СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаныбарлар дүйнөсү

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаныбарлар дүйнөсү»

§10. Тоталитардык режимдин массалык жазалоору Оригинальные шаблоны для презентаций: https://presentation-creation.ru/powerpoint-templates.html  Бесплатно и без регистрации. Кыргызстан тарыхы 9-класс

§10. Тоталитардык режимдин массалык жазалоору

Оригинальные шаблоны для презентаций: https://presentation-creation.ru/powerpoint-templates.html

Бесплатно и без регистрации.

Кыргызстан тарыхы

9-класс

Сабакка колдонулган медиа материалдар

Сабакка колдонулган медиа материалдар

Сабактын планы Альтернативдүү режимдин массалык жазалоолору Абдыкерим Сыдыков «Туран» партиясынын негиздөөчүсү Кыргызстан массалык жазалоолордун мезгилинде Массалык репрессия болгон жерлер Документтүү материалдар

Сабактын планы

  • Альтернативдүү режимдин массалык жазалоолору
  • Абдыкерим Сыдыков «Туран» партиясынын негиздөөчүсү
  • Кыргызстан массалык жазалоолордун мезгилинде
  • Массалык репрессия болгон жерлер
  • Документтүү материалдар
Альтернативдүү өнүгүүнүн тарапкерлеринин трагедиясы Кулакка тартуу Кулак Коллективдештирүү учурунда көп адамдарга бай-манап жана кулак деген жарлык тагылып, Кыргызстандын 10% калкы башка аймактарга зордук менен көчүрүлгөн. Жергиликтүү партиялык жетекчилерге жакпай калган орто жана кедей дыйкан чарбалары да бай-манап жана кулак деген жарлык менен туулуп-өскөн жерлеринен айдалган. Бул чарбанын кыйрашына алып келген.

Альтернативдүү өнүгүүнүн тарапкерлеринин трагедиясы

Кулакка тартуу

Кулак

Коллективдештирүү учурунда көп адамдарга бай-манап жана кулак деген жарлык тагылып, Кыргызстандын 10% калкы башка аймактарга зордук менен көчүрүлгөн. Жергиликтүү партиялык жетекчилерге жакпай калган орто жана кедей дыйкан чарбалары да бай-манап жана кулак деген жарлык менен туулуп-өскөн жерлеринен айдалган. Бул чарбанын кыйрашына алып келген.

Абдыкерим Сыдыков А . Сыдыковдун псевдоними «Манас» болгон. А. Сыдыков «Отуздун катынын» уюштуруучусу болгон. Социалисттик Туран партиясынын (СТП) негиздөөчүсү эле. 1933-ж. СТПнын жетекчилери камакка алынган.

Абдыкерим Сыдыков

  • А . Сыдыковдун псевдоними «Манас» болгон.
  • А. Сыдыков «Отуздун катынын» уюштуруучусу болгон.
  • Социалисттик Туран партиясынын (СТП) негиздөөчүсү эле.
  • 1933-ж. СТПнын жетекчилери камакка алынган.
Туран Федеративдүү Республикасы Курултай –жогорку бийлик. Турандын бийлиги орногонго чейин СТПнын ичинде бардык фракцияларга тыюу салынат. «Басмачылар»-кызыл милитаризм менен күрөшкөндөр. Түрк тилдери жалпы бир тилге биригет. Дыйкандар СТПнын таянычы болот.

Туран Федеративдүү Республикасы

  • Курултай –жогорку бийлик.
  • Турандын бийлиги орногонго чейин СТПнын ичинде бардык фракцияларга тыюу салынат.
  • «Басмачылар»-кызыл милитаризм менен күрөшкөндөр.
  • Түрк тилдери жалпы бир тилге биригет.
  • Дыйкандар СТПнын таянычы болот.
Туранчылардын милдеттери: Туранчылардын алдында эки милдет коюлган, алар: 1 . Улутук-боштондук принциби  (өлкөнү партиялык жол башчылар башкарууга тийиш эмес) 2. Социализм принциби (бир дагы тап артыкчылыкка ээ болбогон социализмди куруу) Эл тарабынан шайланган президент турган. Турандын президентинин алдында аксакалдар комитети түзүлүп, президенттин чечимин жокко чыгаруу укугуна ээ болгон. А. Сыдыков жөнүндөгү китептер Азыркы Туран партиясы

