СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Авогадро закону. Массалык жана көлөмдүк катыштар

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Авогадро закону.  Газ абалындагы заттардын ортосундагы реакцияларды сандык жактан изилдөөнү биринчи жолу франсуз окмуштуусу Гей-Люссак жүргүзгөн. Ал реакцияга катышкан газдардын көлөмдөрүн изилдөөнүн натыйжасында төмөндөгүдөй тыянакка келген: газдык реакцияларда, реакцияга кирген баштапкы жана пайда болгон газдардын көлөмдөрүнүн бири - бирине анчейин чоң эмес бүтүн сандардын катышындай катышта болот. Мисалы, суутектин бир көлөмү менен хлордун бир көлөмү реакцияга кирсе эки көлөм хлордуу суутек газы пайда болот:   H2 + Cl2 =2HCl Амедео Авогадро 1811-жылы (италиялык окмуштуу) бул жөнөкөй катышты түшүндүрүү үчүн төмөндөгүдөй божомолду сунуштаган:   бирдей  шарттарда  ар  кандай газдардын  бирдей  көлөмдөрүндө  бирдей  сандагы   молекулалар болот.

Просмотр содержимого документа
«Авогадро закону. Массалык жана көлөмдүк катыштар»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Авогадро закону. Массалык жана көлөмдүк катыштар

Сабактын методу: көрсөтмөлүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: аӊгемелешүү


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Авогадро закону, массалык жана көлөмдүк катыштар боюнча окуп үйрөнүшөт

  • Авогадро закону;

  • массалык катыш;

  • көлөмдүк катыштар боюнча айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Зат, заттардын агрегаттык абалы, Авогадро саны, моль-заттын саны, моль масса, салыштырмалуу жана абсолюттук масса, көлөм боюнча түшүнүктөрү өнүгөт. Химиялык тилде сүйлөөгө, химиялык формуланы катасыз жазууга тарбияланышат.

  • Зат;

  • заттардын агрегаттык абалы;

  • Авогадро саны;

  • моль-заттын саны;

  • моль масса, салыштырмалуу жана абсолюттук масса;

  • көлөм боюнча түшүнүктөрүн көнүгүүлөрдү жана маселелерди чыгарууда туура пайдалана алышса.

  • химиялык формуланы катасыз, туура жаза алышса.


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Авогадро закону;

  • массалык катыш;

  • көлөмдүк катыштар боюнча айтып бере алышат.

  • Зат;

  • заттардын агрегаттык абалы;

  • Авогадро саны;

  • моль-заттын саны;

  • моль масса, салыштырмалуу жана абсолюттук масса;

  • көлөм боюнча түшүнүктөрүн көнүгүүлөрдү жана маселелерди чыгарууда туура пайдалана алышат.

  • химиялык формуланы катасыз, туура жаза алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Авогадро закону, массалык жана көлөмдүк катыштар боюнча маалымат алып, анын негизинде ар кандай көнүгүүлөрдү, маселелерди чыгарууга көнүгөт

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Зат, заттардын агрегаттык абалы, Авогадро саны, моль-заттын саны, моль масса, салыштырмалуу жана абсолюттук масса, көлөм боюнча билими бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү:

Ар бир окуучу бир барак алып аркасына чапташат да ал барака каалоочулар ал окуучу боюнча өз ойлорун(бир нече окуучу)жазышат да бүткөндөн кийин ал баракты алып жалпы класска үнүн чыгарып окуп беришет.


Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1.Берилген заттын санында канча атом кармалат?

а)2.2моль Ba

2.Берилген заттын санында канча молекула кармалат?

а)0.003моль H2


Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Авогадро закону. Газ абалындагы заттардын ортосундагы реакцияларды сандык жактан изилдөөнү биринчи жолу франсуз окмуштуусу Гей-Люссак жүргүзгөн. Ал реакцияга катышкан газдардын көлөмдөрүн изилдөөнүн натыйжасында төмөндөгүдөй тыянакка келген: газдык реакцияларда, реакцияга кирген баштапкы жана пайда болгон газдардын көлөмдөрүнүн бири - бирине анчейин чоң эмес бүтүн сандардын катышындай катышта болот. Мисалы, суутектин бир көлөмү менен хлордун бир көлөмү реакцияга кирсе эки көлөм хлордуу суутек газы пайда болот: H2 + Cl2 =2HCl Амедео Авогадро 1811-жылы (италиялык окмуштуу) бул жөнөкөй катышты түшүндүрүү үчүн төмөндөгүдөй божомолду сунуштаган: бирдей шарттарда ар кандай газдардын бирдей көлөмдөрүндө бирдей сандагы молекулалар болот.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

  • 1) ФОРМУЛА: V=Vm*

а)0.3моль суутек (Н2) нормалдуу шартта (н.ш) кандай көлөмдү ээлейт?

б) 2моль комур кычкыл газы (СО2) нормалдуу шартта (н.ш) кандай көлөмдү ээлейт?


Үйгѳ тапшырма:

  • 1) ФОРМУЛА: V=Vm*

а) 0.07моль йоддуу суутек (HI) нормалдуу шартта (н.ш) кандай көлөмдү ээлейт?

б) 15моль кычкылтек (О2) нормалдуу шартта (н.ш) кандай көлөмдү ээлейт?

  • 2) ФОРМУЛА: ; V=Vm*

а) 31г суу буусу (H2О ) нормалдуу шартта (н.ш) кандай көлөмдү ээлейт?

б) 7.8г суутек (Н2) нормалдуу шартта (н.ш) кандай көлөмдү ээлейт?

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!