СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Генезис термини

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Генезис

 

Генезис (грек. genesis – пайда болуу, жаралуу, орун алуу). Алгач Генезис термини байыркы грек мифологиясында колдонулган. Кийинчерээк философиянын (Фалес, Гераклит, КантГегель ж. б.) ошол эле табият илимдеринин (Кант-Лапластын космогоникалык гипотезасы, Дарвиндин эволюциялык теориясы) алкагына тараган.

Материалисттик философияда Генезис түшүнүгү көп учурда жаңы нерсенин пайда болуусунун өбөлгөсүн эски нерсенин (же көрүнүштүн) ошол өбөлгөлөрдүн негизинде пайда болгондугун белгилөө болуп эсептелет.

Мифология (байыркы грекче «миф» уламыш, болумуш жана «логос» - сөз, аңгеме; илим) мифтерди чогултуп жана аларды изилдөөчү илим. Алгачкы коомдогу адамдардын өздөрүн курчап турган дүйнөгө болгон эң жөнөкөй фантастикалуу түшүнүктөрү: мисалы, бардык элдердин өнүгүүсүнүн алгачкы мезгилдеринде пайда болгон. Мифологиянын чагылышына адамдардын эң алгачкы диндик түшүнүктөрү: фетишизманимизмтотемизммагия жана башка чоң таасирин тийгизген. Адамдар ар кыл табият кубулуштарын түшүндүрүүгө дүйнөнүн жаралышы, күн, жылдыз, ай, адам, деңиз, суу, жаныбарлар, өсүмдүк, жаратылыштагы кырсыктар жана башка жөнүндө көптөгөн мифтерди чыгарышкан. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында ошондой эле «Манас» эпосунда да мифтик окуялар, түшүнүктөр жаныбарлар дүйнөсү менен байланышкан мифологиялык сюжеттер кеңири чагылдырылат.

Уламыш, улама, аңыз – элдик оозеки чыгармачылыкта кеңири тараган жанр. Бир топ белгилери тарабынан легендага өтө жакын турат, бирок айырмалануучу бөтөнчөлүгү бар, ал – тарыхый инсандар, тарыхый окуялар, көрүнүштөр тууралуу, жер-суу аттарынын келип чыгышы жөнүндө тарыхый баяндоого, чындыкка жакыныраак чечмелөөгө аракет кылынгандыгы жагынан легендага караганда фантазиядан бир топ четтейт. Демек жомоктордон жана легендалардан турмуш-тиричиликтин маселелерин, тарыхый негизи бар окуяларды көрсөткөндүгү менен айырмаланат. Кыргыз уламыштары тематикасына карап, жалпысынан эки чоң топко – тарыхый (Чыңгыз хан, Аксак Темир, Жантай, Шабдан, Курманжан датка тууралуу уламыштар) ж-а топонимикалык (Бишкек, Ысык-Көл, Долон, Байтиктин боз бөлтөгү, Өзгөн, Ак-Буура, Сан-Таш ж.б. жер-суу аттарынын келип чыгышын чечмелеген аңыз кептер) уламыш деп бөлүнөт. Бирок легенда, жомок, уламыш деген түшүнүктөрдү так чек аралап бөлүүгө мүмкүн болбогон учурлар кездешет, демек мындай бөлүштүрүү бир топ шарттуу.

Философиялык көз карашта, уламыш – адамзатынын өзүн таануусунун алгачкы жолу. Уламыш байыркы калктардын аң-сезиминин жалпылуу калыбы. Уламыштарда адамдарга жана жаратылышка өзгөчө касиеттерди энчилөө орун алган. Уламыш - адам баласынын жашоо маани-маңызын издөөгө болгон алгачкы кадамы. Философия Кыргыз эл уламыштары(4 Май (Бугу) 2012)

Фетишизм (фр. fetiche – идол, талисман, керемет) – өзгөчө, табийгаттан тышкаркы күчкө, сыйкырга ээ, жансыз предметтердин (фетиштер) культу, аларга сыйынуу, ишенүү. Алгачкы общиналык түзүлүш мезгилинде бардык эле элдерге мүнөздүү. анын сакталган калдыктары катары – тумар, көз мончок коргоочу күчүнө ишенүүчүлүк саналат.

Фетишизм «Манас» эпосундагы— адамдарга тиешелүү сапаттарды буюмдарга, нерселерге да таандык кылып, алардын кереметтүү күчүнө ишенген көз караш. Фетиш нерселердин (мисалы, тумар, крест) адам тагдырына таасир берүүчү кереметине ишенүүдөн көрүнөт. Ошондой эле байыркы адамдардын дүйнө таануу жана түшүнүү жаатындагы мифологиялык-фантастикалык ой жүгүртүүгө негизделген идеологиянын өзгөчө бир формасы болуп эсептелет. Ал адамдарга гана мүнөздүү сапаттарды тигил же бул буюмга, нерсеге таандык кылып, алардын адаттан тыш керемети бар деген диний ишенимге таянган көз караш катары пайда болгон жана жашаган. Фетишизм көптөгөн элдердин коомдук аң-сезиминде туруктуу орун алып, алардын материалдык жана маданий өнүгүшүнө өз таасирин тийгизген. Диний-мифологиялык мындай түшүнүктөр менен ишенимдер кыргыз элинде да жашап келген жана анын калдыктарын «Манас» эпосунан кеңири жолуктурууга болот. Фетиштик көз караштар менен ишенимдер Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Саякбай Каралаевдин варианты вариантында туруктуу орун алган, ошону менен бирге эпостун байыркылык негиздерин бекемдейт. Байыркы адамдар буюмдун жана нерсенин керемет күчүнө табынышы жана ал ишенимдин бир айныксыз фактысы катарында эпикалык душмандардын бутка же бурканга (табына турган сүрөт же тулку, идол) сыйынгандыгын көрсөтүүгө болот. Эпостогу колдонулушу, мааниси жагынан бут бурканга жакын, бирок экөөнүн айырмасы бар. Контекст боюнча буркан чоң, ал эми бут көлөмү боюнча андан кичине. Ошондуктан, аны кээде жанга салып жүрүүгө болот. «Манаста» бут жана буркан калмак-кытайлардын кудайынын сөлөкөтү катары сүрөттөлөт. Бул эпикалык душмандардын байыркы ишеними, көз карашын элестүү чагылдыруу менен эпостун мазмунунун ар тараптуулугун, көп катмардуулугун, тарыхый деталдардын так берилишин көрсөтүү менен архаикалык аң-сезими менен бекем байланыштыгын аныктайт. Бут же буркандын керемет касиетине ишенүү Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири орун алып, образдуу баяндалган. Атап айтканда, эпикалык башкы терс каарман Нескара арык каздырып жаткан эпизоддо бут жөнүндө маалымдалат. Буттун көрүнүшүндө «анын бултуюп, эки уурту дулдуюп» турушу, келбетин жана башын алтындан, көзүн көөхардан, колдорун забар менен зерден, тиштерин инжиден, эрди-мурду зумуруттан жасалгандыгы сыпатталат да, ага башын уруп, анын «айтканын» жасап турууга милдеттүү экендиги баяндалат. Ал эми аны жамандоо, ага терс мамиле жасоо адам баласына жамандык, кырсык алып келиши мүмкүн экендиги эскерилет. Адамдын башына келген түрдүү оор, кысталыш учурларда бут же буркан өз керемети менен аларды сактап кала тургандыгы жөнүндө ишеним айтылат. Бут менен буркандын касиетине, колдоочулук кереметине ишенүү мотиви эпикалык душмандардын аракеттеринде, баталдык сценаларда конкреттүү окуялар менен бекемделип жүрүп олтурат. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Кошой менен күрөшөрдө Жолой өзүнүн бурканына сыйынып, колдоо күтөт. Ошондой эле Коңурбай Манас жана анын баатыр чоролору менен кандуу кагылышка чыгардын алдында бутка же бурканга сыйынат. Бул фетиштик көз караш «Манас» баатырдын тегерегинде өткөн окуяларда активдүү пайдаланылат.

Анимизм – бардык нерселерде, кубулуштарда жашырынып жата турган жана аларды «башкара» турган жаратылыштан тышкары фантастикалык күч жана рух бар деп ишенүү, аларга дин катары кароо, аны жактаган диндик мистикалык агым. Анимизм христианбуддизм жана ислам диндеринин бир бөлүгү катары да таанылган.

