СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын темасы:  Жыныстык тарбия берүү.

Нажмите, чтобы узнать подробности

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сабактын темасы:          Салам сага, санжыралуу Ноорузум!.

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар ата-бабадан мурас катары отуп, ушул кунго келип жеткен Нооруз майрамы тууралуу тушунук алышат. Майрамда сөзсүз түрдө сүмөлөк кайнатылаарын билишет.
  2. Ыймандуулукка, адептуулукко, ата-эне, эл-журт алдындагы милдетин сезе билууго, улуу муундарды сыйлай билууго тарбияланышат.
  3. Окуучулар  чыгармачылык жондомдуулугун онуктурушот.

 Сабактын формасы:   адабий-музыкалык кече.

Сабактын жабдылышы:   дубал газета, улуттук буюмдар, DVD, диск.

Сабактын журушу:

Уюштуруу. Күү уктурулат. Коноктор жайгаштырылат. Арча тутөтуп бир окуучу кирет.

1-окуучу:

- Алас, алас, алас,

Ар балээден калас.

Айдан аман, жылдан эсен бололу.

Жакшылыкты тенир берди,

Жарык күндү кеңири берди,

Орообуз данга толсун!

Оозубуз нанга толсун!

2-окуучу:  Нооруз майрамыныздар куттуу болсун, 

                    Үйүңөргө бакыт консун.

                    Башыңарга баш кошулуп,

                    Даныңарга дан кошулсун.

3-окуучу:   Ууртуңардан күлкү,

                     Жүзүңөрдөн нур кетпесин!

                     Быйылкы жыл жакшылыктын

                     Токчулуктун жылы болсун.

4-окуучу:    Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздарда 2000 жылдан ашуун убактан бери кун менен тундун теңдешкен кунун жаңы жыл – Нооруз дешкен.

5-окуучу:  Нооруз – фарсы тилиндеги нав-жаңы, руз-күн деген сөзүнөн алынган. Ал бара-бара турк тилдериндеги элдерге төл сөз катары өтөт.

Нооруз – 

- Жаркыраган жаздын

- Жаштык жигердин

- Күжүрмөн эмгектин

- Жакшы тилек умуттун

- Биримдуулуктун

- Кайрымдуулуктун

- Боорукердиктин

- Ыймандуулуктун

- Адилеттуулуктун

- Таттуу, даамдуу жайыл дасторкондун майрамы.

6-окуучу:  Келди Нооруз жер энебиз нан берсин,

                    Жериме көк, жер жайнаган мал берсин,

                    Канат бутак өсүп, тукум жаңырып,

                    Бешиктерге бакыт шерик жан берсин.

7-окуучу:   Келди Нооруз, жаңырып кун, жаңы тилек,

                     Өмүргө бир кылчайып ойлонуучу.

                     Белгилеп амандыгын ар бир адам,

                     Кубаныч ар бир үйдө тойлонуучу.

  8-окуучу:    Келди Нооруз, дил майрамы жаркыраган,

                      Күндүн нуру төгүлүп дүйнө шаңдуу.

                      Өлбөгөн жан жазды көрдү кубанып,

                      Кыбырап күнгө умтулду бардык жандуу.

9-окуучу:     Нооруз жалган куран айынын 20сынан 21ине караган түнү өткөрүлгөн. Бул кунду баары: кары-жашына карабай чыдамсыздык менен кутушкөн.

10-окуучу: Алар жаңы жылга жаңы кийимдерди даярдашкан. Алсак, карыялар, байбичелер ак, жашыл түстүү кездемелерден кийимдерди, көйнөктөрдү кийишкен.

11-окуучу: Ушул куну колунда барлар бей-бечараларга кайыр-садага беришкен.

12-окуучу:  Ушул күнү Баба дыйкандар мол түшүмдү сурашып, үрөндү жакшылыкка жумшалсын деп себишкен.

13-окуучу:  Ушул күнү айыл-ападагылар жаңы жыл бизге оттой ысык жашоону алып келишсин дешип, балбылдата от жагышып, тегеренип бий бийлешкен.

14-окуучу: Ушул күнү ага-туугандар, достор, коңшу-колоңдор бири-бири менен таарынышып журушсө, элдешишкен жана кечирим сурашкан.

15-окуучу: Ошентип, алардын биринин да көкүрөгүндө кири калбаган.

16-окуучу:  Мына ушунусу менен Нооруз майрамы барктуу да, данктуу да болгон. Ошентип, Нооруз майрамын жылга-жыл улаар, өмүргө-өмүр улаар – улуу күндү тосуп алдык.

Куш келипсиз Нооруз!

Жер жарылып чөп чыгып,

Желин айрылып сүт чыксын.

Ар балээ бизден алыс болсун,

Дасторкон жайылып береке толсун.

17-окуучу:  Ноорузга арналган тамак-аштын эң сыйлуусу, өткөрө сыйлуусу сүмөлөк менен чоң көжө болгон. Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө, эл ичинде ар кандай уламыштар айтылат, алардын бирин угуп көрөлү:

   Илгери өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында, калкты ачарчылык каптайт. Эл ичин өлум-житим аралайт. Жумурай-журттун айласы куруп, самандай сапырылат. Ошол заманда бир аялдын көп балдары бар экен . Кыйынчылык , жокчулуктан балдарынын жей турган тамагы жок . Алар тамак сурап ыйлашат. Эне эмне айла кылаарын билбей чоң казанга сууну куюп, ташты салып, кайната баштайт. Балдарына “мына азыр оокат бышайын деп калды” деген жоопту айтып, ыйлап,  оттон жагып олтуруп , балдары да өзү да уктап калышат . Эртең менен ойгонуп карашса казандагы таш кайнап , сүмөлөккө айланып калганын көрүшөт . Мына ошондуктан сүмөлөк сырдуу дагы ыйык дагы тамак деп аталып калган дешет .

   Сүмөлөк жасаш үчүн адегенде буудайды жууп, тазалап алабыз . Аны тегиз тактага жайып , күнүгө суу куюп турабыз . Ал жети күндө даяр болот, өнүп чыккан буудайдын узундугу 1-2 см ден ашыш керек. Буудай көп өсүп кетсе сүмөлөк кычкыл, даамсыз болуп калат. Өнүп даяр болгон буудайды жанчып, сууга салып сүзүп алабыз . Сүзүп алынган сууларды казанга куябыз. Сүмөлөккө сүзүп алынган суу, ун, 40 таш салынат . Жакшы тилек айтып , сүмөлөктү тынбай аралаштырып туру керек. Сүмөлөк эң узак 6-8 саат кайнап быша турган тамак. Сүмөлөктү баштаардан мурда жети токоч салынат . Жети күндө буудай өнөт. Жети саны кыргыз үчүн ыйык сан. Нооруздун дагы жети түрдүү тамагы бар. Алар: сүмөлөк, көк самса, бадырак, май талкан, эжигей, ширин күрүч , курут .

Сабакты жыйынтыктоо . 

“ Арыба, Нооруз!

Келе бер, Нооруз!

Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!

Талаабызга ак нан берсин!

Алдыбыздан ак дасторкон,

Башыбыздан бак-дөөлөт,

Ырыс-кешик, ынтымак,

Узун өмүр ырашкерчилик кетпесин!” деген баталар жакында кирип келчу “Нооруз” майрамында берилет. Нооруз майрамы кайдан келбесин, анын символдору менен ритуалдары эмнени билдирбесин, кайсы ишенимге таандык болбосун – бул майрам миңдеген жылдар бою жер бетиндеги көптөгөн элдерин чыныгы элдик майрамы катары калууда. Аны 2010-жылы БУУ адамзаттын маданий мурасы деп жарыя кылып, “Бардык элдердин Эл аралык майрамы” деп бекитип берген.

    Үй тапшырмасы . Синквейн түзүү .         Сүмөлөк .

Ыйык, таттуу .

Өнөт, кайнайт, бышат .

Сүмөлөк Нооруздун символикалык тамагы .

Таттуу  тамак

 

 

Сабактын темасы:  Мен жоопкерчиликтуу чечим   

                                        кабыл алам.

Сабактын максаты: 1. Окуучуларга «Эркиндик», «Жоопкерчилик» деген создордун манызын, маанисин тушундуруу. 2. Оз мунозун таануу жана тарбиялоого чакыруу. 3. Адептик мыйзамдардын негизинде «эркиндикти», «жоопкерчилик» деген создорду колдоно билууго уйротуу.

Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар.

Сабактын журушу:

Уюштуруу. Суроолордун тегерегинде маектешуу уюштуруу:    -  Оз мунозунор жонундо эмне айта аласынар?    -   Эркиндик деген эмне?    - Сен озунду эркин адаммын деп эсептейсинби?    - Коз карандылык деген эмне?    -  Жоопкерчилик деген эмне?    -  Сен озунду жоопкерчиликтуумун деп айта аласынбы? Мугалим: Эркиндик дегенибиз – «азаттык» деген создун синоними. Эркиндик – оз каалоо, максатын, оз иш аракетин озу чече алуусу. Ошол эле учурда ал оз каалоолорун озу башкара алуусу, бирок каалоолору аны башкаруусу эмес. «Эркиндик» деген созго «коз карандылык» карама-каршы. Эркиндигинен ажыраган дегенде биз турмодо отурган адамды элестетебиз.     А.И. Солженициндин : «Камакта отуруп, турмуштун оорчулугун башымдан откоруп жатып, ички эркиндикти сездим» деген созу бар. Демек коз карандылык деген турмо менен эле чектелбейт экен. Адамдын «ички эркиндиги» болбосо, ал камакта болбосо деле коз каранды болот экен. Мисалы, ичкиликтен, бангиден коз карандылык, ан сезимден коз карандылык, саясий коз карандылык, экономикалык коз карандылык.    Ал эми азыркы мезгилде жаш балдардын арасында компьютердик оюндан коз карандылык проблемалуу меселе болуп жатат. Бул коз карандылыктар оз каалоолорун башкара албагандан келип чыгат.    Эми акылмандардын созуно конул бурсак «Жоопкерчиликсиз эркиндикке жетууго болбойт» деп айтышат.  Жоопкерчилик деген эмне экендиги жонундо бир топ оюнарды айттынар. «Жоопкерчилик – адамга куч беруучу жук» деген таамай айтылган афоризмдин маанисин чечмелеп королу.     Жоопкерчиликтуу болуу бир жагынан оордук келтирчу жук болсо, экинчи жагынан адам оз эрки менен которчу жук сыяктуу экен. Адам канча бийиктикке которулгон сайын ошончолук жоопкерчилиги жогорулайт. Эн биринчи адам озунун суйлогон созуно, журум-турумуна, аткарган ишинин тууралыгына, чыгарган чечимине жоопкерчиликтуу болот. Ошондой эле озунун ден соолугуна, омуруно да озу жоопкер болот.  

  Бышыктоо.  Конугуу иштоо: «Ким эмнеге жоопкерчиликтуу?»  деген оюн ойнойбуз. Класс эки топко болунуп, бири бирине кайсы бир кесиптеги же категориядагы адамды айтышат, экинчиси ал эмнеге жоопкер экенин табышат. Мисалы, шофер – озунун автосундагы жургунчулордун омуруно, алдынан чыккан жоо журуучулордун, жолдогу башка автомобилдердин коопсуздугуна. ж.б.    Жетекчи кадр – оз кол алдында иштеген эмгекчилердин коопсуздугуна, алардын эмгек акысынын убагында толонушуно, эмгек шартына ж.б.  

 

 

Окуучу – Мугалим – Врач – Президент –                ж.б.

 Жыйынтыктоо:   Элибиз байыртан эле жоопкерчиликтуулукту баалаган. Анда элдик адеп-ахлак нормаларынан жоопкерчилик эмне экендигин дагы теренирээк тушунолу.      Жоопкерчилик. Бул – пендечиликтеги жогорку сапат. Адамдар­дын өзүнө-өзү талап коюусу. Жашоо-тиричиликте ар кими өзүнүн жекече жолун тандап, ага карата мамиле кылуусу. Турмуш куруусу, бала-чака күтүүсү. Мындай касиеттер: Биринчиден, бөбөктөргө, жаш муундарга, үйдөн тарбия-таалим берүүнүн туура багытта болушунан; Экинчиден, ата-эненин ич-ара ынтымагынан, балдарына өзүлөрүнүнүн жүрүш-туруш үлгүлөрүнөн; Үчүнчүдөн, үй-бүлөдө атанын алган ордунан, ал ээлик катары табышкеринен, үй-бүлөсүн ойдогудай багуусунан; Төртүнчүдөн, анын айыл арасындагы, эл ичиндеги кадыр-бар-кынан, башкалар баамдоочу таасиринен, ишмердүүлүгүнөн ж.б. са-паттарынан; Бешинчиден, эненин үй ичин тирдентүүсүнөн, зайыптарга таан­дык күч-аракеттерин талаптагыдай жүргүзүүдөн, үзүлгөндү улап, жоктон бар кылууларынан; Алтынчыдан, эр-аял алыс-жакындагы ымалаш-санаалаштарга катышууларынан, мейман күтүүдөн, элчилдигинен ж.б.у.с. тирүүчүлүктөгү жол-жоболору өз нугунда, изден тыйбай алып баруу аркылуу жоопкерчиликтери артылып келгени.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сабактын темасы:   Эне мээрими чексиз

Сабактын максаты: 1. «Эне-тагдыры-улут тагдыры»-деген накыл кептин терен маанисин тушунот. Энелердин коомдогу ролун билишет. 2. Энелерди сыйлоо-перзенттик парз экенин дагы теренирээк түшүнөт. 3. Өзүндө жакшы сапаттарды өнүктүрө билүүгө тарбияланышат. Сабактын жабдылышы:  Макал-лакаптар жазылган плакат, суроттор.

 С а б а к т ы н   ж у р у ш у :

І. Уюштуруу: «Эне жонүндо баллада» үч окуучу бир куплеттен ырдайт.

1-окуучу:                                                                   2-окуучу: Тамчыдай денедеги сутун менен,                     Туболук тун кузоткон канаттуудай, Талпынтып ак бешикке баккан энем.                Уйкудан чолпон козун ачкан энем. Нуруна мээримине магдыраткан,                       Алдына ажал келип турса дагы, Мандайда менин батпас кунум элен.                Мен учун жанды курман кылар элен.

                                                            3-окуучу:                                           Шанданган шоола болдун бул жузумо,                                           Асмандай ай нурундай асыл энем.                                           Козумдун карегиндейкоп аягам,                                           Алтындай эмгегинди неге тенейм.