Туранчылардын милдеттери:

  • Туранчылардын алдында эки милдет коюлган, алар:

1 . Улутук-боштондук принциби

(өлкөнү партиялык жол башчылар башкарууга тийиш эмес)

2. Социализм принциби

(бир дагы тап артыкчылыкка ээ болбогон социализмди куруу)

  • Эл тарабынан шайланган президент турган.
  • Турандын президентинин алдында аксакалдар комитети түзүлүп, президенттин чечимин жокко чыгаруу укугуна ээ болгон.

А. Сыдыков жөнүндөгү китептер

Азыркы Туран партиясы

СТПнын мүчөлөрүн жазалоо СТПнын мүчөлөрү камакка алынгандан кийин, А. Сыдыков, А. Шабданов, С. Курмановдор атылган, ал эми калган мүчөлөрү ар кандай мөөнөттөргө сүргүнгө айдалып, лагерлерде жүрүп дайынсыз жок болушкан. Ошентип, Кыргызстандын аймагында большевиктердин саясий өнүгүүсүнө каршы чыккан жана өнүгүүнүн альтернативдүү вариантын сунуш кылган оппозициялык кыймыл жаңы түзүлө баштаганда эле жок кылынат. Базаркул Данияров, Ажыйман Шабданов, Ажыгабыл Шабданов, Мажит Шабданов, Абсамат Садыков. Ажыйман Шабданов Базаркул менен математика боюнча эки китептин автору болгон. 1933-ж. атылган.

СТПнын мүчөлөрүн жазалоо

  • СТПнын мүчөлөрү камакка алынгандан кийин, А. Сыдыков, А. Шабданов, С. Курмановдор атылган, ал эми калган мүчөлөрү ар кандай мөөнөттөргө сүргүнгө айдалып, лагерлерде жүрүп дайынсыз жок болушкан.
  • Ошентип, Кыргызстандын аймагында большевиктердин саясий өнүгүүсүнө каршы чыккан жана өнүгүүнүн альтернативдүү вариантын сунуш кылган оппозициялык кыймыл жаңы түзүлө баштаганда эле жок кылынат.

Базаркул Данияров, Ажыйман Шабданов, Ажыгабыл Шабданов, Мажит Шабданов, Абсамат Садыков.

Ажыйман Шабданов Базаркул менен математика боюнча эки китептин автору болгон. 1933-ж. атылган.

Кыргызстан массалык жазалоолор мезгилинде С.М. Киров (1934-ж. 1-декабрда Смольныйда өлтүрүлгөн). И.В. Сталин (1937-ж. «Партиялык иштин кемчиликтери жана троцкийчилерди жана эки жүздүүлөрдү жок кылуу чаралары»).

Кыргызстан массалык жазалоолор мезгилинде

С.М. Киров

(1934-ж. 1-декабрда Смольныйда өлтүрүлгөн).

И.В. Сталин

(1937-ж. «Партиялык иштин кемчиликтери жана троцкийчилерди жана эки жүздүүлөрдү жок кылуу чаралары»).

Лагерлердеги репсрессиянын курмандыктары Большевик С. М. Кировдун өлтүрүлүшү менен репрессия башталган. Тергөө иши башталып, тергөө жүргүзүүгө 10 күндөн ашпаган убакыт берилген. Иштер прокурорсуз жана адвокатсыз жүргүзүлгөн. Даттанууга жана кечирим суроого жол берилген эмес. 1937-ж. «зыянкечтик жана диверсиялар жөнүндө» токтом чыккан. Аларга да ушундай тартип киргизилген. Мамлекеттик кылмыш боюнча эркинен ажыратуунун мөөнөтү 10 жылдан 25 жылга көбөйтүлгөн.

