СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты сабагы. Кыргыз эл жомоктору. "Кырк ууру жана Алымкул" аттуу жомок боюнча сабактын иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз адабияты сабагы. Кыргыз эл жомоктору. "Кырк ууру жана Алымкул" аттуу жомок боюнча сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты сабагы. Кыргыз эл жомоктору. "Кырк ууру жана Алымкул" аттуу жомок боюнча сабактын иштелмеси»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYYЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ


ОШ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРYY БАШКАРМАЛЫГЫ


ШААРДАГЫ № 52 “КЫРГЫЗ – ТYРК ДОСТУГУ” АТЫНДАГЫ МЕКТЕП - ЛИЦЕЙИ


АТАЛГАН МЕКТЕП – ЛИЦЕЙИНДЕ 5 – КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫНА КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫНАН ӨТҮЛҮҮЧҮ КЫРГЫЗ ЭЛ ЖОМОКТОРУНУН АРАСЫНАН «КЫРК КАРАКЧЫ ЖАНА АЛЫМКУЛ» АТТУУ ЖОМОК БОЮНЧА

АЧЫК САБАКТЫН

ИШТЕЛМЕСИ


МУГАЛИМ: ШАМЫРЗАЕВ ИЛГИЗ КАНЫБЕКОВИЧ

КААНАСЫ: 209

КЛАСС:5



ОШ ШААРЫ – 2020


Сабактын темасы: Кыргыз эл жомоктору. «»Кырк каракчы жана Алымкул


САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ:


БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ

ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ

ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ

Окуучулар бул сабакта жомок тууралуу маалымат ала алышат. Ошол эле учурда «Кырк каракчы жана Алымкул» жомогунун маани-маңызы, андагы каармандардын мүнөздөрү жана иш-аракеттери тууралуу маалыматка ээ болушат.

Окуучулар бул жомоктогу айрым окуяларды сахналаштыруу аркылуу актёрдук чеберчиликке, образдуулукка, адабий тилде так жана дана сүйлөөгө, каармандарга мүнөздөмө берүү, алардын сыпаттарын ачып берүү аркылуу ой жүгүртүүгө өнүгүшөт

Сабактын жүрүшүндө мугалимди кунт коюп угууга, бири-бирин сыйлоого, каармандардын терс жоруктарын жасабоого, жашоодо чындыкты гана сүйлөөгө, айлана-чөйрөдө болуп жаткан жакшы-жаман окуялардан туура жыйынтык чыгарууга тарбияланышат.


Сабактын тиби: аралаш сабак


Сабактынформасы: топ менен, жуп менен иштөө


Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү


Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: тарых, кыргыз тили, искусство, адеп ж.б.


Сабактын жабдылышы: таркатмаматериалдар, слайд, видео ролик, ар кандай көрсөтмө куралдар, буклеттер, китептер ж. б.


САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ


САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

МУГАЛИМДИН АРАКЕТИ

ОКУУЧУНУН АРАКЕТИ

УБАГЫ

1

Уюштуруу

Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, баалоо системасы менен тааныштыруу.

Мугалим менен саламдашып, сабакка даярданышат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөп, алтын эрежелерди эске салышат, баалоо системалары менен таанышышат.

3 мүнөт

2

Үй тапшырмасын суроо

Үй тапшырмасын суроо аркылуу окуучуларга суроолорду узатат.

Окуучулар мугалим тараптан берилген суроолорго жооп беришет.

3 мүнөт

3

Жаңы темага киришүү

Окуучуларды сабакка чакыруу максатында аларга жаңы темага байланыштуу суроолрду узатуу.

Ар бир командадан бирден окуучу мугалим тараптан берилген суроолорго өз ойлорун айтышат.

3 мүнөт

4

Жаңы теманы өтүү:


Жомок деген эмне?




«Кырк каракчы жана Алымкул» аттуу жомокту чынжырча ыкмасын колдонуу менен окуучуларга окутуу



Окуучуларга слайд аркылуу маалымат берет.




Окуучуларга жомоктун тексттерин таркатып берет.








Окуучулар слайддан көргөн маалыматтарын мугалимдин лекциясы аркылуу толукташат;


Окуучулар жомоктун текстин чынжырча ыкмасы аркылуу окушат






18 мүнөт

5

Бышыктоо№1

Мугалим эки топтун окуучуларына аңгеменин урунттуу окуялары тууралуу даярдалган материалдарды таркатып берет.

Окуучулар мугалим тараптан берилген сценарийди сахналаштырышат.