ІІ. Киришуу: Мугалим:  Эне- уйдун куту жана баланын, уй булонун бактысы. Турмуштун эчен азап-тозогун башынан откоруп, чонойткон балдары учун омур боюу кам корот.   «Карга суйот баласын аппагым деп, кирпи суйотбаласын жумшагым деп» дегендей эне учун баласы дайыма эн суйкумдуу жана дайыма жаш. Уулу эрезеге жетип ата болсо да, кызы бойго жетип, эне болсо да, эне алар учун кам коруп жанын курман кылууга даяр. Ал эми бала учун эне чон бакыт. Эне уйдо бир минута жок болсо, уйдун куту уча тушконсуйт. Эшикке кирип чыгып тезирээк эле келишин кутуп тынчсызданасын.     «Энелер-жашоо чырагы» деген соз да бекерге айтылбайт. Жашоонун озу ЭНЕден башталып олтурбайбы. ЖЕР-ЭНЕ экоону ажыратуу мумкун эмес. Жер –Энеден алган тушумду дыйкандарыбыз алганда да,эн алгачкы кызыл кырмандагы буудайдын даамын татканда да, Жер –Энеге ыраазычылык билдирип, элибизде токчулук береке-пейиз болсун дешип ак тилектерин билдирет.   Энелер боорукердиги , акылкойлугу, намыскойлугу, которумдуулугу менен айырмаланат. Кыйын кезендерде энелер эр-жигиттердин намысына тийип, акылкойлугу менен элин сактап калган учурлар тарыхта коп учурайт. Эл башына кыйынчылык тушкондо, душманга каршы турушуп эрдиктерди корсотушкон. ІІІ. Топтордо иштоо: Классты уч топко болуп, аларга томонку кыргыздын баатыр аялдарынын урпактан урпакка отуп сакталып келе жаткан эрдиктери жонундо кыскача баяндама тузуу тапшырмасы берилет. 1-топко: Кыз Сайкал. 2-топко: Жаныл Мырза. 3-топко: Курманжан Датка.  1-топ. Кыз Сайкал – озунун уруусун коргогон, намыской, эр сайышка тушкон сулуу жана акылдуу кыз болгон. Манас эпосунда ал жонундо кенири айтылат.  Балбандыгы жана баатырдыгы айкалышкан, жоо-жарагын кийинип, айбатту ат минип, жолоктуу найза кармап, эрегишуу майданына чыкканда, анан атак-данкын уккан балбандар эч кимиси ага каршы эроолго чыкпай койот. Ошондо намыс кылган хан Манас озу чыгат жана женилип кала жаздап аран женет. 2-топ. Жаныл Мырза да ото намыской, озунун элин, жерин жанын аябай коргогон, элинин намысын, тынчтыгын озунун керт башынан ойдо койгон баатыр кыз болгон. Эр азамат жигиттерден отуп, согушуу искусствосун билген. Озу жакшы коргон Тулкубек мырзаны, уруусунун намысы учун, жаа менен атып олтургон. 3-топ. Курманжан-Датка энебиз кыргыз элинин биримдиги, тынчтыгы, эркиндиги  учун жан куйгузгон, озунун баласын курмандыкка чалган, акылмандык менен эл башкарган, дипломат аял болгон. Ошол кездеги Россия окмоту менен саясий алака жургузуп, келишим тузгон. Аны «Алай ханышасы» деп , ардактап эске алабыз.   Азыркы учурда да энелерибиз эбегейсиз коомдук иштерди аткарып, элибиздин, мамлекетибиздин онугушуно салым кошуп келуудо. Азыр баарынарга жалпы суроо: - Азыркы учурда озунун куч-кайратын, эмгегин элине, жерине арнаган, белгилуу коомдук ишмер аялдарды билесинерби? Атап бергиле.(Роза Отунбаева, Ишенгул Болжурова, Асия Сасыкбаева ж.б.) ІV. Энелер жонундо макал-лакап, накыл создор жарышы: Ар бир топтон бирден окуучу чыгып энелерге арналган макал-лакаптарды айтып жарышат. Таппай калган окуучу оюндан чыгат. Мисалы, *Эненин коону балада, баланын коону талаада. * Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат. *Бейиш эненин таманы астында. *Эненди Меккеге уч жолу жоо которуп барсан да, карызындан кутулбайсын. *Ата-эненди сыйласан , оз баландан сый коросун. ж.б. V. Жыйынтыктоо: Энелерибизге арнап коптогон жазуучу, акындарыбыз оздорунун чыгармаларын жаратып келет. Ал эми обончуларыбыз аларга мукамдуу обон жазып, аткаруучуларыбыз ырдап келет. Алар эне жонундо ырдаганда жан дуйнон жанырып, энелердин мээрбандыгына, боорукердигине, кубанып ыраазы болосун. Дегеле «Эне» темасына кайрылбаган акын, жазуучу, обончу, аткаруучу, суротчу ж.б. аз эле болсо керек.    Анткени энелерибиз ар кандай сыйга татыктуу. Алар тугонбогон туйшукту которо билген чарчабаган мээнеткеч, кечиримдуу, боорукер. Ошол эле учурда конулу назик. Аларга аяр мамиле жасап, конулун оорутпай аздектеп сыйлап турушубуз керек. Чоноюп алып, озу эле ушул даражага жетип калгансып, энелерин кемсинтип, орой мамиле жасагандык, аларга жонокой гана соз менен эле тушундуруп койо турган ишти да катуу айтып, эненин конулун калтыруу- бул кечирилгис ката. Ошондуктан, мындай ката кетирбейли. Энелерибизге эн алгач жылуу мамиле, суйуубузду арнайлы.  Энелерибизге майрамдарда эле конул буруп калбастан дайыма сый-урмат корсотолу.     

 

 

 

 

Сабактын темасы: Табият жана ырым-жырымдар.

Сабактын максаты: 1. Ырым-жырым жонүндо түшүнүк алышат. 2. Табият менен ырым-жырымдардын байланышын аныктай алышат. 3. Дүйного коз карашын калыптандыруу үчүн оболго түзүлот. Оз алдынча ой жүгүртүүго конүгүшот.             Сабактын жабдылышы: Ырым-жырымдар чагылдырылган суроттор. Сабактын журушу:                                                                                                                                          I. Уюштуруу. Окуучуларды жоктоо. Тема жана анын максаты боюнча тушунук беруу.                                                   II. Керектуу маалыматтарды беруу. Табият менен жуурулуша жашап келген кыргыз эли жан-жаныбарлардын сырын кыйын түшүнгөн эл болгон. Ата-бабалар жапайы кайберендерден баштап, канаттууларды, майда жапайы жаныбарларды, коөн, түлкү, карышкыр, илбирстер сыяктуу бардык жаныбарларды ыйык тутушуп, аларды тукум курут кылышпай, турмуштук керектөөлөр учурунда гана тузак салган. Жалпысынан алганда, кыргыз маданиятынын бир өңүтүн ырымдар түзөт. Ырымдардын түрлөрү көп. Ар бир ырымдын кылымдар бою түкшөмөлдөнүп келаткан мазмуну, кыргыз баласынын өнүп-өсүшүндө салым-орду, эне сүтү менен муундан муунга берилүүчү мурастуулугу, башка элдин өкүлүнө бирде кызыктуу көрүнсө дагы, көбүнесе адаттан тыш, чоочун учурай турган сырдуулугу, өзүнүн аткарылышы кайсы бир көңүл өйүтүндөгү нерсенин чечилип калышына шарт түзгөн касиеттүүлүгү, анан талашсыз, кечээгиси, бүгүнкү-эртеңкиси бар. Дегеле кыргызда мынча ырым бар деп так маалыматты эч ким бере албайт. Мындай көңүл коюп карай келсең, аң-сезимсиз түрдө адам бир күндүк турмушунда канча ырымды аткарып жибергенин өзү да аңдабайт. Адатта «кызга кырк үйдөн тыюу» деп элде айтылгандай, басымдуу тыюулар аталган жыныстын өкүлдөрүнө багышталат. «Керегем сага айтам, келиним сен ук» деп биздин даанышман карыларыбыз чай үстүндө саймедирей берип, өз балдары менен кыздарын, небере-чөбөрөлөрдү кантип туура жолго салып коюшаарын өздөрү да байкабайт. «Шыпыргыны тигинен койбо», «түнкүсүн эшикке суу төкпө», «кечкисин тырмак алба», «тамактын үстүн алтүндө ачык калтырба», «кыбыланы карап заара кылба», «жума күнү кир жууба», «үйгө киши-кара келгенде алдагы баланын чекесине көө сүртүп кой», «төшөктү кыбыланы теппегендей сал», айтор, бул өңдөнгөн үй тиричилигиндеги ар бир көрүнүш ырым болуп кете берет. Мазарларда эң көп кездешкен ырымдардын бири – түлөө Кылым карытып келе жаткан түлөө салтынын өзөгүндө азыркы менен кеткендин, тирүүлөр менен арбактардын, бабалар менен урпактардын, күнүмдүк менен ыйыктыктын, ошондой эле табият менен адамдын карым-катнашы жана бир-биринин алдындагы жоопкерчилиги жатат. Түлөө – каалоо-тилек менен болмушту шайкештикке алып келе алган аракет болуп көрүнөт. Мисалы, тирүү пенделердин бейкуттугу арбактардын жардамы менен болушу мүмкүн, ал эми арбактар тирүүлөрдүн эскерүүсүнө муктаж. Мазарлар болсо ортодогу байланышты чыңдайт деген ишеним байкалат. Томондо кээ бир ырым-жырымдардын мааниси менен таанышалы. Кошумча-жамандык-жакшылыкта элибиздин бири-бирине көрсөткөн жардамы, урмат-сыйы. Ар ким алына жараша (акча, мал, кийит, эгин-тегин, чөп-чар, отун-суу) жай айтат. Берешен элибиз ортодон чыгарып, белгилүү өлчөм чыгарат, же биригип мал союп, ал шарттуу түрдө болот. Бул «ыража» деп да айтылат. Айыл арасында, же тууган ичинде жону жукалардын башына жаманчылык түшсө бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ага өмөчөктөп жардам берүү, жеңилин жерден, оорун колдон алуу биздин элде бар. Кошумча чогултуу – элибиздин урматы. Ажаат ачуу  Бул – зарылып турган адамдын керегине жароо, анын башына түшкөн кыйынчылыктан куткара туруу. Ажаат ачууга ошол адамдын карызын төлөө, ажаатчыл береселерин көздөө. Же аласасын ал адам кечип жиберүү, карыз бирдеме берүү, кириптер адамдын башын бошотууга жардамдашуу сымалдар мисал боло алат. Андайлар тууралуу «Ажаатчыл адам», «Ал жок дебейт», «Ал ажаатка жок» өңдүү жөрөлгөлүү сөздөр айтылат. Ажаат ачкандар – элдик адамдар. Айыл ичи мындайлар менен сыймыктанат. Садага чабуу  Бул – адамдын алтын башынын алыстан, кан майдандан, кандайдыр бир кырсыктан кудай жолунан аман келгенин, эл-журтун көргөнүнүн шарттуу белгиси катары улакты мууздап, өпкө-жүрөгүн дароо сууруп, башынан ырымдап тегеретүү, кудайга жалынуу, үйдөгү сүйүнүч, ыраазылык, адамды урматтоочулук. Бул үрп-адаттын мааниси терең. Аксарбашыл айтуу  Жүрөк сезген кырсыкты алдын ала болтурбай коюуга жасалган далбас. Кудайдан шыбага күтүү үчүн айтылган өтүнүч. «Ээ, кудай аксарбашыл» деген сөздүн артында, ушул кырсыктан аман калса, кой соем, кан чыгарам, түлөө өткөрөм (аксарбашыл – башы сары ак кой соем) деген маанини билдирет. Албетте, «сактансаң сактайм» деген Кудайдын шерти бар. Бертик суроо  Бул – бели нооказдап (мертинип) калган адамды эмдөө аракети. Илгери элибиз көбүнчө боз үйдө тургандыктан бала-бакыра өзү көрүнбөй туруп, сузгуну эшиктен үйгө сунчу. Үйдүн адамдары аны дароо түшүнөт, өзүлөрүн көргөзбөй сузгуга колунда барын салуу. Көбүнчө ага ун, май, эгин, туз, эт, сүт өңдүүлөр түшөт. Бели мертинген аны ошол турушу боюнча бышырып ичет, жейт. Мындан ооруга дабаа болгон. Азыр деле айрымдарды – тигинден-мындан бирдеме суроочуларды «бертик сурагансып» деген өтмө мааниде сөз айтылып жүрөт.

III. Жыйынтыктоо.   Ырымды адамдар өздөрү жаратат, алардын  жамандыктан сактап жакшылыкка багытталган, аман алып калыш үчүн жасалган иш-аракети. Ырым-жырым ата-бабалардан калган. Ал эми биздин милдетибиз ырым-жырымдардын маанисин уйронуп,  ата-бабаларыбыздын мурастарын туура колдонуу, окутуруу.

Сабактын темасы: Чыдамдуулукта чалкып жаткан дениздей бол.

Сабактын максаты: 1. Окуучулар, чыдамдуулук – адамдын жакшы сапаттарынан экендиги боюнча талкуу жургузуу менен ынанышат. 2. Оздорунун адамдык сапаттары жонундо ой-жугуртуп, оздорун оздору сындоого уйронушот. 3. Оз оюн эркин айтууга, жолдошторунун оюн уга билууго конугот.

Сабактын жабдылышы:  суроттор, макал-лакап жазылган ватман.                                                                 

                                                                   Сабактын журушу:

I. Уюштуруу. Окуучуларды жоктоо. Класстын тазалыгына конул болуу. Сабактын максатын тушундуруу. II. Киришуу учун суроолор: Адамдын кандай жакшы сапаттарын билесинер? Ушул сапаттар озунордо барбы? Кандай жаман адаттар жонундо айтып бере аласынар? Озунорго жакпаган адаттарынар барбы?

III. Мугалимдин созу: Ар бир адам оз алдына максат коёт, ал максатка жетуу учун бардык мумкунчулугун жумшайт. «Улуу жолду адам озу жасайт, жол адамды улуу кылбайт» -деген соз бар. Силердин да албетте алдыга койгон максатынар бар. Максатка жетуу силерден коп эмгекти, чыдамдуулукту талап кылат. Кыргызда «Кыбыраган кыр ашат» деген жакшы соз бар. Бул создун мааниси акырын кыймылдоо деген эмес, максатына карай, чыдамдуулук менен дайыма алга карай ырааттуу жылуу, токтоп калбоо, же болбосо баштаган ишинди, тушкон жолунду таштап салбоо дегенди билдирет. Ар бир иштин оз кыйынчылыгы бар. Ошол кыйынчылыкка чыдасан, аны женесин жана оз максатына жетесин. Чыдамдуулук адамдар менен мамиле кылууда да ото керектуу сапат. Кээ бир адамдардын суйлоо манерасы, уну же кыймыл аракети ж.б. сага жакпай калышы мумкун. Дароо тескери мамиле кылбастан, аны чыдамдуулук менен угуп, тушунууго аракет кылсан, анын жакшы жактарын коро аласын.

IV. Талкуулоо учун суроолор: 1. «Чыдамдуулукта чалкып жаткан дениздей бол» деген создун маанисин кандай тушуносунор? 2. Кайсы учурда чыдамдуулук керек? Кайсы учурда чыдап эле отура бербей аракет кылуу керек? (талкуу жургузуп окуучулардын ой-пикирин угуу керек).   Азыр балдар, эки топко болуносунор. Ар бир топ озуно берилген тапшырма боюнча талкуулап, жыйынтык чыгарып, оз пикирлерин жакташат. Силер албетте билесинер кыргыздын аты очпос улуу акындары бар. Ошол акындарыбыздын биринин быйыл 150 жылдык маарекеси белгиленип жатат. Ким айтат бул кайсы акын?   (Токтогул Сатылганов)   Дагы бир классик акыныбыз жаш эле козу отуп кетсе да, кыргыз адабиятына очпос ырларды, поемаларды, котормолорду мурас калтырып кеткен. Бул акын жонундо жакында эле кинотасма тартылып, корсотулду. - Бул кайсы акын? (Алыкул Осмонов). Бул акындардын экоонун тен турмушу ото оор болгон. Канчалык кыйынчылыкта жашаса да, алар оз максатынан тайган эмес. Оздорунун чыдамдуулугу менен баарын женип, аттары алтын тамга менен жазылып тарых беттеринде калды.   Анда эки топко 1-тапшырма: 1-топко:    Токтогул Сатылгановдун   2-топко: Алыкул Осмоновдун            чыдамдуулугу кайсы убактарда айрыкча байкалат? Пикирлеринерди жыйынтыктап айтасынар. Сурот менен корсотууго да болот.      2-тапшырма:  Анда эмесе создун корку болгон макал-лакаптарга кезек берели. Планшетте жазылган макалды толуктап, маанисин тушундуруп бергиле. Кайсы топ биринчи тапса жооп берет. Туура эмес айтса экинчи топ жооп берет. *Он колундун ачуусун…………………..( сол колун менен бас). *Сабырдын тубу-……………………………(сары алтын) *Жуз жыл жашасан –……………………..(жуз жыл оку) *Адамды адам кылган……………………(эмгек) *Адам болуу аста-аста…………………….(акмак болуу бир паста) *Абийиринди жашындан ……………….(сакта) V. Жыйынтыктоо. Женген топ аныкталып, активдуу катышкан окуучуларга алкыш айтылат. VI. Уйго тапшырма беруу. Мен кыйынчылыкка чыдай аламынбы? - деген суроого жооп жазып келгиле.  

