СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

 

 

 

                                       

 

 

 

 

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты»

Аалам алпы-Айтматов

Асыл кымбат сөз дөөлөтүн табыштын

Сөзүң менен көп жүрөктү багынттың

Кереметтүү сөздөрүңдү керектеп

Сен кыргызды бүт дүйнөгө тааныттың.

 Кыргыз деген кылым кезген калк эле,

Кыргызымда Чыңгыз деген бар эле.

Кыргыз атын таанытып бүт ааламга.

Кыргыз үчүн Чыңгыз өчпөс шам эле.

Эрлан: көөнөрбөс көңүлүнөн алып жазды,

Дүйнөгө нурун төгүп жанып жазды.

Көп чыгарма көгөрткөн калем сабын,

Кыргыздын тарыхына малып жазды.

Ширин: көп чыгарма жетишпей жазылганча,

Көп кендери жазылбай казылганча.

Адабият кампасы жабык калды,

Кампачы жок чыгарып сапырганга.

Эрлан: Кыргыз өсүп, алгаласа турмушта,

Колун созуп, жетсе дагы жылдызга.

Кыргызымдын жүрөгүндө сакталып,

Кылымдарга жашай берет Чыңгыз да.

Ширин: “Адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуу”,

Деп айткан Чыңгыз атам эң оболу.

Эрлан: Адамдык касиетти сактай билип,

Кыргызым бар бололу, бир бололу.

 Чыңгыз ага тирек болуп кыргыз калкка,

Чыгармаң түнөк алды ар бир жанда.

Дүйнөнү дүңгүрөтүп арабызда,

Жашай бер, сен жүрөктө Чыңгыз ата! Хор айтылат.

Эмгек менен көтөрүлгөн баркыңыз,

Дүңгүрөгөн жазуучулук даңкыңыз.

Окуганда сиз жараткан китепти,

Жүрөк эргип, жазылчу эле жарпыбыз.









Тема:  “Айтматов жашай берет аалам барда”

Мугалимдин сөзү:

Ала-Тоодой ак калпакчан, пейли ак,

Кыргыз элин жер жүзүнө тааныткан,

Адамзаттан алга озуп көп убак,

Чыңгыз ата заманына даанышман.

Дүйнөнү  калеми  менен   багындырган, элибиздин  сыймыгы  болгон, көптөгөн  сыйлыктардын  ээси Ч.Айтматовдун  94  жылдыгына карата  уюштурулган :  ” “Айтматов жашай берет аалам барда”аттуу  иш-чарабызга кош келипсиздер.

Улуттук философиялык ойлорго, нарк-насилдерге, адеп-ахлакка   сугарылган Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү — доорубуздун чыныгы сүрөткеринин түбөлүктүүлүктүн ички сырын өзүнө сыйдырган дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармалары элибиздин руxаний кенчи, тиреги.

Чыңгыз Айтматов  өзүнүн башынан өткөн, уккан, көргөн окуяларды кеменгерлик менен сезип, дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармаларды жаратты. Бул – улуу таланттын, улуу чеберчиликтин натыйжасы!

Жазуучунун чыгармаларында бүтүндөй бир нукуралык, эл турмушунан алынган накталык, жөнөкөй карапайым журттун мүнөзүнө таандык бир өзгөчөлүк бар.

Француз жазуучусу, котормочу Пьер Фружъе болсо: «Чыңгыз Айтматов — Кыргызстандын дүйнөгө жасаган эң жакшы белеги, же болбосо Европада Чыңгыз Төрөкуловичти «Калем падышасы» деп аташат», — дейт.

Мына ушундай зор атакка жетишкен элибиздин сыймыгы, көптөгөн сыйлыктардын ээси Чыңгыз агайыбыздын чыгармаларын окуучулардын жүрөгүнөн түнөк таптыра албасак турмушка берген сабагыбыздын жугуму болбостур. Себеби, жазуучунун чыгармачылыгынын негизи — адамзаттын чындыкка болгон тынымсыз умтулуусу.

