СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

 

Жат жазуу ишин жүргүзүүнүн  технологиясы

 

      Жат жазуу ишин жүргүзүүдө, биринчиден, мугалим окуучуларга  эмки сабакта жат жазуу иши жүргүзүлөрүн күн мурунтан кабардар кылуусу тийиш. Анткени, окуучулар бул ишке, адегенде психологиялык жактан даяр болуусу шарт. Ошону менен бирге окуучулар буга чейин өтүлгөн грамматикалык эрежелерди эске түшүрүп, грамматикалык эрежелерди, сөздөргө уланган формаларды, жазылышы татаал айрым сөздөрдүн жазылыш эрежелерин кайталашат.  Мындай алдын-ала  аткарылган даярдоо жумуштары иштин натыйжалуулугуна жол ачмакчы. 

      Экинчиден, окуучуларга жат жазуу иши өтө жоопкерчиликтүү иш катары сезилиши зарыл. Себеби, окуучулар мындай жазуу ишинде өзүлөрүнүн буга чейинки алган теориялык билимин, практикалык машыгууларынын деңгээлин, байланыштуу кебинин, кеп маданиятынын, кеп адебинин абалын аныкташат, кол жазмасынын сулуулугун  да сыноого алышат.

      Үчүнчүдөн, мугалим жат жазууга сунуш кылынар текстин да күн мурунтан даярдап алуусу керек. Ошондо гана мугалим  жат жазуу жумушун талаптагыдай жүзөгө ашыра алмакчы.

 

Жат жазуу жумушу кантип жүргүзүлөт.

      Адегенде, мугалим окуучунун кагаз, калемин даярдап, дарегин жаздырган соң, жат жазуунун аталышын тактага даана жазып коөт.  Андан соң, текстти окуучуларга үн чыгарып, токтоо, көрктүү, уккулуктуу үн менен окуп берет. Даярдоо мүнөзүндөгү жат жазуу жумуштарында анын түрүнө жараша иш алып барат. Көпчүлүк мугалимдер окуучуларды шаштырбас үчүн жана  түшүнүктүү болсун деп ойлоп, жат жазуу жумушун жүргүүзүүнү өтө кунарсыз ишке айлантышат. Айрым учурда татаал сөздөрдү тамгалап, кээде дээрлик сөздөп айтып беришет.  Бул методикалык жактан эң эле жаңылыштык болуп саналат.  Жат жазууну эч качан тамгалап айтып жаздырууга болбойт.  Окуучу жазып жаткан  тексттеги ар бир сүйлөмдө эмне жөнүндө сөз болуп жаткандыгын билсин үчүн, бир сүйлөмдү толук окуп берет. Ошол сүйлөмдө башталган ойдун учугун окуучу  кийинки сүйлөмдөн «жоготуп койбос» үчүн, ар бир сөздү жалаң эле муундап- сөздөп, же сөздөп айтып берүү да туура эмес. Мындан кутулуунун негизги жолу – айрым зарыл учурду гана  муундап сөздөп жана сөз айкаштап  айтып берүү менен бирдикте ишке ашыруу керек. 

Ошондо гана окуучу:  

  1. Текстти жазып жатып, анын мазмунун да түшүнө алат; 
  2. Сүйлөмдүн мазмунун түшүнүү  менен гана  аны интонациялык, стилистикалык жактан туура  жаза алат. 
  3. Сөздөрдү орфографиялык эрежелерге ылайык туура жазат.

  

Кыргыз тилинин жазуу эрежелери. Тыбыштардын жазылышы.  I. Үндүү тыбыштардын жазылышы.

 

  1. Кыргыз тилиндеги сөздөрдө э тыбышы сөздүн башталышында келсе, э тамгасы менен, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин келген учурларда е тамгасы менен белгиленет, ал эми созулма түрү бардык учурда ээ болуп жазылат. М.: сөз башында - эгин, эки, эр, эски, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин - бет, жер, желек, темир, тирек, кетмен, беде, бетеге, кеңешме,  кереге,   ар түрдүү орундарда – элек, эмгек, эне, эрте, созулма түрүндө: ээр, жээк. жээн, керээз, мээр ж.б. 
  2. Орус тилинен  же орус тили аркылуу чет тилдерден кирген бир катар сөздөрдө жана энчилүү аттарда айтылыш өзгөчөлүгүн айрыкча белгилеп көрсөтүү максатында сөз башында, үндүүлөрдөн кийин  жана үнсүздөрдөн кийин да э жазылышына жол берилет. М.: сөз башында– экватор, экономика, экскурсия, экзамен, энергия, экспедиция; үндүүлөрдөн кийин – аэродром, аэропорт, поэзия, статуэтка, фаэтон, алоэ, үнсүздөрдөн кийин – мэр, сэр, Чжу Дэ, Улан-Удэ.  
  3. Үндүү тыбыштар менен аяктаган сөздөргө үндүү тыбыш менен башталган мүчө  уланганда, үндүүлөрдүн бири түшүп калат: бала-ым-балам, эне-ым-энем, тара-ын-таран, укта-ып-уктап, унгу сөздөрдө болсун же сөзгө мүчө уланганда болсун -оо,-уу созулма үндүүлөрү йоттошкон тыбыштардан же й тыбышынан кийин катарлаш келген учурларда алардын айкалышы йе, юу түрүндө жазылат: аюу, коюу, боө+оо=боөо, ая+оо=аөо, тая+оо=таяо, жай+уу=жаюу, кой+уу=коюу ж.б;

 

 

II. Үнсүз тыбыштардын жазылышы

Б тамгасынын жазылышы

      Б тыбышы эки үндүүнүн ортосунда жылчыкчыл в тыбышына окшош айтылса да, жазууда б тамгасы менен жазылат: ооба, аба, собол («суроо» маанисиндеги сөз), өбөлгө, обон, үбөлүк, кубаныч, убал, добуш ж.б.