 

 

 

 

Сабактын темасы:  Ч.Айтматов-кылымдын залкар жазуучусу.

                                Сабактын максаты: 1. Ч.Айтматовдун дуйно мамлекеттеринин жана элдеринин арасында таанылышынын фактыларын үйронүшөт. 2. Окуучулардын дуйно таануусу, суйлоо кондумдору калыптандырылат, Ч.Айматовдун чыгармачылыгы боюнча маалымат алышат. 3. Оз элинин улуу инсандарынын омуруно, чыгармачылык ишмердүүлүгүно шыктануу сезимдерин ойготушат. Алардын үлгүсүндо  тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Ч.Айтматовдун суроттору. Белгилуу адамдардын ал жонундо айткан создору жазылган плакат.

 Сабактын журушу:

1. Уюштуруу: Сабакта колдонулуучу «Алтын эреже» (дидактикалык талап): 1.убакытты баалай билуу; 2.активдуу катышуу; 3.башкалардын пикирин угуу, созун болбоо; 4.жаны идея, тажрыйбаларды каалоо; 5.чыгармачыл тажрыйбаларды аткаруудан баш тартпоо ж.б.

 

 

2. Мугалимдин созу: 12-декабрда Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 85 жылдык мааракесин кыргыз эли эле эмес буткул дуйно жузу белгилегени турат. Анын омуру чыгармачылыгы боюнча соз кылып кетели Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) – кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, кыргыз ССРнин эл жазуучусу  (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры. Балалыгы Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон. 1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды.. Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт. 1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт. Чынгыз Айтматовго дүйнөлүк кадырбарк алып келген, анын новаторлук калеминен жаралган 60—70 – жылдарда жазылган «Бетме-Бет», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, «Кылым карыткан бир күн» (1980), «Кыямат» (1986) жана «Кассандра тамгасы» (1995) аттуу чыгармаларды жарыялады. Анын чыгармачылыгына коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук, жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өнүттө чечилиши, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психологиялык талдоолордон өткөрүшү жана жалпылоосу мүнөздүү. 1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган. 2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду. Маркумдун сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы Ата Бейит көрүстөнүнө коюлду.  

3. Топтордо иштоо: Класска сары, кызыл, жашыл карточкалар таркатылып берилет. Карточкалардын тусуно жараша класс окуучулары уч топко болунушот. Ар бир топко тапшырмалар берилет. Алар чогуу талкуулап , жообун бир окуучу чыгып айтып берет.

1-тапшырма:                                                                                                                                      Ч.Айтматов же анын чыгармалары жонундо белгилуу адамдардын ой-пикирлерин же жазган ырларынан корком айтып бергиле. М. «Жамийла- дуйнодогу махабат жонундогу эн сонун баян» (Луи Арагон) ушул эле чыгарма жонундо «Суйуунун гимни» (А.Стиль) Кыргыз элинин залкар акындарынын бири Асан Жакшылыков Айтматовду эскерип, "Чыңгыз Айтматовго аза баллада" деген балладасын жараткан. Кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн отличниги Айым Талгатбек кызы "Жылдыз өчпөйт" эскерүү ырын жазган. 2009-жыл. ж.б.                                                                                             2-тапшырма: 1-топко: Жазуучу тузгон жаныбарлардын образдарын атагыла. Жооп:Гулсарат, Акбара, Ташчайнар, Каранар, Бугу Эне, Жаабарс… 2-топко: Жазуучу тузгон балдардын образдарын атагыла. Жооп: Самат, Авалбек, Даул, Анатай, Султанмурат, Мырзагул,… 3-топко: Жазуучу тузгон терс каармандарды атагыла. Жооп:Кочкорбаев, Орозкул, Ысмайыл, Сегизбаев, Базарбай,…                                                                    3-тапшырма: 1-топко:Ч.Айтматовдун торт гана каарманы бар чыгармасы кайсы? Жооп: «Дениз бойлой жорткон ала добот» Орган, Мылгун, Эмрайн, Кириск. 2-топко: «Кыямат»романында Базарбайды соттосонор канча статьяда айыптайт эленер? Жооп: Экологияга зыян келтиргендиги учун, далилсиз адамды куноологондугу учун, уй-булодогу зордук-зомбулугу учун. 3-топко:Сыр сандык. Бул сандыкттын ичиндеги зат эки адамды бактылуу кылат. Ал эмне? Жооп: «Кызыл алма» Бактагы эн акыркы кызыл алманы болушуп жегендер бактылуу болот деп айтылат чыгармада. 4. Жыйынтыктоо:   Кылымдын

Просмотр содержимого документа
«Сабактын темасы:  Жыныстык тарбия берүү.»













Тарбиялык иштер





"Достук " орто мектебинин тарбиялык иштердин



жылдык план 2019-2020-окуу жылы үчүн



Тарбия берүү. “Окуучуларды нравалык маданиятка,патриоттуулукка,кыргыз элинин каада-салттарын пайдаланып тарбия берүүгө жетишүү”



Тарбия иштеринин негизги багыттары:



1.Адеп-ахлактык тарбия,



2.Жарандык тарбия,



3 Мекенчилдикке тарбиялоо,



Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо,.

Көп маданияттуулукка тарбиялоо.

Эстетикалык тарбиялоо.

7.Эмгекке тарбиялоо.



Тарбиялоо процессинде педагогдун ролу.

Баланы,өспүрүмдү,кыз баланы,жаш адамды,жаштарды тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу.





Адеп-ахлактык тарбия

№ Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа

1 Өткөн окуу жылына анализ.

Жаңы окуу жылына план түзүү



сентябрь Тарбия завучу педсоветте план Жаңы окуу жылына план түзүлөт

2 Мектепте “Билим күнүн” өткөрүү 1-сентябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Директор алдындагы кеңешмеде Салтанатуу линейка Сабактар башталат

3 Парламент мүчөлөрү менен иш жүргүзүү

План түзүү



сентябрь Тарбия завучу Директор алдындагы кеңешмеде Парламенттин чогулушу План түзүлөт

4 “РИСК”группасындагы окуучуларды,томолой, соцжетимдердин тизмесин тактоо сентябрь Тарбия завучу

соцпедагог



Директор алдындагы кеңешмеде Окуучулардын тизмеси Тизмеси такталат

Мектептин соц.паспорту түзүлөт



5 “Келечек”командасын түзүү сентябрь Тарбия завучу Парламент чогулушунда “Келечек” командасынын планы Команда түзүлөт.Балдар камкордук көрсөтүүгө көнүгүшөт

6 “Карылар күнү” акциясын өткөрүү Карыларга гүлдесте.концерттик майрам октябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Директор алдындагы кеңешмеде Концерттик программа Карыны сыйлоого тарбияланышат

7 “Кыз адеби кымбат” кыздар кеңеши ноябрь Кыздар кеңешинин төрайымы Кыздар кеңешинде Доклад,токтом Кыздардын өзүн алып жүрүүсү,тартиби жакшырат





Жарандык тарбия

№ Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа

1 Кылмыштуулукту алдын алуу кеңешин жандандыруу сентябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Өндүрүштүк кеңешмеде Кеңештин планы Жаңы окуу жылына план түзүлөт

2 ИДН менен жогулушууларды өткөрүү График боюнча Тарбия завучу

соцпедагог



Өндүрүштүк кеңешмеде График,токтомдор ИДН кызматкери менен биргеликте балдардын тартиби каралат

3 Мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулукту болтурбоо,кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштер Жыл ичинде Тарбия завучу

соцпедагог



Өндүрүштүк кеңешмеде План,токтомдор Балдардын тартиби жакшырат,көзөмөл күчөйт

4 Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш чаралар Жыл ичинде Тарбия завучу

Класс жетекчилер



соцпедагог



Директор алдындагы кеңешмеде План,токтом

Рейд дептерлери



Изилдөө актылары



Кылмыштуулукка барышпайт

5 “Мен кыргыз атуулумун”

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы-негизги мыйзам” дебат сабактары



май Класс жетекчилер

Тарбия завучу



Директор алдындагы кеңешмеде план Конституция жөнүндө маалымат алышат

6 9-май Жеңиш майрамы

Концерттик программасы



май Класс жетекчилер

Тарбия завучу



Директор алдындагы кеңешмеде План,программа Жеңиш күнү эскерилет





Мекенчилдикке тарбиялоо

№ Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа

1 “Тилим-менин жан дүйнөм” Сентябрь-ноябрь Тарбия завучу

Кыргыз тил мугалимдери



Өндүрүштүк кеңешмеде Жумалыктын программасы,планы Жаңы окуу жылына план түзүлөт

2 “Менин шаарым” акциясы.Шаардын тарыхын, көрүнүктүү адамдарды,

Ветерандарды изилдөө



декабрь Тарбия завучу

Тарых мугалими



Өндүрүштүк кеңешмеде Сүрөттөр,дил баяндар,

Тарыхый фактылар



Айыл жөнүндө түшүнүк алышат

3 “Ата журтум-алтын бешигим” дил баяндар конкурсу январь Кыргыз тил мугалимдери

Тарбия завучу



Өндүрүштүк кеңешмеде Дил баяндар Окуучулардын ой жүгүртүүсү,сүйлөө речи өнүгөт,Ата Мекенин сүйүүгө тарбияланат

4 Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Афган,Баткен согушунун ветерандары менен жолугушуу өткөрүү февраль Тарбия завучу Директор алдындагы кеңешмеде Программа Дубал газеталар



Мекенин сүйүүгө,коргоого тарбияланышат

5 “Ата Мекенимди сүйөм” сүрөттөр конкурсу февраль Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Директор алдындагы кеңешмеде Сүрөттөр Дубал газеталар



Мекенин сүйүүгө,коргоого тарбияланышат.

Сүрөт тартуу таланты өсөт



6 Ата-Мекенди коргоо күнүн өткөрүү февраль Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Директор алдындагы кеңешмеде Концерттик программа

Дубал газеталар



Мекенин сүйүүгө,коргоого тарбияланышат.

7 Кыргыз мамлекетинин атрибуттары(герб,гимн,кыргыз туусу)күнүн белгилөө Жыл ичинде Тарбия завучу Директор алдындагы кеңешмеде Атрибуттар

Класстык сааттардын пландары



Атрибуттар жөнүндө кеңири түшүнүк алышат

8 5-март Ак калпак күнү март Тарбия завучу план Баш кийимди,калпакты сыйлоону үйрөнүшөт



Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо

№ Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа

1 “Айлана-чөйрөнү тазалайбыз” тазалык акциясы Жыл ичинде Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Өндүрүштүк бирикмеде Балдар эмгекке,жаратылышты сүйүүгө тарбияланат

2 “Эколог” кружогун уюштуруу сентябрь Биолог мугалими Өндүрүштүк кеңешмеде Кружоктун планы Окуучулар жаратылышты коргоого,сүйүүгө тарбияланышат

3 “Күз майрамы” октябрь Класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде Программа

Дубал газеталар



Окуучулар жаратылышты коргоого,сүйүүгө тарбияланышат

4 Мектептин айланасын жашылдандыруу”Мектеп жашыл бакча” акциясы Март-апрель Класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде Жашылдандыруу үчүн көчөттөр Жаратылышты сүйүүгө тарбияланышат















Көп маданияттуулукка тарбиялоо

№ Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа

1 Спорттук мелдештерди өткөрүү Жыл ичинде Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде программасы Жаңы окуу жылына план түзүлөт

2 “Тамашоу” куудулдар конкурсу ноябрь Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде программасы Балдардын таланты өсөт,изденүүсү өсөт

3 Орус тил,чет тил сабактары боюнча декадаларга катышуу Жыл ичинде Класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде Декада пландары,тапшырмалар Балдар ар тараптан билимин,талантын өркүндөтө алат

4 Жаңы жылдык “Балаты” майрамы декабрь Класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде “Балаты” майрамынын программасы

Дубал газеталар балатыны коздоо



4 “Алло! Биз таланттууларды издейбиз!” окуучулар ичинде акын жазуучулар,манас-дастанчылар конкурсун өткөрүү” февраль Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Директор алдындагы кеңешмеде программасы Таланттуу балдардын өнөрлөрү ачылат

5 “Мектеп мырзасы” ,”Күчтүүлөр”,”Кайраттуулар”,”Шамдагайлар”спорттук мелдештер



февраль Дене тарбия мугалими

Класс жетекчилер



Директор алдындагы кеңешмеде программасы Спорт оюндарына кызыгуу күчөйт

6 Нооруз майрамы март Тарбия завучу

Класс жетекчилер



программа

Эстетикалык тарбиялоо

№ Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа

1 “Мектеп формасы”,”Кечиккендер” рейддери дайыма Тарбия завучу

Парламент мүчөлөрү



Өндүрүштүк кеңешмеде Дубал газеталар Жаңы окуу жылына план түзүлөт

2 “Акыл ордо” интеллектуалдык конкурсун өткөрүү Предметтик мугалимдер

Класс жетекчилер



Директор алдындагы кеңешмеде Конкурстун программасы,тапшырмалар Окуучулардын билими текшерилет

3 “Тилим менин-жан дүйнөм”тил майрамына арналган 3 айлык Сентябрь-ноябрь Кыргыз тил мугалимдери

Тарбия завучу



Директор алдындагы кеңешмеде Жумалыктын прграммасы

Дубал газеталар



Кыргыз тилин барктай билүүнү,тил элдин негизги атрибуту экендигин түшүнүшөт

4 “Гүл майрамы”

Класс-кабинеттерди жашылдандыруу



Кабинеттеги гүлдөр боюнча конкурс



октябрь Класс жетекчилер Директор алдындагы кеңешмеде Конкурстун программасы,тапшырмалар Класстар жашылдандырылат

5 Күндөлүктөр,окуу куралдар акциясы октябрь Тарбия завучу Директор алдындагы кеңешмеде күндөлүктөр Күндөлүктөрдүн,окуу куралдарынын абалы жакшырат

6 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган концерттик программа март Тарбия завучу Өндүрүштүк

кеңешмеде



программа Аялдарды сыйлоого үйрөнүшөт

7 “Жакшы кыз-жакадагы кундуз” сулуулар конкурсу март Тарбия завучу Өндүрүштүк

кеңешмеде



программа окуучулар эстетикалык тарбия алышат



7.Эмгекке тарбиялоо



№ Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа

1 “Тимурчулар” командасынын иштери Жыл ичинде Тарбия завучу Рейд баракчалары Жаңы окуу жылына план түзүлөт

