СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты сабагы. "Карагул ботом" поэмасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫ БОЮНЧА "КАРАГУЛ БОТОМ" ТЕМАСЫНДАГЫ САБАКТЫН ИШТЕЛМЕСИ. БАСА, БУЛ ИШТЕЛМЕ СТАНДАРТ БОЮНЧА ТҮЗҮЛГӨН. 

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты сабагы. "Карагул ботом" поэмасы»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ


ОШ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРYY БАШКАРМАЛЫГЫ


ШААРДАГЫ № 52 “КЫРГЫЗ – ТYРК ДОСТУГУ” АТЫНДАГЫ МЕКТЕП - ЛИЦЕЙИ


АТАЛГАН МЕКТЕП – ЛИЦЕЙИНДЕ 5Б – КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫНА КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫНАН ӨТҮЛҮҮЧҮ «КАРАГУЛ БОТОМ» АТТУУ ЧЫГАРМАСЫ ДЕГЕН ТЕМАДАГЫ ИШТЕЛМЕСИ


МУГАЛИМ: ШАМЫРЗАЕВ ИЛГИЗ КАНЫБЕКОВИЧ


КААНАСЫ: 310


КЛАСС: 5Б




ОШ ШААРЫ – 2018


Классы: 5Б

Мөөнөтү: 13.02.2018–жыл Сааты: 2 саат

Өтүлүүчү тема: «Карагул ботом» поэмасы



САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ:



КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ:

а) билим берүүчүлүк: «Карагул ботом» поэмасынын окуясы менен таанышышат; поэманын темасын жана негизги оюн аныкташат;

  • Поэманын окуясы боюнча берилген 2-3 суроого жооп берсе

  • Поэмадагы турмуш чындыгын айтып бере алса;

  • Поэмадагы негизги ойду көрсөтө алса.

б) өнүктүрүүчүлүк: тарткан сүрөтүн негиздеп сүйлөп бере алат; «Карагул ботом» поэмасынын окуясынын турмуш менен окшош жана айырмалуу жактарын көрсөтүшөт;

  • Тарткан сүрөтүнө тема коё алса;

  • Тарткан сүрөтүн түшүндүрүп бере алса;

  • Чыгарманын окуясынан 2-3 турмуштук окшоштуктарды, айырмачылыктарды айта алса.

в) тарбия берүүчүлүк: жаратылышка аяр мамиле жасоо, үй-бүлөдө өзүн алып жүрүү боюнча 2 тыянак чыгарышат.

Чыгарманын окуясынын негизинде өзүнө 2 эреже чыгара алса.

Сабактын тиби: жаӊы билим берүү сабагы


Колдонулуучу усулдар: эвристикалык метод, жупта, топтордо иштөө, комментарийлеп окуу


Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, окуу китеби, аудиоматериал, проектор, ноутбук, магниттер.


Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, биология, укук таануу, адеп.


Негизги компетенттүүлүктөр: маалыматтык (5.1.3.4;), социо-катнаштык (5.3.2.16), өзүн өзү уюштуруучулук жана көйгөйлөрдү чечүү (5.3.2.17; 5.3.3.19)


Предметтик компетенттүүлүктөр: окурмандык (5.3.2.16; 5.1.3.4) баалуулук-дүйнө таанымдык (5.3.2.17; 5.2.1.10), адабий чыгармачылык (5.3.3.19; 5.1.3.4)







Саб-н этап-ы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Күтүлүүчү натыйжа

Мотивдештирүү

Саламдашам. Окуучулардын көӊүлүн сабакка тартуу максатында «Кайыкчынын окуясын» (1-тиркеме) айтып берип, анын жыйынтыгында өз максаттарын айттырам. Сабактын максаттарын тааныштырам.


  • Кайыкчынын калагындагы эки жазуу – «максат» жана «ишеним». Ушул экөө болгондо гана адам өзүнүн көздөгөнүнө жете аларын билдик.


  • Анда биз бүгүнкү сабагыбыздын максаттарын билип, өзүбүзгө ишеним топтосок (окуучулар менен сабакка максаттарды коём).


Саламдашышат. Өздөрүнүн алдыдагы максаттарын айтышат да, аны менен байланышта сабактын максаттары менен таанышышат, төмөнкү сүйлөмдөрдү ар бир топ өзүнчө хор менен кайталат:

1-топ: «Биз - аракетчилбиз!»

2-топ: «Биз окуганыбызды түшүнөбүз!»

3-топ: «Биз окуганыбыздан жыйынтык чыгара алабыз!»

4-топ: «Биз изденебиз!»

5-топ: «Биз – күчтүүбүз!»


Учурдагы сабактын маанилүүлүгүн түшүнүшөт.

Билимдерин актуалдаштыруу


Үй тапшырманын аткарылышын текшерем: Ч.Айтматовдун «Атадан калган туяк» аӊгемесинин негизинде сүрөт тартып, ага тема койгула, чечмелеп бергиле.