Г  тамгасынын жазылышы

  1. Сөздөгү же муундагы жоон же ичке үндүүлөрдүн катышына карай эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.
  2. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы түпчүл г(гы) тыбышын билдирет: ага, агыш, айгыр, бугу, булгары, гана, жоогазын,  жыргал, кургак, шагыл.
  3. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда  г орточул г(ги) тыбышын билдирет: гүл, дөнгөлөк, илгич, кемеге, тегирмен, үгүт, чегедек, эгин.
  4. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: газ, галстук, гигиена, госпиталь,  градус, агитатор, бригада.
  5. Бир катар сөздөрдө  г тыбышы сөздүн эң аягына келгенде каткалаң к тыбышы сыяктуу айтылат, бирок,  жазууда г тыбышы сакталып кала берет: педагок (айтылышы) - педагог (жазылышы) налок (айтылышы) - налог (жазылышы), диалок (айтылышы) - диолог (жазылышы), демагок (айтылышы)- демагог (жазылышы), залок (айтылышы) – залог (жазылышы). Ж тамгасынын жазылышы

      Кыргыз тилиндеги ж тыбышы менен орус тилинен кабыл алынган сөздөрдөгү ж тыбышынын айтылышы бири-бирине туура келбесе да, бул эки тыбыш бир гана тамга аркылуу берилет: жашыл, желек, жигит, жолборс, жөнөкөй, жумшак, жүн, жыгач, жандарм, жюри, пейзаж, мажбур, муктаж. К тамгасынын жазылышы

      Сөздөгү же муундагы жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай к эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.

  1. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда к тамгасы түпчүл к (кы) тыбышын билдирет:  кагаз,  как,  кайчы, кокту, кокустук, кургак, кызык, аксак, мокок, окуу, сактык, тамак, укук.
  2. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда к тамгасы орточул к (ки) тыбышын билдирет: кедей, кекилик, кийим, кичинекей, көгүчкөн, күлкү, ичке, айыпкер, эшик.
  3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да к тамгасы орточул к (ки) тыбышын билдирет: кадр,  казарма,  картон,  климат,  кодекс,  курорт,  край, лектор, полковник, тактика, факультет, хоккей, экспонат.

 

Ф, х, ц,  ү  тамгаларынын жазылышы.

  1. Алфавиттен орун алган  ф, х, ц, ү тамгалары дээрлик орус тили аркылуу кирген сөздөрдө колдонулат:  фабирка,  фамилия,  ферма,  фляга, цемент, цех, патефон, плаү, художник, цензура, футбол, химия, экскваторүик, цирк, циркуль, үетка.
  2. Кыргыз тилинде ф тамгасы айрым тууранды жана кээ бир энчилүү аттарда гана колдонулат: Уф! Күндүн ысыгын карачы.

Бөф! Жыты жаман экен. Фатима, Фарида (кишинин аттары).

  1. Кыргыз тилинде  х тыбышы хан, пахта  деген сөздөрдө хаха. ах, бах, төх сыяктуу  сырдык же тууранды сөздөрдө гана колдонулат.
  2. Араб, иран тилдеринен кирип,  айрым тектеш тилдерде х аркылуу айтылып жана жазылып жүргөн рахмат, хурма, хурсант, хуштар сыяктуу сөздөрдүн кыргызча аркылуу айтылышына жана жазылышына да жол берилет: ыракмат, курма, курсант, куштар.

 

Йоттошкон е, е, ю, я тамгаларынын жазылышы. Йоттошкон е тамгасы төмөнкү учурда жазылат:

  1. Үндүү и тыбышынан кийин йоттошкон йэ тыбышын билдирүү үчүн колдонулат: тиешелүү, тиер-тийбес, чие, чиеленген.
  2. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө сөз башында жана үндүүлөрдөн кийин йэ тыбышын билдирет: Европа, Египет, евангелия, траектория, реестр, диета, иеороглиф, клиентура, проект, уезд.
  3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөргө үндүү менен башталган же үндүү тыбыштан турган көбүнчө чакчыл –а(-е) мүчөсү уланганда жазууда йе же йэ түрүндө берилбестен, е тамгасы аркылуу гана берилет: кий-киет, чий-чиет. Булардын кийет, чийет болуп  жазылышына жол берилбейт.

