СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суу жана анын касиеттери

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Суу жана анын касиеттери»

Сабактын план конспектисинин формасы (Мекен таануу)

Классы: 3 Чейреги: 3

Окуу предмети: Мекен таануу

Мугалим: Исакова Ойдиной

Сабактын темасы: Суу жана анын касиеттери. Жаратылышта суунун айланышы.

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын ыкмасы:түшүндүрү, ангемелешүү,суроо жооп,өз алдынч иштөө,

Жабдылышы:сүрөт,окуу китеп,видеолор,слайд,аудио Сабактагы колдонулуучу платформасы: Googl Meet,WhatsApp Сабактык формасы: Онлайн сабак


  1. Негизги компотенттүүлүктөр:

Маалыматтык НК1

Социалдык-коммуникативдик НК2

Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү НК3

  1. Предметтик компотенттүүлүктөр:

Көрүнштөрдү окуп түшүнүү, таануу, далилдөө ПК1 Курчап турган айлана-чөйрөнү билүү ПК 2 Организимдердеги өзгөруулөрдү байкоо ПК 3 Жашоо тиричилик менен байланыштыруу ПК 4


Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр:

1.Билим берүүчүлүк: Жаратылышта суунун пайда болуусун окуп үйрөнүшөт.

Окуучулар суу жана анын айланышы боюнча маалыматтар менен таанышышат. Суунун

биздин жашообуздагы оорду боюнча билишет. Сууну таза, сарам жалдуу пайдалануу керек экендигин түшүнүшөт.

-Окуучулар суу жана анын айланышы боюнча маалымат алышса,

Жаратылышта суунун пайда болуусун окуп үйрөнүшсө.

-Суунун биздин жашообуздагы оорду боюнча билишсе.

-Сууну таза, сарам жалдуу пайдалануу керек экендигин тушунушсө.


-алган билимдерин турмушта колдонууга жана сууну сарамжалдуу пайдаланууну үйрөнүшсө.

-Видео, аудио, кластер, слайд аркылуу угуп, көрүү аркылуу эсине сактап алса.

-Тест аркылуу ой жүгүртүү менен өз оюн билдирүүгө көнүксө.

Кабыл алуусу, логикалык ойлоосу, билгичтиги калыптанса.

-Суусуз жашоо болборун билишсе. Окуучулар адептүүлүккө, ынтымактуулукка,

чынчылдыкка көпчүлүктүн арасында өзүн туура алып жүрүүгө үйрөнүшсө.

Өнуктүрүүчүлүк: Алган билимдерин турмушта колдонууга жана сууну сарамжалдуу пайдаланууга үйрөнүшөт.

3.Тарбия берүүчүлүк: Суу сыйлаган зор болор суу кордогон кор болор макалдын маанисин

түшүнүп сууга аяр мамиле жасоого тарбияланышат.


Сабактын жүрушү


Сабактын этабы

Мугалимдин иш-

Аракети

Окуучунун иш-

аракети

ПК НК

Баалоо

Уюштуруу:

Саламдашып алтын эреже түзүп, бири- бирине жагымдуу маанай тартуулайт.

Унутуп коюп сабагын

Саламдашат. Өздөрүн сабакка даярдашат.

Ырды кайталап маанисин түшүнүшөт.

НК 2

ПК 1

ПК 2

Азаматсынар


Уктап калган баланын. Пыр-пыр этип ырдаган Мурдуна таң каламын. Ушул ырга тартылган сүрөттү көргөн бала

ырдын мани –мазмунун абдан жакшы түшүнүшөт.




Өтүлгөн теманы кайталоо:

Топурак жөнүндө эмне билесинер?

Өсумдуктөр топурактан эмне алышат?

Макалдын маанисин айтып бергиле?

Тоодогу бакты

кыйсан,өрөөндөгү топурактан айрыласың» Жерэне жөнүндө эки – үч макал же табышмак тапкыла.

Бири-биринин жообун толукташат.

Үй тапшырманы айтып беришет.

Макалдын маанисин айтып чечмелешет.

Эл эмгегин жер жебейт.

НК 3

ПК 1

ПК 2

ПК 3

“Азаматсынар”

дагы эмнени билесинер деген сыяктуу

сыпаттама

Жаңы материал менен иштөө

Сабактын темасы жана максаты менен

тааныштырабыз. 129-бет

Суу биздин планетанын көп бөлүгүн ээлейт.

Жаратылышты океандар, дениздер,

көлдөр, саздарөзөндөр сууга толуп турат.

