СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жакшы мугалим деп кимди билесиз?

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мугалим- ким? Мугалимдик кесипти сиз кандай баалайсыз? Жакшы мугалим кандай болот? 

Просмотр содержимого документа
«Жакшы мугалим деп кимди билесиз?»


Жакшы мугалимге В.А.Сухомлинскиийдин берген аныктамасы


Жакшы мугалим деген эмнени билдирет? Бул баарынан мурда балдарды сүйгөн, алар менен баарлашуудан кубаныч тапкан, ар бир баланын жакшы адам болооруна ишенген, балдар менен достошо алган, балдардын кубанычы менен кайгысын жүрөгүнө жакын кабылдаган, баланын жан дүйнөсүн билген, өзү да бир кезде бала болгондугун эч качан унутпаган адам.


Жакшы мугалим- бул, экинчиден, өзү берип жаткан сабактын негизин түзгөн илимди жакшы билген, ага абдан берилген, анын чектерин- жаңы ачылыштарынан, изилдөөлөрдөн, жетишкендиктеринен жакшы кабардар адам. Жогоруда айтылгандардын үстүнө өз илими чечип жаткан маселелерге кайдыгер карабаган, өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө жөндөмдүү мугалим мектептин сыймыгы болуп калат. Жакшы мугалим орто мектептин программасында каралгандардан бир канча эсе көп билет. Окуу предмети ал үчүн илимдин алиппеси гана. Терең билимдер, жакшы кругозор, илимий маселелерге кызыгуу- мунун баары мугалимге тарбиялануучулардын алдына билимдердин, предметтин, илимдин, окуу процессин өзүнө тартуучу күчүн ачып берүү үчүн зарыл. Окуучу мугалимден көптү билген, билимге берилген, ойчул, акылдуу адамды көрүүгө тийиш. Мугалимдин билими канчалык терең, кругозору канчалык кеңири, илимий маалыматтуулугу канчалык ар тараптуу болсо, ал ошончолук чоң даражада окутуучу гана эмес, тарбиячы да болот. Башталгыч класстардын мугалими үчүн ар тараптуу билимге ээ болуу гана эмес, ошондой эле кандайдыр белгилүү бир илимге, билимдердин бир тармагына айрыкча кызыгуу да маанилүү.


Жакшы мугалим- бул, үчүнчүдөн, психологияны жана педагогиканы билген, тарбиялоо илимин билмейинче, балдар менен иштөө мүмкүн эмес экендигин түшүнгөн жана сезген адам.


Жакшы мугалим- бул, төртүнчүдөн, тигил же бул эмгек ишинин ыктарын мыкты өздөштүргөн адам, өз ишинин устаты… Жакшы мектепте ар бир мугалимдин кандайдыр бир кызыккан эмгеги болот.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!