1 2 3 4 5 | Уюштуруу Өтүлгөн теманы кайталоо, үй тапшырмасын текшерүү Жаңы теманы түшүндүрүү Бышыктоо Жыйынтыктоо Рефлексия | А) Окуучулар менен саламдашуу Б) Окуучулардын катышын белгилөө В) Класстын сабакка даярдыгы Жагымдуу маанай. “Менин кыялым” Алтын эреже: Жакшы бала элпек, Жаман бала тентек. Билимдүүгө дүйнө жарык. Топко бөлүү. 1,2,3 Кана балдар өтүлгөн теманы кайталап алуу үчүн азыр силер менен оюн ойносок бул оюн “Адашкан сөздөр” деп аталат же болбосо анограмма методу. Бул жердеги сөздү табабыз сүйлөмдү толуктайбыз. Канакей анда кеттик.Ар бир топко адашкан сүйлөмдөр таратылат. Биринчи бүткөндөр кол чабабыз. Баалоо үчүн смайликтер таратылат. Жаңы тема: Кана,балдар бүгүнкү жаңы теманы баштардан мурун силер менен оюн ойноп алалы. Бул оюн “Таблица Шульте” деп аталат. Бул оюда ар бирибизге таблица таратылат 30 секунданын ичинде ким канча сан табат,кеттик анда... Сабактын темасын ачуу. 1.Музыкадагы экинчи нота? 2.Жигердүү,аракетчил,жандуу, ишкер деген сөздүн орусчасы кандай? 3.Басам,турам,суйлөйм, жазам,ойнойм бул эмне? Балдар ошентип темабызды ачып алдык. Эми,сабактын максатын коюп алалы. Батмандар таратылат. Доскага илинет. Слайд шоу кетет. Тарыхчылар, Биологдор, Тажрыйбачылар Текст таратылат. Ар бир топ өзүңөрдүн тобунардын атына жараша түшүнгөнүңөрдү батманга жазып, доскага жактап бергиле. Слайд шоу менен жыйынтыктоо. Сабактын максатын талкулоо. Үй тапшырма берилет, тапшырмага түшүндүрмө берүү үчүн | Окуучу-мугалим мамилеси калыптанат.Окуучу сылык болууга үйрөнөт.Предмет боюнча ойлонот,жоопкерчиликти сезет.Таза,тыкан болууга көнөт. Мазмунду сүйлөөгө,өз оюн туур жана так баяндоого көнүгөт. Маалыматты топтойт,талдоо жүргүзөт. Кубулуштарды сыпаттайт. Чоңдуктардын белгилениши,чен бирдиги,өлчөөчү куралын билишет. Фактылардын негизинде бүтүмдөдү тема боюнча суроолорду коет. Суроо бере билүүгө көнүгүшөт. Негизин бөлүп көрсөтүүгө көнүгөт. Байкоо жүргүзө алат. Маселе чыгара алат. Формула өзгөртүп түзүүгө көнүгөт. Жалпылап түшүнүүгө ээ болот. Талдоо жүргүзүшөт. Убакытты туура пайдаланат. Салыштыра билет. Кызматташуу,өз ой-пикирлерин сунуштоо,башкалардын оюн баалоо. Башкалардын алдында чыгып сүйлөөгө үйрөнөт. Маселелерди чечүүнүн түрдүү болжолдоого көнүгүшөт. Тема боюнча тыянак чыгаруу үчүн ар түрдүү маалыматтарды салыштыра алышат. Үй тапшырмасын жазуу менен тактыкка үйрөнөт. | |