1.Уюштуруучулук | 1мин | Саламатсыңарбы? (жоктоо, окуучулардын сабакка даярдыгына, окуу китептерине, дептерлерине, класстын тазалыгына көңүл бөлөмүн) Кана эмесе балдар маанайыңар кандай? | Саламатсызбы эжеке! -Жакшы |
Үй тапшырмасын текшерүү | 10 мин | Үйгө берилген тапшырма кайсыл болгон? Стехиометрия деген эмне? Стехиометриялык закондорго кайсылар кирет? Заттардын курамынын туруктуулук законун ким качан ачкан? Заттардын курамынын туруктуулук законун айтып бергиле. Заттардын массасынын сакталуу законун ким качан ачкан? Заттардын массасынын сакталуу законун айтып бергиле. Үйгө берилген тапшырманы слайд аркылуу текшерүү. | Стехиометриялык эсептөөлөр деген теманы өткөнбүз. Грек тилинен которгондо курамдык бөлүк же өлчөө дегенди билдирет. Заттын массасынын сакталуу закону, курамдын туруктуулук закону, эквиваленттер закону, көлөмдүк катыш, Авогадро закону. 1808-жылы Луи Жозеф Пруст ачкан. Ар кандай заттар алынуу жолуна карабастан сандык жана сапаттык курамы туруктуу болот. Михаил Васильевич Ломоносов 1748-жылы ачкан Химиялык реакция кирген заттардын массасы пайда болгон заттардын массасына барабар болот. Окуучулар жооп берет. |
Жаңы тема түшүндүрүү | 20 мин | Газ абалындагы заттар белгилүү, формага көлөмгө ээ болбойт. Кандай гана идишке куюлбасын газ ошол идиштин бардык көлөмүн ээлеп калат. Газдын тыгыздыгы өтө төмөн болгондуктан алардын илешкектиги өтө аз болот. Газда атом менен молекулалар баш аламан, иретсиз кыймылда болуп, бири-бири менен түртүлүшөт. (слайд) Анда газдардын молекулалары арасындагы аралык эмнеге көз каранды? Биринчиден сырткы басымга көз каранды. Басым жогорулаганда газдардын молекулалары жакындашат да анын көлөмү басымга пропорционалдуу түрдө чоң болот. (слайд) Авогадро законунун биринчи корутундусу: Бирдей сандагы ар түрдүү газдар бирдей шартта, бирдей көлөмдү ээлешет. Нормалдуу шарттарда газдын моль көлөмү 22,4 литр болот. Бул көлөм газдын моль көлөмү деп аталат. (слайд) Демек Авогадро законунун негизинде төмөнкү жыйынтыкка келүүгө болот. (слайд) Авогадро законунун экинчи корутундусу: Ар кандай газдын тыгыздыгын төмөнкү формула менен аныктоого болот (слайд). Бул газдын экинчи газ боюнча салыштырмалуу тыгыздыгы Д2 биринчи газдын тыгыздыгынын экинчи газдын тыгыздыгына болгон катышын көрсөтөт. (слайд) Бир газдын экинчи газ боюнча салыштырмалуу тыгыздыгы алардын моль же молекулалык массаларынын катышына барабар. (слайд) | Угушат, көрүшөт, жазышат. Угушат, көрүшөт, жазышат. Угушат, көрүшөт, жазышат. Угушат, көрүшөт, жазышат. Угушат, көрүшөт, жазышат. Угушат, көрүшөт, жазышат. Угушат, көрүшөт, жазышат. |