Лагерлердеги репсрессиянын курмандыктары

  • Большевик С. М. Кировдун өлтүрүлүшү менен репрессия башталган.
  • Тергөө иши башталып, тергөө жүргүзүүгө 10 күндөн ашпаган убакыт берилген. Иштер прокурорсуз жана адвокатсыз жүргүзүлгөн. Даттанууга жана кечирим суроого жол берилген эмес.
  • 1937-ж. «зыянкечтик жана диверсиялар жөнүндө» токтом чыккан. Аларга да ушундай тартип киргизилген.
  • Мамлекеттик кылмыш боюнча эркинен ажыратуунун мөөнөтү 10 жылдан 25 жылга көбөйтүлгөн.
И. П. Лоцманов Н. И. Ежов 1937-1938-жж. Кыргызстандын тарыхында кандуу из калтырышты. И. П. Лоцманов кызматка келгенден баштап, «эл душмандары», «контреволюциячыл социал-туран партияларынын мүчөлөрү», «алаш-ородочулардын» бети ачылып, чектен ашкан катаалдык күч алды. 1937. 4-сентябрь ишинен бошотулган.

И. П. Лоцманов

Н. И. Ежов

1937-1938-жж. Кыргызстандын тарыхында кандуу из калтырышты. И. П. Лоцманов кызматка келгенден баштап, «эл душмандары», «контреволюциячыл социал-туран партияларынын мүчөлөрү», «алаш-ородочулардын» бети ачылып, чектен ашкан катаалдык күч алды.

1937. 4-сентябрь

ишинен бошотулган.

Кыргызстандан репрессиялангандар А. Сыдыков И. Айдарбеков К. Тыныстанов Ж. Абдрахманов Мыйзамсыздыктын жана зомбулуктун курмандыктарынын арасында Совет бийлигин орнотуу, кыргыз улуттук мамлекетин түзүү үчүн күрөшкөн Кыргызстандын мыкты уулдары репрессиянын курмандыктары болушкан.

Кыргызстандан репрессиялангандар

А. Сыдыков

И. Айдарбеков

К. Тыныстанов

Ж. Абдрахманов

Мыйзамсыздыктын жана зомбулуктун курмандыктарынын арасында Совет бийлигин орнотуу, кыргыз улуттук мамлекетин түзүү үчүн күрөшкөн Кыргызстандын мыкты уулдары репрессиянын курмандыктары болушкан.

Б. Исакеев Т. Айтматов Жайнак Саадаев Е. Поливанов М .К. Аммосов

Б. Исакеев

Т. Айтматов

Жайнак Саадаев

Е. Поливанов

М .К. Аммосов

Морис Львович Белоцкий «Эл душмандары-атылсын!» Массалык жазалоолордун натыйжасында мыкты чарбалык жана партиялык жетекчилерди жок кылуу, республикада совет бийлигинин натыйжасында калыптанган кадрдык улуттук элитасынан ажыратуу максатын көздөгөн. Шовинисттик көз караштагы М. Л. Белоцкий мамлекеттик кызматка келгенден баштап репрессияны ишке ашыруу жеңидетилген. Кийинчерээк өзү дагы репрессиянын курмандыгы болгон.

Морис Львович Белоцкий

«Эл душмандары-атылсын!»

  • Массалык жазалоолордун натыйжасында мыкты чарбалык жана партиялык жетекчилерди жок кылуу, республикада совет бийлигинин натыйжасында калыптанган кадрдык улуттук элитасынан ажыратуу максатын көздөгөн.
  • Шовинисттик көз караштагы М. Л. Белоцкий мамлекеттик кызматка келгенден баштап репрессияны ишке ашыруу жеңидетилген. Кийинчерээк өзү дагы репрессиянын курмандыгы болгон.
НКВДнын тергөөчүлөрү да массалык жазалоочулардын курмандыктары болушкан. Москвага чакырылып кеткен мурдагы ички иштер эл комиссары В. Четвертаков, Б. Сегизбаев да репрессияланышкан. Массалык жазалоолордун натыйжасында, мыктылардын мыктысы репрессияланышкан. Бул бардык мамлекеттик жана коомдук уюмдардын иштөөсүнө тоскоолдук кылып, иштин натыйжалуулугун төмөндөткөн.

НКВДнын тергөөчүлөрү да массалык жазалоочулардын курмандыктары болушкан. Москвага чакырылып кеткен мурдагы ички иштер эл комиссары В. Четвертаков, Б. Сегизбаев да репрессияланышкан.