“Ала-Тоонун боорунда кичинекей ушундай улут бар, уңгулуу, уюткусу бар касиеттүү эли бар, бул — кыргыз улуту” деп таанытты.

Бүгүнкү Жазуучуну эскерүү кечесин ачып берүү үчүн сөз кезегин

___________________________________________________________________________

Муг: 2008-жылдын 10-июнунда кечки саат тогузда Би-Би-Си радиосу Германиянын Нюрнберг шаарында 14- майдан бери ден-соолугунун кескин начарлап кеткендигине байланыштуу неме врачтарынын көзөмөлүндө дарыланып жаткан Кыргыз Эл Баатыры Ч.Айтматов жүрөгү сокпой калды деген кабар калайык калкка угузду. ооруканаларынын бирине жеткиришет.Бир кем бу жарык дүйнөнү дагы бир караңгы түн кучагына имере тартып бараткан ошол кечте ааламдагы баодык жакшы менен жамандыкты даргөйүнө сиңирген ак менен караны чебер талдаган сулуулукту чексиз сүйгөн кыргыздын кайталангыс уулу ЧюАйтматов дүйнөдөн кайтты.Атаганат жакшы өлбөс болсочу.

Суук кабар чагылгандай тийди эми,

Жүрөктөрдү устарадай тилди эми.

Ала-Тоодон чыгып катуу үшкүрүк,

Кыргыз туусу башын төмөн ийди эми.

Эң бир асыл адамыңдан айрылуу,

Аза күтүү чексиз кайгы өкүнүч.

Кааласаң да ,каалабасаң башта бар,

Кабыр казуу,сөөк көмүү өтүмүш.

Гүлгө оролгон жыгач табыт ичинде,

Нурдай назик бир өмүргө кеч кирди,

Кандай кетти жарыкчылык демине,

Калтырды да кыргыз элин, жерин да.

Айла барбы,азиз, дүлөй, ажалга

Асман күйүп,чолпон жылдыз кулады.

Аты калып укум-тукум балдарга,

Адабият бир генийден кур калды.

Айтматов деп сыймыктанчу кыргызым

Адабияты бир генийден кур калды.

Аттиң арман...





Жакшы өлбөс болсочу

  1. Таш боор ажал алып кетти Чынгызды,

Таш түшкөндөй кайгы басты кыргызды.

Толгонайдай боздоп нечен энелер,

Тоо көчкөндөй санаа басты кыргызыды.



Эл багар уул уктайт дешет ээрде

Ээк кагып келди туулган жерине.

“Кош,Чыңгыз “ деп айтканга тил барса да,

Жүрөк барбайт...Ошентсе да “Кош Чыңгыз!”

Муг:

Кылымдын залкар жазуучусу Ч.Айматов өзү өтсө да, экинчи өмүрүн жашап жатат деп айта алабыз. Ага окуучулар, алтындан эстелик тургуза албаса да, чыгармаларын окуп өмүр бою аздектеп, алардан өзүнө  эң жакшы таалим — тарбия  алып, келечекке жол тапса болот.

Чыңгыздын руху бай,тили да бай,

Ал жазат ойдогусун эч калтырбай.

Аралашып кетесиң каармандарга,

Кол кармашып,же сүйлөшүп бараткандай.

Нургазы: Ох,дүрбүчөм, таенемден качабыз деп аябай чарчап калдым.Билесиңби бул жерге эмнеге кедик?Ак кемени көргөнү.Ак кеме көрүнөт бекен.Тигине ак кеме.Ак кеме!

Нургазынын таенеси: Оо.Нургазы! Нургазы ,дейм! Кайда жүрөсүң7 Акылсыз бала десе.муну карасаң папкени жерге таштап салганын.Бул деген буюм.Буюмдун кадырын билбеген бала десе.

Нургазы: Буга сен күнөөлүүсүң дүрбүчөм.Сени албаганда минтип таенемден сөз укмак эмесмин.Мейли болор иш болду эми Абалбек досумду көрөйүнчү

Абалбек: Ал менин атам.Туурабы менин атам.менин атам баатыр

Кино көрүп капыстан, Атакемди таап алдым.

