СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема: Алооке хандын кыргыздарды чабышы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тема: Алооке хандын кыргыздарды чабышы

Максаты: Алооке хандын кыргыздарды чаап алышы жонундо тушунук алышат.

                 Манас таануу боюнча дуйно таанымы кенейет, ой жугуртуусу, байланыштуу

                кеби осот.

                Ата-бабаларыбыздын басып откон жолун билууго, мекенчил болууга   

                 тарбияланышат.

Сабактын  журушу. Уюштуруу.

Негизги болук.

1.Мугалим Алоокенин кыргыздарды чаап алышы тууралуу тушундурмо берет.

Окуучулар корком айтышат.

Аэлита:

АЛООКЕ КАНДЫН КЫРГЫЗДАРДЫ ЧАБЫШЫ

Атасы Ороз өлгөндө,

Кайра келбес чын жайды.

Кайран киши көргөндө,

Калың жаткан кыргыздын.

Кереге-уугун кыйратып,

Келин, кызын ыйлатып.

Алооке деген кан чыгып,

Айбатынан жан чыгып.

Каяша айтар жан калбай,

Каяша айтып чыгарга.

Калың журтта ал калбай,

Алымын артык жороду.

Арман күн мындай болобу!

Каяша сүйлөп койгонду,

Кызыл канга боёду.

Калмак, кытай, манжуу журт,

Каарын салып уз алды.

Олжо кылып, оңбогур,

Беш көкүлдүү кыз алды.

Талдын баарын сулатты,

Тамдын баарын кулатты,

Такыр чаап алды эми.

Акыр, такыр заманды,

Журт башына салды эми.

 

Айсезим:

"Ой, Орозду, өлбө!" — деп,

"Бул өңдөнгөн кордукту

Бендесине бербе!" — деп,

Калайыктын баары ыйлап.

Каргылданып, чал ыйлап,

Жалпы журту бүт ыйлап.

Эртең тартып алат деп,

Жаш өспүрүм кыз ыйлап.

Каптап душман келиптир,

Кан талоосу эң азап.

Караламан кыргызды,

Камчыга ченеп бөлүптүр.

Жайнап жаткан кыргыздын,

Жаккан отун өчүрүп.

Жалпы баарын көчүрүп,

Артын Бапан* айдаптыр,

Андалааган кыргыздын.

Минтип шору кайнаптыр,

Алымына чыдабай.

Бирөө тентип Алтайга

Бирөө тентип Кангайга,

Бирөө тентип Эренге.

Бирөө түшүп кетти тереңге,

Кең Кашкардын ар жагы.

Кебез тоонун бер жагы,

"Бирөө ошол жерди жай кылды.

Таман тиреп туралбай,

Тизгин, чылбыр жыя албай.

Курган журт бет-бетинен каңгырды,

 

Сезим.

Катындардын баарысын

Кара элечек тул кылып,

Кайраттуунун баарысын

Камап, байлап, кул кылып,

Ороздунун ордосун

Түркүгүн сууруп алды эми,

Дүмөктү башка салды эми!

Алооке туруп кеп айтат,

Кеп айтканда нени айтат,

Кызыталак буруттун

Кызыгына кирели,

Кулжуңдап кетсе, кууратып,

Куйкасын кармап тилели.

Кызыталак буруттун

Жаккан отун өчүрүп,

Үч үйлүүсүн бир койбой,

Жалпы баарын көчүрүп,

Атаңа наалат буруттан

Алманды мыктап алалы!

Түпкү журттун түк койбой,

Түгөтө чаап кыралы!”

 

Мээрим

Ороздунун он уулу,

Ону атадан жаш калып.

Акыл толбой мас калып,

Каптап келген көп калмак.

Дүйнөсүн талап* алылтыр,

Муну менен ал балдар.

Талаада боздоп калыптыр,

Балдар эрешен тартып, эр болуп.

Кечээ эр уулу менен тең болуп,

Эрбейип атка мингенде.

Абаң Балта барыптыр,

Аңгемени салыптыр.

Акбалта жайын сурасаң,

Нойгуттан чыккан жан экен.

Алооке канга алдырып,

Ал дагы азып калган чагы экен,

Ороздунун он уулу.

Бириктешип көрсөм деп,

Өлсөм, бирге өлсөм деп.