Массалык жазалоолордун натыйжасында, мыктылардын мыктысы репрессияланышкан. Бул бардык мамлекеттик жана коомдук уюмдардын иштөөсүнө тоскоолдук кылып, иштин натыйжалуулугун төмөндөткөн.

Кыргызстандагы репрессиялангандардын саны Кыргызстандагы репрессиялангандардын саны 40 миң болгон. Ал мезгилде 2 млн адам жашаган. Азыркы күндө 13 миң адам реабилитацияланган. Ата-Бейитке репрессиялангандардын сөөгүн коюу. 1991-ж. 31-август

Кыргызстандагы репрессиялангандардын саны

  • Кыргызстандагы репрессиялангандардын саны 40 миң болгон.
  • Ал мезгилде 2 млн адам жашаган.
  • Азыркы күндө 13 миң адам реабилитацияланган.

Ата-Бейитке репрессиялангандардын сөөгүн коюу. 1991-ж. 31-август

Репрессия мезгилиндеги жерлер Чоңташ жери. 137 адам. 1938-ж. 6-8-ноябрда, Октябрдын 21 жылдыгын майрамдоо учурунда атылган. Ош шаарындагы Акбуура суусунун жарлары Тоңдун жарлары Репресиянын курмандыктарына тургузулган эстелик

Репрессия мезгилиндеги жерлер

  • Чоңташ жери. 137 адам. 1938-ж. 6-8-ноябрда, Октябрдын 21 жылдыгын майрамдоо учурунда атылган.
  • Ош шаарындагы Акбуура суусунун жарлары
  • Тоңдун жарлары

Репресиянын курмандыктарына тургузулган эстелик

Ч. Айтматов (1928-2008) Ч. Айтматовдун сөөгү да атасы Т. Айтматовдун жанына коюлган. «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекс

Ч. Айтматов (1928-2008)

Ч. Айтматовдун сөөгү да атасы Т. Айтматовдун жанына коюлган. «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекс

Б. Абдрахманов «Ата-Бейит»-саясий репрессиянын курмандыгы болгон жерди сырын ачкан адам. Болот Абрахманов

Б. Абдрахманов

«Ата-Бейит»-саясий репрессиянын курмандыгы болгон жерди сырын ачкан адам.

Болот Абрахманов

Бүбүйра Кыдыралиева

Бүбүйра Кыдыралиева

Документтүү материалдар

  • Кыргызстан КП(б) БКнын бюросунун 1937-жылдын 15-сентябрындагы протоколунан:

Кыргызстан КП(б) Борбордук Комитети ВКП(б) БКнын жана жолдош Сталиндин эл душмандарын түп-тамырынан бери жок кылуу үчүн чечкиндүү жана аёосуз күрөш жүргүзүү жөнүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарган эмес, буржуазиялык улутчулдарга каршы большевиктик күрөштү талап кылышкан партиялык активдин жана партиялык массанын добушуна кулак салышкан эмес, натыйжада, эл душмандары республиканын партиялык жана советтик органдарына чейин жетекчи кызматтарга көтөрүлүшүп (Исакеев, Орозбеков, Жээнбаев, Эсенаманов, Ю. Булатов, Айылчиев жана башкалар) жана соңку мезгилге чейин а түгүл Кыргызстан КП(б) БКнын бюросунун курамында (Исакеев, Эсенаманов, Орозбеков, Жээнбаев) калышкан.

Кыргызстан КП(б) БКда азыр ашкереленишкен улутчулдар Исакеевге, Жээнбаевге, Орозбековга, Айылчиевга, Эсенамановго, Жылкыбаевге, Далбаевге жана башкаларга алардын улутчулдук контрреволюциялык иш-аракети жөнүндө жетиштүү материалдар болгон, бирок БКнын бюросу аларды ашкерелөөдө жол берилгис жайбаракаттыкты көрсөткөн, аларды партиянын катарынан чыгаруу маселени чечүүнү создуктурган, бул эл душмандарын жаап-жашыруучулук эле...

2. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин камакка алынган төрагасы Б. Исакеевдин түрмөдөн 1937-жылдын 4-декабрында Сталинге жазаган катынан:  Ушул кезге чейин кыргыздардын совхоздун жана МТСтин (алар республикада 100 гө жакын) бир да директору, бир да чарба жетекчиси жок, маданий кызматкерлер, мугалимдер, адабиятчылар, котормочулар жана ушул сыяктуулар таптакыр жетишсиз. Ушул эле убакта котрреволюциячыл улутчулдар (мурдараак камакка алынган А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, Д. Бабаханов, Р. Кудайкулов) дээрлик бардык республикалык кыргыз кызматкерлерди контрреволюциячыл социал-туран партиясына катыштыңар деп айыпташууда. Бул иш боюнча жүздөн ашуун кыргыз кызматкерлери камалды, алардын көпчүлүгү таптакыр бекеринен жапа чегип жатат жана беделине шек келтирилди. Мындай массалык камакка алуу элге түшүнүксүз. Баялы Исакеев (1897-1938)

2. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин камакка алынган төрагасы Б. Исакеевдин түрмөдөн 1937-жылдын 4-декабрында Сталинге жазаган катынан:

Ушул кезге чейин кыргыздардын совхоздун жана МТСтин (алар республикада 100 гө жакын) бир да директору, бир да чарба жетекчиси жок, маданий кызматкерлер, мугалимдер, адабиятчылар, котормочулар жана ушул сыяктуулар таптакыр жетишсиз. Ушул эле убакта котрреволюциячыл улутчулдар (мурдараак камакка алынган А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, Д. Бабаханов, Р. Кудайкулов) дээрлик бардык республикалык кыргыз кызматкерлерди контрреволюциячыл социал-туран партиясына катыштыңар деп айыпташууда. Бул иш боюнча жүздөн ашуун кыргыз кызматкерлери камалды, алардын көпчүлүгү таптакыр бекеринен жапа чегип жатат жана беделине шек келтирилди. Мындай массалык камакка алуу элге түшүнүксүз.

Баялы Исакеев

(1897-1938)

3. Этнограф З. Л. Амитин-Шапиро 1937-жылы Ташкеттеги түрмөдөгү окуялар жөнүндөгү эскерүүсүнөн:  Бизди тергөөдө кыйнашты, суткасына бир нече саат бою тозок отуна салышты. Шпиондукту моюнга алдырып жатышты. Камерлаш бир уйгур айрылган, тытылган, канаган жер жок тез эле кайтып келди. Биз, албетте, эмне болгондугун, аны эмне үчүн сабашпагандыгын сурадык. Уйгур чала моңол орусчалап айтып берди. Сен шпионсуңбу?-деди тергөөчү. Шпионмун,-дедим. Ал кой деди. Кол коюп бердим. Ал коё берди. Кийинки жолкусунда: сен кимдин шпионусуң? Японияныкыбы?-деп сурады. Японияныкы,-деп жооп бердим. Кол кой. Кет. Бүт сурак ушул.-Келесоо,-деп ачууланышты камерадагылар.-Сен өзүңө өзүң өлүм өкүмүнө кол коюп берген турбайсыңбы!-Эмне үчүн келесоомун? Силерди кыйнап жатышат, анан атып ташташат. Мени кыйнашпайт, урушпайт, анан атып ташташат. Эмне үчүн келесоомун? З. Л. Амитин-Шапиро

3. Этнограф З. Л. Амитин-Шапиро 1937-жылы Ташкеттеги түрмөдөгү окуялар жөнүндөгү эскерүүсүнөн:

Бизди тергөөдө кыйнашты, суткасына бир нече саат бою тозок отуна салышты. Шпиондукту моюнга алдырып жатышты. Камерлаш бир уйгур айрылган, тытылган, канаган жер жок тез эле кайтып келди. Биз, албетте, эмне болгондугун, аны эмне үчүн сабашпагандыгын сурадык. Уйгур чала моңол орусчалап айтып берди. Сен шпионсуңбу?-деди тергөөчү. Шпионмун,-дедим. Ал кой деди. Кол коюп бердим. Ал коё берди. Кийинки жолкусунда: сен кимдин шпионусуң? Японияныкыбы?-деп сурады. Японияныкы,-деп жооп бердим. Кол кой. Кет. Бүт сурак ушул.-Келесоо,-деп ачууланышты камерадагылар.-Сен өзүңө өзүң өлүм өкүмүнө кол коюп берген турбайсыңбы!-Эмне үчүн келесоомун? Силерди кыйнап жатышат, анан атып ташташат. Мени кыйнашпайт, урушпайт, анан атып ташташат. Эмне үчүн келесоомун?