Баатыр экен деп досум,Сен да ага таң калдың.

Жээңгүл: Ооба балам,ал сенин атаң,сенин атаң.

Атадан калган туягым. Энекеңди билбедиң.

Таттуу кыял ой менен ,Капарыңа илбедиң.

Нургазы: Ээ дүрбүчөм Авалбектин атасы чындыгында эле баатыр. Карасаң дүрбүчөм тиги келе жаткан Султанмуратпы?

Султанмурат: Ээй, турналаар! Турналар!Тигине турналар!быйыл турналар эрте келиптир!Турналардын эрте келиши токчулуктун белгиси.Турналар!

Бий 5-класстын кыздары

Султанмурат: Айылдын ак куусуна,

Ашык болдум турналар,

Жар салгыла дүйнөгө,

Маалым болсун бул кабар

Мырзагүл: Сураба өзүмдөн,байкадым көзүңдөн.

Саймалуу жүз аарчым,салмактуу сөзүмдөн.

Купуя сырым бар,кумарлуу ырым бар,

Балалык сүйүүмдөн белекке муну ал.

Нургазы: Эми үрбүчөм Дүйшөн агайды көрөлүчү

Дүйшөн: Ыйлаба ,Алтынай,ыйлаба!Баягы биз тиккен теректерди өзүм багып өстүрөм.Мына эми жөнөйсуң ,Алтынай.Кош,Алтынай! Кош чырагым!Кош!

Алтынай: Кош, биринчи мугалимим!

Кош,биринчи мектебим.

Кош,балалык чагым.

Кош,менин биринчи,таза,назик,наристе сүйүүм.

Жаным курман сага биринчи мугалимим.

Дүйшөн:Алтынай! Кош,Алтынай!

Нургазы: Мына көрдүңбү дүрбүчөм,ушундай академик да,проффессор да,доктору да,президентти да Дүйшөн агайдай мугалим окуткан.Дүрбүчөм карасаң Акбара тгинде келе жатабы?

Акбара:

Нургазы: Айтматов жаныбарлардын да тилин билген,ыйын уккан жазуучу болгон.Эми Асел менен Илястан кабар алалычы.

Асел: Бактымды мен өзүңдөн таптым эле,

Тагдырым татаал экен бөлдү экиге.

Элесиң эстен кеткис болуп калды,

Уулубуз сени эстетет эрте-кечте.

Саамайымды сылачу элең эркелетип,

Эңсеген бактыбызга жаңы жетип,

Турмуштун тууруна конор кезде,

Сен эмес саамайымды сылап калды

Толкуган Ысык-Көлдүн салкын жели.

Иляс: Кечир мени Асел,кечир

Бий 10-класс

Нургазы: Толгонай эне,Толгонай эне келдиби?

Толгонай:Эх дүйнө!Эми эмнесин айтайын,касиеттүү согуш нечендердин кендирин кыйдыгоо.Табийгаттан улуу жаралган акыл-эстүү адам балдары согушту кантипойлоп тапты экен?Тоо-ураса болбойбу,көл толкуса болбойбу?Субанкул менен Касымата-бала экөө тең дыйканэле азаматтар!

Кайран Субанкулум!Сенин айткан кеңештериң,сөздөрүн дайыма эсимде.

А Касымчы..Анын элеси дайыма”кейибе апаке,ыйлаба андан көрө Алимандан калган баланы медер тутпайсыңбы”дегенсип турат.

Олдо карылык ай,кайратымды алып,шалдыратып баратат.

Майсалбегим,кагылайын уулум,сен өзүң сүйгөн мугалимдик кесибиңди аткара албай.согушта баатырларча курман болдуң.Сенин жалтанбай эрдик жасаарыңа мен толук ишенем.

Эх,Жайнагым,кенжетайым.Аман жүрсөң кандай адам болор элең? Сенин жароокерлигиң,боорукердигиң жанда жок эле го.

