СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак физика

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак физика»



Сабактын темасы: Энергия. Механикалык энергия. Механикалык энергиянын турлору.

Сабактын максаты: 1. Энергия жонундо тушунук алышат, жана механикалык энергиянын

турлору менен кенен тааныша алышат

2. Окуучулардын ой жугуртуусун, эске тутуусун жана кабыл алуу

жондомдуулугун онуктурушот

3. Бири- бирин сыйлоого , гумандуулукка жана ынтымактуулукка

тарбияланышат.



Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү. Топто иштөө.

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабактын жабдылышы: Окуу куралы, слайд, плакаттар, сурөттөр,таркатмалар, тест, физикалык

Кубулуштар.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

Тапшырма суроо.

Жаңы тема.



Мугалим: Саламатсынарбы урматтуу окуучулар. Бүгүнкү ачык сабагыбызды ачык деп жарыялоого

уруксат этиңиздер. Биз сабагыбызды физитканын гимни менен баштайбыз.

Окуучулар: Гимнди ырдашат.

Мугалим: Азаматсынар балдар. Анда эмесе биз эки топко бөлүнүп алалы.

1- топ Жумуш деген атты алды. 2- топ Кубаттуулук деген атты алды.

Анда эмесе балдар сабагыбыздын алтын эрежесин кабыл алалы.

Окуучулар алтын эрежени кабыл алышат.

Мугалим: Балдар анда келгиле биз откон темаларга кайталоо иретинде эки команда жарышалы.

Мен берген тапшырмаларга жооп беруу менен упайга ээ болосунар.

Анда балдар биринчи тапшырмабыз Тест болмокчу. Эки командага тест берем 3минута

ичинде бүтушүңөр керек.

1. Жумуштун бирдиги

А) Вт , б) Кл , в) Дж , г) Ом

2.Кубаттуулук _______

А) Убакыт бирдиги ичинде аткарылган механикалык жумуш

Б) Которулуштун натыйжасында аткарылган жумуш

В) Убакыт ичинде аткарылган кубаттуулук

3.Системадан болунуп чыккан заттын эсебинен система ээ болгон кыймыл _________

А) куч , б) реактивдуу , Механикалык





4. Кучту олчоочу курал?

А) Амперметр , б) Диномометр в) термометр

5. g - бул эмне?

А) эркин тушуу, б) бийиктик в) терендик

6. Кучтун аракети астында телонун которулушу эмне деп аталат?

а) кубаттуулук, б) импульс в) оордук кучу г) механикалык жумуш

7. N- бул эмне?

А) тыгыздык , б) импульс в) кубаттуулук г) масса

Окуучулар тестти толтурушат.

Мугалим: балдар эми өтүлгөн темаларга маселе иштейбиз.

1-маселе . Трактор жер айдаган кезде сокону 15000 Н күч менен тартат. 200м аралыкты өткөндө

ал кандай жумуш аткарат?

2-маселе: Тепловоздун тартуу кучу 100кН . Эгер бир калыпта туз сызыктуу кыймылдап, 1минутада

600 м жолду өтсө, кубаттуулугун аныкта?

Окуучулар доскага маселе иштешет.

Мугалим: балдр мен азыр карточкаларды таратып берем суроолорго жооп беребиз. Ким

шамдагай экенин текшерели.

1-суроо . Жумуш деп эмнени айтабыз? Формуласын жаз?

2-суроо. Кубаттуулук деген эмне? Формуласын жаз?

3-суроо. Төмөнкү учурдун кайсынынсында механикалык жумуш аткарылат?

Бала бакка чыгып баратат. Кыз пианино ойноп отурат,

киши бир мушөк буудай котөрүп турат, суу идиштин капталына басым жасайт.

( жооп: бала бакка чыгып баратат).

4-суроо Ар түрдүү эки трактор менен бирдей убакта жер айдашты.

Кайсы трактордун кубаттуулугу аз?

( бирдей убакта кубаттуулугу бирдей)

Мугалим: Азаматсыңар балдар эми өткөн темалардагы кубулуштарды жасап берсенер.

1-топ Архимед күчү тууралуу , 2- топ. Газдардагы жана суюктуктардагы басым тууралуу.

Окуучулар кубулуштарды жасап көрсөтүшөт.

Мугалим: балдар эми мээге чабуул жасайлы. Ребус табалы.

Окуучулар ИНЕРЦИЯ жана ЭНЕРГИЯ деген созду таап чыгышат.

Азаматсыңар балдар эми доскадагы сүрөттөргө токтололу. Сүрөттөр суйлосун рубрикасы башталды. Доскада белгилуу физиктер илинген. Ушул окумуштуулардын өмүр баянына токтололу.

Окуучулар улуу физиктердин иш аракеттерине жана омүр баянына токтолушат жана

КЛАССТЕР толтурушат.

Мугалим: Менин суйуктуу балдарым мен силерге азыр пазл берем ошол пазлды чогулткулачы.

Ой азаматтар мына биздин жаңы темабыз да келип чыгыптыр анда.

Бугунку жаңы темабыз Энергия. Механикалык энергия жана түрлөрү экен.