Анимизм (лат. animus — жан, рух) — материалдык жана материалдык эмес бардык нерселер менен кубулуштар сыйкырдуу, керемет күчкө эгедер, алардын үстүнөн башкарып турган жандардын бар экенине карата болгон ишеним. Анимисттик көз караш боюнча бүт табигат ак санатай же кара санатай рухтар менен курчалган, ал эми табияттын кара күчтөрү фантастикалык рухий күч катары эсептелет. Кишилер тоо-ташка, бадалдарга, дарактарга, аска-чокуларга, күнгө, ай-жылдызга, жерге, сууга, отко, булактарга жана башкалар сыйынышкан. Ошолордун эгесине арнап курмандык чалышкан. Анимисттик ойлоонун элементтери «Манас» эпосунда да орун алган. Анимизмдин негизги жоболорунун бири асман, жер жана суу эгесине, анын колдоочулугуна, зыян келтирүүчүлүгүнө ишенүү. Манастын төрөлүшү Жакыптын Теңир эгесине бала сурап жалынуусу жана ага арнап мал союп курман чалуусу менен мотивдештирилет. Каармандар бири-бирине болгон ишеничти, актыкты, берилгендикти далилдөө жана душмандар менен согуштарда жеңишке жетишүү үчүн Теңирлерге табынышат. Ошол себептен сюжеттик окуянын өнүгүшүндө, каармандардын мүнөзүн берүүдө «төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун» деген ишеним кайталанып отурат. Каармандардын ой-тилегинин ишке ашпай калышы, согуштан жеңилиши, айрым жаңылыштыктары да Теңирдин каргышы менен байланыштырылат. Эпостун «Манас» бөлүмүндөгү мындай архаикалык ишенимдер «Семетей» менен «Сейтекте» улантылат. Ааламды үч баскычка, үч башка дүйнө, жашоо катары түшүнүү адаты да анимисттик аң-сезимдин бири болуп саналат. Атап айтканда жер асты, жер үстү жана асман мейкиндигине адамдардын жашоосунун мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү байыркылык ой-пикир «Манас» эпосунда образдардын бири Эр Төштүктүн окуяларына байланыштуу чагылтылат. Адам денеси менен жанынын айырмачылыгы, жандын түбөлүк өлбөстүгү, анын башка формада жашашы өңдүү түшүнүктөр да анимисттик ойлоонун табигый жемиши. Жакып уулу Манастын «чымындай жанынын амандыгын тилеши», Бооң аяр менен болгон урушта (Сагымбай Орозбаковдун вариантында) Ошпур анын кардын канжар менен жарса, кан ордуна суу чыгып, түтүн бөлүнүп, башын денесинен ажыратып, атка сүйрөтсө да жан чыкпай, атүгүл Бооңдун кесилген башы сүйрөгөн дененин артынан ээрчиши тек гана Ырдык аярдын дуба окуганында «көк түтүн чыгып буркурап, азыр турган токсон миң, түтүнүнөн көрө албай жүдөп чуркурап» (Сагымбай Орозбаков, 2.114) турушун баяндаган окуялар эпостогу анимизмдин белгилери болуп саналат. Анимисттик ойлоонун өзүнчөлүгү катарында же бул көрүнүштүн руху жөнүндөгү түшүнүктөрдүн иштелиши жана ошого байланыштуу кыялый образдардын да орун алышын көрсөтүүгө болот. «Манас» эпосундагы монументтүү эпикалык баатырды колдоп жүргөн, багыт берген, душмандардан, түрдүү кырсыктардан сактаган пирлер Кырк чилтен, Кыдыр, Баба Дыйкан, Ойсул-Ата, Камбар-Ата, Шаймердендер анимизмдин эпостун образдык системасына, идеялык өзөгүнө, көркөмдүүлүгүнө бир кыйла таасир эткен. Эпостогу анимисттик аңсезимдин мыйзам ченемине ылайык бул фантастикалык-мифтик портреттик мүнөздөмөлөрү сырткы көрүнүшү, аткарган милдеттери боюнча биринен бири кыйла айырмаланып турат. Эпикалык баатырлар Алмамбет менен Чубактын жана башкалар элесин, монументтүүлүгүн жаратууда да анимисттик катмар, образдар жана түшүнүктөр ийкемдүү түрдө кызмат кылат. Эпостун «Семетей» бөлүмүнүн негизги окуяларынын дээрлик бардыгында Кызыр, Кырк чилтендин колдоочулук кызматы көрүнөт. Каныкейдин Тайторуну чабышында анын биринчи келиши, Семетейдин Таластын суусун кечиши, Күлчоро Кара-Үңкүрдө түнөп калганда өзүнчө аян бериши сыяктуу эпизоддордо да анимизмдин көрүнүштөрү чагылдырылат. «Сейтек» поэмасында мындай анимисттик демонологиялык образдар, түшүнүктөр айрым гана окуялардын тутумунда берилип, пассивдүү катышат. Эпостогу салттык мотив боюнча жаңы төрөлгөн Сейтекке эч ким ылайыктуу ысым коё албай турганда Кызыр ат коюп берет. «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүндөгү Айчүрөктүн түпкү теги, Семетейдин кайып болушу жана Желмогуз уулу Сарыбайдын окуяларын баяндаган эпизоддорду да анимисттик ойлоонун туундусу катары эсептөөгө болот.

Тотемизм (гр.— башталыш, негиз деген мааниде) — адамзат коомунун өнүгүшүнүн алгачкы баскычындагы элдин мифологиялык түшүнүгү. Алар адамды кайсы бир өсүмдүк же жаныбар, же предмет менен байланыштуу дешип, алардын жашоо шартын ошолор менен байланыштырышкан. Ошондуктан урууларды бугу, бору, багыш ж. б. деп аташкан. Элдин тотемдик түшүнүгү, табият сырларына карата ушундай көз карашы, кыргыз фольклорунун көп жанрларында, өзгөчө макал-ылакаптарда, жомоктордо, легендаларда, эпостордо («Эр Төштүк» менен «Кожожашта») сакталып калган.

Тотемизм — уруучулук коомдогу диний ишенимдердин жана каадалардын жыйындысы, диндин байыркы формасы. Анын негизги өзгөчөлүгү катары адамдардын тигил же бул уруунун, жаныбарлардын пайда болушун, тегин айрым жаныбарлар, өсүмдүктөр менен тикеден-тике байланыштуу түшүндүрүү, анын ыйыктыгына, кереметтүүлүгүнө ишенүү болуп саналат. Тотемдик түшүнүктөр уруулук коом үчүн гана мүнөздүү болгон. Ошондуктан, тотемизм байыркы убакта дүйнөдөгү көп элдерге тарап, алардын материалдык жана маданий турмушуна өз таасирин тийгизген. Бир тотемдин тукуму делинип эсептелген уруу же топ өз ич ара кыз алып, кыз беришпейт. Кээ бир элдер тотем жандыктын этин жешпейт. Тескерисинче, айрым элдерде тотем жандыктын эти касиеттүү күч-кубат берет деген ишеним бар. Мына ушундай көз караштардын түрк, моңгол, иран урууларындагы чагылдырылышына жылкы, бука, ит, бөрү, төө, бугу, буура, короз жана башкалар жаныбарлардын культу менен тыгыз байланышкан. Байыркы чыгыш түрк — Орхон-Эне-Сай жазууларында кыргыз жана башкалар түрк элдери тарабынан тотем катарында урматталган жаныбар илбирс менен карышкыр жана башкалар жаныбарлар айтылат. Бөрү байыркы көк түрктөрдүн тотеми болгонун И. Бичурин белгилейт. Ал эми бул салттуу тотемдик түшүнүк « Манас » эпосунда да колдонулат. Эпостун башкы каарманы Манастын туруктуу эпитеттеринин бири «көк жал», «көк бөрү» болуп берилет. Кошойдун «кыргыздарды кырк уруу бөрү» сыпатында мүнөздөшү, Манастын көк бөрү болуп кубулган кырк чилтенге жолугушу, анын батасын алып, дамамат колдоого ээ болуп жүрүшү өңдөнгөн мотивдер байыркы тотемдик ишенимдин эпостун жалпы мазмунуна, көркөмдүк деңгээлине, образдык системасына белгилүү таасир тийгизгенин күбөлөйт. Түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин эпикалык эстеликтеринин баарында, анын ичинде «Манаста» оор акыбалда калган каармандарга жана башкалар бардык эле баатырларга адамча сүйлөп, кеп-кеңешин айткан акылдуу аттын образы эң эле кенен тараган. Аттын куйрук-жалы, көкүлү, эти адамдарга күч-кубат, кайрат берчү касиетке эгедер тумар (көз тумар) катары кызмат өтөйт. Кыргыздардын түшүнүгүндө, көз карашында тотемизм туруктуу түрдө орун алып, фольклордук чыгармалардан эпос, жомок, санжыра, уламыш өңдүү жанрларында, алардын идеялык-тематикалык мазмунунда чагылган. Тотемдик ишеним, көз караштардын, образдардын өзүнчө бир катмары «Манас» эпосунда да жолугат. Бул өзгөчө эпикалык чыгарманын байыркылыгын, анын өсүп-өнүгүү кырдаалын аныктоого мүмкүндүк берет. Ошону менен катар тотемдик ишенимдер менен түшүнүктөр, образдык туюнтмалар Сагымбай Орозбаковдун варианты жана Саякбай Каралаевдин варианты вариантынын эпикалык жалпы мазмундуулугун, көркөмдүк даражасынын байышына да активдүү таасир тийгизет. Кыргыздардын тотемдик түшүнүгүндө кайберен эчки-теке, элик, аркар-кулжа, бугулардын пири, колдоочусу болуп саналат. Бул түшүнүктү манасчылардын эпостун лексикасында кеңири пайдаланышы, эпикалык каармандардын ууга чыгуу окуяларында кайталанышы анын фольклордук чыгарманын өзөгүндө тотемизмдин белгилүү түрдө орун алгандыгын аныктайт. Кайып же кайберендин кереметтүүлүгүн көрсөтүү мотиви ага садага чабуу, курмандык жасоо ырым-жырымдары менен кошо коштолот. Маселен, Жакып кандын кыргыздарды топтоп, Алтайдан Ала-Тоого көчүүгө өз ара макулдашканын баяндаган окуяда алардын «кыбылага карашып, кол көтөрүп буркурап, Адил бааша тагы үчүн, Кайып Эрен бак үчүн» бата кылып мал союу жөрөлгөсү аткарылат. Кыргыздардын кайберенге, кийиктердин пири кайыптын, колдоочулук мүмкүнчүлүгүнө ишенүүсү башкы каарман Манастын образында да колдонулат. Эпостун «Семетей» бөлүмүндө да кайыптын, кайберендин колдоочулук милдети өзүнчө бир чоң ынтаа, күчтүү пафос менен берилет. Мында адам баласы менен жаныбарлар дүйнөсүнүн ортосундагы биримдик, алака чоң философиялык жалпылоого көтөрүлүп чыгат. Маселен, Семетей менен Чыйырдыны алып Букарга качып бараткан жолдо ыйык Байтерекке токтогондо тотемдик дарактын жана Бугунун колдоо көрсөткөн учуру эпосто мындайча сүрөттөлөт:

Атасынан баласын

Колдоп эле жүргөн пири экен,

Ошондо он эки айры ак бугу,

Чуркап жетип келди эле,

Бешиктеги беренин —

Семетейди көрдү эле.

Эмчегин берип ал бугу,

Мойнун гана бөлөк буруптур,

Бу баланын өзүнө

Эмчегин берип туруптур (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 52).