 

Кыргыз тилиде ө тамгасы төмөнкү учурда колдонулат:

  1. Ө тамгасы уңгу сөздөрдө үндүүлөрдөн, көбүнчө о тамгасынан кийин гана жазылып, татаал йо ( й+о) тыбышынын ордуна жүрөт : боө, боөк, коөн, оөн. Бул сыяктуу сөздөр бойо, бойок, койон, ойон түрүндө йо менен жазылбайт.
  2. Кой, сой, чой, той сыяктуу аягы - ой  менен бүткөн унгу сөздөргө о тыбышы менен келген мүчөнүн айкалышы йо аркылуу койот, сойот, чойот, тойот болуп жазылбастан, ө тамгасы менен берилет сой-соөт, чой-чоөт, той-тоөт.
  3. Орус тилинен кирген сөздөрдө ө тамгасы төмөнкүчө колдонулат:
  • сөз башында үндүүлөрдөн кийин ө  тамгасы йо (й-о) ордуна  жүрөт: өлка, заөм.
  • бир катар сөздөрдө ө тамгасы үнсүздөрдөн кийин о

 тыбышынын ичке айтылышын билдирүү үчүн колдонулат: самолөт,

суфлөр, актөр

  • ө тамгасы ф тамгасынан кийин кээ бир энчилүү аттарда жана чет тилден кирген айрым сөздөрдө гана жазылат: Фөдор, шофөр.  орус тили аркылуу кирген бир катар сөздөрдө ж, ч, ш  тыбыштарынан кийин е тамгасынын  жазылышы учурайт: дирижер, стажер, зачет, счет, счетчик, шелочь, шетка.
  • төмөнкүдөй кабыл алынган сөздөр ө тамгасы менен эмес йо тамгалары менен жазылат: йод, район, майор, Нью-Йорк.

 

Кыргыз тилинде ю тамгасы төмөнкү учурда колдонулат:

  1. Унгу сөздөрдө ю й+у тамгаларынын ордуна жүрөт: куюн, оюн, уюм, чоюн.
  2. Аягы й менен бүткөн сөздөргө  таандык мүчөлөр же - ын,      -ыл, -ыш сыяктуу үндүү менен башталган мүчөлөр уланганда тыбыштык йу айкалыш ю тамгасы менен берилет: кой-ым=коюм, кой-ың=коюң,той-ың=тоюң, сой-ыш=союш ж.б.
  3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөрдөн кийин созулма –уу мүчөсү келген учурларда, алардын айкалышы –йу түрүндө жазылбастан юу түрүндө жазылат; кой-уу=коюу, сой-уу=союу ж.б.
  4. Жазууда ю тамгасы орус тили аркылуу кирген сөздөрдө орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: бюст, жюри, парашют, бюро.

 

 

Кыргыз тилинде я тамгасы төмөнкү учурда колдонулат:

  1. Унгу сөздөрдө й жана а тыбыштарынын айкалышын билдирет: аяк (айак), аянт (айант) , баянда (байанда), даяр (дайар), уят (уйат).
  2. Аягы й менен бүткөн, кийин а тыбышы менен башталган мүчө уланган кезде я тамгасы колдонулат: жай-а-т=жаят, кый-абыз=кыябыз (кыйабыз эмес) жый-ар= жыяр (жыйар эмес).
  3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө я  тамгасы  орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: авиация, акация, галерея, снаряд, идея, маяк. 

  

II. Баш тамгалардын жазылышы

  1. Сүйлөм баш тамга менен башталып жазылат. Эмгек-бакыт.
  2. Сүйлөмдүн же энчилүү аттын башына келген созулма үндүүнүн биринчи тамгасы – баш тамга, экинчиси кичине тамга менен  жазылат: Аалам, Уулум, Аалы ж.б. 
  3. Энчилүү аттар баш тамга менен жазылат. 

    

III. Жөнөкөй сөздөрдүн жазылышы

Уңгу сөздөрдүн жазылышы

  1. Айрым тыбыштары орун алмашып, эки түрдүү айтылган уңгу сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет: айыр//айры, күмөн//күнөм, убакыт//убакты, кайры//кайыр, бакыт//бакты  ж.б. 
  2. Айрым сөздөрдүн эки же бир нече тыбышынын түшүрүлүп же түшүрүлбөй сакталып айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: алга// алдыга, кең//кеңири, нак//накта, чуму//чумку, бүкүл//бүкүлү, силк//силки, теңир//теңири ж.б. 
  3. Сөз башында н тыбышы түшүрүлбөй жазылат: найза, намыс, нарк, нокто, начар, нөшөр, ноюбас, ным, нике ж.б. Ал эми нечен - эчен, небак - эбак болуп айтылган сөздөрдүн эки түрүнө тең, жазууда жол берилет.

      Эскертүү: Бул өңдүү сөздөрдүн толук тизмеги орфографиялык сөздүктө толук берилет.