Адамдын колу менен түзүлгөн жасалма көлдөр, суу сактагычтар, каналдар бар. Жердин түпкүрүндө жана ал түгүл абада да суу бар. Жердеги жашоо дагы суунун натыйжасында пайда болгон жана сакталып турат. Суу ар кандай тирүү организимдин

курамына кирет. Ал осүмдүктөрдүн

баардык бөлүктөрүндө бар.

Окуучулар суу жана анын айланышы

боюнча маалыматтар менен таашышышат.

Суунун биздин

жашообуздагы оорду боюнча билишет.

Сууну таза сарамжалдуу пайдалануу керек экендигин тушунушот.

Суроолорго жооп берүү менен тема

боюнча билгендерин ортого салышат.

НК 1

НК 2

НК 3

ПК 1

ПК 2

ПК 3

Окуучуларга

сыпаттама баалар берилет.





Мөмөлөрдүн ширеси- бул эритилген түрдүү заттары бар суу. Биздин организим негизинен суудан турат. Күн

сайын суу менен толуктоо үчүн чоң адамга эки литрден ашык суу керек. Ал канда да бар, суунун жардамы менен

организмден зыяндуу заттар чыгарылат.

Суусуз өсүмдүк да

жаныбарлар да жашай албайт. Суу-жердин негизги

байлыктарынын бири. Суу үч: суюк, каттуу, газ абалында болушу мүмкүн.

Эстеп калгыла! 131-бет

Чыпкалоо- бул сууну эрибеген кошундулардан тазалоо. Суу- тунук, түссүз суюктук, жыты

болбойт. Суу ысытууда кеңейет, ал эми муздатууда кысылат.

Суу көп заттарды эритет.

Суу жылдын каалаган мезгилинде ал түгүл аяздуу кыштада бууга





айланат. Силер

нымдалган чүпөрөк менен класстык

досканын бетин сүрттүңөр, бир нече мүнөт өткөндөн кийин доска кургак болуп калат. Анда суу бууланды. 0 градус С жана андан төмөн температурада суу тоңот жана музга айланат. Муз

күкүмдөрү бийиктеги булуттарда да түзүлөт.

Алар бири-бирине биргигип , кар

бүртүктөрүнө

айланышат жана жерге түшөт. Муз жана кар- бул катуу абалдагы суу. Силер суу муздаганда кысыларын билесиңер бирок музга айлануу менен ал кеңейет. Мына ошондуктан кээде суу түт үктөрү жарылып,

жылытуу иштен чыгат.




Бышыктоо

Сууну биз кантип сакташыбыз керек жана кантип

пайдаланышыбыз керек?

Көлчүк жамгырдан кийин качан тез кургайт: жайындабы же күзүндөбү? Эмне үчүн чайнек кайнаганда буу пайда болот?

Окуучулар суроого жооп беруу менен талкуу жүргүзүшөт. Суу деген темада кластер түзүшөт.



Кластер





суу

НК 2

НК 3

ПК 1

ПК 2

ПК 3

Мугалимдин

алкышы ар бир окуучуну өзунчө сыпаттама баалар менен баалайт.

Жыйынтыктоо

Жаратылышта суу кандай абалда жолугат? Суунун турдуу заттарды

ээритуу касиети кайда

Окуучулар суроолорго жооп берүү менен сабактарын

жыйынтыкташат.

НК 2

НК 3

ПК 1

ПК 2

Мугалимдин

алкышы ар бир окуучуну өзунчө сыпаттама баалар




колдонууларын айткыла?

Бүгүнкү сабак силерге жатыбы? Кайсыл жери кыйын болду жана кайсыл жерин буга чейин билет элеңер?

Билбеген жерин сурашат.

ПК 3

ПК 4

менен баалайт.

Баалоо

Мактоо сөздөрү айтылат. Сабакта коюлган критерийлердин негизиде: активдүү

катышканына,берилген суроолорго туура жооп бергенине жараша

баалоо.

Бири-бирин баалоо жүргүзүшөт.

Каталарын байкоо жана талаптарды

билүү менен классташтарын

баалашат.


Диагноздоочу баалоо

жүргүзүлөт.

Жетишүү

деңгелин аныктоо.

Тапшырма

Эгерде Жерде тузсуз суунун запасы түгөнсө эмне болорун ойлонгула. Муну кантип болтурбоо керек? Суу жөнүндө жомок ойлоп тапкыла.

133-бет

Окуучулар ойлонуп жооп беришет.

Окуучулар суу

жөнундө жомок таап, айтып беришет.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!