Бугу жөнүндөгү бул байыркы түшүнүк көп кылымдардан бери сакталып келаткан болууга тийиш. Кыргыздардын Ысык-Көлдө жашаган бугу уруусу өзүнүн чыгыш тегин бугудан алып, аны урматтап, ыйык эсептегени байыркы тотемдик түшүнүктүн калдыгы. Эпикалык башкы каармандардын минген аттары, тулпарларынын күлүктүгү, чыдамкайлыгы, акылдуулугу, адамдын ишенимдүү жолдошу катарында сүрөттөлүш сапаттары, артыкчылыктары да дал ушул тотемдик нукта түшүндүрүлөт. Атап айтканда, эпостогу Манастын Аккула, Тайбуурул, Чубактын Көгала, тулпарларынын туулушу, артыкчылыгы кайып менен тикеден-тике байланышта интерпретацияланат. Мындай мотив «Семетейде» да толук сакталат, башкача айтканда баатырдын тулпары Тайбуурулдун туулушу, артыкчылыгы ушундайча түшүндүрүлөт. Мааникердин теги «энеси аркар жел кайып, атасы тулпар чөл кайып» катарында сүрөттөлсө, ал эми эпикалык баатыр Чубактын Көгала сындуу тулпарын Кызыр ата өзү келип тартуулайт. Аны атайын Чубак үчүн багып, даярдап жүргөндүгү баяндалат. Манас атасы Жакыпка тарынып кетип, ак сакалчан Кызыр менен эгин айдаганда ал Манаска Карача кандын жылкысында баатырга ылайык тулпар туулганынан кабар берет. Тотемдик көз караштардын калдыктарынын бир көрүнүшү катары жылкы, төөнүн пирлерин, алардын кысталыш учурда ээлерин коргоп жардам бергендигин көрсөтсө болот. Ошондуктан, эпикалык баатырлар Манас көчкөндө, душмандарды жеңгенде ырымдап жылкы атап, Камбарбозду курмандыкка чалышат. Демек, малчылык менен оокат кылган адамдар үйүрдөгү мыкты жылкыларын Камбар ата, Камбар боз деп атоо салтка айланып калган. Мына ушундай эле түшүнүктү, тотемдик колдоочулукка ишенүү салты төөгө, уйга, койго таандык кылып сүрөттөө мотиви эпостук окуялардын жүрүшүндө көп эле жолу жолугат. «Манас» эпосунда Акбалтанын талаадагы жайылган төөлөрүн карап жүрүп, төл малы «Ойсул ата куу каймалдын өркөчүнөн Чубакты табышын» баяндаган эпизод жана Кызырдын атайы Манасты тосуп туруп, ага желгенине жел жетпеген, басканына мал жетпеген «булуттай учуп сыдырган, төгөрөктүн төрт бурчун, төрт күн койбой кыдырган», «кырк асый Желмаянды тартууга беришин чагылдырган окуялар баатырдын төрөлүшүн, негизги каармандардын башка каармандардан айырмаланган мүлккө, колдоочулукка ээ болушун фантастикалык маанайда сүрөттөө гана эмес, ошондой эле тотемдик ишенимдер менен эпикалык каармандардын ортосундагы өтмө катар байланышты да чечмелөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Эпостогу терс каарман Эсенкандын Манас баатырдын колунун келе турган жолуна куу кулжа, куу түлкү жана куу өрдөктү кароол коюшу жана зоогонистикалык жана антропоморфтук касиеттердин эриш-аркак берилиши, алардын өзгөчөлүктөрү кандайдыр бир деңгээлде тотемдик ишенимдердин натыйжаларынын көркөм иштелиши катарында кабыл алынат. Кумайыкты иттин пири, колдоочусу катары кабыл алуу жана анын кереметтүүлүгүнө, ыйыктыгына ишенүү салты кыргыздардын аң-сезиминде бекем орногон. Ошол себептен анын туулушу, өсүшү, жеке артыкчылыктары атайы фантастикалык ыкмада чечмеленет. «Манас» эпосунда Манастын ууда жүрүп Желмаянды, эртеси «Жаңгактуунун керүүдөн, Кум-Булактын белинен кол башындай көзү ачылбаган сур күчүк таап алышы», анын ырым-жырымына ак боз бээ союшу өңдүү эпизоддор жолугат. Табылган күчүккө Бакайдын Кумайык деп ат коюшу жана аны багуунун жол-жоболорун кыргыздардын итке болгон тотемдик ишеними жатат. Байыркы кыргыздарда орун алган тотемдик ишеним боюнча «Кумайык иттен эмес жорудан туулат, ал үч күнгө чейин күчүк түрүндө жатат, үч күнгө чейин адам таап албаса, ал кушка айланып кетет» деген элдик түшүнүк жана аны багып, тарбиялап өстүрүү жөрөлгөлөрү жөнүндөгү көз караштар поэтикалык формада эпостон орун алган. «Манас» бөлүмүндөгү мындай тотемдик түшүнүктөр «Семетейде» өз ыргагынан жанбайт. Өздөрүнүн тотемдик касиеттери, сапаттары, жеке өзгөчөлүктөрү менен эпостун идеялык-көркөмдүк деңгээлинин артылышына көмөк көрсөтүшөт. Тотемдик ишенимдер эпостун «Манас» жана «Семетей» бөлүмдөрүндө окуянын жалпы өнүгүш ыргагын бузбастан, тескерисинче, эпикалык башкы баатырдын образынын монументалдуулугун көтөрүүдө айрыкча роль ойнойт. Архаикалык ой жүгүртүүнүн тотемдик түрүнүн мындай калдыктары жана элементтери «Сейтек» бөлүмүндө азыраак. Тайбуурул, Акшумкар, Кумайыктын Семетей менен кошо кайып болушу, Куялынын атасынын Кайып ысмын алып жүрүшү Кыястын Тоотору атынын адамча ой жүгүртүүсү сыяктуу мисалдарды келтирсе болот. Себеби, «Сейтек» «Манас» жана «Семетей» бөлүмдөрүнө караганда трансформацияга көбүрөөк дуушар болгону, пайда болуш мезгили, сүрөттөө окуялары боюнча кийинки доордун натыйжаларына таасирленгени, архаикалык көз караштын таасирине аз чалдыкканы менен түшүндүрүлөт. Тотемдик түшүнүктөр Сагымбай Орозбаковдун вариантына караганда Саякбай Каралаевдин варианты вариантында кыйла кеңири колдонулуп, фольклордук чыгарманын идеялык, образдык негиздерине активдүү аракет кылып, өзүнчөлүктөргө ээ. Мына ушинтип илгертен айтылып жүргөн уламыштардагы, жомоктордогу урууну сактоочу жана УРУУ сыйынган тотемдер кийинчерек эпостордо келечекте баатыр боло турган баланын төрөлөрүн алдын ала айта турган сыйкырдуу чалга айланган. Бул «Манас» эпосундагы Чыйырдынын түшүнө кирген чал айткандан түшкө кирген чал келечектеги баатырды сактоочу сыйкырдуу атасы (тотем) болуп саналат. Кийин тектеш түрк элдеринин арасына ислам дини таралышына байланыштуу мурунку сыйкырчы чал (тотем) Кызыр алейсаламга, Азиретаалыга, Шаймерденге айланып диндик мааниге ээ болуп кеткен. Мисалы, эпостун бардык варианттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон кездерде көбүнчө шаймердендин жана кырк чилтендин колдоосу менен аман калат. Ошондой эле баатырдык эпостун эволюциялык өнүгүшүнүн кийинки этаптарында мурунку тотем — жырткыч айбандар менен кыраан куштардын аттары каармандардын кыймыл-аракеттерин туюндуруучу көркөм каражаттардын милдетин аткарып калган.

Магия (гр. mageia – сыйкыр) – дүйнөгө (жаратылыш кубулуштарына, адамдарга, рухтарга) табияттан тышкаркы жолдор менен таасир берүүгө чакырылган сыйкырчылык, арбоочулук, көз байлоочулук, ырым-жырымдар. магиялык аракеттердин ар кандай түрлөрү жамааттын жашоо-тиричилигинин ар кандай жактары менен байланышкан. Магия тиричиликтик магия (жамгыр чакыруучу, күндүн көзүн байлоочу аңчылыкта жолдуулукту камсыз кылуучу ырым-жырымдар), дарылоочу магия, зыян келтирүүчү магия («жолдон чыгаруу», «кара магия») жана башкалар.

 

 

Табигый кубулуштар

Табигый кубулуштар деген эмне? Эмне алар? Ушул суроолорго жоопту ушул макаладан таба аласыз. Материал курчап турган дүйнөнү сабакка даярдоодо жана жалпы өнүгүүдө да пайдалуу болушу мүмкүн.

Бизди курчап турган жана адамдын колу менен жаратылбаган нерселердин бардыгы табият.

Жаратылыштагы бардык өзгөрүүлөр жаратылыш кубулуштары же табигый кубулуштар деп аталат. Жердин айлануусу, анын орбитадагы кыймылы, күндүн жана түндүн өзгөрүшү, мезгилдердин алмашуусу жаратылыш кубулуштарына мисал боло алат.

Жылдын төрт жаз,жай,күз, кыш өзгөчө убактыларын мезгилдер деп аташат. Демек, мезгилдердин өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кубулуштар мезгилдик кубулуштар деп аталат.

Табигат, өзүңүз билесиз жансыз жана тирүү.

Жансыз жаратылышка: Күн, жылдыздар, асман телолору, аба, суу, булут, таштар, минералдар, топурак, жаан-чачын, тоолор кирет.

Тирүү жаратылышка өсүмдүктөр (бак-дарактар), козу карындар, жаныбарлар (жырткычтар, балыктар, канаттуулар, курт-кумурскалар), микробдор, бактериялар жана адамдар кирет.

Бул макалада биз  жазгы, жайкы, күзгү жана  кышкы кубулуштарды жандуу жана жансыз жаратылышта көрөбүз.

 

Жаратылыштын жазгы кубулуштары

 

Жансыз жаратылыштагы жазгы кубулуштардын аталыштары

• Муздун жылышы - эриген дарыялардагы муздун агымы боюнча жылышы.

