Жаш балага карата айтылгандар:
Бешикти куру терметпейт
Уктап жаткан баланы көтөрүп жаткырбайт
Наристе баланы көп карабайт
Ымыркай баланы көп өппөйт.
Эркек балага осмо койбойт
Караңгыда кыз баланы сууга жибербейт
Бешикти бутуң менен терметпе
Бешикти тээп отурба
Наристе баланы көп караба
Баланын бешигин жабуусуз калтырба
Тили чыга элек баланы күзгүгө каратпа
Тили чыга элек баланын кийимин жылдыздуу түнгө калтырбайт
Наристени кол менен салмактап ченебейт
Балага сук суктап тамак бербейт
Бешикке өбөктөп жатпайт
Бешикти бут менен жылдырбайт
Бешиктин үстүнөн аттап өтпөйт
Бешикти бир убакта эки адам көтөрбөйт
Бешикти соодалашып сатып албайт.
2. Тамак ашка карата айтылгандар:
Акты тике туруп ичпейт
Нанды тескери каратып койбойт
Нанды ыргытып бербейт
Нандын күкүмүн тебелебейт
Куттуу үйдөн кур чыкпайт
Алдын келген ашты күттүрбөйт
Бирөөгө койгон ырыскыны бирөөгө бербейт
Дастарконду тетири салбайт
Түндөсү туз сурабайт.
Ач карын тырмак албайт.
Нанды тебелебейт, дастарконду аттабайт.
Нанды бир кол менен үзүп жебейт.
Куру аякка бата тилебейт.
Кир кол менен нанды кармабайт.
Нандын күкүмүн тепсенди жерге таштабайт.
Ак төгүлсө жакага сүртөт.
Чекеси учуп, сынган аяктан суу, сүт, тамак ичпейт
Минген атты башка чаппайт.
Ит аякты теппейт.
Ит аякка казандан аш куйбайт.
Жакын адамына ит бербейт.
Ат жалына бутту чыгарбайт.
4. Үй-тиричиликке байланыштуу:
Босогону баштанып жатпайт.
Шыпыргыны тикесинен жөлөбөйт.
Шыпыргы менен адамга тап бербейт.
Босогону басып турбайт.
Босогону кулачтабайт.
Босогону басып үйгө кирбейт.
Босогону ныгыра баспа.
Эшикти тээп ачпа.
Тоюп алып жатпа.
Неберелүү–чеберелүү байбиченин чөнтөгү куру болбойт.
Күйүп турган отту суу сээп өчүрбөйт.
Көсөө менен адамга тап бербейт.
Конок келе жатканда үйдү шыпырбайт.
Кыбыланы тээп жатпайт.
Кыбылага карап дарат албайт.
Буюмду тээп жылдырбайт.
Бойду карыштап ченебейт.
Тартылган жиптин алдынан өтпөйт.
Босогого отурбайт.
Түндүктү тегеретпейт.
5. Кийим кечеге байланыштуу:
Чапанды желбегей жамынбайт.
Баш кийимди тетири кийбейт.
Баш кийимди тегеретпейт.
Шымды жазданып жатпайт.
Баш кийим сатылбайт. Баш кийимди сатпайт.
6. Жүрүм-турум жана мамилеге байланыштуу:
Чачты тепсендиге таштабайт.
Сууга түкүрбөйт.
Адамды ийнинен баспайт.
Эки колу менен бөйрөгүн таянбайт.
Жаздыкты адамдын башынан сууруп албайт.
Жакын адамдары менен муздак суу чачып ойнобойт.
Бар буюмду кор кармабайт.
Жаткан адамдын башын аттабайт.
Бешикти аттап өтпөйт.
Адамды малдай кылып санабайт.
Мүрзөнү сөөмөй менен көргөзбөйт.
Босогодо туруп учурашпайт.
Жерге таянып тамак жебейт.
7. Идиш -аякка байланыштуу:
Идиш-аякка түкүрбөйт.
Жаңы идишти жуубай пайдаланат.
Идишти бут менен теппейт.
Түн ичинде идиш –аякты жуубай калтырбайт.