З. Л. Амитин-Шапиро

4. И. П. Лоцмановдун «Жыйырма жыл күжүрмөн кызматта» деген макаласынан:  Жол. Ежовдун жетекчилиги астында эл душмандарын Кыргызстанда талкалоо ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Узак мезгил бою бул жерде троцкийчилер-белоцкийчилер, стамблерлор, чистяковдор жана башкалар, оңчул бухаринчил салпаяктар-щербаковдор, шахрайлар, прохоровдор, буржуазиялык улутчулдар, чет өлкөлүк чалгындоолордун шпиондору-аммосовдор, абдрахмановдор, исакеевдер, орозбековдор, камбаровдор тымызын кара ниет иш жүргүзүп келишкен... Алардын күч-аракеттери текке кетти. Кыргыз эли өзунүн бардык душмандарынын тамырын түбүнө чейин жулат жана аёосуз жок кылат, алардын бузуп-жаргыч ишинин кесепетин жоёт...  Ф. Э. Джержинский жана Н. И. Ежов тарбиялаган чекист-ички иштер эл комиссариатчыларынын коллективи элдин ишенимин актоо, бардык душмандарды тыптыйпыл талкалоо үчүн өзүнүн бардык күчүн жумшайт.  Эл душмандары ал канчалык терең жана кылдат жашырынбасын, НКВДнын жазалоочу колунан чыга албайт»,

4. И. П. Лоцмановдун «Жыйырма жыл күжүрмөн кызматта» деген макаласынан:

Жол. Ежовдун жетекчилиги астында эл душмандарын Кыргызстанда талкалоо ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Узак мезгил бою бул жерде троцкийчилер-белоцкийчилер, стамблерлор, чистяковдор жана башкалар, оңчул бухаринчил салпаяктар-щербаковдор, шахрайлар, прохоровдор, буржуазиялык улутчулдар, чет өлкөлүк чалгындоолордун шпиондору-аммосовдор, абдрахмановдор, исакеевдер, орозбековдор, камбаровдор тымызын кара ниет иш жүргүзүп келишкен... Алардын күч-аракеттери текке кетти. Кыргыз эли өзунүн бардык душмандарынын тамырын түбүнө чейин жулат жана аёосуз жок кылат, алардын бузуп-жаргыч ишинин кесепетин жоёт...

Ф. Э. Джержинский жана Н. И. Ежов тарбиялаган чекист-ички иштер эл комиссариатчыларынын коллективи элдин ишенимин актоо, бардык душмандарды тыптыйпыл талкалоо үчүн өзүнүн бардык күчүн жумшайт.

Эл душмандары ал канчалык терең жана кылдат жашырынбасын, НКВДнын жазалоочу колунан чыга албайт»,

Тема боюнча суроолор: 30-жылдары өнүгүүнүн альтеративдүү жолунун тарапкерлери кимдер болгон? Алардын андан кийинки тагдыры кандай болду? Массалык жазалоор кимдерге каршы багытталган жана ал саясат кандай максатты көздөгөн? Массалык жазалоолор коомдун өнүгүшүнө кандай таасир тийгизди жана анын натыйжалары кандай болду? Өзүңдүн айылыңда, районуңда, шаарыңда массалык жазалоолордун курмандыктары жөнүндө аңгеме, реферат даярда. 30-жж. коомдогу кырдаалга анализ берүүгө аракеттен.

Тема боюнча суроолор:

  • 30-жылдары өнүгүүнүн альтеративдүү жолунун тарапкерлери кимдер болгон? Алардын андан кийинки тагдыры кандай болду?
  • Массалык жазалоор кимдерге каршы багытталган жана ал саясат кандай максатты көздөгөн?
  • Массалык жазалоолор коомдун өнүгүшүнө кандай таасир тийгизди жана анын натыйжалары кандай болду?
  • Өзүңдүн айылыңда, районуңда, шаарыңда массалык жазалоолордун курмандыктары жөнүндө аңгеме, реферат даярда.
  • 30-жж. коомдогу кырдаалга анализ берүүгө аракеттен.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!