Просмотр содержимого документа
«Электр тогу. 10 кл»
10-класс
физика
Сабактын темасы:
Электр тогу.Ток күчү токтун пайда болуу шарттары.
Электр талаасынын таасири астындагы заряддалган бөлүкчөлөрдүн ирээттүү кыймылы электр тогу деп аталат.
Ток багытка ээ. Токтун багыты үчүн шарттуу түрдө оң заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыймыл багыты, б.а оң уюлдан терс уюлду көздөй кеткен багыт кабыл алынган.
Токтун чыныгы багыты үчүн терс уюлдан оң уюлду көздөй кеткен багыт кабыл алынган.
_
+
1.Ток жылуулук аракетине ээ. Мисалы, электр ысыткыч куралдарынын ысышы, кызытма лампанын жарык бериши, электр меши ж.б.
2.Ток химиялык аракетке ээ. б. а. Өткөргүчтүн курамын өзгөртөт.
3.Ток магниттик аракетке ээ.Мисалы, тогу бар өткөргүч магниттик касиетке ээ болуп, тогу бар башка өткөргүчкө магнит жебесине компаска аракет этет.
Ток механикалык аракетке ээ б.а. Ток ар кандай механикалык жумуш аткарат. Мисалы, кир жуучу, тигүүчү машинелер, желдеткич, муздаткычтын иштеши.
Убакыт бирдиги ичинде өткөргүчтүн туурасынан кесилиши аркылуу агып өткөн заряддын санына барабар чоңдук ток күчү деп аталат.
I=ток күчү(Ампер) А
t=убакыт(секунд) сек
q=электр заряды(Кулон) Кл
1 кА = 1000 А 1мкА = 10^-6А 1МА=10^6 A
Сабакты бышыктоо: Өтүлгөндөрдү кайталоо.
Үйгө тапшырма 71 Параграфты окуп келүү.