2 “Айлана-чөйрөнү тазалайбыз” тазалык акциясы Жыл ичинде Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Өндүрүштүк кеңешмеде Балдар эмгекке,жаратылышты сүйүүгө тарбияланат

3 “Карылар күнүнө” карата “Тимурчулар”командасынын рейддери октябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Өндүрүштүк кеңешмеде Рейд баракчалары Балдар эмгекке,карыны сыйлоого тарбияланат

4 “Эмгек десанты” чөйрөнү тазалоо февраль Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Өндүрүштүк

кеңешмеде



Айлана-чөйрө тазаланат,балдар эмгекти сүйүүгө тарбияланышат

Тарбиялоо процессинде педагогдун ролу

№ Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа

1 “Мугалим-мөмөлүү дарак” мугалимдер күнүнө арналган концерттик программа октябрь Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде Программа

Дубал газеталар



Мугалимдик кесипти урматтоого үйрөнүшөт

2 “Өспүрүм”,”Үй-бүлө”рейддери Жыл ичинде Тарбия завучу,ИДН кызматкери,соцпедагог Өндүрүштүк кеңешмеде Рейд дептерлери,токтомдор Окуучулардын тартибине жашоо шартына байкоо жүргүзүлөт

3 Жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүнүк берүү,класстык сааттар ноябрь Тарбия завучу,ИДН кызматкери,соцпедагог

Баш.класстардын класс жетекчилери



Өндүрүштүк кеңешмеде План,программа Жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөнүшөт

4 Тематикалык тарбиялык сааттар Жыл ичинде Класс жетекчилер Директор алдындагы кеңешмеде план Окуучулар ар тараптуу тарбия алышат

Баланы,өспүрүмдү,кыз баланы,жаш адамды тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу



№ Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким жооптуу Кайда каралат ресурстар Күтүлүүчү натыйжа

1 Ата-энелер менен үч тараптуу келишимдерди түзүү сентябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Ата-энелер жыйналышында келишим Ата-энелер менен келишимдер түзүлөт

2 Ата-энелер жыйналыштары Ата-энелердин ИДН кызматкери менен жолугушуусу октябрь Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Ата-энелер жыйналышында токтомдор Балдардын тартиби,ата-энелердин көзөмөлү күчөйт

3 “Мен келечекте энемин”кыздар жана энелер кеңеши январь Тарбия завуч

Энелер,кыздар кеңеши



Энелер жыйналышында Программа, токтом Энелер кыздарга тарбиялык кеңешин беришет

















Окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу иш чаралары.



1 “РИСК” группасындагы окуучуларды тактоо.Аларга карточкаларды ачуу иштерин жүргүзүү,мугалимдерди бекитүү сентябрь Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде Группанын тизмеси,иштеле турган иштин маүмуну “Риск”группасындагы окуучулар такталат жана алардын үстүнөн иш жүргүзүлөт

2 Кылмыштуулукту алдын алуу кеңешинин ишин жандандыруу сентябрь Тарбия завучу.

Класс жетекчилер



Өндүрүштүк кеңешмеде Курамдын ишинин анализи Курам иштей баштайт

3 Балдарды мектепке келип-кетүүдө жол кырсыгынан сактоо максатында жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүү дайыма Тарбия завучу.класс жетекчилер Класстык сааттарда Окуучулардын маршруттары Окуучулар жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүнүк алат

4 Тентек,ар кандай адепсиз иштерге жөндөмдүү,сабакты көп калтырган окуучулар менениш алып баруу, Үйлөрүнө рейд жүргүзүү.Ата-энелери менен иш алып баруу дайыма Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер Класстык сааттарда Рейддер жүргүзүлөт Тентек окуучулардын тартиби оңдолот

5 Мектеп окуучуларынын арасында налог салуу зомбулугун болтурбоо жана аны алдын алуу иштери ИДН менен биргеликте иштөө Жыл бою Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер,ИДН кызматкери Педкеңеште каралат Зордук зомбулуктун алдын алуу

6 Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында окуучулардын үйлөрүнө кечки рейддерди жүргүзүү.Ата-энелери менен иш алып баруу дайыма Тарбия завучу

Класс жетекчилер



Педкеңеште каралат Рейддер жүргүзүлөт.

Үй турмуштары менен таанышуу



Тентек окуучулардын тарбиясы оңолот

7 Кыздар арасында болуп жаткан кылмыштуулуктар боюнча “Кыз адеби кымбат”

9-11-класстар арасында ФАП кызматкерлери менен бирдикте тегерек стол уюштуруу



Жыл ичинде Тарбия завучу,соцпедагог,класс жетекчилер Кыздар кеңешинде каралат Кыздар менен тарбия иштери өткөрүлөт Кыздыардын тартиби оңолот

8 Кылмыштуулукту алдын алуу максатында “Риск”группасындагы окуучуларды Чолпон –Ата шаарындагы ОВДнын убактылуу КАМАК жайына экскурция уюштуруу апрель Тарбия завучу,класс жетекчилер Өндүрүштүк кеңешмеде каралат ОВДнын убактылуу КАМАК жайына Окуучулардын кылмыштуулукка баруусуна бөгөт коюлат

9 “Мектеп рэкетине жол жок” темасында диспут уюштуруу февраль Тарбия завучу Өндүрүштүк кеңешмеде докладдар Рэкетчиликке каршы иш жүргүзүлөт

10 Маданий массалык спорттук иш чаралар аркылуу “Кылмыштуулукту болтурбайбыз” ураанынын астында “Мыкты спорттук класс”9011-класстарда,”Мен жана менин ата-энем” 1-4-класстарда апрель Тарбия завучу,класс жетекчилер Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат Спорт оюндары Окуучулардын бош убактысы көңүлдүү өтөт









Кыздар менен иш алып баруу



1 “Кызгалдак” кыздар уюмун уюштуруу жана иш алып баруу сентябрь Тарбия завучу,класс жетекчилер,кыздар кеңешинин төрайымы Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат план Клуб уюшулат

2 Кыздар кеңешин өткөрүү кыздардын тартиби, өзүн алып жүрүүсү боюнча иш алып баруу октябрь Кыздар кеңеши тарбия завучу Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат Кыздардын тартиби Кыздар өзүнө тыкан, таза болот

3 “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”тегерек стол ноябрь Тарбия завучу,кыздар кеңешинин төрайымы Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат докладдар Кыздарды тазалыкка тарбиялоо

4 “Сүйүү жашоонун мааниси” эрте жашта турмуш куруунун кесепети.Кыздар арасында дебат.энелер жана медицина кызматкерлери,ИДНдын катышуусунда декабрь Кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат докладдар Кыздар турмуш боюнча кабар алышат

5 “Мен келечекте энемин” дил баяндар конкурсу январь Кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат докладдар Кыздар турмуш боюнча кабар алышат

6 Кыздар жана мед кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүү февраль Кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат Кыздардын келечеги,турмуш куруусу,өзүн алып жүрүүсү боюнча кабар алышат

7 “Жакшы кыз жакадагыкундуз” сулуулук конкурсу.Энелери менен биргеликте март Кыздар кеңеши Өндүрүштүк кеңешмеде каралат Кароо сынактын планы Кыздар таланттарын көргөзө алышат

8 “Менин идеалым” темасында кыргыздын белгилүү кыздары жөнүндө тегерек стол өткөрүү апрель Кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат докладдар Кыздардын белгилүү кыздары жөнүндө маалымат алышат

9 Кыздар кеңешинин жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү, кыздардын тартиптери боюнча сүйлөшүү май кыздар кеңеши Өзүн-өзү башкаруу уюмунун кеңешинде каралат План Пландын аткарылышы каралат



Учетко алынган окуучулар менен



өткөрүлө турган иш чаралар.







Аткарылуучу иш чара



Мөөнөтү



Ким жооптуу





1 Учеттогу окуучуга социалдык паспорт түзүү Жыл ичи Тарбия завучу класс жетекчи

2 Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Жыл ичи Тарбия завучу класс жетекчи

3 Класс жетекчилер менен иштөө Жыл ичи Тарбия завучу

4 Жаштар уюму менен иштөө



Жыл ичи Тарбия завучу

5 Предметтик мугалимдер менен иштөө Жыл ичи Тарбия завучу класс жетекчи

6 Ата-энелер менен иштөө Жыл ичи Тарбия завучу класс жетекчи

7 Ата-энелер комитети менен иштөө Жыл ичи Тарбия завучу класс жетекчи

8 Алдын алуу кеңеши менен иш алып баруу Жыл ичи Тарбия завучу класс жетекчи

9 Мектеп директору менен иш алып баруу Жыл ичи Тарбия завучу класс жетекчи

10 ИДН кызматкери менен иш алып баруу Жыл ичи Тарбия завучу класс жетекчи







Тарбия иштери боюнча



директордун орун басары Молдобек кызы Гульназ













«Бекитемин»



№73 орто мектебинин



директору Ниязбеков Р.Дж.



«___»____________________



_________________________



Укук бузгандар боюнча алдын алуу иштери



№ Аткарылуучу иштер мөөнөтү Ким аткарат

1 Кылмыштуулуктун алдын алуу кенешинин курамын тузуу сентябрь Тарбия завучу

2 Мектеп окуучуларынын милдеттерин жана укуктарын тушундуруу сентябрь Тарбия завучу участкалык инспектор класс жетекчилери

3 Укук бузуу боюнча алдын алуу кенешинин дубал гезиттерин жаныртуу сентябрь Мектеп администрациясы кл.жетекчилер

4 БЭОТ боюнча тушундуруу иштерин жургузуу октябрь Тарбия завучу соц.педагог кл.жетекчилер

5 «Тобокел топтогу» балдардын тизмесин аныктоо. Насаатчыларды бекитуу, алардын журуш-турушун козомолдоо Жыл ичинде тарбия завучу Участкалык инспектор соц.педагог

6 « Коомчулукта зордук-зомбулукка каршы курошунун жолдору» деген темада жогорку класстын окуучулары менен тегерек стол откоруу октябрь Тарбия завучу соц.педагог кл.жетекчилер

7 «Терс адаттардын зыяндуу жактары» деген темада лекция Ноябрь, март Тарбия завучу соц.педагог кл.жетекчилер

8 ЖКЖИ окуучулардан турган отрядын тузуу октябрь Тарбия завучу

9 Жол транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча «Жол эрежелерин сактайлы!» деген темада кл сааттарды откоруу Декабрь, апрель Тарбия завучу Кл.жетекчилер

10 «Кылмыш,жаза» кодексинин айрым статьялары менен тааныштыруу жана тушундуруу Жыл ичинде Тарбия завучу соц.педагог кл.жетекчилер

11 Ата-энелер менен тыгыз байланышта болуу дайыма Тарбия завучу Кл.жетекчилер

12 Мектептин ички козомолундо катталган окуучулардын журуш-турушун козомолдоо дайыма Тарбия завучу соц.педагог кл.жетекчилер



Тарбия иштери боюнча



директордун орун басары Молдобек кызы Гульназ









Ата –энелер менен иштөө планы







№ Аткарылуучу иштер Мөөнөтү Ким аткарат

1 Ата-энелердин комитетинин курамын тузуу, иш планын бекитуу сентябрь Тарбия завучу

2 Мектептин иш планы менен таанышуу сентябрь Директор

3 Окуучуларды мектепке тартуу боюнча жардам корсотуу Жыл ичинде Соц.педагог

4 Окуу га катышу жана жетишуусу начар окуучулардын ата-энелери мене ниш алып баруу Жыл ичинде Соц.педагог

5 Мектептин окуудан тышкаркы иштерин уюштурууга жардам корсотуу Жыл ичинде Тарбия завучу

6 Ата-энелердин класстык жыйналыштары Чейрек сайын Кл. жет.

7 9-11класстардын окуучуларынын ата-энелери менен жыйынтыктоочу аттестацияларын откоруу боюнча чогулуш откоруу Апрель Кл. жет

Администрация





8 Ата-энелердин «Ачык эшик» кунун откоруу Жыл ичинде Тарбия завуч







Тарбия иштери боюнча



директордун орун басары Молдобек кызы Гульназ











Диний экстремизмдин алдын алуу боюнча иш чаралар







№ Аткарылуучу иштер Мөөнөтү Ким аткарат

1 Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы менен класс жетекчилерди жана ата-энелерди тааныштыруу Жыл ичинде Тарбия завучу

Класс жетекчи



2 Мечитке барган окуучулардын санын тактоо жана көзөмөл жүргүзүү Жыл ичинде Тарбия завучу

Класс жетекчи



3 Диний экстремизмди алдын алуу боюнча тарбиялык сааттарды өткөрүү Жыл ичинде Класс жетекчи

5 Дин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүү Жыл ичинде Тарбия завучу

Класс жетекчи









Тарбия иштери боюнча



директордун орун басары Молдобек кызы Гульназ











Окуучулардын саламаттыгын сактоо боюнча иштер



№ Аткарылуучу иштер Мооноту Жооптуу

1 «Окуучулардын ден соолугунун жалпы абалы.Мектептеги ден соолукту чындоочу иш аракеттер сентяборь Директор ал.кенешме

2 «Оспурумдордун жаш курактык озгочолуктору» соц.педагогдун кенеши сентябрь Соц.педагог

3 1-11-класстын окуучуларынын медициналык жактан карап чыгуу. Ден соолук баракчасын толтуруу сентябрь Кл.жетекчилер

4 «Оздук гигиенаны сактоо» кл.саат октябрь Кл.жетекчилер

5 Жолдо журуунун эрежесин сактоо боюнча сурот конкурсун уюштуруу башт.кл. октябрь Тарбия завучу кл.жетекчилер

6 8-11-кл.кыздары учун врачтын кенеши ноябрь Тарбия завучу

7 Окуучулар арасынд пикир келишпестиктин алдын алуу, психологиялык жагымдуу абал тузуу ноябрь Соц.педагог

8 1-декабрь-СПИД менен курошуу куну декбарь Тарбия завучу кл.жетекчилер

9 Класстык сааттар: «Адам укугунун декларациясы», «Балдар укугунун эл аралык уюмдар тарабынан корголушу» 8-11 кл. декабрь Кл.жетекчилер

10 Майыпбалдарга жардам беруу акциясын уюштуруу декабрь Тарбия завучу кл.жетекчилер

11 Тамекинин.спирт ичимдиктеринин зыяндуулугу жонундо кл.сааттарды откоруу январь Кл.жетекчилер

12 Мектептеги санитардык-гигиеналык абалын козомолдоо январь Мектеп администрациясы

13 Банги заттарды колдонуу жана аракечтик январь Тварбия завучу участкалык врач

14 «Туура тамактануу» кл.саат февраль Кл.жетекчилер

15 «Грипптен сактаналы!» февраль Кл.жетекчилер

16 «Сенин ден соолугундун душмандары» сурот конкурсу 5-7 кл.) март Тарбия завучу кл.жетекчилер

17 Класстык саатар:»Спирт ичимдиктеринин жана наркотикалыку заттардын зыяндуулугу» 7-11- кл. март Кл.жетекчилер

18 «Ден соолук» кунун откоруу (мугалимдер,окуучулар ата-энелер) апрель Тарбия завучу кл.жетекчилер

19 Класстык саат:»Конфлекти чечуу.Толеранттуулук» апрель кл.жетекчилер

20 Аткарылган иштер боюнча жыйынтыктоо. май Тарбия завучу







Тарбия иштери боюнча



директордун орун басары Молдобек кызы Гульназ











Мектеп ичиндеги көзөмөлгө алынган окуучуларга ИИМ инспектору Абдукааров Б. өтө турган лекциянын графиги





Күнү





Убактысы



Класстар



Эскертүү



Шейшенби (вторник)





11:00-12:00



9а,9б,9в, 8а,8б,8в



Бейшемби (четверг)





11:00-12:00



7а,7б,7в, 7г 6а,6б,6в, 5а,5б,5в,5г









Тарбия иштери боюнча



директордун орун басары Молдобек кызы Гульназ







«Бекитемин»



№73 орто мектебинин



директору Ниязбеков Р.Дж.