                   

 

2. Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы

  1. Аягы р тыбышы менен бүткөн сөзгө –лык, -луу, -ла мүчөлөрү жалганганда, мүчөнүн башындагы л тыбышы д тыбышына өтүп да, өтпөй да айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: карлуу//кардуу, түрлө//түрдө, шаарлык//шаардык ж.б. 
  2. Чакчыл –а(й) мүчөсү уланган  сөздөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, жак мүчөнүн кыскарып, -м жана толук -мын  болуп айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: келем-келемин, окуйм-окуймун, барам-барамын ж.б.
  3. Өткөн чактын –ган мүчөсүнөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, булардын –ганмын, -гамын, -гам болуп өзгөрүп же кыскартылып айтылган түрлөрүнүн бардыгына тең жазууда жол берилет: келгенмин – келгемин - келгем, барганмын - баргамынбаргам, окуганмын – окугамын - окугам ж.б. 
  4. Таандык мүчө улангандан кийин илик, табыш, чыгыш жөндөмө мүчөлөрү келсе, жөндөмө мүчөлөрүнүн кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: энемдин-энемин, энемдиэнеми, энемден-энемен, энеңдин-энеңин ж.б. 
  5. I, II жактын жекелик мүчөлөрүнөн кийин жалпы таандык  –ныкы мүчөсү уланганда, мүчөнүн толук жана кыскарган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: баламкы-баламдыкы, иниңки- иниңдики, агамкы - агамдыкы.
  6. Чыгыш жөндөмөдө турган мезгил тактоочтордун кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жол берилет: илгертен// илгертеден, эмитен // эмитеден, азыртан//азыртадан.
  7. –оо, -уу, -өө, -үү мүчөсүнөн кийин  -чы мүчөсү уланып жасалган атооч сөздөр уңгудагы үндүүгө карата өзгөрүп,  жазуучу, тергөөчү, ширетүүчү түрүндө жазылат. 
  8. Өткөн чактын –чу мүчөсү уланган этиш сөздөр жазчу, тергөчү, ширетчү түрүндө гана жазылат. 

      Эскертүү: Этиш сөздөрдү  -ычу, -учу формасында жазылышына жол берилбейт: барычумун эмес, барчумун, келүчүмүн эмес келчүмүн ж.б. 

  1. Башка тилдерден өздөштүрүлүп, аягы жумшак үнсүздөр б, в, г, д, ж тыбыштары менен бүткөн сөздөргө уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткалаңдашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт: педагогко эмес педагогго,  Алиевтин эмес Алиевдин ж.б. 
  2. Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн сөздөргө үндүүдөн башталган мүчө жалганса алар г, б тыбыштарына өтүп айтылышы боюнча жазылат: көк+ыш=көгүш, бак+ар=багар, чап+уу=чабуу,  китеп+ы=китеби ж.б.

      Эскертүү: Тууранды сөздөрдө бул тыбыштар жумшарбайт: такылда, чакылда, бапылда, тапылда ж.б. 

  1. Аягы уяң үнсүз менен бүткөн сөздөргө таандык мүчө уланганда, уңгунун тыбыштык түзүлүшүнүн өзгөрүп да өзгөрбөй да жазылышына жол берилет: карыным-кардым, мурунуң-мурдуң ж.б.
  2. Үндүү тыбыш менен аяктаган этиш сөзгө атоочтуктун –ар,  -ер мүчөсү жалганса, бул мүчө уланган муундагы үндүүнүн созулуп айтылыш формасына жазууда жол берилет: иште+ар=иштээр, башта+ар=баштаар, ойло+ар=ойлоор ж.б.  

       Эскертүү: -ы, -и, үндүүлөрү менен аяктаган сөздөргө –ар,

 -ыр мүчөлөрү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок жазууда буга жол берилбейт: ири+ир=ирир, чири+ир=чирир, байы+ыр=байыр.

  1. Үнсүз менен аяктаган этишке –ар  мүчөсү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок буга жазууда жол берилбейт: бар+ар=барар, кел+ар=келер.
  2. Аягы м, п тыбыштары менен бүткөн этиш сөздөргө чакчыл  –ып мүчөсү жалганганда, уңгу да, мүчө да тыбыштык жактан өзгөрүп, созулуп айтылгандыктан, андай сөздөр угулушу боюнча жазылат: эм+ып=ээмп, сеп+ып=сээп, чап+ып+чаап.
  3. Аягы н тыбышы менен бүткөн сөздөргө к, г, м, б тыбыштарынын бири менен башталган мүчө жалганса, н  тыбышынын ң же м тыбышына өтүп айтылышы мүнкүн бирок  жазууда жол берилбейт: түңкү эмес түнкү, түмбү эмес түнбү ж.б. 
  4. Аягы з тыбышы менен бүткөн сөзгө с, ч тыбыштары менен башталган мүчө жалганса, сөздүн уланганындай жазылышына жол берилбейт: сөссүз  эмес сөзсүз, касса эмес казса, тоссо эмес тозсо ж.б.
  5. Аягы ч тыбышы менен бүткөн сөзгө ч, т, с тыбыштары менен башталган мүчө жалганса ч тыбышынын ш тыбышына өтүп айтылышына жазууда жол берилбейт: ушсуз эмес, учсуз, кашты эмес, качты, уушта эмес уучта ж.б. 
  6. Күчөтмө маанидеги –кап, -көп,-кып,- кип,-күп, -жеп, -чоп,  -оп, -ып, -жап, -беп ж.б.у.с.  формалар негизги сөз менен бирге жазылат: капкара, капкачан, кипкичине, бепбекер, көпкөк, жепжеңил, чопчоң, опоңой, апаппак, жыпжылуу, мупмуздак, ыпысык, жапжалгыз. Ошондой эле  тепедентең, тепетең, тападантак, тапатак, чападанчак, чапачак деген сөздөр да бирге жазылат.
  7. Башка тилдерден өздөштүрүлгөн  на-,  бей-, анти-, контр-, ди, сыяктуу префикстер өзү айкашкан сөздөр менен бирге жазылат: бейадеп, бейкүнөө, бейбаш, бейжай, бейтааныш, натура, нааразы, бейкам, бейкапар, антидүйнө, контрреволюция, диалог ж.б.

