СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили 6-класс. Сан атооч

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили боюнча сабак

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили 6-класс. Сан атооч»

Кыргыз тили  6-класс

Кыргыз тили

6-класс

Жагымдуу маанай

Жагымдуу маанай

Үйгө берилген тапшырма

Үйгө берилген тапшырма

Тема: Сан атоочтун сөз түркүмү катары мүнөздөмөсү

Тема: Сан атоочтун сөз түркүмү катары мүнөздөмөсү

Алтын эреже С-  сабакка активдүү катышуу А-  аракеттенүү Н-  намыска тик туруу  А-  айтылган ойлорду сыйлоо Т-  тапшырмаларды аткаруу О-  окуучулардын пикирин угуу О-  оюн топтоп жооп берүү Ч-  чыгармачылык менен иштөө

Алтын эреже

  • С- сабакка активдүү катышуу
  • А- аракеттенүү
  • Н- намыска тик туруу

  • А- айтылган ойлорду сыйлоо
  • Т- тапшырмаларды аткаруу
  • О- окуучулардын пикирин угуу
  • О- оюн топтоп жооп берүү
  • Ч- чыгармачылык менен иштөө
Сабактын максаты:   А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар  сан атооч сөз түркүмү боюнча алган билимдерин бышыкташат. Тексттен сан атоочтордун маанисине карай бөлүнүшүн, кандай жол менен жасалгандыгын, тубаса же туунду экендигин аныкташат. Сан атоочторду жөндөмө мүчөлөр менен өзгөртөт. Сан атооч катышкан макал-лакаптардан, фразеологиялык сөздөрдөн, табышмактардан жазышат. Б)Тарбия берүүчүлүк:  Топтордо иштөөгө, активдүү катышууга, бири-бирин сыйлоого , кызматташууга, тарбияланышат. В) Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, чыгармачылык менен иштөө жөндөмдүүлүгү, эске тутуусу өнүгөт.

Сабактын максаты:

  •   А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар  сан атооч сөз түркүмү боюнча алган билимдерин бышыкташат. Тексттен сан атоочтордун маанисине карай бөлүнүшүн, кандай жол менен жасалгандыгын, тубаса же туунду экендигин аныкташат. Сан атоочторду жөндөмө мүчөлөр менен өзгөртөт. Сан атооч катышкан макал-лакаптардан, фразеологиялык сөздөрдөн, табышмактардан жазышат.
  • Б)Тарбия берүүчүлүк:  Топтордо иштөөгө, активдүү катышууга, бири-бирин сыйлоого , кызматташууга, тарбияланышат.
  • В) Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, чыгармачылык менен иштөө жөндөмдүүлүгү, эске тутуусу өнүгөт.
Сан атооч  заттын санын, иретин, эсебин билдирген сөз түркүмү сан атооч деп аталат. Сан атооч сөздөр канча? нече? канчанчы? неченчи? канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берет.

Сан атооч

  • заттын санын, иретин, эсебин билдирген сөз түркүмү сан атооч деп аталат. Сан атооч сөздөр канча? нече? канчанчы? неченчи? канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берет.
Сан атоочтун түзүлүшүнө карай бөлүнүшү: Жөнөкөй сан атооч: бир,эки,жүз,отуз  Татаал сан атооч: кырк беш,жыйырма алты,жүз жыйырма жети,эки миң токсон жети

Сан атоочтун түзүлүшүнө карай бөлүнүшү:

  • Жөнөкөй сан атооч: бир,эки,жүз,отуз

  • Татаал сан атооч: кырк беш,жыйырма алты,жүз жыйырма жети,эки миң токсон жети
Сан атоочтун маанисине карай бөлүнүшү: Эсептик сан атооч  Заттын санын, эсебин билдирип, канча? нече? деген суроолорго жооп берүүчү сан атоочтор эсептик сан атоочтор деп аталат. Мисалы: бир, отуз, үч жүз миң, миллион, кырк дептер ж.б.

Сан атоочтун маанисине карай бөлүнүшү:

  • Эсептик сан атооч Заттын санын, эсебин билдирип, канча? нече? деген суроолорго жооп берүүчү сан атоочтор эсептик сан атоочтор деп аталат. Мисалы: бир, отуз, үч жүз миң, миллион, кырк дептер ж.б.

Иреттик сан атооч: Заттын иретин, тартибин, катарын көрсөтүп канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берүүчү сандар иреттик сан атооч деп аталат. Иреттик сан атоочтор эсептик сандарга -ынчы(-нчы) мүчөсү улануу менен түзүлөт. Мисалы: бир + ынчы = биринчи, сегиз + ынчы = сегизинчи ж.б.

Иреттик сан атооч:

  • Заттын иретин, тартибин, катарын көрсөтүп канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берүүчү сандар иреттик сан атооч деп аталат. Иреттик сан атоочтор эсептик сандарга -ынчы(-нчы) мүчөсү улануу менен түзүлөт. Мисалы: бир + ынчы = биринчи, сегиз + ынчы = сегизинчи ж.б.

Жамдама сан атооч  Сан менен заттык түшүнүктү жамдап көрсөтүп, канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берүүчү сандар жамдама сан атооч деп аталат. Жамдама сан атоочтор эсептик сандарга -оо, -өө мүчөлөрү улануу менен түзүлөт. Мисалы: бирөө, экөө, алтоо. Жак мүчөлөр уланганда төмөнкүдөй өзгөрөт: бирөөбүз (сүңөр, сүздөр), экөөбүз (сүңөр, сүздөр), алтообуз (суңөр, суздөр) ж. б.