Балдар силер бул сабакта энергия тууралуу маалымат аласынар,

энергиянын турлору менен таанышасынар,

Потенциалдык жана кинетикалык энергияны салыштырасыңар



Биз кундөлүк турмушта ЭНЕРГИЯ деген сөзду колдонуп эле келебиз. Бирок ал физикалык мааниси кандай экенин түшунбөйбуз. Энергия бул грек сөзүнөн алынган бизче которгондо “Ишкердик” “иштөөчү күч” дегенди түшүндүрөт. Анда балдар менде мындай суроо пайда болду . Нерсе кандай шартта жумуш аткаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ?

Окуучулар оз ойлорун айтышат.

Мугалим: Азаматсыңар балдар . Демек жумуш аткарууга жөндөмдүү болгон нерселер энергияга ээ болот деп айтат экенбиз. Нерсе канчалык чоң жумуш аткарса анын энергиясы ошончолук жогору болот экен. Эми балдар бул жерде демек жумуш менен энергия дайыма тыгыз байланышта болорун түшундук.

Аныктама: Демек энергия нерсенин кандай жумуш аткара ала тургандыгын мунөздөөчү физикалык чоңдук экен. Бирдиги учун 1Дж кабыл алынып, Е тамгасы менен белгиленет.

Анда балдар Механикалык энергия деген эмне?

Нерсенин кыймылы учурундагы же алардын өз ара жайгашуусу боюнча аныкталуучу энергия Механикалык энергия деп аталат.

Механикалык энергия экиге бөлүнөт.

  1. Потенциалдык

  2. Кинетикалык



Берилди: Формула: Чыгаруу:

m = 0,5

h = 10m Е= mgh Е= 0,5кгх10м/с х 10м= 50 Дж

h = 5m Е= 0.5кгх10м\с х 5м= 25 Дж

табыш керек

Е-? Жообу: 50 жана 25 Дж

Потенциалдык энергия деп - нерселердин же алардын бөлүкторүнун абалдарын аныктоочу энергия аталат. “Потенция” латын созунөн алынган бизче которсок “мүмкүнчүлүк” дегенди түшүндүрөт. Деформацияланган нерселердин баары потенциалдык энергияга ээ. Потенциалдык энергия жерде нолго барабар. Өзүбүзүн турмуштан мисал келтирсек Токтогул суу сактагычындагы суудан биз электр тогун алабыз. Демек биз энергияны алыш учун сунун астына тоскоолдук коюп , суунун денгээлин жогорулатып анан алып жатабыз. Дагы бир мисал биздин ата бабалар , колдонгон Жаа . Жааны кергенде анын потенциалдык энергиясы жогорулайт. Балдар сүрөттө эки топ берилген.









h =5m h = 10m









Кинетикалык энергия гректин “кинема” деген сөзүнөн алынган. Бизче которгондо кыймыл дегенди тушундурот.

Аныктама: Кыймылдагы нерсенин энергиясы кинетикалык энергия деп аталат.

Демек балдар кыймылдап жаткан баардык нерсе кинетикалык энергияга ээ болот. Мисалы: Жолдо бараткан адам, опон чычан ойногон балдар, машина, жана башкалар.

Эми балдар мен мисал менен тушундуройун. Доскада илинген суротто штативге бекитилген ноо турат. Мен балдар ушул ноодон шарикти тоголотсом алдында турган цилиндр L1 аралыгына жылат. Эгерде нооду бийиктетип кайрадан кайталасам цилиндр L2 аралыгына жылат. Бул деген

L2 L1 дегенди тушундурот. Мындан биз нерсенин кинетикалык энергиясы анын кыймылынын ылдамдыгынан коз каранды экенин билебиз.

Эми ушул тажрыйбаны ноодун бийиктигин озгортпой , тескерисинче шариктин массасын озгортолу. Натыйжада кайра эле жогорку жыйынтыкка ээ болобуз. Анда балдар жалпылап айтсак нерсенин кинетикалык энергиясы массадан жана ылдамдыктан коз каранды экен. Анда биз формуланы томонкучо жазабыз.



Е=

Берилди: Формула : Чыгаруу:

m = 2т

V = 6м\с Е= Е=

V = 8м\с

Табыш керек

Е-?



Демек балдар анда биз жалпылап жыйынтык чыгара турган болсок, Энергия бардан жок болбойт жана жоктон бар болбойт. Ал бир турдон тэкинчи турго гана отот экен.

Мисалы: Суроттогу селкинчек тепкен кызды алсак. Башында кыз кыймылда кинетикалык энергияга ээ. Экинчи учурда потенциалдык энергияга ээ. Энергия бир турдон экинчи турго гана озгорду.

Бышыктоо: 1. Кана балдар Энергия деген эмне экен?

2. Механикалык энергия канчага болунот?

3. Потенциалдык энергия деген эмне?

4. Кинетикалык энергия деген эмне?





Суроолорго жооп беруу менен командаларга бал берилип, женген команда аныкталат.

Мугалим: Урматтуу окуучулар бугунку сабак тушунуктуу болсо анда уй тапшырмасын алалы. Уйго тапшырма Отулгон теманы окуп тушунук айтып келуу. Сабакка катышып бергенинер учун чон рахмат. Саламатта калгыла.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!