 

IV.Татаал сөздөрдүн жазылышы

1. Бириккен сөздөрдүн жазылышы

 

1. Тыбыштык түрү өзгөрүп, түгөйлөрү өз ара бириккен сөздөр бирге жазылат: бүгүн, быйыл, каер, жыңайлак, жылаңач, жылаңбаш, унчук, кайната, байке, агайын, былтыр, бүрсүгүнү, антип, минтип, ушинтип, ошентип, ж.б.

 

2. Кошмок сөздөрдүн бирге жазылышы

  1. Лексикалык мааниси күңүрттөнүп, өз алдынча колдонулуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган сөздөр менен толук маанилүү сөздөрдүн айкашынан жасалып, бир маани берип турган кошмок сөздөр бирге жазылат: карамүртөз, кечкурун, көбүнесе, арабөк, акиташ, балжууран, денебою, карагат, алмончок ж.б. 
  2. Жанаша айтылган эки сөздүн бири уяң үнсүз менен аяктап, кийинкиси каткалаң үнсүз менен башталып, бириккен сөз катары колдонулса, каткалаң үнсүз жумшарып айтылат, бирок жазууда ага жол берилбейт жана айрым-айрым жазылат: тилгат эмес, тил кат, коңгарга эмес, кон карга, колгап эмес, кол кап, ишенимгат эмес, ишеним кат.
  3. Эки түгөйү тең өз алдынча лексикалык мааниге ээ болбой, биригип кеткен сөздөрдөн жасалган кошмок сөздөр бирге жазылат:

асыресе, тиригарак, жексур, колкабыш, ачарбак, ачкүсөн.

 

3. Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы.

  1. Лексикалык маанисин жоготпой өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн куралган ар бир бөлүгү бириктирилбей, айрымайрым  жазылат: көз айнек, алп кара куш, ак сарбашыл,  таш бака,  козу карын, ат кулак, ай балта, ат тиш, аш казан,  айры куйрук,  кош ооз, ач көз, көк жал, арык чырай, ала күү, тогуз кат, үч  эм, араң  жан, кол жазма,  басма сөз, көз караш, кол башчы, жол башчы, көз карандысыз, ак көңүл, кара кер, эл аралык, чыгыш таануу, ден соолук.  
  2. Татаал сандардын ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: он бир, жүз элүү бир, беш бала, үч киши, он эки ай ж.б. 
  3. Татаал этиштин ар бир түгөйү айрым жазылат: чуркап кел, жүгүрүп чык, отура тур, уктап ал, күтө тур, сүйлөп жатты, сурап чыга кал, жыгылып кете жаздап барып токтоду ж.б. 

      Эскертүү: 1. «жат» деген жардамчы этиш кыскарып «ат» болуп айтылса, ал негизги этишке уланып, угулушунча жазылат: баратат, келатат,  ж.б. 

 2. Төмөнкү татаал этиштердин толук түрүнө да, кыскартылган түрүнө да жазууда жол берилет: алып бар//алпар, алып кел// апкел, алып бер //алпер ж.б.

  1. Зат атооч менен этиштен  куралган кошмок сөздөр да айрым жазылат:  жардам кыл, жардам эт, кол шилте, кол сал, баш ийдир, салам бер, азап чек, өч ал, кол кой, таасир эт, өмүр сүр ж.б.
  2. Кошмок сөз түрүндөгү татаал сын атооч менен тактоочтордун ар бир бөлүгү айрым – айрым жазылат: көк ала, кара күрөң, мала кызыл, кара көк, кызыл чийкил, ак саргыл, сары ала, кара ала, кер кашка, кара тору (татаал сын атоочтор) бир кезде , ар качан, ар күнү, таң эртең менен, эртең менен эрте, таңга маал, кечке жуук, кеч бешимде, түн ичинде , бир паста (татаал тактоочтор) 
  3. Туруктуу сөз айкашынын (фразеологизм) ар бир сөзү бөлөк жазылат: эшек такалаган, тили буудай курган, кара кылды как жарган, колтугуна суу бүркүү ж.б. 
  4. Тууранды, сырдык, модаль сөздөр, байламта, жандооч, бөлүкчөлөр толук маанилүү сөздөр менен тизмектелип айтылганда, алардын ар бири бөлөк-бөлөк жазылат: өтө кооз, ого бетер, ошондой, бар эле, сен го, эң сонун,  чиркин, алуу керек, ат менен келди, адам сымал, киши шекилдүү, ага сөрөй, чогулуштан кийин, ар нерсе , ар ким, кимдир бирөө, эч качан, эч жерде, эч нерсе, ар качан ж.б. 

      Эскертүү: эчтеке, эчтеме, бирдеңке, бирдеме сыяктуу сөздөр бирге жазылат.

 

4. Кыскартылган сөздөр жана алардын жазылышы.