9 мүнөт

6

Бышыктоо №2

Мугалим окуучуларга кыргыз тилиндеги түрдүү фразеологизмдерди айтат.

Окуучулар мугалим айткан фразеологизмдердин мазмунуна ылайык жомоктогу түрдүү окуяларды тексттен таап көрсөтүшөт


5 мүнөт

7

Баалоо жана кайтарым байланыш

Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; Окуучулардын бирин – бири баалоосу;

Окуучулар бири – бирин баалашат;

2 мүнөт

8

Үй тапшырмасын берүү

Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү;

Окуучулар үй тапшырмасын алышат жана күндөлүктөрүнө белгилешет;

2 мүнөт


Уюштуруу 3 мүнөт: - Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручкаларды жана күндөлүгүбүздү алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн алдын эң алгач бүгүнкү сабагыбыздагы алтын эрежелерменен таанышып алалы.


Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:

  • Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;

  • Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;

  • Дептерлерибизге жазабыз;

  • Уюлдук телефондорубузду үнсүз абалга келтиребиз!

  • Бири – бирибизди сыйлап, бири – бирибизге тоскоолдук жаратпаганга аракеттенебиз.


Азыр болсо мен силерди бүгүнкү сабактын баалоо кыймылы менен тааныштырып койсом. Силер мында “БИЗ СҮЙГӨН САПАТТАРдеген жазууну көрүп турасыңар. Ал эми бул жерде кыргыз элинин улуттук буюмдарынын бири болгон куржунду көрүп турасызңар. Кызыгы, бул куржундун ичинде силерге берилүүчү упайлар топтоштурулган. Бүгүнкү сабакта мугалим тараптан берилген суроолорго туура жана так жооп берген окуучулар гана бул куржунга кол салууга укуктуу болуп саналат. Алар өз топторуна упай алып келишет.


Үй тапшырмасын суроо 3 мүнөт: - Урматтуу окуучулар, азыр мен силерге өткөн сабакта берилген үй тапшырмасына тиешелүү болгон айрым суроолорду узатамын. А силер болсо кол көтөрүү аркылуу жооп бересиңер.


Жаңы темага киришүү 3 мүнөт: - Балдар, биз бул учурга чейин башталгыч класстарда билим алып жаткан учурда бир канча кыргыз эл жомоктору тууралуу сөз кылганбыз. Ал тургай эс алуу күндөрү да көптөгөн жомокторду окуу менен бирге, кээде ата-энелерибиз да бизге түрдүү жомок китептерди сатып берген, туурабы? Андай болсо мага айткылачы, «жомок» деген эмне?

ЖООП: ЖОМОК, ж ө ө ж о м о к – оозеки адабиятта кеңири тараган, көбүнчө ойдон чыгарылган, окуяларды апыртмалуу, фантазиялуу чагылдырган, сюжети кызыктуу, баяндоо түрүндөгү чыгарма.


Жаңы темага киришүү 18 мүнөт: - Демек, биз бүгүн силер менен биргеликте кыргыз адабияты сабагынан класстан тышкаркы окулуучу чыгармалар, анын ичинде кыргыз эл жомокторунун арасынан “Кырк ууру жана Алымкул” аттуу жомоктун үстүндө кеп кылмакчыбыз.

ПЛАН №1. Окуучуларга кыргыз эл жомоктору, белгилүү жомоктор тууралуу айрым көрүнүштөр көрсөтүлөт жана окуучулар ал окуялар кайсы белгилүү жомокторго тиешелүү экендигин айтып беришет;


ПЛАН №2. “Кырк ууру жана Алымкул” жомогунун текстин окуучуларга таркатып берет.


Бышыктоо (№1) 9 мүнөт. Азыр болсо мен силерге аңгеменин урунттуу жерлеринен түзүлгөн сценарийлерди таркатып бермекчимин. Силер болсо ал сценарийлерди сахналаштыруу аркылуу теманы бышыктооңор керек болот.


1 – топко сценарий:

- Энеке, эгерде менин айткан кебиме көнбөйт экенсиз, мен азыр эле келиниңизди алып кетемин.

-Кетемин дечи. Мейли, кетсең – кет. Ал дүнүйөңдүн баарын.