Жамдама сан атооч

Сан менен заттык түшүнүктү жамдап көрсөтүп, канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берүүчү сандар жамдама сан атооч деп аталат. Жамдама сан атоочтор эсептик сандарга -оо, -өө мүчөлөрү улануу менен түзүлөт. Мисалы: бирөө, экөө, алтоо. Жак мүчөлөр уланганда төмөнкүдөй өзгөрөт: бирөөбүз (сүңөр, сүздөр), экөөбүз (сүңөр, сүздөр), алтообуз (суңөр, суздөр) ж. б.

Чамалама сан атооч  Заттын санын чамалап, болжолдоп көрсөтүүчү сандар чамалама сан атооч деп аталат. Мисалы: алты-жети, он-он беш, сексен-токсон, эки жүз - үч жүз ,ондой,кырктай ж.б.

Чамалама сан атооч

  • Заттын санын чамалап, болжолдоп көрсөтүүчү сандар чамалама сан атооч деп аталат.
  • Мисалы: алты-жети, он-он беш, сексен-токсон, эки жүз - үч жүз ,ондой,кырктай ж.б.
Топ сан атооч  Заттын санын топ-тобу менен көрсөтүп, канчадан? нечеден? деген суроолорго жооп берүүчү сандар топ сан деп аталат.  Мисалы: беш-бештен,тогуз-ондон

Топ сан атооч

  • Заттын санын топ-тобу менен көрсөтүп, канчадан? нечеден? деген суроолорго жооп берүүчү сандар топ сан деп аталат.
  • Мисалы: беш-бештен,тогуз-ондон

Бөлчөк сан атооч  Заттын санын майдалап, бүтүн сан менен бөлүктүн өз ара катышын билдирген сан бөлчөк сан деп аталат. Мисалы: экиден бир, бештен үч, ондон эки ж.б.

Бөлчөк сан атооч

Заттын санын майдалап, бүтүн сан менен бөлүктүн өз ара катышын билдирген сан бөлчөк сан деп аталат.

Мисалы: экиден бир, бештен үч, ондон эки ж.б.

  • 1- тапшырма. Топтордо иштөө. Үч топко сан атоочтордун маанисине карай бөлүнүшү боюнча таблица таратылат, текст экранда көрсөтүлөт.
  • Жер жүзүндө узундугу он метрлик ажыдаардан баштап, сөөмөйдөй болгон сойлоп жүрүүчүлөргө чейин жыландын үч миңге жакын түрү жашайт. Алар дээрлик ар кандай шартта жашашып, жети жүз элүүгө жакыны уулуу болуп саналат.  Жылан чаккандан кийин кичинекей жандыктар беш-алты мүнөттөн кийин өлөт. Адам он беш-жыйырма мүнөткө чейин кыйналат.
  • Жыландар беш-он жыл өмүр сурүшөт жана беш-алтыдан топтошуп жашашат.  Бирок кээ бир түрлөрү отуз-кырк жылга чейин жашашат. Орто Азия кобралары жана кара чаар жыландар 12-15 жыл, ал эми америка тоок жегич жыланы 18 жыл жашайт. Алар сегизден 12ге чейин жумурткалашат. Анын ичинен экөө же үчөө ар кандай себептерден улам өлөт.
  • Кобранын эң коркунучтуу душманы – адам. Ошондой болсо да, Индияда жылан чаккандан жылына он миңдеген адам өлөт.
  • Кобра ханышасынын узундугу беш метр, ал өтө коркунучтуу. Анын уусу жети метрге жетип, пилди жыкканга жөндөмдүү.  Ал эми эң кичине жылан 2008-жылы Барбадосто табылган 10 см  жана абдан ичке болгон.
  • Окумуштуулар 2009-жылдын февраль айында жылдандар жөнүндө кызыктай фактыларды аныкташкан. Көрсө кемиргич жыландардын ондой түрү  өлүп калган балдарын жеп салышат экен. Эң көлөмдүү жыландардын жаагында сексендей курч тиши бар. Жыландын уусуна кабылгандардын жүздөн бири гана аман калат. Бир нече жыландын уулуу тиштери 4,5 см чейин өсүшү мүмкүн. Жыландын денесинде эки жүздөн төрт жүзгө чейин омуртка бар. Алар курмандыгын көздөп жатканда денесинин 1/3 бөлүгүн көтөрөт. Кээ бир жыландар өзүнүн башынан 5-6 эсе чоң болгон жумурткаларды оңой эле жутууга жөндөмдүү.
1-топ. Тексттен эсептик жана бөлчөк сан атоочторду таап, берилген таблицага жазышат. 2-топ. Иреттик сан атооч, чамалама сан атоочту таблицага толтурушат. 3-топ. Жамдама, топ сан атоочту таблицаны толтурушат.
  • 1-топ. Тексттен эсептик жана бөлчөк сан атоочторду таап, берилген таблицага жазышат.
  • 2-топ. Иреттик сан атооч, чамалама сан атоочту таблицага толтурушат.
  • 3-топ. Жамдама, топ сан атоочту таблицаны толтурушат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!