 

  1. Башкы тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөр баш тамга менен жазылат: КУУ (Кыргыз улуттук университети), УАК (Улуттук атестациялоо комиссиясы).
  2. Баш тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөргө мүчө уланганда, кыскартылган сөздүн айтылышына ылайык мүчө кичине тамга менен жазылат: БУУга, КУУнун, УАКтын, МАИнин, КТРдин ж.б.
  3. Биринчи муундарынан  кыскартылган жалпы татаал сөздөр кичине тамга менен башталып бирге жазылат: инфак, физприбор, филфак, турфирма ж.б. 

 

5. Кош сөздөрдүн жазылышы

1. Кош сөздөрдүн бардык түрү ортосуна дефис белгиси коюлуп жазылат: сак- саламат, аман-эсен, күч-кубат, эки-үч, улам-улам, бала-бакыра, ыпыр-сыпыр, тарс-турс ж.б. 

 

6. Эчилүү аттардын жазылышы

  1. Адамдын бир сөздөн турган ысмы, аты-жөнү, теги, жашыруун аты, кошумча аты баш тамга менен башталып жазылат: Улан, Нурлан, Кубан, Нур, Салкын, Жаркын, Чынар, Анар, Жалын, Толкун, Салкын, Тынай, А. Токомбаев (Бала), А. Убукеев (Кубат) ж.б.  
  2. Эки же андан көп сөздөн турган адам аттары баш тамга менен башталып, айтылышынча бирге жазылат: Султанмурат, Эсенгелди, Сатыбалды, Кожакмат, Жеңижок, Элмира, Эркайым, Бегайым,  ж.б. 

      Эскертүү: Адамга гана тиешелүү өзгөчөлүктү билдирген ылакап аттар Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Бала Курман, Акыл Карачач ж.б. сыяктуу ысымдардын ар бири баш тамга менен башталып айрым-айрым жазылат. 

  1. Адамдын ысымына, аты-жөнүнө уулу, кызы, келини деген сөздөр (башка тилдердеги оглу, заде ж.б  сыяктуу) кошулуп айтылса, булар кичине тамга менен, айрым жазылат: Касым Тыныстан уулу, Буудайбек Сабыр уулу, Назира Аалы кызы.       Эскертүү: Атасынын же чоң атасынын ж.б. атынан кийин тегин деген сөз колдонулса, ал сөз бирге жазылат (Тынчтыкбек Чоротегин, Кожогелди Култегин).
  2. Азамат Алтай, Аман Саспай, Ашым Жакыпбек сыяктуу адегенде өз ысмын, андан соң атасынын атын жазууга жол берилет. 
  3. Кыргыз тилиндеги адам аттарынын аягына ь белгиси жазылбайт : Асель, Назгүль, Эмиль эмес Асел, Назгүл, Эмил.
  4. Адам аттарына –лык, -чы, -чыл, -изм мүчөлөрү уланганда алар жалпы ат катары колдонулат да, кичине тамга менен жазылат: марксизм, манасчы, лениндик, гегелчил.
  5. Мифологиялык түшүнүктөргө байланыштуу татаал энчилүү аттардын биринчиси баш тамга, экинчиси кичине тамга менен айрым жазылат: Адам ата, Умай эне, Баба дыйкан, Ойсул ата, Чолпон ата, Камбар ата, Көкө теңир ж.б. 
  6. Орус же башка тилдерге тиешелүү ысымдар, орус тилинин орфографиясынын нормасына ылайык жазылат: Фердинанд де Соссюр, Хо Ши Мин, Ким Ир Сен, Салтыков-Үедрин, Жан Жак Руссо, Иоганн Себастьян  Бах. 
  7. Урук, уруу, эл аттары (этнонимдер) кичине тамга менен башталып,(солто,саяк,кыдык,орус,хакас.)татаал түзүлүштөгүлөрү айтылышынча бирге жазылат: бугу, тынай, саяк, кушчу, боркемик, сарбагыш, чакчабай ж.б.

      Эскертүү: бир сөз ичинде созулма үндүүлөрдү жазууга жол берилбегендиктен «Куу уул» этноними айрым жазылат.

  1. Астрономиялык энчилүү аттардын жөнөкөй жана татаал түрлөрү баш тамга менен жазылат: Күн, Ай, Чолпон, Жетиген,   Жети Каракчы, Алтын Казык, Чоң Жетиген  ж.б.

      Эскертүү: эгерде жер,ай, күн деген сөздөр астрономиялык энчилүү ат эмес,жалпы ат боюнча колдонулса, анда кичине тамга менен жазылат. мисалы: Бир ай болду. Бүгүн күн ысыды.

