап алуу үчүн мугалим адегенде окуучулардын сабактагы иш-аракеттеринин планын жана программасын толук түзүп чыгышы керек.

Студенттер эки командага бөлүнүшөт. КВН уюштурулат. Ар бир команда өздөрүнө ат коюшат. Өтүп жаткан теманын алкагында төмөндөгү таблицаны пайдаланып, бири бирине алтыдан суроо даярдашат. Суроолор концептуалдык мүнөздө болууга тийиш.


Блумдун таксономиясы боюнча

суроолорду берүү жана тапшырмаларды түзүү методикасы


Деңгээлдер

Көндүмдөр

Тапшырмалар

1. Билим алуу

Информацияны билет, кайталай алат

Сабак деген эмне? Сабактын типтерин санап бергиле.

2. Түшүнүү

Информациялык материалдын маанисин түшүнөт

Сабактын өнүгүү тарыхын

өзүңөрдүн сөзүңөр менен айтып бергиле.

3. Колдонуу

Окшош ситуацияларда (абалдарда) колдоно алат

Билим берүүдө окутуу ишин уюштуруунун формасы катары сабакты колдонуунун максатын түшүндүргүлө.

4. Анализ

Структураны жана анын бөлүктөрүн аныктай алат

Аралаш жана интерактивдүү сабактын структурасын салыштыргыла, кайсы сабак жугумдуу экендигин аныктагыла.

5. Синтез

Бөлүктөрдү жаңыча бириктире (түзө) алат

Сабактын типтери боюнча блок схема түзгүлө жана ар биринин структурасын айтып бергиле.


6. Баалоо

Критерийлердин негизинде маанилүүлүгүн аныктай алат

Интерктивдүү сабактын жетишкендиктерин баяндагыла. Саламатсыңбы сабак?-деген темада дил баян жазгыла.


РАФТ стратегиясын колдонуп тема боюнча студенттер өз алдыларынча иштешет. М: Билим берүү министри – республиканын мугалимдерине кайрылуу жолдойт. Журналист – мугалимден сабактын учурдагы абалы, өтүлүшү жөнүндө интервью алат. Депутат ЖКга бүгүнкү күндөгү сабактын көйгөйлүү проблемаларын чечүү үчүн сунуш киргизет. Мугалим – өзүнүн сабакгы жөнүндө монолог катарында ой толгойт, актриса сабак жөнүндө ырлардан көркөм окуйт, класс жетекчи улуу педагогдордун, ойчулдардын сабак жөнүндөгү айткандарын пайдаланып тарбиялык саат өтөт ж.б.

Өздөрү тандаган ролдор аркылуу теманы презентациялашат.


Оюн “Трам-трам”

Шарты: Оюнга катышуучулар алып баруучунун айтуусу боюнча “трам-трам” – дегенде эки кол менен өздөрүнүн тизелерин ургулашат.

“УУ” – дегенде эки колду көкүрөк жакка алып келишет да

“АА” –дегенде алдыга сунушат.

“тили-тили” - дегенде сол колдун артын ээгине, оң колду баштарына коюшат.

Ушул эле кыймылды жанында турган адамга жасоо керек.

Рефлексия. «Маалыматтык манжалар» жазышат жана өздөрүнүн жазгандарын чечмелеп беришет.

Рефлексия. «Маалыматтык манжалар»


Ар бир студент дептерине өзүнүн алаканынын сөлөкөтүн салат жана манжаларынын сөлөкөтүнө төмөнкү маалыматтарды жазат:

Ар бир манжа – бул өз ой-пикирин билдирүү керек болгон позиция:

    • Баш бармак – мен үчүн маанилүү жана кызыктуу болду…

    • Сөөмөй – бул суроо боюнча мен конкреттүү маалымат алдым…

    • Ортон – мага кыйын болду (мага жаккан жок)…

    • Аты жок – психологиялык жагдайга менин берген баам

    • Чыпалак – мен үчүн жетишсиз болду.


Баалоо.

Тапшырманын мазмуну

Баалоо критерийлери

Упай

1-тапшырма.Сабак жөнүндө маалымат бергиле.

а) Сабак деген эмне? Сабактын типтерин санап бергиле.

б) Сабактын өнүгүү тарыхын

өзүңөрдүн сөзүңөр менен айтып бергиле.


Сабактын аныктамасын айтып, типтерин санап бере алса.

1

Сабактын өнүгүү тарыхын

өз сөзү менен айтып бере алса.


1

2-тапшырма. Билим берүүдө окутуу ишин уюштуруунун формасы катары сабакты колдонуунун максатын түшүндүргүлө.

Билим берүүдө окутуу ишин уюштуруунун формасы катары сабакты колдонуунун максатын түшүндүрө алса.

2

3-тапшырма. Аралаш жана интерактивдүү сабактын структурасын салыштыргыла, кайсы сабак жугумдуу экендигин аныктагыла.


Аралаш жана интерактивдүү сабактын структурасын салыштырып, кайсы сабак жугумдуу экендигин аныктай алса.


2

4-тапшырма. Сабактын типтери боюнча блок схема түзгүлө жана ар биринин структурасын айтып бергиле.


Сабактын типтери боюнча блок схема түзүп, ар биринин структурасын айтып бере алса.


2

5-тапшырма. Заманбап сабактын иштелмесин даярдап, презентациялагыла.

Заманбап сабактын иштелмесин даярдап, презентациялай алса.



2



Жалпы

10


9-10 упай алса -5

7 - 8 упай алса -4

5 - 6 упай алса -3

4 же андан кем упай алса -2



Үйгө тапшырма. Аралаш сабакка SWOT анализ жасагыла.


SWOT деген сөз:

Strengths- күчтүү жагы

Weakness-алсыз жагы

Opportunities-мүмүкүнчүлүктөр
Threats – коркунучтар

күчтүү жагы




Алсыз жагы

мүмкүнчүлүгү





коркунучу


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!