СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Авогадро закону

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Авогадро закону»

Классы: 8-класс Предмети: Химия

Сабактын темасы: Авогадро закону

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы

Сабактын усулу: Интерактивдүү усулдар

Сабактын формасы: Жекеде жана топто

Сабактын жабдылышы: Маркер, карточка, ватман, слайд.

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөр

Билим берүүчүлүк:

Авогадро закону: анын биринчи, экинчи корутундусун билишет

Авогадро закону: анын биринчи, экинчи корутундусун түшүнүп айта алса

Өнүктүрүүчүлүк:

Моль көлөм, моль масса, бир газдын экинчи газ боюнча салыштырмалуу тыгыздыгы боюнча мисалдарды чыгарышат.

Моль көлөм, моль масса, бир газдын экинчи газ боюнча салыштырмалуу тыгыздыгы боюнча мисалдарды иштей алса.

Тарбия берүүчүлүк:

Бирин-бири урматтоого, идеяларын кубаттоого тарбия алышат.

Жекеде жана топто бирин-бири урматтаса, идеяларын кубаттаса.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы

Убактысы

Мугалимдин иш аракети

Окуучулардын иш аракети

1.Уюштуруучулук

1мин

Саламатсыңарбы? (жоктоо, окуучулардын сабакка даярдыгына, окуу китептерине, дептерлерине, класстын тазалыгына көңүл бөлөмүн)

Кана эмесе балдар маанайыңар кандай?

Саламатсызбы эжеке!



-Жакшы

2.Жагымдуу маанай

2мин

-Маанайыбызды көтөрүү үчүн ортого келебиз, ар бирибиз карточка алабыз, карточкада жазылгандарды ичибизден окуйбуз жана жаныбардын үнүн туурап, үндөр аркылуу өзүнүн тобун табуу керек.

Жаныбарлардын аты боюнча топко бөлүнөбүз.

Окуучулар аткарышат.

Үй тапшырмасын текшерүү

10 мин

Үйгө берилген тапшырма кайсыл болгон?


Стехиометрия деген эмне?





Стехиометриялык закондорго кайсылар кирет?








Заттардын курамынын туруктуулук законун ким качан ачкан?


Заттардын курамынын туруктуулук законун айтып бергиле.





Заттардын массасынын сакталуу законун ким качан ачкан?



Заттардын массасынын сакталуу законун айтып бергиле.





Үйгө берилген тапшырманы слайд аркылуу текшерүү.

Стехиометриялык эсептөөлөр деген теманы өткөнбүз.

Грек тилинен которгондо курамдык бөлүк же өлчөө дегенди билдирет.

Заттын массасынын сакталуу закону, курамдын туруктуулук закону, эквиваленттер закону, көлөмдүк катыш, Авогадро закону.

1808-жылы Луи Жозеф Пруст ачкан.

Ар кандай заттар алынуу жолуна карабастан сандык жана сапаттык курамы туруктуу болот.

Михаил Васильевич Ломоносов 1748-жылы ачкан

Химиялык реакция кирген заттардын массасы пайда болгон заттардын массасына барабар болот.

Окуучулар жооп берет.


“Мээ чабуулу”

3 мин

“Молекула оюну” ойнойбуз.

Окуучулар кайталашат.

Жаңы тема түшүндүрүү

20 мин

Газ абалындагы заттар белгилүү, формага көлөмгө ээ болбойт. Кандай гана идишке куюлбасын газ ошол идиштин бардык көлөмүн ээлеп калат.

Газдын тыгыздыгы өтө төмөн болгондуктан алардын илешкектиги өтө аз болот. Газда атом менен молекулалар баш аламан, иретсиз кыймылда болуп, бири-бири менен түртүлүшөт. (слайд)

Анда газдардын молекулалары арасындагы аралык эмнеге көз каранды?

Биринчиден сырткы басымга көз каранды. Басым жогорулаганда газдардын молекулалары жакындашат да анын көлөмү басымга пропорционалдуу түрдө чоң болот. (слайд)

Авогадро законунун биринчи корутундусу: Бирдей сандагы ар түрдүү газдар бирдей шартта, бирдей көлөмдү ээлешет.

Нормалдуу шарттарда газдын моль көлөмү 22,4 литр болот. Бул көлөм газдын моль көлөмү деп аталат. (слайд)

Демек Авогадро законунун негизинде төмөнкү жыйынтыкка келүүгө болот. (слайд)

Авогадро законунун экинчи корутундусу: Ар кандай газдын тыгыздыгын төмөнкү формула менен аныктоого болот (слайд).

Бул газдын экинчи газ боюнча салыштырмалуу тыгыздыгы Д2 биринчи газдын тыгыздыгынын экинчи газдын тыгыздыгына болгон катышын көрсөтөт. (слайд)

Бир газдын экинчи газ боюнча салыштырмалуу тыгыздыгы алардын моль же молекулалык массаларынын катышына барабар. (слайд)









Угушат, көрүшөт, жазышат.








Угушат, көрүшөт, жазышат.






Угушат, көрүшөт, жазышат.


Угушат, көрүшөт, жазышат.




Угушат, көрүшөт, жазышат.




Угушат, көрүшөт, жазышат.



Угушат, көрүшөт, жазышат.

Бышыктоо

10 мин

Маселелерди слайдка карап чыгаргыла

Иштешет

Үйгө тапшырма берүү

1 мин







Окуу китебинен §19 окуп, жумушчу дептерден №6, 7 көнүгүүлөрдү иштеп келүү

Күндөлүккө жазышат.

Баалоо

1 мин

Окуучулардын активдүулүгүнө жараша.

активдүүлөр баа алышат.



Токтогул Сатылганов атындагы №42 орто жалпы билим берүүчү мектеби.

Химия сабагынын мугалими Сатыбалдиева Жазгүл.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!