  • Балдар, тартып келген сүрөтүӊөрдү жаныӊарда отурган шеригиӊерге көрсөтүп, темасын тааныштыргыла жана эмне үчүн аны тартканыӊарды түшүндүрүп бергиле.

  • Баалоо баракчасына (2-тиркеме) бири бириӊерге бааӊарды белгилегиле.


Айрым окуучулардын иштерин жалпы класста талкуулатам. Ушул аркылуу жыйынтык чыгарылат.




Окуучулар алгач тарткан сүрөттөрүн жупта талкуулашат, бири-биринин үй тапшырманы аткаруусун берилген баалоо критерийлерине таянып баалашат.

Үй тапшырмасын баалоонун критерийлери:

  1. Аӊгеменин окуясын чагылдырып бере алса – 1 упай

  2. Тарткан сүрөтүнө ылайык тема коё алса – 1 упай

  3. Аны түшүндүрүүдө үлгүгө толук таянса – 1 упай

  4. Эмне үчүн тартканына далил келтире алса – 1 упай

Сүрөттөрүн класска илишет, каалоочулар, мугалим белгилеген окуучулар жалпы класска өз сүрөттөрүн түшүндүрүп беришет.


5.3.3.19.Чыгармалардын негизинде сүрөт тарта алат.

Жаңы материалды өздөштүрүү

Бул этапта сөздүк иши жана ачкыч сөздөрдү колдонуп, окуя түзүү аркылуу текстти окууга чакыруу жасалат.

  • Балдар, сүрөттөн эмнени көрүп турганыӊарды айткыла.

Балдыркан, ак бараӊ, доо деген сөздөрдүн маанисин өзүм түшүндүрүп берем.

  • Мерген, чаарчыктын териси, бала, деген сөздөрдү катыштырып, өз алдыӊарча окуя түзүп көргүлөчү.

  • Анда азыр «Карагул ботом» поэмасынын окуясы менен таанышабыз. Азыр силер түзгөн окуялардан кайсы окуялар чыгарманын окуясына жакындыгы бар экенине көӊүл бурганча окугула.

(Окуганын түшүнүүсү комментарийлер аркылуу текшерилип турат.)

Бугу, кийик, чаарчык деген сөздөрдүн маанилерин сүрөт аркылуу эске түшүрүшөт, түшүнүшөт.

Дептерлерине кыскача окуя түзүп жазышат.

Өздөрү түзгөн окуяларды угушат.





Аудиоматериалдан чыгарманын бир бөлүгүн угушат, калган бөлүктөрүн окуу китебинин –беттеринен комментарийлеп окушат (1-тапшырма).


Өздөрү түзгөн окуяларга окшоштуктарды айтышат.

5.1.3.4.Чыгарманын окуясын оозеки түрүндө көз алдыга келтирип, айтып берет. 5.3.2.16.Түйүндүү эпизоддорду анализдейт, каармандардын жүрүм-турумун баалайт;

Өтүлгөн материалды бышыктоо

2-тапшырма: Төмөнкү сүйлөмдөрдү окугула, «ооба» же «жок» деген жообуӊарды негиздеп бергиле (3-тиркеме).


3-тапшырма: «Айыптууну соттойбуз». 1-топ:___ 2-топ: ___

Бул тапшырманы аткаруу менен жаӊы материалды өздөштүрүүнү бышыктоого шарт түзөм.

Берилген 4 сүйлөмдү окуп, пикирлерин айтышат.

1.

2.

3.

4.

Ар бир топ өздөрүнө бөлүнгөн ролго ылайык далилдерди тексттен табышат. «Сот процессине» катышышат.

5.3.2.17.Турмуш материалын көркөм сюжет менен салыштырат;


Сабакты жыйын-тыктоо

4-тапшырма: Чыгарманын окуясынан алган таасирлериӊердин негизинде өзүӊөргө 2 эреже чыгаргыла.

  • Анда биздин сабагыбызга койгон максаттарыбызга карап көрөлү. (Окуучулар менен бирге жогоруда белгиленген сабактын максаттары талкууланат).

Ар бир окуучу дептерге 2 эреже жазат. Эрежелерин айтышат.

Чыгармадан алган тарбиялык таасирлерин аныкташат.

Үй тапшырмасы

Үй тапшырмасы: «Ак илбирстин тукуму» деген кинофильмди _________ электрондук даректен таап, көрүп чыккыла. Кинофильм менен «Карагул ботом» чыгармасынан 2 окшоштук, 2 айырмачылык таап, жазгыла.

Үй тапшырмасын өздөрүнүн дептерлерине белгилешет.

Аткаруунун шарттарын түшүнүшөт.

5.2.1.10.Бир же бир нече чыгарманын каармандарын салыштыра алат.

Баалоо

Критерийлер аркылуу баалайм (2-тиркеме)


Окуучулар баалоо баракчалары-на упайларды бел-гилешет. Упайлардын жыйын-тыгы менен бири-бирине баа коюшат.

Өз иш-ара-кеттерин туу-ра баалоого машыгышат.