Кемпир Саамыйга өчөшүп, үйдөгү кийми – кечек, түйүнчөктөрдүн баарын бир четтен короого ыргыта баштады. Саамый болсо бир эле учурда энеси ыргытып жаткандарды бир четинен Закештин жанына жыйнап, өзү болсо дагы бир нерсем калып кеткен жокпу дегенсип буту менен полду теше – теше басып жүрдү. Бул окуяга аң – таң болгон кошунасы Саамыйга карап:

  • Балам, бул эмне кылганың? Сага эмне эле болуп жатат? Уят эмеспи? Саамый ага да ачуусун келтирди.

  • Сиз аралашпаңыз. Саамый эми Закешти колунан кармап:

  • Сен эмнеге карап турасың? Кеттик! – деп бир колуна жүктөрдү, бир колуна Закешти кармап алып, аны эшикке карай сүдүрөдү. Закеш болсо ага каршылык көрсөтүп колун тартып жатты.

Кайненеси болсо дагы да:

  • Бириң жакшы көрүнүп, бириң жаман көрүнбөй кеткиле!

Закеш колун каттуу сууруп алды да Саамыйга карап:

  • Мен эмне, силерди бөлүп жарыш үчүн келди дейсиңерби?

Закеш кайненесинин алдына чуркап барды да, аны кчактап ыйлап жиберди:

-Көлөкөм, энеке, мен кетпеймин. Муну баштаган мен эмес. Кайненесинин да көздөрүнөн тамчылап, көз жашы агып жатты.


2 – топко сценарий:

...Бир күнү үйгө Закештин кыз кезиндеги достору келип калышты. Аларды көргөн Закеш короодон чуркап барып эле аларды кучактап калды. Алар ошол жерде ал – акыбал сурашканча кыйла убакытка чейин туруп калышты.

-Жүргүлө, үйгө киргиле – деди Закеш аларга үй – жайлуу киши өңдөнүп.

Кыздар макул болушту. Закештин кайненеси ички үйдө жүн тытып отурган. Ал кыздарды анча жактырбагандай:

  • Келгиле! – Сен кимдин кызысың? – деди кемпир плащчан кара кызга.

  • Жаңыл энемдин – деп жооп берди кыз.

  • Баса, энеңди тартып, эки колуңду чөнтөгүңдөн чыгарбайт турбайсыңбы?

  • А сенчи, сен кимдин кызысың? - деди ал костюм юбка кийген кызга.

  • Сартбайдын кызымын.

  • Баса - деди кемпир ага да. Атаңды тартып, мурдуң кырдуу тура.

Кемпирдин бул сөздөрүн угуп турган Закеш эч нерсе дей албай, башын жерге салып тура берди.

  • Досторуңа чай кайнатып бербейсиңби? – деди ал келинине. Закеш кыздарды үйгө баштап кирип, чогуу чай ичишти. Кыздар да ыңгайсыздана дароо эле биз эми туралы дегенге өтүштү.

Достору менен Закеш короонун сыртына чыкканда кыздар шаңкылдап баары күлүп жиберишти. Кээ бирлери кемпирди туурап да киришти:

  • Энең сыяктуу сен да эки колуңду чөнтөгүңдөн чыгарбайт турбайсыңбы? – Ха-ха-ха-ха Кыздардын баары күлүштү.

  • Тообо, мындай кайненеге сен кандай чыдап жүрөсүң? – Эгерде сенин ордуңда мен болгонумда бул үйдө мен бир секунд да турбайт болчумун.

Бул сөздөр ички үйгө даана гана угулуп турду. Кемпир башын чайкап коюп, жүнүн тытып отура берди.


Бышыктоо (№2) 5 мүнөт. Урматтуу окуучулар, төмөнкү үч фразеологизмге маани берип, аларды жомоктогу окуялар менен туташтыргыла: оозун куу чөп менен аарчыган; алма быш, оозума түш; калк айтса калп айтпайт.


Баалоо жана кайтарым баалоо 2 мүнөт: Мугалим асыл сапаттарды бир четтен окуп, соң кайсыл топтун мүчөлөрү жеңгендигин белгилеп өтөт. Мындан сырткары ар бир топтон бирден окуучу туруп, башка топтун жигердүү катышкан окуучуларын белгилеп өтөт.


Үй тапшырмасын берүү 2 мүнөт: Кыргыз эл жомокторунан окуп, андан Алымкулга окшогон каармандарды тапкыла. Эки каармандын окшоштугун жана айырмачылыктарын жазып келгиле.


Мугалим: - Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип жетти, кайрадан кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта баргыла!























Шамырзаев Илгиз Каныбекович

Ош шаары - 2020













Ош шаары - 2018


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!