Чалгынды бирге чалсам деп,

Кара кытай, манжууга.

Тек туруп алым бергиче,

Карчылдашып калсам деп.

Караан кылды Жакыпты,

Кайран Балта абаңыз.

Кайратынан жанбастан

Кылган ишин караңыз;

Кою болду короолош,

Абаң Балта көк жалдын,

Ашы болду жоролош.

 

 

1-топ. Кластер Алооке ханга.

2-топ. Синквейн. Алооке

3-топ. Орозду ханга класстер.

 

Калтырылган сөздү тап:

1-топ

 

Атасы __________ өлгөндө,

_______ келбес чын жайды.

Кайран киши көргөндө,

Калың жаткан _________.

Кереге-__________ кыйратып,

__________, кызын ыйлатып.

 

 

2-топ.

 

"Ой, _________, өлбө!" — деп,

"Бул өңдөнгөн __________

Бендесине бербе!" — деп,

Калайыктын _________ ыйлап.

Каргылданып, чал_________,

Жалпы журту бүт ыйлап.

Эртең тартып алат деп,

_______ өспүрүм кыз ыйлап.

 

3-топ.

____________ он уулу,

Ону ____________ жаш калып.

Акыл толбой мас калып,

Каптап келген көп _________к.

Дүйнөсүн __________ алылтыр

 

Суроолор балатысы:

 

Балатыга кар буртукчолор илинет. Ар бир кар буртукчодо суроолордун номери катылат.

Окуучулар бирден суроо алып ошол немердеги  карточканы алып суроого жооп беришет.

 

1.Манастын чон атасы ким болгон?

2. Манастын атасы ким болгон?

3. Алооке кимдердин ханы?

4. Алооке кыргыздарды эмне учун чаап алат?

5.Ороздунун канча уулу болгон?

6. Алооке чаап алгандан кийин Жакып жана башка кыргыздар кайсы жакка айдалат?

7. Манастын энеси ким болгон?

8. Алооке эмне болгондон кийин кыргыздарга кол салат?

Окуучулар суроолорго жооп беришет.

 

 

Кол чабуу менен бааланат.

 

 

Просмотр содержимого документа
«Тема: Алооке хандын кыргыздарды чабышы»

Тема: Алооке хандын кыргыздарды чабышы

Максаты: Алооке хандын кыргыздарды чаап алышы жонундо тушунук алышат.

Манас тануу боюнча дуйно таанымы кенейет, ой жугуртуусу, байланыштуу

кеби осот.

Ата-бабаларыбыздын басып откон жолун билууго, мекенчил болууга

тарбияланышат.

Сабактын журушу. Уюштуруу.

Негизги болук.

1.Мугалим Алоокенин кыргыздарды чаап алышы тууралуу тушундурмо берет.

Окуучулар корком айтышат.

Аэлита:

АЛООКЕ КАНДЫН КЫРГЫЗДАРДЫ ЧАБЫШЫ

Атасы Ороз өлгөндө,

Кайра келбес чын жайды.

Кайран киши көргөндө,

Калың жаткан кыргыздын.

Кереге-уугун кыйратып,

Келин, кызын ыйлатып.

Алооке деген кан чыгып,

Айбатынан жан чыгып.

Каяша айтар жан калбай,

Каяша айтып чыгарга.

Калың журтта ал калбай,

Алымын артык жороду.

Арман күн мындай болобу!

Каяша сүйлөп койгонду,

Кызыл канга боёду.

Калмак, кытай, манжуу журт,

Каарын салып уз алды.

Олжо кылып, оңбогур,

Беш көкүлдүү кыз алды.

Талдын баарын сулатты,

Тамдын баарын кулатты,

Такыр чаап алды эми.

Акыр, такыр заманды,

Журт башына салды эми.


Айсезим:

"Ой, Орозду, өлбө!" — деп,

"Бул өңдөнгөн кордукту

Бендесине бербе!" — деп,

Калайыктын баары ыйлап.

Каргылданып, чал ыйлап,

Жалпы журту бүт ыйлап.

Эртең тартып алат деп,

Жаш өспүрүм кыз ыйлап.

Каптап душман келиптир,

Кан талоосу эң азап.

