Силерге суроо узатсам. Топтор менен биргеликте Манас тобуна- “Манас” эпосунда достукту кандай баалайт жана Манастын сынынан Алманбет кандай өткөн? Бакай тобуна:- “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет,”- деген накыл сөз эмне себептен айтылган? Алмамбет тобуна:- “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман, ”- деген макал эмнеликтен айтылды, себеби эмнеде? Азаматсыңар, балдар. “Манас” тобуна- КНМП усулу ( күчтүү, начар, мүмкүнчүлүгү, проблемасы)- Манастын образын анализдеп, синтездеп чыгасыңар. К ( күчтүү ) 1.Баатыр 2. Элди ээрчите алат, эрдиктерди көрсөтөт 3. жалгыз өзү калмактарды кыйратат, Нескараны жеңет. 4. Эли-жерин коргойт, эрктүү, күчтүү, кайраттуу, ак көңүл. 5. Айкөл Манас элди Ала-Тоого алып келет, Бээжинге жортуул жасайт. 6. Эл камын ойлоп, эл биримдигин бекемдейт. Н (Начар) 1. Ишенчээк. Сырт душмандарга ак көңүлдүгү менен алданып калат. Өтө боорукерлиги өз башына тиет. 2. Каныкейдин акылын коштобойт, өз оюндагысын кое бербейт. 3. Коңурбайга сөз берип алданып калат. 4. Көзкамандарга алданат, жаракат алат. М ( Мүмкүнчүлүгү) 1.Манас мүмкүн Каныкейдин сөзүн укса, Көзкамандарга барып уу ичпейт эле. 2. Мүмкүн Манас Коңурбайга сөз бербей согуша берсе жеңип, 40 чоросу өлбөй, өзү тирүү калмак. 3. Алмамбеттин айткан кеңешин укса жеңишке ээ болмок. П ( проблемасы) 1.Манас алдына койгон проблемасын аткарып, Ала-Тоого кыргыз элин алып келди. 2. Кыргыз элинин чебин бекемдеп, сырт душмандардан сактап калуу. 3. Элди бириктирип, ынтымакта кармоо, анын максаты “ Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу” б.а. улуттарды ынтымакта кармоо Бакай тобуна - Ромашка усулу менен Бакайдын образын анализдеп, синтездеп чыгасыңар 1.Жөнөкөй суроолор: Бакай Манас менен кайсы жерде, качан таанышкан?- Эрезеге жеткенде Манасты изедп чыкса Бакай душман тарабынан чабылып, чачылган туугандарын таап чогултмак болуп аттанып чыккан Манаска жолугат. Экөө бири-биринин сынына толуп, түбөлүк бирге болууга антташат. 2.Тактоочу суроолор: Бакайдын Манаска кандай жакындыгы бар? Сенин айтууң боюнча – Бакайдын атасы Бай менен Манастын атасы Жакып экөө бир тууган. Саякбай аралаевдин варианты боюнча Бакай бир жашка толо элегинде атасы Бай кытайлардын колуна түшүп кетип өлөт да, жетим калат. Баланы Олуят чал жердин түбү Желпинишке алып кетип багып өстүрөт. 3.Түшүндүрүү суроолор: Эмне үчүн Бакай Манаска өмүр бою кеңешчи болгон? – Экөө антташып жатканда Манас Бакайга мындай деп кайрылган. Кайыбынан табылган, Кан абам сендей эр болбойт, Кабак ачып ойноорго Кең Талас сендей жер болбойт Оо, дүйнөго кеткиче, Уйпаланып кайран жан, Топуракка жеткиче, Тулпардын оозун буруп бер, Туйгун аба,эр Бакай Ата болуп өзүмө Тутка болуп туруп бер, Эки тизгин, бир чылбыр Эл бийлигин алыңыз, Эдене-тайтаң өзүмдү Эптеп жолго салыңыз- деген. Бакай көп кеңештерин айтып, ошону менен бирге эле акылмандык менен көптөгөн нерселерди чечип, ирээттеп, акыл айтып, бириктирип келген. 4.Чыгармачыл суроолор: Бакайдын кандай асыл сапаттарын баалай аласын?- Бакайдын негизги асыл сапаттарынын бири башына кандай ган каран түн түшпөсүн, кандай гана кыйынчылыкка учурабасын бийик адамгерчилигинен жазбаганы, өз башын корголотуп чыккынчылыкка барбагандыгы,даанышмандыгы, акылмандыгы, кайраты менен бардык кыйын кезеңди жеңе билгендиги 5. Баалоочу суроолор: Бакай эмне үчүн кордук көрсө да чыдап жүрө берген? – Абыке,Көбөш тарабынан куугунтукталып, элден четтеп, Манастан калган төөлөрдү Семетейге арнап багып, жаргак шым кийип, Көк тулпары Көк чолок атка айланып, өзү карып, арыган абалда калат. Бирок, бардык кыйынчылктарга чыдап күткөнү Манастын уулу Семетей болгон. Ал чоңоюп, элине келгенче күткөн. 6.Практикалык суроолор: Бакайдын ордунда болсоңуз эмне кылат элеңиз? Алмамбет тобуна: ПТМТ усулу- ( позиция, түшүндүрүү, мисал,тыянак) Ушул төрт сүйлөм аркылуу Алмамбеттин образын анализдеп, синтездеп чыгасыңар. “Мен эсептейм..,,,” Алмамбет Манастын кырк чоросунун көрүнүктүүсү. Азиз кандын уулу. “Себеби.............” Эпосто активдүү катышкан. Ал атасынан кетип калгандан кийин, Манастын кырк чоросуна кошулган. Анын Кытайда окуган аярлык, жайчылык өңдүү укмуштуу өнөрлөргө ээ жана аскердик өнөрдүн түрдүү жактарын билген. “ Мен муну мындай мисал менен далилдейм... ” Манас менен эмчектеш тууган болгон күндөн өзүндөгү өнөр-билим, акыл-айла, баатырдык күч-кубаты кыргыз элинин намысын, эркиндигин жат душмандардан коргоого арнайт. Манаска ак кызмат кылып, өзү тууулуп, өскөн эли Кытайга каршы кол баштап барган, “ Мына ушунда, мен тыянак чыгарам...........” Алмамбет кыргыз эли үчүн ак кзмат кылып, эли-жерди коргогон. Манас тобу: Адашкан сөздөр менен 2 сүйлөм түзүшөт. 1.Өбөгү болот өзүңдүн, айнеги болот көзүңдүн. 2. Айлакерлик, акылмандык, чечкиндүүлүк, чыдамкайлык-Каныкейдин негизги касиеттери Бакай тобу: Чын, жалган 1.“Манас” эпосундагы баланын атынайылдын аксакалы койгон.-жалган 2.Каныкей Тайторуну төлгө катары чаптырган- чын 3. Бакай менен Алмамбет бир тууган болушкан.- жалган 4. Чыйырды Жакыптын агасынын аялы болгон. Өз аты Шакан.-чын Алмамбет тобу: Дал келтиргиле. 1.Баланын төрөлүшү:- Жакып көп жылдар бою балалуу болбой, баланын жытына зар болгон. 2. Алтайдан Ала-Тоого көчүп келүү- Манас элине хан шайланат. Ата Журтту душмандан коргойт. 3. Баатырдын үйлөнүшү- “Каныкейди уулуңа алып бер,”- деген. 4.Көкөтөйдүн ашы- Манас ашка чакырылбагандыктан катышкан эмес. 5. Баатырдын набыт болушу- Мен өлүп калсам, баланы Ысмайылга бер. |