  1. Айбанат, куштардын энчилүү аттары (зоонимдер) баш тамга менен башталып түгөйлөрү бириктирилип жазылат: Акборчук, Аккула, Акшумкар, Бөрүбасар, Чалкуйрук, Телтору, Гүлсарат, Сарала, Суречки ж.б. 
  2. Географиялык жөнөкөй энчилүү аттар баш тамга менен жазылат: Азия, Африка, Антарктида, Европа, Алай, Чүй, Тоң, Нарын, Гүлчө, Сокулук ж.б.
  3. Кошмок сөз тибиндеги төмөнкүдөй татаал географиялык аттар (эгер лексикалык маанисин жоготпой, тилде өз алдынча колдонуп жүргөн сөздөр болсо) арасына дефис белгиси коюлуп айрым-айрым жазылат: Ак-Сай, Чоң-Сары-Ой, Кырк-Казык, ЖетиӨгүз, Базар-Коргон, Кичи-Кум-Бел, Шамалды-Сай, Ысык-Көл, Кара-Балта, Кум-Төр,Төө-Ашуу, Жалал-Абад ж.б  
  4. Эгерде  географиялык татаал энчилүү аттардын бардык же айрым түгөйлөрү лексикалык мааниге ээ болгон сөздөрдөн турса, бириктирилип жазылат: Кенкол, Каракол, Чаткал, Аларча,  Балгарт,  Алабука,  Акталаа,  Акшыйрак, Торайгыр, Мырзаке, Эркинтоо, Чалдыбар, Көкөмерен, Каракужур ж.б. 
  5. Географиялык энчилүү аттарга ошол жердик экендигин туюнтуучу –лык мүчөсү уланып айтылса, ал сөз кичине тамга менен жазылат: Алай//алайлык, Кашкар//кашкарлык, Ысык-

Көл//ысыккөлдүк.

  1. Айтылышы жана жазылышы ар түрдүү болуп жүргөн географиялык аттар кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жазылат: Алматы, Анжыян, Кокон, Дүйшөмбү, Самаркан, Ташкен, Маргалаң, Жамбыл, Жергетал, Кызылжар, Түркия ж.б. 

      Эскертүү: 1. Арал, жарым арал, кырка тоо, жер, деңиз, океан, кысык, дарыя, канал, булуң, көчө, аянт, айыл ж.б. у.с. сөздөр географиялык энчилүү аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат: Арал деңизи, Балкаш көлү, Суусамыр өрөөнү, Жазы дарыясы, Алай тоо кыркасы, Чоң-Сары-Ой айылы ж.б. 

  1. Орус тилинен которулуп алынган географиялык аттардын ар бир сөзү баш тамга менен жазылып, бирок араларына дефис белгиси коюлбайт (мындай географиялык аттардын дефис коюлбай жазылышы орус орфографиясындагы эрежелерге негизделет, анткени бул сыяктуу аттар орус тилинде да дефис коюлбай жазылат); Түндүк Батыш, Түндүк Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Батыш Европа, Түштүк Чыгыш өлкөлөрү ж.б. 

      Эскертүү: түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деген сөздөр географиялык  энчилүү аттардын бүтүмүндө жалпы ат катары колдонулса, кичине тамга менен жазылат: Кыргызстандын түндүгү,  Оштун түндүк тарабы,  Ысык-Көлдүн чыгышы ж.б. 

  1. Географиялык  энчилүү аттар белгилүү жол каттамынын чегин билдирип турган учурда арасына сызыкча коюлуп,баш тамга менен айрым-айрым жазылат: Ош- Эркечтам- Ташкен темир жол каттамы, Бишкек-Москва-Уфа-Бишкек каттамындагы самолет.
  2. Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын эл аралык уюмдардын аталыштарынын бардык сөздөрү  баш тамга менен башталып, айрым - айрым жазылат: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Иран Ислам Республикасы, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму ж.б. 

  1. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана,коом, фонд, уюмдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым - айрым жазылат: Билим берүү жана илим министирлиги,  Майып балдарды колдоо фонду, Туризм жана спорт боюнча агенттиги, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия ж.б.
  2. Мекемелердин курамындагы ички бөлүмдөрдүн наамы кичине тамга менен жазылат: Кыргыз улуттук университетинин филология жана кыргыз таануу факультети, Тил жана адабият институтунун азыркы кыргыз тили сектору ж.б
  3. Ордендердин, медалдардын аттары тырмакчага алынбай, баш тамга менен, орден, медаль деген сөз кичине тамга менен  жазылат: Манас ордени, Баатыр эне ордени, Эне даңкы ж.б. 
  4. Тарыхый окуя, майрамдык даталардын биринчи сөзү баш тамга менен башталып,  калгандары кичине тамга менен айрымайрым жазылат:  Жаңы жыл майрамы, Брест тынчтыгы, Тегеран келишими, Басма сөз күнү ж.б.

      Эскертүү: Майрамдын аты сан менен башталса сандан кийинки сөз баш тамга менен жазылат: 1-Май, 8-Март, 9-Май ж.б. 

  1. Министр, президент, төрага, директор, доктор, академик, баатыр, эмгек сиңирген ишмер, маршал, генерал, катчы ж.б. кызмат орду, атайын наамды, илимий даражаны, билдирүүчү сөздөр, энчилүү аттар менен кошо айтылганда да кичине тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз улуттук университетинин ректору ж.б. 

      Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Баатыры  өңдүү аталыштардын бардык сөзү баш тамга менен башталып жазылат. 