«___»____________________





№73 орто мектебинин алдын алуу кеңешинин мүчөлөру









Аты-жөнү



Аткарган кызматы



1. Ниязбеков Р.Дж. төрага



2. Молдобек кызы Гульназ Төраганын орун басары

3. Наматбаева Айнура Мүчөсү



4. Мукашова Гулбара Мүчөсү



5. Темирбеков Дабан Мүчөсү



6. Койбагар кызы Нурзада Мүчөсү





Рэкет жана рэкетчилик

Коркутуулар, талап-тоноолор, шантаж – кандай аянычтуу болбосун бирок мунун баары Кыргызстан мектептерине тааныш, мектептерге эмес кээде анын сыртына да чыгып кетет десек ашык болбос. Бирок бизге башка суроо маанилүүрөк болуш керек, мисалы: эмнеге кемсинтүүлөргө, санаа тартууларга, стресске кабылып биздин балдарыбыз аны эч кимге айтпайт? Андай жаман жоруктан балдарды кантип сактоо керек?



Мектеп рэкетчилиги эмнеден келип чыгат?

Буга эки себеп бар. Биринчи себеп бул – начар жашаган үй-бүлөөнүн балдары. Бардыгын эле кызыктыргандай ар кандай буюмдардын күчтүү PR кызматкерлери тарабынан жасалган жарнамалар бул балдарды да кызыктырат, жана ал буюмдарды ата-энеси эч качан алып бербесине көздөрү жетет. Андай буюмдарга жетүү каалоосу андай өспүрүмдөрдү кылмыштуулукка түртүшү мүмкүн. Экинчи себеп бул калктын жакшы жашаган катмарына тийиштүү. Мындай үй-бүлөөлөрдө балдары каалагандарын ошол замат алышат. Мындай балдар каалаганына ошол замат жетип жүрүп, ошого көнүп алышат да, күндөрдүн биринде андай кыялдары орундалбай калса рэкет деген атка конуп калышы ыктымал. Каалоо буюмдарына жөнөкөй буюмдар, мисалы: уюлдук телефон, жаңы кийим жана башкалар болот, ошону менен бирге буюмдан башка нерсе да болушу мүмкүн, алар мисал үчүн: өзгөчө өздүк сапаттар, достук, сүйүү, көңүл жана башкалар. Бул жакшыраак варианты десек болот, ал эми эң начар варианты бул – жазыксыз бирөөнү кыйноо, кемсинтүү же шылдын кылуу мүмкүндүгү. Каалаган кыялдарына жетүү максатында мындай балдар “достук” мамилелерин акча-буюм мамилелерине айкалыштырып алат (дүйнөдө бардыгы сатылат жана сатып алууга болот). 10-15 жаштагы мектеп окуучуларынын арасындагы сурамжылоо боюнча, жакшы жашаган үй-бүлөөнүн балдары ачык-айкын эле көңүл буруу же жактырууну сатып алгандары айкын болгон. Ал эми начар жашаган үй-бүлөөнүн балдары кандайдыр бир жыргалчылык үчүн өзүн сатууга (мисалы: кимдир бирөө экинчисинин үй-тапшырмасын аткарып, кимдир бирөө башканын сумка же башка буюмдарын көтөрүп, ошондой эле өзүнүн эч качан катышууга каалоосу жок кандайдыр бир окуяларга аралашышы мүмкүн). Жакшы кызмат үчүн жакшы үй-бүлөөнүн балдары же кызматчы баладан күчтүүрөөк келген бала же окуучу жанында чогу жүрүп, дискотекага барып, өз тегерегине киргизип, “авторитети” менен бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Начар үй-бүлөөнүн баласына же күчү азыраак балага мындай достуктун коркунучу, ал бала эки жүздүү болууну үйрөнүп, дайыма “жумшалып” жүрүп, өзүнүн кадыр-баркын жоготуп коет. Ал эми жакшы үй-бүлөөнүн баласынын коркунучу бул – “сен мага – мен сага” көз карашындагы мамилелер көп учурда көңүл калуулар, иренжүүлөр жана таарынычтар аңдып жүрөт. Анткени жакшы үй-бүлөөнүн баласы, анын айланасындагылардын ага болгон мамилелери анын капчыгынын чоңдугунан көз каранды экенин бат эле түшүнөт. Мындай учурда ата-энелерге айтып коюуу керек, эгер бала өзүнүн ийгиликтерин ата-энесинин акчалуулугуна көз каранды кылып алса, анда бала өзүнүн жеке максаттарын жоготуп коет. Баланы өзүнүн ийгилигин башка бирөөнүн ийгилигинен ажыратып билүүнү үйрөтүңүз.



Эмнеге рэкет деген сөздү укканда, көзүбүз көрбөй, кулагыбыз укпай калат?

Мектеп жетекчилигинин кайсы бир адамы менен “мектеп рэкети” темасына сүйлөшүп көрүү аракетин жасаганда, ал тема алар үчүн жабык экенин түшүнөбүз. Көңүлдөнбөстөн сүйлөшүп, ток этээр жерин талкулоодон качышып, балыктай болуп жылмышып чыгып кеткиси келет. Эмнеге? Жообу эң жөнөкөй! Балдарды кыйноо же кемсинтүү өзү эле ата-энелер же мугалимдер, деги эле чоң адамдар үчүн чыдамсыз же андай кыйноолорду ойлогусу да келбейт. Бирок дал ушул ата-энелер же мугалимдер биринчилерден мындайга жоопкерчиликтүү да. Ошондуктан, өзгөчө мектеп жетекчилиги болуп жаткан ишке көз жуумп же андай иштин деңгээлин төмөндөтүп айтууга аракет кылышат. А мектеп мүдүрлөрүчү? Мектеп мүдүрлөрү эң биринчи “мектептин кадыр-баркы” жөнүндө гана камсызданышат. Кандай кызык көрүнбөсүн, бирок кээ бир ата-энелер өз балдарын рэкетчиликтен сактоо максатында мындай маселеден четирээк болууга аракеттет, бирок бул эң туура эмес чечим. Андан тышкары ата-энелердин кайсы бир бөлүгү деп коёлу, өз балдарын колдоп, камкордугун көрсөтүп, маселени териштирүүнүн ордуна “Балким менин балама болгон башка окуучулардын андай мамилелери үчүн өзү күнөөлүү?” деген суроону өзүлөрүнө беришет. Мына ушундай шартта, ата-энелердин аз гана бөлүгү чечкиндүү кадамдарга барып, эбегейсиз кайраттуулукту талап кылган мектеп рэкетчилиги менен күрөшүүгө даяр.



Эмнеге мектеп рэкетчилигинин зордугуна бул же тигил окуучу кабылат?

Себептер ар кандай болушу мүмкүн. Мектеп рэкетчилигине кабылган окуучу мектепке жакшы кийим кийип келгендиги үчүн, жанына ар кандай кызыктуу буюмдарды алып жүргөнү үчүн жана экинчи окуучунун андайларга жете албастыгына көзү жетип, ал окуучунун жөн гана көрө албастык сезимдеринен биринчиси рэкетчиликке кабылат. Бирок көп учурда мындай окуялардан жоош, өзүнө ишеничи аз болгон, айланасындагылар менен жакшы мамиледе болгон окуучулар азап тартышат. Мындай окуучулар классында ошол заматта башкалардан айырмаланып көрүнүп калат. Жана кээ бир классташтары “Эгер сен мага бул же тигил нерсени алып келбесең, сени менен достошпойм же сени сабайм” деген сөздөрдү айтуу каалоосун ичине кармай албайт. Мындай учурда бала жалгыз калбоо максатында, суроо-талаптарды аткарууну туура көрөт. Өз айланасында “кысымга” көп дуушар болуучу окуучулардын тайпасына жоош, өзүнө ишеничи аз, санаалуу жана дайыма өзүн көзөмөлдөп жүргөн окуучулар экенин психологдор далилдешкен. Ошондой эле кээ бир балдарды ата-энелери “таш менен урса, аш менен ур” деген принципте тарбиялашкан. Мындай тарбия көргөн бала өзүнүн “мен” дегенин сыртка чыгара албай, кордук, кемсинтүүлөргө жооп кайтара албайт. Ал эми рэкетчилик, шартка ылайык физикалык күч колдонуу коркунучу менен түздөн-түз байланыш. Жана мындай кысымдарга жалгыз туруштук берүү же каршылык көрсөтүү үчүн балага эбегейсиз кайраттуулук керек. Албетте, баланы мушташууга, зөөкүр болууга үйрөтүүнүн кереги жок! Алтын ортосун табуу зарыл.



Эмнеге окуучу же бала арызданбайт?

Шартка ылайык, эгер бала же окуучу арызданса, рэкетир ойго келгис кыйноолор же өч алуулар менен коркутат. Жана бул кырдаалда баланы карама-каршылыктар санаага батырат: рэкетчиликке баш ийип жүрө берсемби же ата-энеге, мугалимге айтсамбы? – деп. Бирок көп учурда бала коркунуч, күнөөлүү болуу жана кандайдыр бир “кара тешикке” кирип кетээрин ойлоп, баарыбир жаш мафиозияларга баш ийүүсүн уланта берет.



Күч кубатына ишенүү менен бала же окуучу рэкетчиликке каршылык көрсөтө алабы?

Жок! бул дээрлик мүмкүн эмес, анткени рэкетчилик сабап кетүү менен эле коштолбостон, өзгөчө “зөөкүрлүк” менен, мисалы: өлтүрүп кетүү коркунучу же жакын туугандарынын (иниси, сиңдиси, карындашы, бөбөгү) шантажы менен да коштолот. Ошондуктан баланы “Баатыр” болуп, муштум менен “өзү гана” каршылык көрсөтүүгө үндөө же чакыруу бул чоң катачылык. Анткени, балага дайыма колдоо керек, балага ата-энесинин дайым жардам берүүгө даяр болгон камкордугун сезип туруусу зарыл.



Балдар менен рэкечилик жөнүндө жана рэкетчиликтин курмандыгы болуп калаары жөнүндө талкуулоолорду жүргүзүү кереги барбы?

Албетте! Алдын ала сүйлөшүп, талкуулап алуу керек жана балада “Эгер кимдир бирөө коркутуп-үркүтүп акча же кандайдыр бир буюмду талап кылса, сен сөзсүз бизге айт, анан биз аны менен өзүбүз сүйлөшөбүз” деген сыяктуу акылдардан эч качан күмөн болбошу зарыл. Ошол эле учурда балага “мыйзамдын” бар экенин эскертип туруу зарыл. Тилекке каршы көптөгөн окуучулар же балдар (ал гана эмес чоң адамдар) мыйзамдын окуу жайларына тиешеси жок деп ойлошот. Чынында ар бир адам мыйзамга баш ийүүсү зарыл, жашы жете элек “өспүрүм балдар-кыздар” да анын ичине кирет. Мыйзамды бузган адам, ал адам “бала” болсо дагы “өз жазасын алат”. Мунун баарын, урматтуу ата-энелер! Өз балдарыңыздарга айтып-түшүндүрүү Сиздердин парызыңыз.



Кээ бир ата-энелер баласынын рэкетчиликке кабылган жокбу деп буюмдарын текшеришет. Бул туурабы?

Көптөгөн адистер бул жөнүндө туура эмес деген ойдо. Анткени, бала өзү сүйлөгүдөй кылып, үй-бүлөөдө ишенимдин атмосферасын түзүү жакшы. Жана чечүүчү учурда балага абсолюттук жөлөк-таяк болуу зарыл. Башкача айтканда, баланын айтып жаткандарын олуттуу маселе катары кабыл алып, класстагы же мектептеги кырдаалды баамдап, аныктап, тактап келүү керек. Рэкетчиликке кабылганын айтып жаткан балага кынтыксыз ишенүү керек. Бирок бир нерсени да эстен чыгарбоо керек, анткени акчасын же буюмун жоготуп жиберип кээ бир балдар чындыкты айтуунун ордуна, күнөөнү башкалардын мойнуна салып коюууну туура көрөт. Же мындай учур да болушу мүмкүн: бала спорт кружогуна баргысы келбей, формасын уурдатып жибергендиги жөнүндө калп айтып коёт. Бирок бул Кыргызстан мектептеринде, Кыргыз менталитетине байланыштуу чанда-чанда гана болот. Ошондой болсо да мунун баарын эсиңерден чыгарбагыла.



Эгер чынында эле рэкетчилик болсочу?



Эгер окуя чын чыкса, ошол замат мындай иштер менен иштеген адамдарга билдирүү айкын: окуу жайдын жетекчилиги, өспүрүмдөр менен иш алып барган милиция кызматкери, окуу бөлүмүнүн башчысы (завуч), ата-энелер комитети. Көптөгөн ата-энелер баласын башка окуу жайга которууну ойлошот. Бирок адистердин ою боюнча баланы биринчиден адилетсиздиктен коргоо зарыл. Андан соң гана, андай окуу жайда бала окуусун улантабы же жокбу, аны үй-бүлөө чечет эмесби.



Рэкетчиликке кабылган баланын башынан өткөргөн окуяларды жеңил көтөрүп, кайра муруңку абалына келүү үчүн эмне кылуу керек?

Баланы уят-сыйыт, коркунуч жана күнөө сезимдерин унутпоого үйрөтүү абзель. Антпесе, кийинчирээк бойго жеткен кезинде андай бала оңой эле рэкетирдин же рэкетирдин курмандыгына кабылган адамдын ролунда болуп калышы мүмкүн. Башкача айтканда, бала өз башынан өткөргөн окуясын айтып түшүндүрүүгө мүмкүндүгү болуусу зарыл, жана эч ким ага “Болду! ал бүткөн иш” – деп айтпашы керек. Кандай болсо да, баланын башынан өткөн окуя анын эсинде көпкө чейин сакталат эмесби. Адилеттүү жана ачык-айкын сүйлөгөндү үйрөнгөн соң гана, мындай бала күн сайын өзүнүн муруңку кыйноочуларын оорчулуксуз көзүнө карай алат. Ушундай болгондо гана Сиздин балаңыз эми жакшы жүргөнүнө Силерде да ишенич жаралат.



Рэкетчиликке кабылган балдардын кээ бир мүнөздүү белгилери:

1.Үйдөгү жүрүш-турушу өзгөрөт: аз сүйлөп, түнт болуп калат.

2.Дайыма ар кандай шылтоолорду айтып мектептен качат: ичим ооруп жатат, башым ооруп атат.

3.Кырдаалдан качып кетүү адаты пайда болот. Башкача айтканда, кадимкидей эртең менен эрте туруп мектепке кетет, бирок мектепке жетпейт. Кечинде үйгө өз убагында келет, мектепте болгон кандайдыр бир окуяларды айтып берет, ал гана эмес үй-тапшырмаларын аткарат. Бирок ал андай эмес. Эгер ата-энелер баамчыл болбосо, мындай кырдаал абдан көпкө чейин созулушу мүмкүн.

4.Чөнтөк чыгымдары үчүн акчаны адаттагыдан көбүрөөк сурап, ал гана эмес кичинекей кан соргучтардын талаптарын канааттандыруу үчүн ата-эненин акчасын уурдашы мүмкүн.