• Кардын эриши - кар эрий баштаганда табигый көрүнүш.

• Эриген тактар ​​эрте жаздагы көрүнүш, кардын эриген жерлери пайда болот, көбүнчө бак-дарактардын айланасында.

• Суу ташкыны - бул дарыянын суу режиминин жыл сайын кайталануучу фазасы, ал суунун деңгээлинин жогорулашы менен мүнөздөлөт.

• Жылуулук шамалдары - жаздын суук түнү менен салыштырмалуу жылуу күндүн ортосунда пайда болгон температуранын айырмачылыгы менен байланышкан шамалдын жалпы аталышы.

• Биринчи күн күркүрөйт - булут менен жер бетинин ортосунда электр разряддары пайда болгондо атмосфералык кубулуш - чагылгандын коштоосунда чагылган болот.

• Кардын эриши

• Дарыянын шылдыры

• Тамчылар - чатырлардан, бак-дарактардан кар эрип жаткан тамчылары.

 

Жапайы жаратылыштагы жазгы кубулуштардын аталыштары

• Эрте гүлдөгөн өсүмдүктөрдү гүлдөө (бадалдар, бактар, гүлдөр)

• Курт-кумурскалардын көрүнүшү

• Миграциялык куштардын келиши

• Өсүмдүктөрдөгү шире агымы - башкача айтканда, анда эриген суунун жана минералдардын тамыр системасынан жер үстүндөгү бөлүгүнө жылышы.

• бүчүрлөрдүн ачылышы

• Гүлдүн бүчүрдөн чыгышы

• Жалбырактардын көрүнүшү

• Birdsong

• жан-жаныбарлардын көбөйүшү төлдөшү

• Аюу менен кирпи кышкы уйкудан кийин ойгонушат

• Жаныбарлардын жундөрү - кышкы көйнөктү тикенге алмаштыруу....

 

 

 

Жансыз жаратылыштагы жаратылыштын жайкы кубулуштары

• Күн күркүрөө - булут менен жер бетинин ортосунда электрдик разряддар пайда болгон учурдагы атмосфералык кубулуш - чагылгандын коштоосунда чагылгандай болот.

• Чагылган - бул, адатта, күн күркүрөп жатканда пайда болушу мүмкүн болгон, атмосферадагы ири электр учкуну жана жаркыраган жаркыроо менен коштолот.

• Зарница - алыскы күн күркүрөгөндө горизонтто бир заматта жаркырайт. Бул көрүнүш, эреже катары, караңгыда байкалат. Күндүн күркүрөгөнү угулбайт, бирок чагылгандын чагылуулары көрүнүп турат, алардын жарыгы кумулонимбус булутунан чагылдырылат (негизинен алардын чокулары). Эл арасында бул көрүнүш жай мезгилинин акырына, оруп-жыюунун башталышына байланыштуу болгон жана кээде нан бышыруучу жай деп да аталат.

• Күн күркүрөө - бул чагылгандын коштоосундагы атмосферадагы үн кубулушу.

• мөндүр - муз бөлүктөрүнөн турган жаан-чачындын бир түрү.

• Радуга - абада токтогон суу тамчыларында күн нурунун сынышынан келип чыккан эң кооз жаратылыш кубулуштарынын бири.

• Нөшөрлөп жааган жамгыр - нөшөрлөгөн жамгыр.

• Жылуулук - бул атмосферанын күндүн нурлары менен ысытылган ысык аба менен мүнөздөлүүчү абалы.

• Шүүдүрүм - эрте менен салкын киргенде өсүмдүктөргө же топуракка нымдын майда тамчылары.

• Жайкы жылуу жамгыр

 

Жапайы жаратылыштагы жайкы жаратылыш кубулуштары

• Чөп жашылга айланат

• Гүлдөр гүлдөйт

• Токойдо козу карындар жана мөмөлөр өсөт

 

 

Жансыз жаратылыштагы күзгү кубулуштар

• Шамал - бул жердин бетине параллель кыймылдаган абанын агымы.

• Туман - бул жердин бетине “түшкөн” булут.

• Жамгыр - булуттардан суюк тамчылар түрүндө түшүүчү атмосфералык жаан-чачындын түрлөрүнүн бири, анын диаметри 0,5-5-7 мм чейин.

• Шалма - нымдуу аба ырайында жамгырдан жана кардан пайда болгон суюк ылай.

• Аяз - жердин бетин жана андагы башка объектилерди нөлдөн төмөн температурада каптаган муздун катмары.

• үшүк - 1 градус сууктан 3 градуска чейин суук.

Күзгү дрейф - суу сактагычтар тоңо баштаганда агымдардын же шамалдын таасиринде дарыялардагы жана көлдөрдөгү муздун жылышы.

 

Жапайы жаратылыштагы күзгү кубулуштар

• Жалбырактын түшүшү - дарактардан жалбырактардын түшүшү.

Түштүккө куштардын учушу

 

 

Жаратылыштын кышкы кубулуштары

Жансыз жаратылыштагы кышкы көрүнүштөрдүн мисалдары

• Кар - кыш мезгилиндеги жаан-чачындын кристалл же үлпүлчөк түрүндөгү түрү.

• Кар жаашы - кыш мезгилинде кардын калың жаашы.

• Бороон - катуу бороондуу бороон, негизинен тегиз, кароосуз калган жерлерде болот.

• Бороондуу - катуу шамал болуп, кар күрткүсү, талаа аймагында, ачык жерлерде бороон.

• Кар бороону - жансыз жаратылыштагы кышкы көрүнүш, катуу шамал кургак кардын булутун көтөрүп, төмөнкү температурада көрүнүүнү төмөндөтөт.

• Эритилгенден же жамгырдан кийин суук түшкөндөн кийин жердин бетинде муздун катмарынын  пайда болушу.

• Муз - жердин бетинде, бак-дарактарда, зымдарда жана башка объектилерде муз катмарынын пайда болушу, жаан-чачындын тамчыларынан, жамгырдан кийин пайда болот;

• Мөңгөчтөр - суюктук төмөн карай багытталган конус түрүндө агып жатканда муз.

• Аяздуу оймо-чиймелер - бул жерде жана бактардын бутактарында, терезелерде пайда болгон үшүк.

• Муздоо - дарыяларда, көлдөрдө жана башка сууларда үзгүлтүксүз муз катмары пайда болгон табигый көрүнүш;

• Булуттар - бул асманда көзгө көрүнүп турган, атмосферада  турган суу тамчылары менен муз кристаллдарынын жыйындысы.

• Муз - табигый көрүнүш катары - суунун катуу абалга өтүү процесси.

• Аяз(тоң) - температура 0 градустан төмөн түшкөндөгү көрунүш.

• Аяз - кардын аппак үлпүлдөгөн гүлү, бак-дарактардын бутактарында, зымдарда аяздуу үшүк жүргөндө, негизинен туман болуп, биринчи кескин суук түшкөндө пайда болот.

• Эритүү - жылуу кышкы аба ырайы кар жана музду ээритет.

 

Жапайы жаратылыштагы кышкы көрүнүштөрдүн мисалдары

• Аюулардын уйкусу - бул жеткиликсиз тамак-аш мезгилинде гомеотермикалык жаныбарларда жашоо процесстеринин жана зат алмашуунун жайлап турган мезгили.

• Кирпи кыштоосу - кыш мезгилинде тамак жетишсиз болгондуктан, кирпи кыштайт.

• Коёндун түсүнүн боздон акка чейин өзгөрүшү - коёндор өзгөрүлүп жаткан чөйрөгө ыңгайлашуу механизми.

• Кычкырдын түсүнүн кызылдан көгүш бозго чейин өзгөрүшү - бул тыбырчылардын өзгөрүлүп турган чөйрөгө ыңгайлашуу механизми.

• Букачарлар, эмчектер келет

• Кышкы кийим кийген адамдар

 

 

Адаттан тыш жаратылыш кубулуштары

Табигый кандай кубулуштар дагы деле болсо бар? Жогоруда сүрөттөлгөн мезгилдүү жаратылыш кубулуштарынан тышкары, жылдын кайсы бир мезгили менен байланышпаган дагы бир нече жагдай бар.

• Суу ташкыны - бул дарыядагы суунун деңгээлинин кыска мөөнөткө кескин көтөрүлүшү. Бул кескин көтөрүлүш нөшөрлөп жааган жамгырдын, кардын көп көлөмдө ээришинин, суу сактагычтан суунун таасирдүү көлөмүнүн агып кетишинин жана мөңгүлөрдүн түшүшүнүн натыйжасы болушу мүмкүн.

• Түндүк жарыктары - Күн шамалынын заряддалган бөлүкчөлөрү менен өз ара аракеттенишүүсүнөн улам, магнитосфера менен планеталардын атмосферасынын жогорку катмарларынын жаркыроосу.

• Шар чагылганы - сейрек кездешүүчү табигый кубулуш, ал абада калкып турган жаркыраган формацияга окшош.

• Мираж - бул атмосферадагы оптикалык кубулуш: тыгыздыгы жана температурасы боюнча кескин айырмаланган аба катмарларынын ортосундагы чек арада жарык агымдарынын сынышы.

• "учуп түшүүчү жылдыз" - Жердин атмосферасына метеордук денелер урганда па

Просмотр содержимого документа
«Генезис термини»

Генезис термини

Генезис (грек. genesis – пайда болуу, жаралуу, орун алуу). Алгач Генезис термини байыркы грек мифологиясында колдонулган. Кийинчерээк философиянын (Фалес, Гераклит, Кант, Гегель ж. б.) ошол эле табият илимдеринин (Кант-Лапластын космогоникалык гипотезасы, Дарвиндин эволюциялык теориясы) алкагына тараган.

Материалисттик философияда Генезис түшүнүгү көп учурда жаңы нерсенин пайда болуусунун өбөлгөсүн эски нерсенин (же көрүнүштүн) ошол өбөлгөлөрдүн негизинде пайда болгондугун белгилөө болуп эсептелет.