Караламан кыргызды,

Камчыга ченеп бөлүптүр.

Жайнап жаткан кыргыздын,

Жаккан отун өчүрүп.

Жалпы баарын көчүрүп,

Артын Бапан* айдаптыр,

Андалааган кыргыздын.

Минтип шору кайнаптыр,

Алымына чыдабай.

Бирөө тентип Алтайга

Бирөө тентип Кангайга,

Бирөө тентип Эренге.

Бирөө түшүп кетти тереңге,

Кең Кашкардын ар жагы.

Кебез тоонун бер жагы,

"Бирөө ошол жерди жай кылды.

Таман тиреп туралбай,

Тизгин, чылбыр жыя албай.

Курган журт бет-бетинен каңгырды,


Сезим.

Катындардын баарысын

Кара элечек тул кылып,

Кайраттуунун баарысын

Камап, байлап, кул кылып,

Ороздунун ордосун

Түркүгүн сууруп алды эми,

Дүмөктү башка салды эми!

Алооке туруп кеп айтат,

Кеп айтканда нени айтат,

Кызыталак буруттун

Кызыгына кирели,

Кулжуңдап кетсе, кууратып,

Куйкасын кармап тилели.

Кызыталак буруттун

Жаккан отун өчүрүп,

Үч үйлүүсүн бир койбой,

Жалпы баарын көчүрүп,

Атаңа наалат буруттан

Алманды мыктап алалы!

Түпкү журттун түк койбой,

Түгөтө чаап кыралы!”


Мээрим

Ороздунун он уулу,

Ону атадан жаш калып.

Акыл толбой мас калып,

Каптап келген көп калмак.

Дүйнөсүн талап* алылтыр,

Муну менен ал балдар.

Талаада боздоп калыптыр,

Балдар эрешен тартып, эр болуп.

Кечээ эр уулу менен тең болуп,

Эрбейип атка мингенде.

Абаң Балта барыптыр,

Аңгемени салыптыр.

Акбалта жайын сурасаң,

Нойгуттан чыккан жан экен.

Алооке канга алдырып,

Ал дагы азып калган чагы экен,

Ороздунун он уулу.

Бириктешип көрсөм деп,

Өлсөм, бирге өлсөм деп.

Чалгынды бирге чалсам деп,

Кара кытай, манжууга.

Тек туруп алым бергиче,

Карчылдашып калсам деп.

Караан кылды Жакыпты,

Кайран Балта абаңыз.

Кайратынан жанбастан

Кылган ишин караңыз;

Кою болду короолош,

Абаң Балта көк жалдын,

Ашы болду жоролош.



1-топ. Кластер Алооке ханга.

2-топ. Синквейн. Алооке

3-топ. Орозду ханга класстер.


Калтырылган сөздү тап:

1-топ


Атасы __________ өлгөндө,

_______ келбес чын жайды.

Кайран киши көргөндө,

Калың жаткан _________.

Кереге-__________ кыйратып,

__________, кызын ыйлатып.



2-топ.


"Ой, _________, өлбө!" — деп,

"Бул өңдөнгөн __________

Бендесине бербе!" — деп,

Калайыктын _________ ыйлап.

Каргылданып, чал_________,

Жалпы журту бүт ыйлап.

Эртең тартып алат деп,

_______ өспүрүм кыз ыйлап.


3-топ.

____________ он уулу,

Ону ____________ жаш калып.

Акыл толбой мас калып,

Каптап келген көп _________к.

Дүйнөсүн __________ алылтыр


Суроолор балатысы:


Балатыга кар буртукчолор илинет. Ар бир кар буртукчодо суроолордун номери катылат.

Окуучулар бирден суроо алып ошол немердеги карточканы алып суроого жооп беришет.


1.Манастын чон атасы ким болгон?

2. Манастын атасы ким болгон?

3. Алооке кимдердин ханы?

4. Алооке кыргыздарды эмне учун чаап алат?

5.Ороздунун канча уулу болгон?

6. Алооке чаап алгандан кийин Жакып жана башка кыргыздар кайсы жакка айдалат?

7. Манастын энеси ким болгон?

8. Алооке эмне болгондон кийин кыргыздарга кол салат?

Окуучулар суроолорго жооп беришет.



Кол чабуу менен бааланат.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!