5.Кээ бирөөлөр ички дүйнөсүнө чөмүлүп, муруңку достору менен да кездешпей калат. Кээ бирөөлөр өзүнөн кичүү балдарга агрессивдүү жоруктарын көрсөтө баштайт, анткени зордук-зомбулук, зордук-зомбулукту гана жаратат.

6.Көп учурда окуунун көрсөткүчтөрү төмөндөйт. Көңүл буруусу же ыкластыгы азайып, кичинекей эскертүүдөн ыйлап жиберет.

7.Жана эң башкы белги бул – баланын денесинде же бетинде көк тактардын, шишиктердин пайда болушу, жана ал тактардын эмне болуп пайда болгонун бала ачык жана байланыштырып айтып бере албайт.



Бул жазмада берилген маалыматтар балаңыздын мектеп рэкетинен сактоого өз жардамын көрсөтөт деген ойдобуз.





Балдар үчүн жол эрежелери



Жыл сайын республика боюнча 16 жашка чейинки 200 ашуун бала жол кырсыктарынан ар түрдүү жаракат алышат.



Аварияларга карата жүргүзүлгөн талдоо балдардын коопсуз жол кыймылы боюнча билим-тажрыйбасы жана байкоочулук жөндөмү жетишсиздиги жол кырсыктарынын башкы себеби экенин аныктаган. Балдар жолду кунт коюп карап, машиналардын кыймыл ылдамдыгын баалай албайт. Анан калса, токтоп турган унаанын ары жагында башка унаа катуу келе жатканын байкабай, же жүрүп келе жатканы пайда болобу, жолду көрсөтпөй тозуп турган башка бир нерсе (бадал, тосмолор, киоск ж.б.) болобу, билбей калышы ыктымал.



Жол күзөт кызматкерлери кырдаалга көп байкоо салуу жана жолдогу кыймылды машыктыруу балада зарыл коопсуздук көндүмдөрү иштелип чыгышына алып келет деп эсептейт. Бул максаттарга жетүү үчүн ата-энелер балдарды көчөдө дайыма коштоп жүрүүлөрү керек.



Эскертүү! Өрт чыкканда эмне кылуу керек? (инфографика)

Эскертүү! Өрт чыкканда эмне кылуу керек? (инфографика)

ФАРИДА ЖУМАКАДЫРОВА

29-Март 2018, Бейшемби, 15:50

A

A

Тилекке каршы, биздин жашообузда адам өмүрүн алган кырсыктар болуп турат. Кээде аларды алдын алууга болот, бирок, адамдын абайсыздыгы менен байкабастыгынан түрдүү кырсыктар чыгып кетет. Ошондуктан мындай өзгөчө кырдаалдарда өмүрүбүздү жана жакын адамдарыбызды куткаруу үчүн жүрүм-турум эрежелерин билүү маанилүү болуп саналат.



Бүгүн биз өрт чыккан учурда өзүнүздү кандай алып жүрүшү керек экендигин эскертебиз. Бул эрежелерди балдарга үйрөтүү өзгөчө маанилүү болуп саналат.







Эмне кылуу керек жана кылууга болбойт?



1. Өрт өчүрүү кызматын чакыруу.



2. Өрт болгон учурда электр жана газды өчүрүү.



3. Бөлмөдөн чыгуунун жолун издөө керек.



Балдар менен бул эрежелерди кандайдыр бир имаратка барганда – мектеп, бала бакча, соода борборуна машыгып көрүүгө болот. Бала тегерегине көз чаптырып өрт болгон кезде кайда жугүрүү керек экенин билсин. Өзгөчө кырдаалдарга арналган эшик жана чыгуу жолдорун караштырыңыз. Текшерүү үчүн эвакуация схемаларын (дубалдарга илинген) же кызматкерлерден сураса болот.







4. Терезелерди чоң ачпаңыз, анткени кычкылтек өрттү жандандырат.



5. Жолдогу өрттүн кесепетинен бөлмөдөн чыгууга жол жок болсо, бир аз терезени ачып жардам сураңыз.



6. Эгер өрт жакын бөлмөдө чыгып жатса эшикти жакшылап жаап, түптөрүп чүпүрөк, кийимдер менен жабыңыз.



7. Шкаф, диван жана столдордун алдына жашынганга болбойт



Сөзсүз муну балдарга айтыңыз! Болбосо өрт өчүрүү кызматкерлерине балдарды табуу кыйын болот.



8. Бийик кабатардан секирүүгө болбойт.



9. Лифтке кирүүгө болбойт-аны өчүрүп салуулары мүмкүн.



10. Суу чүпүрөк аркылуу дем алыңыз.



Мындай учурда ар кандай суюктук жарай берет. Керек болсо заара дагы. Ал суюктук менен кийим, шарф, футболка жана башка чүпүрөктү суулап ал аркылуу дем алуу керек. Заара сууга карганда түтүн менен зыяндуу заттарды жакшы чыпкалайт.



Мында эч кандай уят жок. Балдарга бул эрежени айтканда күлө беришсин, бирок бул абал алардын жашоосун куткарып калуусу мүмкүн.



Белгилей кетчү нерсе, 2004-жылы Беслан мектебинде болгон террористик чабуул маалында туткундагы көпчүлүк балдар суусаганда заара куюлган бөтөлкөлөр аркылуу аман калышкан. Ал машыгуу залында өрт жана түтүн пайда болгон кезде аларды куткарган.



10. Көпчүлүк менен бирге бир багытта басыңыз. Токтобоңуз!



11. Чыгып жаткан кезде колду көкүрөккө коюп, чыканакты алдыны көздөй бир аз чыгарыңыз. Жолдогу тоскоолдуктарды жакшылап караңыз – тирөөчтөр, текчелер, ачык эшиктер.



12. Жыгылып кетсеңиз, тез туруңуз. Көзгө эмне көрүнсө кармаңыз – пальто, бут, джинсы, болгону туруу гана керек.



13. Күйүп жаткан кийимди чечиңиз же териге жете элек болсо, чүпүрөккө ороп, полго жатып алып тегерениңиз.



14. Түтүн (ышка) дем алып алсаңыз же күйгөн болсоңуз медициналык жардамга кайрылыңыз.



Бул эрежелерди жаттап алып досторуңуз менен машыгып көрүңүз. Эң негизгиси балдарга кыйын учурларда эмне кылыш керек экенидигин айтып бериңиз. Өзүңүзгө жана балдарыңызга сак болуңуз!



Баланын укуктары жөнүндө конвенция

Jump to navigationJump to search



1989-жылы 20-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 44/25 резолюциясы бириктирилип, кабыл алынып, кол коюга жана ратификацияланууга жол берилген.

Күчкө кирүүсү: 49-статьяга ылайык 1990-жылы сентябрда.

Башкы Ассамблея, өздөрүнун мурдагы резолюцияларына таянып, өзгөчө 1978-жылы декабрдан баштап 33/166 резолюциясы жана 43/112 1988-жылдын 8-декабрь айында, ошондой эле Комиссия резолюциясынын адам мүнөзү боюнча Экономикалык жана Социалдык Совети Баланын укуктары жөнүндө конвенция суроону эске алып,

ошону менен бирге 1989-жылдын 8-март айынан баштап 1989/57 резолюциясы Адамдын укуктары боюнча комиссиясы Баланын укуктары Конвенциянын проектин Башкы Ассамблеясы, Экономикалык жана Социалдык Совет аркылуу жиберүүгө токтом чыгарды, 1989/79 резолюциясын Экономикалык жана Социалдык Совети 1989-жылдын 24-майынан баштап, кайрадан аныктап, балдардын укуктары өзгөчө коргоону талап кылаарын жана бүткүл дүйнөдөгү балдардын абалын үзгүлтүксүз жакшыртууга, ошондой эле алардын коркунучсуздукта, тынчтык шарттарында өнүгүүсүн жана тарбиялануусун кайрадан аныктап, дүйнө жүзүнүн көптөгөн райондорунда балдардын абалы адекваттуу эмес социалдык шарттардын негизинде, стихиялык балаа, куралдуу конфликттер, эксплуатациялар, сабаттуу эместүүлүк, ачкачылык жана оорулар, улуттук жана эл аралык шарттарда оор учурда тургандыгына терең тынчсызданып,

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду жана балдардын жыргалчылыгынын жогорулашына жана алардын өсүүсүнө түрткү берип жаткан Бириккен Улуттар Уюму негизги ролдо экендигин моюнга алып,

баланын укуктарын коргоодо эл аралык Баланын укуктары жөнүндө конвенция позитивдүү кошумча болооруна жана алардын жыргалчылыгын камсыз кылууда Бириккен Улуттар Уюму адамдын укуктарынын областында өзүнүн жетишкендиктери менен тууроого татыктуу мисал экендигине көзүбүз жетти,

1989-жылы Балдардын укуктарынын декларациясынын отуз жылдыгын жана Эл аралык балдардын жылынын он жылдыгын эске алып,

1. Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын проектин ишке ашыргандыгы үчүн адамдын укуктары боюнча иштеген Комиссияга урматтап кадырлоосун билдирет;

2. Баланын укуктары жөнүндө конвенцияга азыркы ратификацияланган резолюцияларынын токтомуна ачык маанилүү сунуштарды кабыл алмакчы;

3. Бардык мамлекеттик бөлумдөрду биринчи кезекте Конвенцияны карап чыгып ратификациялап кол коюп кошулууга чакырат жана жакын арада анын күчүнө кирип иштешине ишенишет;

4. Конвенция тууралу маалыматты таратуу боюнча колдон келген мүмкүнчүлүк, каражаттардын бардыгын камсыз кылууну Башкы Секретардан өтүнүшөт;

5. Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелери жана уюмдары ошондой эле башкаруу бийликтери жана мамлекеттик эмес уюмдар Конвенция жөнүндөгү маалыматтарды жайылтуу иштерин жандандыруудагы бирдиктүү аракеттер, аны тереңирээк түшунүүгө шарт түзөт.

6. Башкы Ассамблеянын кырк бешинчи сессиясында Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын абалы тууралуу докладында билдирүүсүн Башкы секретардан өтүнөт.

7. Башкы Секретардан өзүнүн кырк бешинчи сессиясындагы докладынын «Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу» деген аталышын карап чыгуусуна токтом кылат.

61-пленумдук жыйналыш,

үСөНОВ КУБА,АЙДОСОВА НУРАИДА,САЛИЕВАНАЗИРА



Баланын укуктары жөнүндө конвенция



Преамбула



Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жарыяланган принциптерге ылайык, коомдун бардык мүчөлөрүнө таандык кадыр-баркты, теңчиликти жана ажырагыс укуктарды таануу жер жүзүндө эркиндикти, акыйкаттыкты жана тынчтыкты камсыз кылуунун негизи деп эсептеп,



Бириккен Улуттардын элдери Уставда адамдын негизги укуктарына, адам инсанынын кадыр- баркына жана дөөлөтүнө өз ишенчиликтерин ырастаган кеңири эркиндиктин тушунда социалдык прогресске жана жашоо шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө чечкиндүү экендиктерин көңүлгө алып,



Бириккен Улуттар Уюму Адам укуктарынын жалпы декларациясында жана Адам укуктары жөнүндө эл аралык пактыларда, ар бир адам аларда көрсөтүлгөн бардык укуктарга жана эркиндиктерге расасы, өңүнүн түсү, жынысы, тили, дини, саясий же башка ынанымдары, улуттук же социалдык теги, мүлктүк абалы, туулушу же башка жагдайлары сыяктуу белгилер боюнча эч кандай айырмасыз ээ болууга тийиш зкендигин жарыялагандыгын жана макул тапкандыгын таанып,



Бириккен Улуттар Уюму Адам укуктарынын жалпы декларациясында балдар өзгөчө камкордукка жана жардамга укуктуу экендигин жарыялагандыгын эскертип, коомдун негизги уюткусу жана анын бардык мүчөлөрөнүн жана айрыкча балдардын өсүшү жана жыргалчылыгы үчүн табигый чөйрөсү катары үй-бүлө коомдун чектеринде ал өз милдеттерин толук көтөрө алыш үчүн зарыл болгон коргоого жана көмөк көрсөтүүгө эгедер болууга тийиш экендигине ынанып, баланын инсан катары толук жана телегейи тегиз өнүгүшү үчүн ал үй-бүлөнүн камкордугунда, бактынын, сүйүүнүн жана түшүнүүнүн кучагында өсүшү зарыл экендигин таанып, бала коомдук турмушта өз алдынча жашоого толук даяр болушу керек жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жарыяланган идеалдардын рухунда, айрыкча тынчтыктын, кадыр-барктын, сабырдуулуктун, эркиндиктин, теңдиктин жана тилектештиктин рухунда тарбияланууга тийиш деп эсептеп,



баланы мындай өзгөчө коргоонун зарылдыгы 1924-жылдагы Баланын укуктарынын Женева Декларациясында жана 1959-жылы 20-ноябрда Башкы Ассамблея кабыл алган Баланын укуктарынын декларациясында каралгандыгын жана Адам укуктарынын жалпы декларациясында, Граждандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактыда (атап айтканда 2З-жана 24-статьяларда), Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл аралык пактыда (атап айтканда 10-статьяда), ошондой эле балдардын жыргалчылыгынын маселелери боюнча иш жүргүзгөн адистештирилген мекемелердин жана эл аралык уюмдардын уставдарында жана тиешелүү документтеринде таанылгандыгын эске алып,



баланын укуктарынын декларациясында көрсөтүлгөндөй «өзүнүн мүчө боюнун жана акылынын жетиле электигине байланыштуу бала атайын коргоого жана кам көрүүгө, анын ичинде туулганга чейин да, туулгандан кийин да тиешелүү укуктук коргоого муктаж» экендигин эске алып,



балдарды коргоого жана алардын жыргалчылыгына, айрыкча балдарды улуттук жана эл аралык деңгээлде тарбиялоого берүүгө жана аларды асырап алууга тиешеси бар Социалдык жана укуктук принциптер жөнүндө декларациянын, жашы жете элек балдарга карата сот акыйкаттыгын аткарууга тиешеси бар Бириккен Улуттар Уюмунун минималдуу стандарттык эрежелеринин («Пекин эрежелери»), өзгөчө жагдайларда жана куралдуу чыр-чатактардын мезгилинде аялдарды жана балдарды коргоо жөнүндө декларациянын жоболоруна таянып,



дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө өтө оор шарттарда жашаган балдар бар экендигин жана мындай балдар өзгөчө көңүл бурууга муктаж экендигин таанып, баланы коргоо жана аны ар тараптан өнүктүүру үчүн ар бир элдин каада-салтынын жана маданий дөөлөттөрүнүн маанилүү экендигин тиешелүү турдө эске алып,



ар бир өлкөдөгү, асыресе, өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү балдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн таанып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:



1-БӨЛҮК



1-статья



Эгерде, ар бир 18 жаш куракка толо элек адам баласы, өзүнө карата колдонулуучу мыйзам боюнча эрезеге эрте жетпесе, ал ушул Конвенцияда бала катары таанылат.



2-статья



1. Катышкан мамлекеттер өздөрүнүн юрисдикциясынын чектеринде болгон ар бир баланын ушул Конвенцияда каралган бардык укуктарынын эч кандай басмырлоосуз, расасына, өңүнүн түсүнө , жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук, этностук же социалдык тегине, мүлктүк абалына, баланын, ден соолугунун абалына жана туулушуна анын ата-энесине же мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнө же кандайдыр-бир башка жагдайларга карабастан урматташат жана камсыз кылышат.