Мифология (байыркы грекче «миф» уламыш, болумуш жана «логос» - сөз, аңгеме; илим) мифтерди чогултуп жана аларды изилдөөчү илим. Алгачкы коомдогу адамдардын өздөрүн курчап турган дүйнөгө болгон эң жөнөкөй фантастикалуу түшүнүктөрү: мисалы, бардык элдердин өнүгүүсүнүн алгачкы мезгилдеринде пайда болгон. Мифологиянын чагылышына адамдардын эң алгачкы диндик түшүнүктөрү: фетишизм, анимизм, тотемизм, магия жана башка чоң таасирин тийгизген. Адамдар ар кыл табият кубулуштарын түшүндүрүүгө дүйнөнүн жаралышы, күн, жылдыз, ай, адам, деңиз, суу, жаныбарлар, өсүмдүк, жаратылыштагы кырсыктар жана башка жөнүндө көптөгөн мифтерди чыгарышкан. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында ошондой эле «Манас» эпосунда да мифтик окуялар, түшүнүктөр жаныбарлар дүйнөсү менен байланышкан мифологиялык сюжеттер кеңири чагылдырылат.

Уламыш, улама, аңыз – элдик оозеки чыгармачылыкта кеңири тараган жанр. Бир топ белгилери тарабынан легендага өтө жакын турат, бирок айырмалануучу бөтөнчөлүгү бар, ал – тарыхый инсандар, тарыхый окуялар, көрүнүштөр тууралуу, жер-суу аттарынын келип чыгышы жөнүндө тарыхый баяндоого, чындыкка жакыныраак чечмелөөгө аракет кылынгандыгы жагынан легендага караганда фантазиядан бир топ четтейт. Демек жомоктордон жана легендалардан турмуш-тиричиликтин маселелерин, тарыхый негизи бар окуяларды көрсөткөндүгү менен айырмаланат. Кыргыз уламыштары тематикасына карап, жалпысынан эки чоң топко – тарыхый (Чыңгыз хан, Аксак Темир, Жантай, Шабдан, Курманжан датка тууралуу уламыштар) ж-а топонимикалык (Бишкек, Ысык-Көл, Долон, Байтиктин боз бөлтөгү, Өзгөн, Ак-Буура, Сан-Таш ж.б. жер-суу аттарынын келип чыгышын чечмелеген аңыз кептер) уламыш деп бөлүнөт. Бирок легенда, жомок, уламыш деген түшүнүктөрдү так чек аралап бөлүүгө мүмкүн болбогон учурлар кездешет, демек мындай бөлүштүрүү бир топ шарттуу.

Философиялык көз карашта, уламыш – адамзатынын өзүн таануусунун алгачкы жолу. Уламыш байыркы калктардын аң-сезиминин жалпылуу калыбы. Уламыштарда адамдарга жана жаратылышка өзгөчө касиеттерди энчилөө орун алган. Уламыш - адам баласынын жашоо маани-маңызын издөөгө болгон алгачкы кадамы. Философия Кыргыз эл уламыштары(4 Май (Бугу) 2012)

Фетишизм (фр. fetiche – идол, талисман, керемет) – өзгөчө, табийгаттан тышкаркы күчкө, сыйкырга ээ, жансыз предметтердин (фетиштер) культу, аларга сыйынуу, ишенүү. Алгачкы общиналык түзүлүш мезгилинде бардык эле элдерге мүнөздүү. анын сакталган калдыктары катары – тумар, көз мончок коргоочу күчүнө ишенүүчүлүк саналат.

Фетишизм «Манас» эпосундагы— адамдарга тиешелүү сапаттарды буюмдарга, нерселерге да таандык кылып, алардын кереметтүү күчүнө ишенген көз караш. Фетиш нерселердин (мисалы, тумар, крест) адам тагдырына таасир берүүчү кереметине ишенүүдөн көрүнөт. Ошондой эле байыркы адамдардын дүйнө таануу жана түшүнүү жаатындагы мифологиялык-фантастикалык ой жүгүртүүгө негизделген идеологиянын өзгөчө бир формасы болуп эсептелет. Ал адамдарга гана мүнөздүү сапаттарды тигил же бул буюмга, нерсеге таандык кылып, алардын адаттан тыш керемети бар деген диний ишенимге таянган көз караш катары пайда болгон жана жашаган. Фетишизм көптөгөн элдердин коомдук аң-сезиминде туруктуу орун алып, алардын материалдык жана маданий өнүгүшүнө өз таасирин тийгизген. Диний-мифологиялык мындай түшүнүктөр менен ишенимдер кыргыз элинде да жашап келген жана анын калдыктарын «Манас» эпосунан кеңири жолуктурууга болот. Фетиштик көз караштар менен ишенимдер Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Саякбай Каралаевдин варианты вариантында туруктуу орун алган, ошону менен бирге эпостун байыркылык негиздерин бекемдейт. Байыркы адамдар буюмдун жана нерсенин керемет күчүнө табынышы жана ал ишенимдин бир айныксыз фактысы катарында эпикалык душмандардын бутка же бурканга (табына турган сүрөт же тулку, идол) сыйынгандыгын көрсөтүүгө болот. Эпостогу колдонулушу, мааниси жагынан бут бурканга жакын, бирок экөөнүн айырмасы бар. Контекст боюнча буркан чоң, ал эми бут көлөмү боюнча андан кичине. Ошондуктан, аны кээде жанга салып жүрүүгө болот. «Манаста» бут жана буркан калмак-кытайлардын кудайынын сөлөкөтү катары сүрөттөлөт. Бул эпикалык душмандардын байыркы ишеними, көз карашын элестүү чагылдыруу менен эпостун мазмунунун ар тараптуулугун, көп катмардуулугун, тарыхый деталдардын так берилишин көрсөтүү менен архаикалык аң-сезими менен бекем байланыштыгын аныктайт.
Бут же буркандын керемет касиетине ишенүү Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири орун алып, образдуу баяндалган. Атап айтканда, эпикалык башкы терс каарман Нескара арык каздырып жаткан эпизоддо бут жөнүндө маалымдалат. Буттун көрүнүшүндө «анын бултуюп, эки уурту дулдуюп» турушу, келбетин жана башын алтындан, көзүн көөхардан, колдорун забар менен зерден, тиштерин инжиден, эрди-мурду зумуруттан жасалгандыгы сыпатталат да, ага башын уруп, анын «айтканын» жасап турууга милдеттүү экендиги баяндалат. Ал эми аны жамандоо, ага терс мамиле жасоо адам баласына жамандык, кырсык алып келиши мүмкүн экендиги эскерилет. Адамдын башына келген түрдүү оор, кысталыш учурларда бут же буркан өз керемети менен аларды сактап кала тургандыгы жөнүндө ишеним айтылат.
Бут менен буркандын касиетине, колдоочулук кереметине ишенүү мотиви эпикалык душмандардын аракеттеринде, баталдык сценаларда конкреттүү окуялар менен бекемделип жүрүп олтурат. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Кошой менен күрөшөрдө Жолой өзүнүн бурканына сыйынып, колдоо күтөт. Ошондой эле Коңурбай Манас жана анын баатыр чоролору менен кандуу кагылышка чыгардын алдында бутка же бурканга сыйынат. Бул фетиштик көз караш «Манас» баатырдын тегерегинде өткөн окуяларда активдүү пайдаланылат.

Анимизм – бардык нерселерде, кубулуштарда жашырынып жата турган жана аларды «башкара» турган жаратылыштан тышкары фантастикалык күч жана рух бар деп ишенүү, аларга дин катары кароо, аны жактаган диндик мистикалык агым. Анимизм христиан, буддизм жана ислам диндеринин бир бөлүгү катары да таанылган.