1 – тиркеме














Бир кайыкчы дарыянын бир өйүзүнөн экинчи өйүзүнө адамдарды ташып оокат кылчу. Кайыгын кыймылга келтирген эки калагынын бирөөсүнө ”ишеним”, экинчисине болсо “аракет” деп жазып алган эле. Дарыядан өткөргөн ар бир кардары бул жазуулардын маанисин сурай берчү. Кайыкчы да ар бирине турмуштун чындыгын чагылдырган бул жазуулардын маанисин айтуудан жадачу эмес. Ал дайыма мындай деп айтып берчү: “Бул дарыянын бир өйүзүнөн экинчи өйүзүнө өтүү үчүн ушул эки калакка муктаждык бар. Эгер бирөөсү жок болсо, бир ордуңдан жылбай айланып тура бересиң. Жашоодо да ошондой: ишеним болуп, аракетиң болбосо, же тескерисинче, аракет кылганың менен, бир ийгиликке жетериңе ишенбесең, анда бир ордуңдан алыс кете албайсың. Бул кайыкты бир калак менен башкарганга тете. Калактарга береги жазууларды жазып алганымдын себеби ушундай.





















2-тиркеме


Баалоо баракчасы


тапшырманын мазмуну

баалоо критерийлери

упайы

Ч.Айтматовдун «Атадан калган туяк» аӊгемесинин негизинде сүрөт тартып, ага тема койгула, чечмелеп бергиле.

Аӊгеменин окуясын чагылдырып бере алса

1 упай

Тарткан сүрөтүнө ылайык тема коё алса

1 упай

Аны түшүндүрүүдө үлгүгө толук таянса

1 упай

Эмне үчүн тартканына далил келтире алса

1 упай

1-тапшырма: Текстти уккула, окугула. Ар бир тынымда окуяны түшүнгөнүӊөрдү айтып бергиле.

Текстти шар, көрктүү окуй алса

1 упай

Окуяларды салыштыра алса

1 упай

Чыгарманын окуясын түшүнсө

1 упай

2-тапшырма: Төмөнкү сүйлөмдөрдү окуп, «ооба» же «жок» деген жообуӊарды билдиргиле.

Сүйлөмдөр

ооба

жок


















4 жоопту туура белгилесе

(0,5 упайдан)

2 упай

Жообун негиздеп бере алса

1 упай

3-тапшырма: «Айыптууну соттогула». Өзүӊөргө бөлүнгөн ролго ылайык далилдерди тексттен тапкыла.

Өз ролуна ылайык тексттен 2-3 далил таба алса

1 упай

Тексттен тапкан далилин кебине байланыштырып сүйлөй алса

1 упай

Турмуш менен байланыштыра алса

1 упай

4-тапшырма: Чыгарманын окуясынан алган таасирлериӊердин негизинде өзүӊөргө 2 эреже чыгаргыла.

2 эреже чыгара алса

2 упай

1 эреже чыгара алса

1 упай

эрежени туура чыгара алса

1 упай


жалпы:

17 упай

14-17 упай алса - “5”

10-13 упай алса – “4”

8-9 упай алса – “3”

7 же андан кем упай алса – “2”








3 – тиркеме


Сүйлөмдөр

ооба

жок

1

Тумаш мерген өз уулун атып алганы чынбы?



2

Тумаш он миңдеген кийиктерди кырганбы?



3

Карагул ботомдун эжеси барбы?



4

«Карагул ботом” поэмасында балдыркан, ак бараң, как баш деген сөздөр кездештиби?







































1 - тапшырма: Текстти уккула, окугула. Ар бир тынымда окуяны түшүнгөнүӊөрдү айтып бергиле.

Баалоо критерийлери:

Текстти шар, көрктүү окуй алса – 1 упай

Окуяларды салыштыра алса – 1 упай

Чыгарманын окуясын түшүнсө – 1 упай


2 - тапшырма: Төмөнкү сүйлөмдөрдү окуп, «ооба» же «жок» деген жообуӊарды билдиргиле.


Сүйлөмдөр

ооба

жок

1

Тумаш мерген өз уулун атып алганы чынбы?



2

Тумаш он миңдеген кийиктерди кырганбы?



3

Карагул ботомдун эжеси барбы?



4

«Карагул ботом” поэмасында балдыркан, ак бараң, как баш деген сөздөр кездештиби?




3 - тапшырма: «Айыптууну соттогула». Өзүӊөргө бөлүнгөн ролго ылайык далилдерди тексттен тапкыла.


4 - тапшырма: Чыгарманын окуясынан алган таасирлериӊердин негизинде өзүӊөргө 2 эреже чыгаргыла.


Үй тапшырмасы: «Ак илбирстин тукуму» деген кинофильмди https://www.youtube.com/watch?v=j2gytRxrRHE&t=3s электрондук даректен таап, көрүп чыккыла. Кинофильм менен «Карагул ботом» чыгармасынан 2 окшоштук, 2 айырмачылык таап, жазгыла.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!