2. Катышкан мамлекеттер баланын, анын ата-энесинин, мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнүн же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн статусунун, ишинин, көз караштарынын же ынанымдарынын негизинде баланы басмырлоонун же жазалоонун бардык түрлөрүнөн коргоону камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүшөт.



З-статья



1. Балдарга карата бардык аракеттерде, алар социалдык жактан камсыз кылуу маселелери жагында иш жүргүзгөн мамлекеттик же жекече мекемелер, соттор, административдик же мыйзам чыгаруу органдары тарабынан колдонулгандыгына карабастан биринчи кезекте баланын таламдарын эң мыкты камсыздоого көңүл бурулат.



2. Катышкан мамлекеттер баланын жыргалчылыгы үчүн зарыл болгон коргоону жана камкордукту камсыз кылууга милдеттенишет, мында бала үчүн мыйзам боюнча жоопкерчиликте болгон анын ата- энесинин, көзөмөлчүлөрүнүн же башка адамдардын укуктары жана милдеттери эске алынат жана ушул максатта тиешелүү бардык мыйзамдык жана административдик чараларды көрүшөт.



З. Катышкан мамлекеттер балдар жөнүндө кам көрүүгө же аларды коргоого жооптуу болгон мекемелер, кызматтар жана органдар компетентүү органдар тарабынан белгиленген нормаларга жооп беришин, атап айтканда коопсуздук жана саламаттыкты сактоо жагында, аларда иштегендердин саны жана алардын жарактуулугу жагында жооп беришин, ошондой эле компетентүү көзөмөлду камсыз кылышат.



4-статья



Катышкан мамлекеттер ушул Конвенцияда таанылган укуктарды жүзгө ашыруу үчүн бардык зарыл болгон мыйзамдык, административдик жана башка чараларды көрүшөт. Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жагында катышкан мамлекеттер мындай чараларды өздөрүндө болгон ресурстардын максималдуу чектеринде, зарыл учурда эл аралык кызматташтыктын чектеринде көрүшөт.



5-статья



Катышкан мамлекеттер ата-энелердин жана тиешелүү учурларда жергиликтүү каада-салтта каралгандай кеңири үй-бүлөнун же жамагат мүчөлөрүнүн, көзөмөлчүлөрдүн же мыйзам боюнча бала үчүн жоопкерчиликте болгон, ал ар тарабынан ушул Конвенцияда таанылган укуктарды жүзөгө ашырууда балага тиешелүү таалим-тарбия берүүгө жана аны баланын өсүп жаткан жөндөмдүүлүгүнө ылайык жасоого мыйзам боюнча жооптуу болгон башка адамдардын жоопкерчилигин, укуктарын жана милдеттерин урматтайт.



6-статья 1. Катышкан мамлекеттер ар бир бала жашоо үчүн ажырагыс укукка эгедер экендигин тааныйт.



2. Катышкан мамлекеттер баланын жан сакташын жана мыкты өнүгүшүн мүмкүн болгон даражада камсыз кылат.



7-статья



1. Бала туулгандан кийин дароо катталат жана туулган учурдан тартып ысым алууга жана граждандыкка ээ болууга, ошондой эле мүмкүн болушунча өз ата-энесин билүүгө жана алардын кам көрүшүнө укуктуу болот.



2. Катышкан мамлекеттер бул укуктардын улуттук мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылышын жана алардын милдеттенмелеринин бул жагындагы тиешелүү эл аралык документтерге, атап айтканда баланын граждандыгы жок болгон учурга ылайык аткарылышын камсыз кылышат.



8-статья



1. Катышкан мамлекеттер мыйзамсыз кийлигишүүгө жол бербестен, баланын жекече өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде граждандыгын, ысымын жана үй-бүлөлүк байланыштарын сактоorо болгон мыйзамда каралган укугун урматтоого милдеттенет.



2. Эгерде бала өзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүнүн бир бөлүгүнөн же бардык элементтеринен мыйзамсыз түрдө ажыратылса, катышкан мамлекеттер ага зарыл жардам көрсөтүүнү жана анын жекече өзгөчөлүгүн тезинен калыбына келтирүү үчүн зарыл жардам көрсөтүүнү жана коргоону камсыз кылат.



9-статья



1. Катышкан мамлекеттер соттун чечими боюнча компетенттүү органдар колдонуудагы мыйзамдарга жана жол-жоболорго ылайык баланын жогорку таламдарында аны ата-энесинен ажыратуу зарыл деп аныктагандан башка учурларда, өзүнүн ата-энеси каалабаса, алардан баланын ажыратылбашын камсыз кылат. Мындай аныктама тигил же бул айкын учурда зарыл болуп калышы мүмкүн, мисалы ата-энеси балага катаал мамиле жасаса, же ал жөнүндө кам көрбөсө же ата-энеси бөлөк жашаса жана баланын жашаган жери тууралуу чечим кабыл алуу зарыл болсо, ушундай аныктама чыгарылат.



2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык ар кандай териштирүүнүн жүрүшүндө ишке тиешеси бар бардык тараптарга териштирүүгө катышууга жана өзүнүн көз карашын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берилет.



З. Катышкан мамлекеттер мунун өзү баланын жогорку таламдарына карама каршы келгенден башка учурларда, ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыратылган баланын ата-энесинин экөө менен тең такай негизде u1078 жеке мамиледе жана тикелей байланышта болуу укугун урматтайт.



4. Мындай ажыратуу катышкан мамлекет тарабынан кабыл алынган кандайдыр бир чечимге байланыштуу болгондо, мисалы баланын ата-энесинин бири же экөө тең камакка алынганда, түрмөгө отургузулганда, айдап жиберилгенде, депортацияланганда же өлгөндө (ал адам мамлекеттин карамагында болгон мезгилде ар кандай себеп боюнча өлүмгө дуушар болгондо) катышкан мындай мамлекет баланын ата-энесине, балага же бул зарыл болсо, эгерде мындай маалымат берүү баланын жашоосуна зыян келтирбесе, үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө алардын өтүнүчү боюнча үй-бүлөнүн жок болгон мүчөсү (мүчөлөрү) тууралуу зарыл маалымат берет. Катышкан мамлекеттер мындай өтүнүчтү канааттандыруу мындан кийин өзүнөн-өзү тиешелүү адамга (адамдарга) терс натыйжаларды пайда кылбашын камсыз кылат.



10-статья



1. Катышкан мамлекеттердин 9- статьянын 1-пункту боюнча милдеттенмелерине ылайык баланын же анын ата-энесинин үй-бүлөнү бириктирүү максатында катышкан мамлекетке келүү же андан кетүү максатында берген арызы катышкан мамлекеттер тарабынан оңунан гумандуу жана тез аранын ичинде каралууга тийиш. Катышкан мамлекеттер мындай өтүнүчтү канааттандыруу мындан кийин арызберүүчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жагымсыз натыйжаларды пайда кылбашын камсыз кылышат.



2. Ата-энеси ар кандай мамлекетте жашаган бала өзгөчө жагдайлар болгондон башка учурларда, ата- энесинин экөө менен тең туруктуу негизде жеке мамилелерде жана тикелей байланыштарда болууга укуктуу. Ушул максатта жана катышкан мамлекеттердин 9-статьянын 2-пункту боюнча милдеттенмелерине ылайык катышкан мамлекеттер баланын жана анын ата-энесинин ар кандай өлкөдөн, анын ичинде өзүнүн өлкөсүнөн кетүүгө жана өз өлкөсүнө кайтып келүүгө болгон укугун урматташат. Ар кандай өлкөдөн кетүү укугуна карата мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден-соолугун же адеп-ахлактуулугун же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн мыйзамда белгиленген u1078 жана зарыл болгон жана ушул Конвенция тарабынан таанылган башка укуктарга ылайык келген чектөөлөр гана колдонулат.



11-статья



1. Катышкан мамлекеттер балдардын мыйзамсыз түрдө чет өлкөгө жер которушуна жана кайтпай калышына каршы күрөшүү үчүн чараларды көрөт.



2. Бул максатта катышкан мамлекеттер кош тapaптyy же көп тараптуу макулдашууларды түзүүгө же колдонуудагы макулдашууларга кошулууга көмөк көрсөтүшөт.



12-статья



1. Катышкан мамлекеттер өзүнүн жеке көз караштарын билдирүүгө жөндөмдүү болгон баланын өзүнө тиешелүү болгoн бардык маселелер боюнча бул көз караштарды эркин билдирүү укугун камсыз кылат, мындан тышкары баланын көз караштарына анын курагына жана жетилгендигине ылайык тиешелүү көңүл бурулат.



2. Бул максатта балага, атап айтканда тиешелүү ар кандай соттук же административдик териштирүүнүн жүрүшүндө аны угууга мүмкүнчүлүк берилет, же болбосо түздөн-түз, же болбосо өкүлү аркылуу же тиешелүү орган аркылуу улуттук мыйзамдардын процессуалдык нормаларында каралган тартипте кайрылууга мүмкүнчүлүк берилет.



1З-статья



1. Бала өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу; анын бул укугуна ар кандай түрдөгу маалыматтарды жана идеяларды чек арага карабастан ооз эки, кат жүзүндө же басылган түрдө, искусство чыгармалары түрүндө же баланын тандап алышы боюнча башка каражаттардын жардамы менен эркин издеп табуу,алуу жана берүү кирет.



2. Бул укукту жүзөгө ашырууга айрым чектөөлөр коюлушу мүмкүн, бирок алар:



а) башка адамдардын укуктарын жана беделин урматтоо үчүн;



b) же мамлекеттин коопсуздугун же коомдук тартипти, калктын ден-соолугун же адеп- ахлактуулугун коргоо үчүн мыйзамда каралган жана зарыл чектөөлөр гана болушу мүмкүн.



14-статья



1. Катышкан мамлекеттер баланын ой-пикиринин, ар-намысынын жана дининин эркин болуу укугун урматташат.



2. Катышкан мамлекеттер ата-энелердин жана тиешелүү учурларда мыйзамдуу көзөмөлчүлөрдун баланын укуктарын жүзөгө ашырууда баланын өнүгүп жаткан жөндөмдүүлүктөрүнө ылайык ыкмалар менен жетекчилик кылууга болгон укуктарын u1078 жана милдеттерин урматташат.



3. Баланын дин тутуу жана динге ишенүү эркиндигине мыйзамдарда белгиленген жана мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын адеп-ахлактуулугун жана ден-соолугун коргоо же башка адамдардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл болгон чектөөлөр гана колдонулушу мүмкүн. 15-статья



1. Катышкан мамлекеттер баланын эркин ассоциациялашууга жана жөнөкөй топторго эркин катышууга болгон укугун таанышат.



2. Бул укукту жүзөгө ашырууга карата мыйзамга ылайык жана демократиялык коомдо мамлекеттик коопсуздуктун же коомдук коопсуздуктун, коомдук тартиптин таламдары, калктын ден-соолугун же адеп-ахлактуулугун коргоо же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл болгон чектөөлөрдөн башка эч кандай чектөөлөр колдонулушу мүмкүн эмес.



16-статья



1. Бир да бала өзүнүн жеке турмушун, үй-бүлөлүк турмушун жүзөгө ашырууга, турак жайынын кол тийгистигине же кат-кабарлардын жашырындуулугуна болгон укугун зомбулук менен бузуунун же мыйзамсыз кийлигишүүнүн же анын ар-намысына жана беделине мыйзамсыз шек келтирүүнүн объектиси болушу мүмкүн эмес.



2. Бала мындай кийлигишүүдөн же шек келтирүүдөн мыйзам тарабынан корголууга укуктуу.



17-статья



Катышкан мамлекеттер массалык маалымат каражаттарынын маанилүү ролун таанышат жана бала ар кандай улуттук же эл аралык булактардан, айрыкча баланын социалдык, руханий жана моралдык жыргалчылыгына, ошондой эле анын мүчө боюнун жана психикасынын мыкты өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган маалыматтарды жана материалдарды алууга мүмкүнчүлүк алышын камсыз кылышат. Катышкан мамлекеттер бул максаттарда:



а) бала үчүн социалдык жана маданий жагынан пайдалуу болгон жана 29-статьянын мазмунуна тура келген маалыматтарды жана материалдарды жайылткан массалык маалымат каражаттарын колдошот;



Ь) ар кандай маданий, улуттук жана эл аралык булактардан мындай маалыматтарды жана материалдарды даярдоо, алмашуу жана жайылтуу жагындагы эл аралык кызматташтыкты колдошот;



с) улуттук азчылыктын кандайдыр-бир топторуна же жергиликтүү калкка таандык болгон баланын тилдик керектөөлөрүнө айрыкча көңүл бурган массалык маалымат каражаттарын колдошот;



d) 13 жана 18-статьялардын жоболорун эске алуу менен баланын жыргалчылыгына зыян келтирүүчү маалыматтар менен материалдардан баланы коргоонун тиешелүү принциптерин иштеп чыгууну колдошот.



18-статья



1. Катышкан мамлекеттер баланын тарбияланышы жана өнүгүшү үчүн ата-эненин экөөнүн тең жалпы жана бирдей жоопкерчилигинин принцибин таанууну камсыз кылууга карата колдо болгон бардык куч- аракеттерди көрүшөт. Ата-энелер же тиешелүү учурларда мыйзамдуу көзөмөлчүлөр баланын тарбияланышы жана өнүгүшү үчүн негизги жоопкерчиликте болушат. Баланын жогорку таламдары алардын негизги камкордугунун предмети болуп эсептелет.



2. Ушул Конвенцияда баяндалган укуктарды гарантиялоо жана аларды жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында катышкан мамлекеттер баланын ата-энесине жана мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнө алардын балдарды тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткарышы үчүн тиешелүү жардам көрсөтүшөт жана балдар мекемелеринин тармагын өнүктүрүүнү камсыз кылышат.



3. Катышкан мамлекеттер ата-энеси иштеген балдар алар үчүн арналган кызматтардан жана балдарды багуучу мекемелерден пайдаланууга укуктуу болушун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүшөт.



19-статья



1. Катышкан мамлекеттер баланы тикелей же психологиялык зомбулуктун, мазактоонун же кыянат мамиле жасоонун же эзүүнөн бардык түрлөрүнөн, анын ичинде ата-энеси, мыйзамдуу көзөмөлчүлөрү же бала жөнүндө кам көрүүчү ар кандай башка адам тарабынан сексуалдык кыянаттык кылуудан сактоо максатында бардык зарыл болгон мыйзамдык, административдик, социалдык жана агартуу чараларын көрүшөт.



2. Зарыл учурларда коргоонун мындай чараларына:



балага жана ал тууралу кам көрүүчү адамдарга зарыл болгон колдоо көрсөтүү,ошондой эле балага катаал мамиле жасоонун жогоруда айтылган учурларын болтурбай коюу жана аныктоо, билдирүү, берүү жана кароо, иликтее_______, дарылоо, ошондой эле зарыл учурда соттук жол-жобону козгоо жана анданкийинки чаралардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу максатында социалдык программаларды иштеп чыгуу үчүн натыйжалуу жол-жоболор киргизилет.



20-статья



1. Өзүнүн үй-бүлөсүндө убактылуу же такай болбогон бала же өзүнүн жогорку таламдарына ылайык мындай үй-бүлөдө кала албаган бала мамлекет тарабынан езгөчө коргоого жана жардам көрсөтүүгө укуктуу болот.



2. Катышкан мамлекеттер өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык мындай баланы багуучуларды алмаштырууну камсыз кылат.