Анимизм (лат. animus — жан, рух) — материалдык жана материалдык эмес бардык нерселер менен кубулуштар сыйкырдуу, керемет күчкө эгедер, алардын үстүнөн башкарып турган жандардын бар экенине карата болгон ишеним. Анимисттик көз караш боюнча бүт табигат ак санатай же кара санатай рухтар менен курчалган, ал эми табияттын кара күчтөрү фантастикалык рухий күч катары эсептелет. Кишилер тоо-ташка, бадалдарга, дарактарга, аска-чокуларга, күнгө, ай-жылдызга, жерге, сууга, отко, булактарга жана башкалар сыйынышкан. Ошолордун эгесине арнап курмандык чалышкан. Анимисттик ойлоонун элементтери «Манас» эпосунда да орун алган. Анимизмдин негизги жоболорунун бири асман, жер жана суу эгесине, анын колдоочулугуна, зыян келтирүүчүлүгүнө ишенүү. Манастын төрөлүшү Жакыптын Теңир эгесине бала сурап жалынуусу жана ага арнап мал союп курман чалуусу менен мотивдештирилет. Каармандар бири-бирине болгон ишеничти, актыкты, берилгендикти далилдөө жана душмандар менен согуштарда жеңишке жетишүү үчүн Теңирлерге табынышат. Ошол себептен сюжеттик окуянын өнүгүшүндө, каармандардын мүнөзүн берүүдө «төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун» деген ишеним кайталанып отурат. Каармандардын ой-тилегинин ишке ашпай калышы, согуштан жеңилиши, айрым жаңылыштыктары да Теңирдин каргышы менен байланыштырылат. Эпостун «Манас» бөлүмүндөгү мындай архаикалык ишенимдер «Семетей» менен «Сейтекте» улантылат. Ааламды үч баскычка, үч башка дүйнө, жашоо катары түшүнүү адаты да анимисттик аң-сезимдин бири болуп саналат. Атап айтканда жер асты, жер үстү жана асман мейкиндигине адамдардын жашоосунун мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү байыркылык ой-пикир «Манас» эпосунда образдардын бири Эр Төштүктүн окуяларына байланыштуу чагылтылат. Адам денеси менен жанынын айырмачылыгы, жандын түбөлүк өлбөстүгү, анын башка формада жашашы өңдүү түшүнүктөр да анимисттик ойлоонун табигый жемиши. Жакып уулу Манастын «чымындай жанынын амандыгын тилеши», Бооң аяр менен болгон урушта (Сагымбай Орозбаковдун вариантында) Ошпур анын кардын канжар менен жарса, кан ордуна суу чыгып, түтүн бөлүнүп, башын денесинен ажыратып, атка сүйрөтсө да жан чыкпай, атүгүл Бооңдун кесилген башы сүйрөгөн дененин артынан ээрчиши тек гана Ырдык аярдын дуба окуганында «көк түтүн чыгып буркурап, азыр турган токсон миң, түтүнүнөн көрө албай жүдөп чуркурап» (Сагымбай Орозбаков, 2.114) турушун баяндаган окуялар эпостогу анимизмдин белгилери болуп саналат. Анимисттик ойлоонун өзүнчөлүгү катарында же бул көрүнүштүн руху жөнүндөгү түшүнүктөрдүн иштелиши жана ошого байланыштуу кыялый образдардын да орун алышын көрсөтүүгө болот. «Манас» эпосундагы монументтүү эпикалык баатырды колдоп жүргөн, багыт берген, душмандардан, түрдүү кырсыктардан сактаган пирлер Кырк чилтен, Кыдыр, Баба Дыйкан, Ойсул-Ата, Камбар-Ата, Шаймердендер анимизмдин эпостун образдык системасына, идеялык өзөгүнө, көркөмдүүлүгүнө бир кыйла таасир эткен. Эпостогу анимисттик аңсезимдин мыйзам ченемине ылайык бул фантастикалык-мифтик портреттик мүнөздөмөлөрү сырткы көрүнүшү, аткарган милдеттери боюнча биринен бири кыйла айырмаланып турат. Эпикалык баатырлар Алмамбет менен Чубактын жана башкалар элесин, монументтүүлүгүн жаратууда да анимисттик катмар, образдар жана түшүнүктөр ийкемдүү түрдө кызмат кылат. Эпостун «Семетей» бөлүмүнүн негизги окуяларынын дээрлик бардыгында Кызыр, Кырк чилтендин колдоочулук кызматы көрүнөт. Каныкейдин Тайторуну чабышында анын биринчи келиши, Семетейдин Таластын суусун кечиши, Күлчоро Кара-Үңкүрдө түнөп калганда өзүнчө аян бериши сыяктуу эпизоддордо да анимизмдин көрүнүштөрү чагылдырылат. «Сейтек» поэмасында мындай анимисттик демонологиялык образдар, түшүнүктөр айрым гана окуялардын тутумунда берилип, пассивдүү катышат. Эпостогу салттык мотив боюнча жаңы төрөлгөн Сейтекке эч ким ылайыктуу ысым коё албай турганда Кызыр ат коюп берет. «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүндөгү Айчүрөктүн түпкү теги, Семетейдин кайып болушу жана Желмогуз уулу Сарыбайдын окуяларын баяндаган эпизоддорду да анимисттик ойлоонун туундусу катары эсептөөгө болот.

Тотемизм (гр.— башталыш, негиз деген мааниде) — адамзат коомунун өнүгүшүнүн алгачкы баскычындагы элдин мифологиялык түшүнүгү. Алар адамды кайсы бир өсүмдүк же жаныбар, же предмет менен байланыштуу дешип, алардын жашоо шартын ошолор менен байланыштырышкан. Ошондуктан урууларды бугу, бору, багыш ж. б. деп аташкан. Элдин тотемдик түшүнүгү, табият сырларына карата ушундай көз карашы, кыргыз фольклорунун көп жанрларында, өзгөчө макал-ылакаптарда, жомоктордо, легендаларда, эпостордо («Эр Төштүк» менен «Кожожашта») сакталып калган.

Тотемизм — уруучулук коомдогу диний ишенимдердин жана каадалардын жыйындысы, диндин байыркы формасы. Анын негизги өзгөчөлүгү катары адамдардын тигил же бул уруунун, жаныбарлардын пайда болушун, тегин айрым жаныбарлар, өсүмдүктөр менен тикеден-тике байланыштуу түшүндүрүү, анын ыйыктыгына, кереметтүүлүгүнө ишенүү болуп саналат. Тотемдик түшүнүктөр уруулук коом үчүн гана мүнөздүү болгон. Ошондуктан, тотемизм байыркы убакта дүйнөдөгү көп элдерге тарап, алардын материалдык жана маданий турмушуна өз таасирин тийгизген. Бир тотемдин тукуму делинип эсептелген уруу же топ өз ич ара кыз алып, кыз беришпейт. Кээ бир элдер тотем жандыктын этин жешпейт. Тескерисинче, айрым элдерде тотем жандыктын эти касиеттүү күч-кубат берет деген ишеним бар. Мына ушундай көз караштардын түрк, моңгол, иран урууларындагы чагылдырылышына жылкы, бука, ит, бөрү, төө, бугу, буура, короз жана башкалар жаныбарлардын культу менен тыгыз байланышкан. Байыркы чыгыш түрк — Орхон-Эне-Сай жазууларында кыргыз жана башкалар түрк элдери тарабынан тотем катарында урматталган жаныбар илбирс менен карышкыр жана башкалар жаныбарлар айтылат. Бөрү байыркы көк түрктөрдүн тотеми болгонун И. Бичурин белгилейт. Ал эми бул салттуу тотемдик түшүнүк « Манас » эпосунда да колдонулат. Эпостун башкы каарманы Манастын туруктуу эпитеттеринин бири «көк жал», «көк бөрү» болуп берилет. Кошойдун «кыргыздарды кырк уруу бөрү» сыпатында мүнөздөшү, Манастын көк бөрү болуп кубулган кырк чилтенге жолугушу, анын батасын алып, дамамат колдоого ээ болуп жүрүшү өңдөнгөн мотивдер байыркы тотемдик ишенимдин эпостун жалпы мазмунуна, көркөмдүк деңгээлине, образдык системасына белгилүү таасир тийгизгенин күбөлөйт. Түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин эпикалык эстеликтеринин баарында, анын ичинде «Манаста» оор акыбалда калган каармандарга жана башкалар бардык эле баатырларга адамча сүйлөп, кеп-кеңешин айткан акылдуу аттын образы эң эле кенен тараган. Аттын куйрук-жалы, көкүлү, эти адамдарга күч-кубат, кайрат берчү касиетке эгедер тумар (көз тумар) катары кызмат өтөйт. Кыргыздардын түшүнүгүндө, көз карашында тотемизм туруктуу түрдө орун алып, фольклордук чыгармалардан эпос, жомок, санжыра, уламыш өңдүү жанрларында, алардын идеялык-тематикалык мазмунунда чагылган. Тотемдик ишеним, көз караштардын, образдардын өзүнчө бир катмары «Манас» эпосунда да жолугат. Бул өзгөчө эпикалык чыгарманын байыркылыгын, анын өсүп-өнүгүү кырдаалын аныктоого мүмкүндүк берет. Ошону менен катар тотемдик ишенимдер менен түшүнүктөр, образдык туюнтмалар Сагымбай Орозбаковдун варианты жана Саякбай Каралаевдин варианты вариантынын эпикалык жалпы мазмундуулугун, көркөмдүк даражасынын байышына да активдүү таасир тийгизет. Кыргыздардын тотемдик түшүнүгүндө кайберен эчки-теке, элик, аркар-кулжа, бугулардын пири, колдоочусу болуп саналат. Бул түшүнүктү манасчылардын эпостун лексикасында кеңири пайдаланышы, эпикалык каармандардын ууга чыгуу окуяларында кайталанышы анын фольклордук чыгарманын өзөгүндө тотемизмдин белгилүү түрдө орун алгандыгын аныктайт. Кайып же кайберендин кереметтүүлүгүн көрсөтүү мотиви ага садага чабуу, курмандык жасоо ырым-жырымдары менен кошо коштолот. Маселен, Жакып кандын кыргыздарды топтоп, Алтайдан Ала-Тоого көчүүгө өз ара макулдашканын баяндаган окуяда алардын «кыбылага карашып, кол көтөрүп буркурап, Адил бааша тагы үчүн, Кайып Эрен бак үчүн» бата кылып мал союу жөрөлгөсү аткарылат. Кыргыздардын кайберенге, кийиктердин пири кайыптын, колдоочулук мүмкүнчүлүгүнө ишенүүсү башкы каарман Манастын образында да колдонулат. Эпостун «Семетей» бөлүмүндө да кайыптын, кайберендин колдоочулук милдети өзүнчө бир чоң ынтаа, күчтүү пафос менен берилет. Мында адам баласы менен жаныбарлар дүйнөсүнүн ортосундагы биримдик, алака чоң философиялык жалпылоого көтөрүлүп чыгат. Маселен, Семетей менен Чыйырдыны алып Букарга качып бараткан жолдо ыйык Байтерекке токтогондо тотемдик дарактын жана Бугунун колдоо көрсөткөн учуру эпосто мындайча сүрөттөлөт:

Атасынан баласын

Колдоп эле жүргөн пири экен,

Ошондо он эки айры ак бугу,

Чуркап жетип келди эле,

Бешиктеги беренин —

Семетейди көрдү эле.

Эмчегин берип ал бугу,

Мойнун гана бөлөк буруптур,

Бу баланын өзүнө

Эмчегин берип туруптур (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 52).