  1. Завод-фабрика, театр, ашкана, кафе, мейманкана, спорттук уюм, басма, мекеме, аянттардын энчилүү аттары, тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат «Бишкек» мейманканасы, «Жыргал» мончосу, «Илим» басмасы, «Чолпон» бут кийим тигүү фабрикасы ж.б. 
  2. Адабият, сүрөт, музыка ж.б. өнөр чыгармаларынын, гезитжурнал, китептердин аттары тырмакчага алынып, биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: «Тоо арасында» романы, «Каныбек» романы, «Сынган Бугу» күүсү, «Агым» гезитти ж.б. 
  3. Эгерде көркөм чыгармалар анын каармандарынын аттарынан аталып, кош сөз катары айтылса, алар тырмакчага алынып ортолоруна сызыкча коюлуп, баш тамга менен жазылат: «Жаныш-Байыш», «Саринжи-Бөкөй» эпостору, «Козу көрпөшБаян сулуу»  чыгармасы.

    

7. Өздөштүрүлгөн сөздөрдүн жазылышы.

  1. Орус тилинен, же ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөр, негизинен, орус орфографиясындай жазылат: жюри, бокс, аффикс, арбитраж, герб, банк ж.б. 
  2. Орус тилинен  же ал аркылуу башка тилдерден өздөштүрүлүп, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө баш ийдирилген сөздөр айтылышы боюнча жазылышына жол берилет: белет, ашмүшкү, ирет, көзүр, догдур, көпөс, керебет, жашик, номур, меш, шапке, жаркөп, деректир,машина, меш ж.б. 
  3. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден кирген айрым сөздөр кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык фонетикалык түрү өзгөрүп (акыркы тыбышы түшүрүлүп же ага башка тыбыштын ордуна башка тыбыш колдонулуп) жазылышына жол берилет: сутки эмес, сутка, ранг эмес,  ранга, танк эмес, танка, ж.б. 
  4. Аягы –пп, -тт, -сс, -мм кош үнсүздөрү менен аяктаган сөздөргө ушул өңдүү тыбыш менен башталган мүчөлөр айкашса, үч окшош үнсүз катар келбейт, ошондуктан алардын бири түшүрүлүп жазылат: киловатт + да = киловатта,   класс + сыз = классыз ж.б. 

 

8.Ташымал.

  1. Сөздөр бир саптан экинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби боюнча ташылат: ки-теп, бо-ек, то-ют, ай-тылган-дар. Созулма үндүү бир гана муун түзгөндүктөн, созулманы бир - биринен ажыратып ташымалдоого болбойт: то-олордо эмес тоо-лордо, зааркануучу эмес заар-кануу-чу.
  2. Бир муундан турган сөздөрдү бөлүктөргө ажыратып ташууга болбойт: жол, ар, эр, тан, суук, тоо, ээр, тарс, акт. 
  3. Эки муундан турган ага, ата, атак, аалам, аары, араа, эне, эшик, ээле, элек, өмүр, өтүк, ысык, оона, уула, ишен, имер сыяктуу сөздөрү да ташымалданбайт. Анткени бул  сөздөрдүн бир үндүү тыбыштан турган муунун сап аягына калтырып, калган бөлүгү жаңы сапка ташып жазылбайт. Демек  бул сөздөр а-га,а-та, а-так, аа-лам, аа-ры, а-раа, э-не, э-шик, ээ-ле, э-лек, ө-мүр, ө-түк, ы-сык, оо-на, уу-ла, и-шен, и-мер болуп муунга бөлүнүшү боюнча ташылбастан, бирге жазылат. 
  4. Ичкертүү (ь), ажыратуу (ь) белгилери өзүнөн мурунку үнсүз тыбыштан бөлүп ташылбайт. Ошондуктан батал-ьон, консул-ьтация, раз-ңезд, под-ңезд болуп ташылбастан баталь-он, консуль-тация, разңезд, подң-езд болуп ташылат. 
  5. Йоттошкон е, ө, ю, я тамгалары менен келген муундарды бөлүп ташууга болбойт: та-я, ю-билей, чи-е, акаци-я.
  6. Үндүү тыбыштардын арасына келген окшош эки үнсүз тыбышы бири – биринен ажыратып ташылат: та-ккан эмес, так-кан, кана-ттуу эмес, канат-туу, ча-ппа эмес, чап-па, ка-сса эмес, кас-са.
  7. Башкы тамгаларынан кыскартылган БУУ, КУУ, УАК, МАИ сыяктуу сөздөрдү бир саптан экинчи сапка, ташымалдап жазууга болбойт. Муундарынан кыскартылган сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдоого болот: хим-фак, мам-бас. 
  8. Кишилердин кыскартылып алынган ысымы жана атасынын аты фамилиядан  ажыратылып  ташылбайт. Т.М. Мамбетжунусовдун, Б.Т.Рысалиевдин Т.М. жана Б.Т. кыскартылган бөлүгүн фамилиядан ажыратып, мурунку саптын аягына же жаңы саптын башына ташууга болбойт. 
  9. Цифрадан кийин келген км, дм, м, см, т, кг сыяктуу кыскартылган сөздөрдү өзүнчө бөлүп ташууга болбойт. Булар өзүнөн мурунку цифралар менен чогуу бир жерде жазылат. 10км, 20дм, 10т, 125кг, 67г. 

 

  1. Дефис менен жазуунун эрежелери.
  1. Кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдун аралар
Просмотр содержимого документа
"Кыргыз тили жана адабияты"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!