СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили жана адабияты боюнча тесттер

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили жана адабияты»

Классы:___ Предмети:________________ Ф.И.О.____________________ Балл ______

1. Кыргыз тилиндеги кайсы тамгалар эки тыбышты билдирет?

а) п, б, с б) е, ю, я в) д, т, я г) к, г, ж д) ц, щ

2. Үндөшүү деп кандай тыбыштык процессти айтабыз?

а) Тыбыштардын өз алдынча алмашуусу б) Бул тыбыштык процесс эмес

в) Тыбыштардын өз ара окшошуусу г) Тыбыштардын окшошпой калуусу

3 . Жаз – муундун кайсы тиби?

а) үндүү+үнсүз+үнсүз-vcc б) үндүү+үндүү+үнсүз-vvc в) үнсүз+үндүү+үнсүз-cvc

г) үнсүз+үнсүз+үндүү-ccv

4. Ташууга мүмкүн болбогон муун

а) бала, улак, чычкан б) аяк, улуу, аалам

в) боор, жеке, сары г) балка, спорт, желек

5. Туура жазылган энчилүү аттардын катарын белгиле

а) Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Адам ата б) Жаңыл мырза, Адам Ата, Умай эне

в) Тоголок молдо, Акыл карачач, Бала Курман г) Асель, Эмиль, Назгуль

д) Азамат алтай, Ашым жакыпбек

6. Эгерде географиялык татаал энчилүү аттардын бардык же айрым түгөйлөрү лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн турса кандай болуп жазылат?

а) Бөлөк жазылат б) Ортосуна дефис белгиси коюлуп жазылат

в) Бириктирилип жазылат г) Кыскартылып жазылат

7. Кептин тактынын канча түрү бар?

а ) 2 б ) 3 в ) 5 г ) 4

8. Кептин көркөмдүлүгүн арттыруучу тилдик каражаттар

а ) омоним, татаал сөздөр, сүйлөм

б ) лексикалык катмарлар, синтаксистик фигуралар

в ) тыбыш, жөнөкөй сүйлөм, антонимдер

г ) багыныңкы сүйлөм жөнөкөй сөздөр

9. Татаал сөздөрдүн бөлүнүшү:

а) жөнөкөй, жай, кошмок, жеке б) кош, кошмок, бириккен, кыскартылган

в) илептүү, кош, жалпы, өтмө г) бириккен, айрым-айрым, суроолуу, кыйыр

10. Араб алфавитинин жетишкен жагы кайсы?

а) сабаттулукка үйрөткөн б) жалпы эл үйрөнгөн в) жазууга жеңил болгон

г) окууга оңой болгон д) тамганын саны аз болгон

11. Бешик той качан берилген ?

а) бала басканда б) бала чоңойгондо в) бала төрөлгөндө

г) бешик алып келгенде д) тушоо кескенде

12. Кыл кыяк кандай музыкалык аспап?

а) кылдуу, жаалуу, тартма музыкалык аспап б) кылдуу, чертме музыкалык аспап

в) үйлөмө музыкалык аспап г) тилдүү музыкалык аспап д) урма аспап

13. Күлүктөр көктө сызчудай

Тизгинди чоюп жөнөсө.

Бири шумкар, бири куудай,

Оюн деп чиркин ушуну айт, - кайсы оюн жөнүндө?

а) көк бөрү б) улак тартыш в) оодарыш г) кыз куумай

14. Кыргыз Республикасынын гимни качан бекитилген?

а) 1993-жылы, 10-майда б) 1992-жылы, 18-декабрда в) 1992-жылы, 3-мартта

г) 1994-жылы, 14-январдад) 1989-жылы, 31-августта

15.Биринчи муунунан кыскартылган жалпы татаал сөздөрдңн катарын белгиле

а) ОшМУ, ЖАМУ, БатМУ б) БУУ, КУУ, УАК в) БжМ, физмат, юрфак

г) филфак, химфак, турфирма

16. Туура жазылган сөздөр:

а) кашты, гашты, отусча б) чынбы, комусчу, туссуз

в) отузча, тузсуз, качты г) жыгашчы, жыгаччы, чымбы

17. Коёюн деген сөздө созулма үндүүнүн жазылышы:

а) биригип жазылган б) йоттошуп жазылган

в) түшүрүп жазылган г) созулма үндүү жок

18. Айта албайт, сары ала деген эки сөз арасында үндүү тыбыш
айтылышы жана жазылышы:

а) өзгөртүүсүз айтылат жана өзгөртүүсүз жазылат

б) түшүрүлүп жазылат

в) биринчи сөздүн аягындагы үндүү түшүрүлүп айтылат, бирок жазууда үндүү

тыбыш түшүрүлбөй эки бөлөк жазылат

г) кошмок сөздөр бириктирилип жазылса деле, үндүү түшүрүлбөй жазылат

19. Тыбыш, алардын бөлүнүшү, басым, муун, үндөштүк жөнүндөгү илимдин

булагынын тил илиминде аталышы:
а) морфология б) грамматика в) фонетика г) орфография

20. Сөздөрдү түзүп, маани жагынан бири-биринен ажыратып туруучу эң кичине

бирдик:

а) тамга б) үн в) фонема г) тыбыш

(IV вариант)



1.Фразеологизмдер:

а) каш кабактын ортосунда б) сары алтын в) кемпир кесек г) айкөл

2. «Түрк тилдери сөздөрүнүн жыйнагынын» автору:
а) В. В. Радлов б) Жусуп Баласагын

в) Махмуд Кашгари г) Н. А. Баскаков

3. Нумеративдик сөздөрдңн тобун белгиле

а) сөөм, карыш, кадам, кочуш, этек б) бешим, кулач, он чакты, жңз

в) таё куланөөк, бешим, чарчы, беш-алты

4. Араб алфавитинин кемчилдиктери кайсылар болгон?

а) араб алфавитинин курамында үндүү тамгалар, ичке үндүүлөр жетишсиз болгон;

б) алфавиттин курамындагы 24 тамга кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүн толуктай алган эмес;

в) араб алфавитинин оёдон солго карай жазылышы жазууну татаалдаткан

г) а, в гана жообу туура д) а, б, в жооптору туура

5. кы, гы тыбыштары кайсы учурда колдонулат?

а) кыргыз тилиндеги сөздөрдө б) жоон үндүү менен келсе

в) ичке үндүүлөр менен келсе г) үнсүздөн кийин д) үндүүдөн кийин

6. Ишеним кат жарактуулук мөөнөтүнө карай кандай болуп бөлүнөт?

а) жөнөкөй, өзгөчө б) кыска, узак в) жөнөкөй, татаал

г) татаал, кыска д) жөнөкөй, кыска

7. Өмүр баян кайсы учурларда жазылат?

а) ишке киргенде, иштен чыкканда б) жумуш убагында жетекчиге гана

в) дайыма керектелет г) сапарга жөнөгөндө, кайтканда

д) ишке киргенде, окууга өткөндө

. 8. Фразеологизмдердин макалдардан айырмасы?

а) фразеологизмдер, макалдар да сөз айкашы

б) фразеологизмдер сөз айкашы, тарбия берңңчңлңк мааниси жок, макалдар сүйлөм, тарбия берүүчүлүк касиетке ээ

в) фразеологизмдер өтмө мааниде, макалдар да өтмө мааниде колдонулат

г) фразеологизмдердин да, макалдардын да составы туруктуу

9. Эринчил үндүүгө карай үндөшкөн сөздү белгиле

а) маданияттын, илимпоздор, малчылар б) ынтымактуу, тигүүчү, инилер

в) жооптору туура эмес г) күлүктүн, жолчулар, жумушчу

10. Сөз тутумундагы негизги морфема, өз алдынча сөз катары колдонуу касиетине ээ

- бул

а) сүйлөм б) мүчө в) уңгу г) сөз д) сөз айкашы

11. Жоон үндүүгө карай үндөшүүнү тап

а) жетекчи, эсепсиз б) котормо, жазуучу в) теректер, кийимдер г) жерсиз, көйнөкчөн


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!