Бугу жөнүндөгү бул байыркы түшүнүк көп кылымдардан бери сакталып келаткан болууга тийиш. Кыргыздардын Ысык-Көлдө жашаган бугу уруусу өзүнүн чыгыш тегин бугудан алып, аны урматтап, ыйык эсептегени байыркы тотемдик түшүнүктүн калдыгы. Эпикалык башкы каармандардын минген аттары, тулпарларынын күлүктүгү, чыдамкайлыгы, акылдуулугу, адамдын ишенимдүү жолдошу катарында сүрөттөлүш сапаттары, артыкчылыктары да дал ушул тотемдик нукта түшүндүрүлөт. Атап айтканда, эпостогу Манастын Аккула, Тайбуурул, Чубактын Көгала, тулпарларынын туулушу, артыкчылыгы кайып менен тикеден-тике байланышта интерпретацияланат. Мындай мотив «Семетейде» да толук сакталат, башкача айтканда баатырдын тулпары Тайбуурулдун туулушу, артыкчылыгы ушундайча түшүндүрүлөт. Мааникердин теги «энеси аркар жел кайып, атасы тулпар чөл кайып» катарында сүрөттөлсө, ал эми эпикалык баатыр Чубактын Көгала сындуу тулпарын Кызыр ата өзү келип тартуулайт.
Аны атайын Чубак үчүн багып, даярдап жүргөндүгү баяндалат. Манас атасы Жакыпка тарынып кетип, ак сакалчан Кызыр менен эгин айдаганда ал Манаска Карача кандын жылкысында баатырга ылайык тулпар туулганынан кабар берет. Тотемдик көз караштардын калдыктарынын бир көрүнүшү катары жылкы, төөнүн пирлерин, алардын кысталыш учурда ээлерин коргоп жардам бергендигин көрсөтсө болот. Ошондуктан, эпикалык баатырлар Манас көчкөндө, душмандарды жеңгенде ырымдап жылкы атап, Камбарбозду курмандыкка чалышат. Демек, малчылык менен оокат кылган адамдар үйүрдөгү мыкты жылкыларын Камбар ата, Камбар боз деп атоо салтка айланып калган. Мына ушундай эле түшүнүктү, тотемдик колдоочулукка ишенүү салты төөгө, уйга, койго таандык кылып сүрөттөө мотиви эпостук окуялардын жүрүшүндө көп эле жолу жолугат. «Манас» эпосунда Акбалтанын талаадагы жайылган төөлөрүн карап жүрүп, төл малы «Ойсул ата куу каймалдын өркөчүнөн Чубакты табышын» баяндаган эпизод жана Кызырдын атайы Манасты тосуп туруп, ага желгенине жел жетпеген, басканына мал жетпеген «булуттай учуп сыдырган, төгөрөктүн төрт бурчун, төрт күн койбой кыдырган», «кырк асый Желмаянды тартууга беришин чагылдырган окуялар баатырдын төрөлүшүн, негизги каармандардын башка каармандардан айырмаланган мүлккө, колдоочулукка ээ болушун фантастикалык маанайда сүрөттөө гана эмес, ошондой эле тотемдик ишенимдер менен эпикалык каармандардын ортосундагы өтмө катар байланышты да чечмелөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Эпостогу терс каарман Эсенкандын Манас баатырдын колунун келе турган жолуна куу кулжа, куу түлкү жана куу өрдөктү кароол коюшу жана зоогонистикалык жана антропоморфтук касиеттердин эриш-аркак берилиши, алардын өзгөчөлүктөрү кандайдыр бир деңгээлде тотемдик ишенимдердин натыйжаларынын көркөм иштелиши катарында кабыл алынат.
Кумайыкты иттин пири, колдоочусу катары кабыл алуу жана анын кереметтүүлүгүнө, ыйыктыгына ишенүү салты кыргыздардын аң-сезиминде бекем орногон. Ошол себептен анын туулушу, өсүшү, жеке артыкчылыктары атайы фантастикалык ыкмада чечмеленет. «Манас» эпосунда Манастын ууда жүрүп Желмаянды, эртеси «Жаңгактуунун керүүдөн, Кум-Булактын белинен кол башындай көзү ачылбаган сур күчүк таап алышы», анын ырым-жырымына ак боз бээ союшу өңдүү эпизоддор жолугат. Табылган күчүккө Бакайдын Кумайык деп ат коюшу жана аны багуунун жол-жоболорун кыргыздардын итке болгон тотемдик ишеними жатат. Байыркы кыргыздарда орун алган тотемдик ишеним боюнча «Кумайык иттен эмес жорудан туулат, ал үч күнгө чейин күчүк түрүндө жатат, үч күнгө чейин адам таап албаса, ал кушка айланып кетет» деген элдик түшүнүк жана аны багып, тарбиялап өстүрүү жөрөлгөлөрү жөнүндөгү көз караштар поэтикалык формада эпостон орун алган. «Манас» бөлүмүндөгү мындай тотемдик түшүнүктөр «Семетейде» өз ыргагынан жанбайт. Өздөрүнүн тотемдик касиеттери, сапаттары, жеке өзгөчөлүктөрү менен эпостун идеялык-көркөмдүк деңгээлинин артылышына көмөк көрсөтүшөт. Тотемдик ишенимдер эпостун «Манас» жана «Семетей» бөлүмдөрүндө окуянын жалпы өнүгүш ыргагын бузбастан, тескерисинче, эпикалык башкы баатырдын образынын монументалдуулугун көтөрүүдө айрыкча роль ойнойт. Архаикалык ой жүгүртүүнүн тотемдик түрүнүн мындай калдыктары жана элементтери «Сейтек» бөлүмүндө азыраак. Тайбуурул, Акшумкар, Кумайыктын Семетей менен кошо кайып болушу, Куялынын атасынын Кайып ысмын алып жүрүшү Кыястын Тоотору атынын адамча ой жүгүртүүсү сыяктуу мисалдарды келтирсе болот. Себеби, «Сейтек» «Манас» жана «Семетей» бөлүмдөрүнө караганда трансформацияга көбүрөөк дуушар болгону, пайда болуш мезгили, сүрөттөө окуялары боюнча кийинки доордун натыйжаларына таасирленгени, архаикалык көз караштын таасирине аз чалдыкканы менен түшүндүрүлөт. Тотемдик түшүнүктөр Сагымбай Орозбаковдун вариантына караганда Саякбай Каралаевдин варианты вариантында кыйла кеңири колдонулуп, фольклордук чыгарманын идеялык, образдык негиздерине активдүү аракет кылып, өзүнчөлүктөргө ээ. Мына ушинтип илгертен айтылып жүргөн уламыштардагы, жомоктордогу урууну сактоочу жана УРУУ сыйынган тотемдер кийинчерек эпостордо келечекте баатыр боло турган баланын төрөлөрүн алдын ала айта турган сыйкырдуу чалга айланган. Бул «Манас» эпосундагы Чыйырдынын түшүнө кирген чал айткандан түшкө кирген чал келечектеги баатырды сактоочу сыйкырдуу атасы (тотем) болуп саналат. Кийин тектеш түрк элдеринин арасына ислам дини таралышына байланыштуу мурунку сыйкырчы чал (тотем) Кызыр алейсаламга, Азиретаалыга, Шаймерденге айланып диндик мааниге ээ болуп кеткен. Мисалы, эпостун бардык варианттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон кездерде көбүнчө шаймердендин жана кырк чилтендин колдоосу менен аман калат. Ошондой эле баатырдык эпостун эволюциялык өнүгүшүнүн кийинки этаптарында мурунку тотем — жырткыч айбандар менен кыраан куштардын аттары каармандардын кыймыл-аракеттерин туюндуруучу көркөм каражаттардын милдетин аткарып калган.

Магия (гр. mageia – сыйкыр) – дүйнөгө (жаратылыш кубулуштарына, адамдарга, рухтарга) табияттан тышкаркы жолдор менен таасир берүүгө чакырылган сыйкырчылык, арбоочулук, көз байлоочулук, ырым-жырымдар. магиялык аракеттердин ар кандай түрлөрү жамааттын жашоо-тиричилигинин ар кандай жактары менен байланышкан. Магия тиричиликтик магия (жамгыр чакыруучу, күндүн көзүн байлоочу аңчылыкта жолдуулукту камсыз кылуучу ырым-жырымдар), дарылоочу магия, зыян келтирүүчү магия («жолдон чыгаруу», «кара магия») жана башкалар.





Табигый кубулуштар

Табигый кубулуштар деген эмне? Эмне алар? Ушул суроолорго жоопту ушул макаладан таба аласыз. Материал курчап турган дүйнөнү сабакка даярдоодо жана жалпы өнүгүүдө да пайдалуу болушу мүмкүн.

Бизди курчап турган жана адамдын колу менен жаратылбаган нерселердин бардыгы табият.

Жаратылыштагы бардык өзгөрүүлөр жаратылыш кубулуштары же табигый кубулуштар деп аталат. Жердин айлануусу, анын орбитадагы кыймылы, күндүн жана түндүн өзгөрүшү, мезгилдердин алмашуусу жаратылыш кубулуштарына мисал боло алат.

Жылдын төрт жаз,жай,күз, кыш өзгөчө убактыларын мезгилдер деп аташат. Демек, мезгилдердин өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кубулуштар мезгилдик кубулуштар деп аталат.

Табигат, өзүңүз билесиз жансыз жана тирүү.

Жансыз жаратылышка: Күн, жылдыздар, асман телолору, аба, суу, булут, таштар, минералдар, топурак, жаан-чачын, тоолор кирет.

Тирүү жаратылышка өсүмдүктөр (бак-дарактар), козу карындар, жаныбарлар (жырткычтар, балыктар, канаттуулар, курт-кумурскалар), микробдор, бактериялар жана адамдар кирет.

Бул макалада биз жазгы, жайкы, күзгү жана кышкы кубулуштарды жандуу жана жансыз жаратылышта көрөбүз.


Жаратылыштын жазгы кубулуштары


Жансыз жаратылыштагы жазгы кубулуштардын аталыштары

• Муздун жылышы - эриген дарыялардагы муздун агымы боюнча жылышы.

• Кардын эриши - кар эрий баштаганда табигый көрүнүш.

• Эриген тактар ​​эрте жаздагы көрүнүш, кардын эриген жерлери пайда болот, көбүнчө бак-дарактардын айланасында.

• Суу ташкыны - бул дарыянын суу режиминин жыл сайын кайталануучу фазасы, ал суунун деңгээлинин жогорулашы менен мүнөздөлөт.

• Жылуулук шамалдары - жаздын суук түнү менен салыштырмалуу жылуу күндүн ортосунда пайда болгон температуранын айырмачылыгы менен байланышкан шамалдын жалпы аталышы.

