Просмотр содержимого документа
«Сан атооч боюнча кайталоо»
Жаз айынын жагымдуу таңы
баарыңыздарга ийгилик алып келсин!!!
Жаз келди аалам сулуу, адам сулуу,
Күндүн да бир бөтөнчө чачкан нуру,
Куштардын сайраганы, дандын даамы,
Укмуш ээ гүл жыттанган жаздын таңы
ЖАГЫМДУУ МААНАЙ
Үй тапшырмасы
- Кыргыз тилинде сөз түркүмдөрү канча топко бөлүнөт?
- Сөз түркүмдөрүн грамматиканын кайсы бөлүмү окутат?
- Бул убакка чейин кайсы сөз түркүмдөрүн өттүк?
- Азыр кайсы теманы өтүп жатабыз?
- Сан атоочтун мүнөздүү белгилери кайсылар?
Сан атоочту кайталоо
Бүгүнкү теманы жана числону дептерлерге жазгыла
Сабактын максаты:
А) Сан атоочтор боюнча алган билимиңер бекемделет.
- Кептеги сан атоочтун маанисин түшүнөсүңөр.
- Сан атоочтун мүчөлөрүн туура ажыратып, синтаксистик кызматын талдап, орфографиялык эрежелеге таянып жазууну билесиңер. Алган билимиңерди турмушта туура пайдаланууга үйрөнөсүңөр.
Б) Кыргыз тилинин көркөм тил экендигин түшүнүүңөр жогорулайт.
- Өз оюңарды так, түшүнүктүү, эркин айтууңар артат.
В) Топто ынтымактуу иштей билүүгө, бири –бириңердин оюңарды сыйлоого тарбияланасыңар.
Текст менен иштөө
Жаз – кыш жана жай мезгили экөөнүн аралыгындагы жыл мезгили. Түндүк жарым шарында 20-же 21-марттын кун менен түн теңелүү мезгилинен, 21-22-июнга чейинки жайкы күн токтолууга чейинки убакыт. Бул мезгилдин үч айы тең өзгөчө кооз. 4 мезгилдин өзгөчө кооз айы жаз мезгили деп көп адамдар суктанган жаз мезгилинин жылуу күндөрү да кирип келди. Жакныда 21-март Нооруз майрамы белгиленет.
Топтордо иштөө
1-топ тексттен сан атоочторду таап, синтаксистик кызматын белгилейсиңер.
2-топ текстти окуп, морфологиялык белгилерин аыктайсыңар.
3- топ тексттеги татаал сан атоочторду таап,аны турлөрү боюнча ажыратасыңар.
ген
ик
үм
1
3
5
6
100
дей
көк
көн
ай
7
үм
7
100
ген
дей
1
5
ик
6
ай
көк
3
көн
Сан атоочтордон сөз айкаштарын тузүп дептериңерге жазгыла
- (беш, бешөө) кыздардын, бирге,(жети, жетөө) өрдөк, манжа, (эки, экинчи) киши, орун, (бир, биринчи) көрүү, максат(төрт, төрттүн) бири, мугалим.
Сүрөткө карап сан атооч сөздөргө сүйлөм түзүп дептерлерге жазабыз .
1-топ
200 жыл
2-топ
50 жыл
3-топ
20 жыл
Топторго суроолор
- 1. Сан атоочтун эрежесин айтып бергиле, кагдай сөз туркүмү экенин далилдегиле.
- 2. Сан атооч түзүлүшүнө карай канчага бөлүнөт. Ар бирине мисал келтиргиле.
- 3. Туунду жана тубаса сан атооч деген эмне ага мисалдар келтиргиле.
- 1. Сан атоочтор сүйлөмдө кандай синтаксистик кызматты аткарат?
- 2. Сан атоочтун кандай жол менен жасалышын айтып бергиле?
- 3. Сан атооч маанилик жактан канчага болүнөрүн айтып бергиле?
«30 секундалык жооп» оюунун ойнойбуз
Макал айтышуу
Сан атооч катышкан макалдар
Эс алуу көнүгүүсү
Жаңылмачтар
Бүгүнкү сабакта эмне түшүнүктүү болду, эмне түшүнүксүз болду кагазга жазып калтыргыла
Уйгө тапшырма
Акын – жазуучулардын чыгармаларынан сан атооч катышкан жерлеринен үзүндү жазып келүү.
Азаматсыңар!
Бүгүнкү сабак үчүн чоң рахмат!