Кечир жеңиш,кана,Касымым,кана,Майсалбегим,кана Жайнагым деп жер койгулап зар какшап ыйлаганым,Кечиргин,жеңиш.Бар бол,жеңишБар бол!

Нургазы: Ооба, Толгонай эне туура айтасыз дүйнөдө тынчтык болсун,согуш болбосун.

Жамийла,Жамийла карасаң дүрбүчөм Жамийланы

Жамийла: Тепседи кыргыз салтын деп

Далайлар мени жек көрөт.

Жашоосун өзү тапты деп

Далайлар мени эп көрөт.

Кантсе да менин күнөөм бар,

Ак нике аттап жүз ачкан

Жосунсуз жорук баштаган

Данияр менен бир качкам.

Арасат жүргөн Жамийлаң ак сүйүүгө кабылган.

Данияр: Бар болгону сүйүү үчүн күрөштүк,

Жасабадык кечирилгис кылмышты

Ынтымактуу өмүр сүргөн бүлөбүз

Уул кыздарды тарбиялап жүрөбүз.

Нургазы: Аман болгула Даныяр ,Жамийла

Байкуш Найман эне баласын жоготуп боздоп жүрөт.

Найман эненин монологу: Жоламан,уулум,Жоламан уулум токточу.Келчи,келегой жаныма.Отурчу,сууусадыңбы?Суу ичесинби.Уулум сен мени тааныдыңбы?Атың эсиңдеби,уулум?Чын атыңды эстечи,Атаңдын аты эсиңдеби?Деги ата-тегиң кайсы жерде туулганың эсиңдеби,уулум?Мен ...Мен... сенин энеңмин.Сен менин уулумсуң...

Жерди алса болбойбу,мал мүлкту алса болбойбу?Ушунчалфык душман экен башты алса болбойбу?.Эс учун алат деген шумдукту ким ойлоп таап,кимдин колунан келди? Оо жараткан,эгерде чын эле бар болсоң адамдын ушул арам ниетине,ушул шумдукту кантип киргиздиң, жер үстүндөгү башка кыянатчылыктар аздык кылабы?Балам,сен бул жерге келгенде эмне болду эле? Эстечи,келчи,келчи көрөйүн.Сенин башыңды эмне кылып салышкан.Тигилер кимдер уулум?Тигилерге эч нерсе дебе.Мен дагы келем.

Нургазы: энелер ыйлабаса экен.

Дүрбүчөм карасаң Базарбай да жүрөт ал жакта.

Базарбай: Оо,жер эне,баарына сен күбөсүң,

Канчалардын урат мени каргышы.

Жашап жатам өкүнүч менен санаада

Жараткандын келбей жатат алгысы.

«Ничего не подробно»деп турмушту

Канчаларга шылдың менен карадым.

Абийримди алмаштырып аракка,

Кош көк жалды заркатып,ыйлатып

Бөлтүрүктү сатып толгон байлыкка,

Кыялымда көп акчаны санадым.

Арамдык жок адал инсан Бостондун,

Турмушуна чоң калаба баштадым.

Акбараны адамдарга кас кылып,

Уулунун да башын жутуп таштадым.

Билем,билем күнөө менде тоодой көп,

Мен сыяктуу болбогула карөзгөй.

Нургазы: Ар бир инсан өз катасын сезе билип кечирим сураса бул адамдык сапаттардын эң бийиги.Силер адамзатка сабак болдуңар.Эми башкалар силер кетирген катачылыкты кетирбейт деген үмүттөмүн.

Ох,дүрбүчөм аябай чарчадым,Алп таланттын ээси Айтматовдун чыгармаларынын аягына чекит коюлбайт .Турмуш Эдигейдин поезди сыяктуу байма-бай каттай берет.Келечекте бизди эмне деген окуялар эмне деген тагдырлар кутуп турат.

Мугалим: Бул суроого мына мен бугункунун Дуйшону мен жооп берем. Окуу-кун окуу-чырак окуу-кузгу окуу-бакыт окуу жашоого багыт берет билемин. Ошол учун силерге окууну гана тилеймин.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!