• Биринчи күн күркүрөйт - булут менен жер бетинин ортосунда электр разряддары пайда болгондо атмосфералык кубулуш - чагылгандын коштоосунда чагылган болот.

• Кардын эриши

• Дарыянын шылдыры

• Тамчылар - чатырлардан, бак-дарактардан кар эрип жаткан тамчылары.


Жапайы жаратылыштагы жазгы кубулуштардын аталыштары

• Эрте гүлдөгөн өсүмдүктөрдү гүлдөө (бадалдар, бактар, гүлдөр)

• Курт-кумурскалардын көрүнүшү

• Миграциялык куштардын келиши

• Өсүмдүктөрдөгү шире агымы - башкача айтканда, анда эриген суунун жана минералдардын тамыр системасынан жер үстүндөгү бөлүгүнө жылышы.

• бүчүрлөрдүн ачылышы

• Гүлдүн бүчүрдөн чыгышы

• Жалбырактардын көрүнүшү

• Birdsong

• жан-жаныбарлардын көбөйүшү төлдөшү

• Аюу менен кирпи кышкы уйкудан кийин ойгонушат

• Жаныбарлардын жундөрү - кышкы көйнөктү тикенге алмаштыруу....




Жансыз жаратылыштагы жаратылыштын жайкы кубулуштары

• Күн күркүрөө - булут менен жер бетинин ортосунда электрдик разряддар пайда болгон учурдагы атмосфералык кубулуш - чагылгандын коштоосунда чагылгандай болот.

• Чагылган - бул, адатта, күн күркүрөп жатканда пайда болушу мүмкүн болгон, атмосферадагы ири электр учкуну жана жаркыраган жаркыроо менен коштолот.

• Зарница - алыскы күн күркүрөгөндө горизонтто бир заматта жаркырайт. Бул көрүнүш, эреже катары, караңгыда байкалат. Күндүн күркүрөгөнү угулбайт, бирок чагылгандын чагылуулары көрүнүп турат, алардын жарыгы кумулонимбус булутунан чагылдырылат (негизинен алардын чокулары). Эл арасында бул көрүнүш жай мезгилинин акырына, оруп-жыюунун башталышына байланыштуу болгон жана кээде нан бышыруучу жай деп да аталат.

• Күн күркүрөө - бул чагылгандын коштоосундагы атмосферадагы үн кубулушу.

• мөндүр - муз бөлүктөрүнөн турган жаан-чачындын бир түрү.

• Радуга - абада токтогон суу тамчыларында күн нурунун сынышынан келип чыккан эң кооз жаратылыш кубулуштарынын бири.

• Нөшөрлөп жааган жамгыр - нөшөрлөгөн жамгыр.

• Жылуулук - бул атмосферанын күндүн нурлары менен ысытылган ысык аба менен мүнөздөлүүчү абалы.

• Шүүдүрүм - эрте менен салкын киргенде өсүмдүктөргө же топуракка нымдын майда тамчылары.

• Жайкы жылуу жамгыр


Жапайы жаратылыштагы жайкы жаратылыш кубулуштары

• Чөп жашылга айланат

• Гүлдөр гүлдөйт

• Токойдо козу карындар жана мөмөлөр өсөт



Жансыз жаратылыштагы күзгү кубулуштар

• Шамал - бул жердин бетине параллель кыймылдаган абанын агымы.

• Туман - бул жердин бетине “түшкөн” булут.

• Жамгыр - булуттардан суюк тамчылар түрүндө түшүүчү атмосфералык жаан-чачындын түрлөрүнүн бири, анын диаметри 0,5-5-7 мм чейин.

• Шалма - нымдуу аба ырайында жамгырдан жана кардан пайда болгон суюк ылай.

• Аяз - жердин бетин жана андагы башка объектилерди нөлдөн төмөн температурада каптаган муздун катмары.

• үшүк - 1 градус сууктан 3 градуска чейин суук.

Күзгү дрейф - суу сактагычтар тоңо баштаганда агымдардын же шамалдын таасиринде дарыялардагы жана көлдөрдөгү муздун жылышы.


Жапайы жаратылыштагы күзгү кубулуштар

• Жалбырактын түшүшү - дарактардан жалбырактардын түшүшү.

Түштүккө куштардын учушу



Жаратылыштын кышкы кубулуштары

Жансыз жаратылыштагы кышкы көрүнүштөрдүн мисалдары

• Кар - кыш мезгилиндеги жаан-чачындын кристалл же үлпүлчөк түрүндөгү түрү.

• Кар жаашы - кыш мезгилинде кардын калың жаашы.

• Бороон - катуу бороондуу бороон, негизинен тегиз, кароосуз калган жерлерде болот.

• Бороондуу - катуу шамал болуп, кар күрткүсү, талаа аймагында, ачык жерлерде бороон.

• Кар бороону - жансыз жаратылыштагы кышкы көрүнүш, катуу шамал кургак кардын булутун көтөрүп, төмөнкү температурада көрүнүүнү төмөндөтөт.

• Эритилгенден же жамгырдан кийин суук түшкөндөн кийин жердин бетинде муздун катмарынын пайда болушу.

• Муз - жердин бетинде, бак-дарактарда, зымдарда жана башка объектилерде муз катмарынын пайда болушу, жаан-чачындын тамчыларынан, жамгырдан кийин пайда болот;

• Мөңгөчтөр - суюктук төмөн карай багытталган конус түрүндө агып жатканда муз.

• Аяздуу оймо-чиймелер - бул жерде жана бактардын бутактарында, терезелерде пайда болгон үшүк.

• Муздоо - дарыяларда, көлдөрдө жана башка сууларда үзгүлтүксүз муз катмары пайда болгон табигый көрүнүш;

• Булуттар - бул асманда көзгө көрүнүп турган, атмосферада турган суу тамчылары менен муз кристаллдарынын жыйындысы.

• Муз - табигый көрүнүш катары - суунун катуу абалга өтүү процесси.

• Аяз(тоң) - температура 0 градустан төмөн түшкөндөгү көрунүш.

• Аяз - кардын аппак үлпүлдөгөн гүлү, бак-дарактардын бутактарында, зымдарда аяздуу үшүк жүргөндө, негизинен туман болуп, биринчи кескин суук түшкөндө пайда болот.

• Эритүү - жылуу кышкы аба ырайы кар жана музду ээритет.


Жапайы жаратылыштагы кышкы көрүнүштөрдүн мисалдары

• Аюулардын уйкусу - бул жеткиликсиз тамак-аш мезгилинде гомеотермикалык жаныбарларда жашоо процесстеринин жана зат алмашуунун жайлап турган мезгили.

• Кирпи кыштоосу - кыш мезгилинде тамак жетишсиз болгондуктан, кирпи кыштайт.

• Коёндун түсүнүн боздон акка чейин өзгөрүшү - коёндор өзгөрүлүп жаткан чөйрөгө ыңгайлашуу механизми.

• Кычкырдын түсүнүн кызылдан көгүш бозго чейин өзгөрүшү - бул тыбырчылардын өзгөрүлүп турган чөйрөгө ыңгайлашуу механизми.

• Букачарлар, эмчектер келет

• Кышкы кийим кийген адамдар



Адаттан тыш жаратылыш кубулуштары

Табигый кандай кубулуштар дагы деле болсо бар? Жогоруда сүрөттөлгөн мезгилдүү жаратылыш кубулуштарынан тышкары, жылдын кайсы бир мезгили менен байланышпаган дагы бир нече жагдай бар.

• Суу ташкыны - бул дарыядагы суунун деңгээлинин кыска мөөнөткө кескин көтөрүлүшү. Бул кескин көтөрүлүш нөшөрлөп жааган жамгырдын, кардын көп көлөмдө ээришинин, суу сактагычтан суунун таасирдүү көлөмүнүн агып кетишинин жана мөңгүлөрдүн түшүшүнүн натыйжасы болушу мүмкүн.

• Түндүк жарыктары - Күн шамалынын заряддалган бөлүкчөлөрү менен өз ара аракеттенишүүсүнөн улам, магнитосфера менен планеталардын атмосферасынын жогорку катмарларынын жаркыроосу.

• Шар чагылганы - сейрек кездешүүчү табигый кубулуш, ал абада калкып турган жаркыраган формацияга окшош.

• Мираж - бул атмосферадагы оптикалык кубулуш: тыгыздыгы жана температурасы боюнча кескин айырмаланган аба катмарларынын ортосундагы чек арада жарык агымдарынын сынышы.

• "учуп түшүүчү жылдыз" - Жердин атмосферасына метеордук денелер урганда пайда болгон атмосфералык кубулуш

• Ураган - өтө тез жана күчтүү, көп учурда кыйратуучу күчкө жана узак убакыт бою аба кыймылына ээ болот

• Торнадо - ылдамдык, кум жана башка илинип турган заттар болгон воронка түрүндөгү эбегейсиз кыйратуучу күчтүн өтө тез айланган абасынын көтөрүлүп жаткан куюну.

• куюлуу жана агым - бул деңиз элементтеринин жана Дүйнөлүк Океандын суу деңгээлиндеги өзгөрүүлөр.

• Цунами - бул океандагы же башка суу сактагычындагы суу колонкасына күчтүү таасир эткен узун жана бийик толкундар.

• Жер титирөө - бул жердин силкинүүсү жана термелүүсү. Алардын ичинен эң коркунучтуусу жер кыртышындагы тектоникалык жылышуулардан жана жаракалардан улам пайда болот, же Жердин мантиясынын жогорку бөлүгүндө.

• Торнадо - кумулонимбуста (күн күркүрөшү) булутта пайда болуп, көбүнчө жердин бетине чейин, булут жеңи же магистраль түрүндө ондогон жана жүздөгөн метр диаметри боюнча тараган атмосфералык куюн.

• Вулкандык атылуу - жер бетине жанар тоонун ысык таштандыларды, күлдү, магманын төгүлүшүн, жер бетине төгүлүп, лавага айлануу процесси.

• Суу ташкыны - табигый кырсык болгон жердин бир жерин суу капташы.



  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4

  • Булак: http://kyrgyzinfo.ru






















































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!