З. Үй-бүлөдөн мындай кетүүгө, атап айтканда тарбиялоого берүүгө ислам укугу боюнча «кафала», асырап алуу же зарыл учурда балдарды бага турган тиешелүү мекемелерге жайгаштыруу киргизилиши мүмкүн. Баланы багуучуну алмаштыруунун варианттарын кароодо баланы тарбиялоонун жолун жолдоп улантуунун зарылдыгы жана анын этностук келип чыгышы, диний жана маданий таандуулугу жана эне тили тиешелүү түрдө эске алынууга тийиш.



21-статья



1. Асырап алуу системасынын болушун тааныган жана (же) уруксат берген катышкан мамлекеттер баланын жогорку таламдары биринчи кезекте эске алынышын камсыз кылышат жана алар:



а) колдонуудагы мыйзамга жана жол-жоболорго ылайык жана ишке тиешеси бар так маалыматтардын негизинде баланын ата-энесине, туугандарына жана мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнө карата статусун эске алуу менен асырап алууга жол берүүгө боло тургандыгын, эгерде ушундай талап кылынса, ишке тиешеси бар адамдар мүмкүн болуучу мындай зарыл консультациялардын негизинде асырап алууга өзүнүн ар тараптан ойлонулган макулдугун бергендигин аныктай турган компетенттүү бийликтер тарабынан гана баланы асырап алууга уруксат берилишин камсыз кылышат;



b) эгерде баланы аны тарбиялоону же асырап алууну камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар үй-бүлөгө тарбиялоогo берилиши же жайгаштырылышы мүмкүн болбосо жана бала туулган өлкөдө анны кандайдыр-бир ылайыктуу багууну камсыз кылуу мүмкүн болбосо, баланы башка өлкөдө асырап алууну аны багуунун альтернативалуу u1099 ыкмасы катары таанышат;



с) бала башка өлкөдө асыралган учурда, ал өлкөнүн ичинде асыралган балага карата колдонулуучу ошондой эле гарантиялар жана нормалар колдонулушун камсыз кылышат;



d) баланы башка өлкөдө асырап алуу учурунда баланы жайгаштыруу бул адамдарга байланыштуу өзүн актабаган финансылык пайдаларды алууга алып келбешин камсыз кылуу максатында бардык чараларды көрүшөт;



е) зарыл учурларда ушул статьянын максаттарына жетүү үчүн кош тapaптyy жана көп тapaптyy келишимдерди же макулдашууларды түзүү аркылуу көмөк көрсөтүшөт жана ушул негизде баланы башка өлкөдө жайгаштыруу компетенттүү бийликтер же органдар тарабынан жүзөгө ашырылышына аракеттенишет.



22-статья



1. Катышкан мамлекеттер колдонуудагы эл аралык же ички укуктарга жана жол-жоболорго ылайык качкындын статусун алууну каалаган же качкын болуп эсептелген өзүнүн ата-энеси же башка ар кандай адамдын коштоосунда жүргөн, ошондой эле коштоосунда жүрбөгөн балага ушул Конвенцияда жана башка адам укуктары боюнча эл аралык документтерде же аталган мамлекеттер катышуучулары болуп эсептелген гуманитардык документтерде баяндалган колдонуудагы укуктарын пайдаланууну тиешелүү түрдө коргoону жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүшөт.



2. Катышкан мамлекеттер бул максатта, Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка компетенттүү өкмөттөр аралык уюмдардын же Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташкан өкмөттүк эмес уюмдардын мындай баланы коргоо жана ага ата-энесин же башка үй-бүлө мүчөсүн издөө боюнча жардам көрсөтүү боюнча ар кандай күч-аракеттерин зарыл деп тапкан учурда, аларды өз үй-бүлөсүнө кошуу үчүн зарыл маалымат алууга көмөк көрсөтүшөт. Ата-энеси же үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү табылган учурларда, мындай балага кандайдыр-бир себеп боюнча туруктуу же убактылуу өз үй- бүлөсүнөн ажыраган башка ар кандай бала сыяктуу эле ушул Конвенцияда каралгандай коргоо камсыз кылынат.



2З-статья



1. Катышкан мамлекеттер акыл-эси же мүчө бою жагынан кемчилдиги бар бала анын u1082 кадыр-баркын камсыз кыла турган, анын өзүнө ишенимине көмөк көрсөтуп жана анын коомдун турмушуна активдуу катышуусун жениилдете турган толук кандуу жана татыктуу турмуштун шарттарында жашоогo тийиш экендигин таанышат.



2. Катышкан мамлекеттер кемчилдиги бар балага өзгөчө камкордук көрүүнө таанышат жана мындай укугу бар балага тиешелүү ресурстар болгон жана ал жөнүндө кам көрүүгө жооптуу адам болгон шартта, ал жөнүндө өтүнүч берилгенде жана ал баланын абалына, бала жөнүндө камкордукту камсыз кылуучу анын ата-энесинин же башка адамдардын абалына ылайык келгенде буга мүмкүнчүлүк берүүнү колдошот жана камсыз кылышат.



З. Кемчилдиги бар баланын өзгөчө муктаждыгын таануу катарында ушул статьянын экинчи пунктуна ылайык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө жараша баланын ата-энесинин же бала жөнүндө камкордукту камсыз кылуучу башка адамдардын финансылык ресурстарын эске алуу менен акысыз берилет жана кемчилдиги бар баланын билим берүү, кесиптик даярдоо, медициналык тейлөө, ден соолугун калыбына келтирүү, эмгектенүүгө даярдоого жана эс алуу каражаттарына натыйжалуу мүмкүнчүлүк алышын камсыз кылууну максат кылып коёт жана мунун өзү мүмкүнчүлүгүнө жараша баланы социалдык турмушка кыйла толук тартууга жана баланын инсанынын, анын ичинде маданий жана руханий өнүгүшүнө жетишүүнү камсыз кылууга алып келүүгө тийиш.



4. Катышкан мамлекеттер кемчилдиги бар балдарды профилактикалык саламаттык сактоо, медициналык, психологиялык жана функционалдык дарылоо жагындагы тиешелүү маалыматтарды, анын ичинде реабилитациялоонун, жалпы билим берүүнүн жана кесиптик даярдоонун ыкмалары жөнүндө маалыматарды алмашуу жагындагы эл аралык кызматташтыкка, ошондой эле мындай маалыматты алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө, мунун өзү менен катышкан мамлекеттердин бул жагындагы мүмкүнчүлүктөрүн жана билимдерин жакшыртууга жана тажрыйбасын кенейтүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө көмөк көрсөтүшөт. Ушуга байланыштуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн керектөөлөрүнө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.



24-статья



1. Катышкан мамлекеттер баланын саламаттыгын сактоонун ар тараптан өркүндөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрүнөн жана ооруларды дарылоонун жана ден соолугун калыбына келтирүүнүн каражаттарынан пайдаланууга болгон укугун таанышат. Катышкан мамлекеттер бир дагы бала саламаттык сактоо системасынын ушул сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу укугунан ажыратылбашын камсыз кылууга умтулушат.



2. Катышкан мамлекеттер аталган укуктун толук жүзөгө ашырылышына жетишишет жана атап айтканда, төмөндөгүлөр үчүн:



а) наристелердин жана балдардын өлүмүнүн деңгээлин төмөндөтүү;



b) баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү өнүктүүрүгө биринчи кезекте көңүл буру менен, бардык балдардын саламаттыгын сактоо жана медициналык зарыл жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу;



с) балдардын ооруларына жана ач-жылаңач балдардын болушуна каршы, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардамдын чектеринде, аш болумдуу азык-түлүктөрдү жана ичүүчү суну жетиштүү берүүнүн женил технологиясын колдонуу аркылуу, айлана чөйрөнүн булганышынын коркунучтуулугун жана опурталдуулугун эске алуу менен күрөш жүргүзүү;



d) энелердин төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки мезгилдеги саламаттыгын сактоо боюнча тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр;



е) коомдун бардык катмарынын, атап айтканда ата-энелердин жана балдардын ден соолугу жана тамактанышы, алардын эмчек эмишинин артыкчылыктары, бала жашаган жердеги гигиена, санитария жөнүндө билишин камсыз кылуу жана кырсыктардан алдын алуу, ошондой эле мындай билимдерди пайдаланууга жана аларды колдоого мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;



f) агартуу ишин жана алдын алуучу медициналык жардам жагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүүрү жана үй-бүлөнүн санын пландаштыруу үчүн зарыл чараларды көрөт.



З. Катышкан мамлекеттер балдардын ден соолугуна терс таасир тийгизген салт болуп калган практиканы жоюу максатында ар кандай натыйжалуу жана зарыл чараларды көрүшөт.



4. Катышкан мамлекеттер эл аралык кызматташтыкты колдоого жана ушул статьяда таанылган укуктарды u1090 толук жүзөгө ашырууга акырындык менен жетишүү максатында аны өнүктүүрүгө милдеттенишет. Ушуга байланыштуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн керектөөлөрүнө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.



25-статья



Катышкан мамлекеттер компетенттүү органдар тарабынан баланы багуу, коргоо, дене түзүлүшү же болбосо психикалык жактан дарылоо максатында камкордукка берилген баланын дарыланышына мезгил-мезгили менен баа берүүнү жана бала жөнүндө мындай камкордукка байланыштуу бардык башка шарттарды таанышат.



26-статья



1. Катышкан мамлекеттер ар бир баланын социалдык жактан камсыз кылуунун жыргалчылыктарынан, анын ичинде социалдык камсыздандыруудан пайдаланууга болгон укугун таанышат жана бул укуктун алардын улуттук мыйзамдарына ылайык толук жүзөгө ашырылышына жетишүү үчүн зарыл чараларды көрүшөт.



2. Бул жыргалчылыктар зарылдыгына жараша баланын жана аны багууга жоопкерчиликтүү адамдардын колдо болгон ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле баланын жыргалчылыгына жетишүү үчүн же анын атынан жасалган ар кандай ниеттерди эске алуу менен берилет.



27-статья



1. Катышкан мамлекеттер ар бир баланын өзүнүн мүчө боюнун, акыл эсинин, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине болгон укугун таанышат.



2. Ата-энеси же баланы тарбиялаган башка адамдар өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүнүн жана жашоо шарттарынын финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектеринде баланы өнүктүүрү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылуу үчүн негизги жоопкерчиликте болушат.



З. Катышкан мамлекеттер улуттук шарттарга ылайык жана өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чектеринде балдардын ата-энесине жана балдарды тарбиялап жаткан башка адамдарга жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрүшөт, ушул укуктарды жүзөгө ашырууда жана зарыл болгондо материалдык жардам көрсөтүшөт жана балдарды тамак-аш кийим-кече жана турак жай менен камсыз кылуу жагындагы программаларды айрыкча колдошот.



4. Катышкан мамлекеттер баланын ата-энеси же бала үчүн финансылык жоопкерчиликте болгон башка адамдар ошол мамлекеттин ичинде да, чет өлкөдө да баланы багышын калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүшөт. Атап айтканда, эгерде баланы багуу үчүн финансылык жоопкерчиликте болгон адам жана бала ар кандай мамлекеттерде жашаса, катышкан мамлекеттер эл аралык макулдашууларга кошулууга же мындай макулдашууларды түзүүгө, ошондой эле башка тиешелүү келишимдерге жетишүүгө көмөк көрсөтүшөт.



28-статья



1. Катышкан мамлекеттер баланын билим алууга болгон укугун бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде жүзөгө ашырууга акырындык менен жетишүү максатында ал укукту таанышат, атап айтканда:



а) акысыз же милдеттүү башталгыч билим берүүнү киргизишет;



b) жалпы да, кесиптик да билим берүү сыяктуу орто билим берүүнүн ар кандай түрлөрүн өнүктүүрүнү колдошот, анын бардык балдар үчүн мүмкүн болушун камсыз кылышат жана акысыз билим берүү жана зарыл учурда финансылык жардам көрсөтүү сыяктуу зарыл чараларды көрүшөт;



с) ар бир баланын жөндөмүнүн негизинде бардык балдар үчүн жогорку билимдин мүмкүнчүлүгүн зарыл болгон бардык каражаттардын жардамы менен камсыз кылышат;



d) бардык балдар үчүн билим берүү жана кесиптик даярдоо жагындагы маалыматтарды жана материалдарды алууга мүмкүнчүлүктү камсыз кылышат;



е) мектептерге үзбөй барууга жана мектепти таштап кеткен окуучулардын санын төмөндөтүүгө көмөк көрсөтүү боюнча чараларды көрүшөт.



2. Катышкан мамлекеттер мектептеги тартип баланын адамдык кадыр-баркын урматтоону чагылдырган жана ушул Конвенцияга ылайык келген ыкмалардын жардамы менен ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшөт.



З. Катышкан мамлекеттер билим берүүгө тиешеси бар, атап айтканда бүткүл дүйнө жүзүндө нааданчылыкты жана сабатсыздыкты жоюуга көмөк көрсөтүү жана илимий-техникалык билимдерге жана окутуунун азыркы кездеги ыкмаларына мүмкүнчүлүк алууну жеңилдетүү максатында эл аралык кызматташтыкты колдошот жана өнүктүрүшөт. Ушуга байланыштуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн керектөөлөрүнө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.



29-статья



1. Катышкан мамлекеттер балага билим берүү:



а) баланын инсанын, талантын жана акыл-эси менен мүчө боюнун мүмкүнчүлүктөрүн эң толук көлөмдө өнүктүүрүгө;



b) Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жарыяланган адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин, ошондой эле принциптерин урматтоого тарбиялоого;



с) баланын ата-энесине, анын маданий өз алдынчалыгына, тилине жана дөөлөттөрүнө, бала жашаган өлкөнүн, ал төрөлгөн өлкөнүн улуттук дөөлөттөрүнө, анын өзүнүн өлкөсүнөн айырмаланган цивилизацияларды урматтоого тарбиялоого;



d) баланы эркин коомдо түшүнүү, ынтымак, сабырдуулук, эркектер менен аялдардын ортосундагы тең укуктуулуктун жана бүткүл элдердин, этностук, улуттук жана диний топтордун, ошондой эле жергиликтүү калктын ичиндеги адамдардын ортосундагы достуктун рухунда аң-сезимдүү жашоого тарбиялоого;



е) курчап турган табиятты урматтоого тарбиялооro багытталууга тийиш экендиги менен макул болушат.



2. Ушул статьянын же 28-статьянын эч бир бөлүгү айрым адамдардын жана органдардын окуу жайларын түзүү жана аларга ушул статьянын 1-пунктунда баяндалrан принциптерди такай сактоонун жана мындай окуу жайларында берилүүчү билим мамлекетте белгилениши мүмкүн болгон минималдуу нормаларга ылайык келиши жөнүндө талаптарды аткарууну сактоонун шартында аларга жетекчилик кылуу эркиндигин чектөөчү нерселер катары түшүндүрүлбөйт.



30-статья



Этностук, диний же тилдик азчылыктар болгон мамлекеттерде же жергиликтүү калктын ичинен ушундай адамдар болгoндо, ушундай азчылыктарга жана жергиликтүү калкка таандык болгон балага өзүнүн тобунун башка мүчөлөрү менен биргелешип, өз маданиятын пайдалануу, өз динин тутуу жана анын каадаларын аткаруу, ошондой эле эне тилин пайдалануу укугунан баш тартылышы мүмкүн эмес.



31-статья



1. Катышкан мамлекеттер баланын эс алууга жана көңүл ачууга, өзүнүн курагына ылайык келген оюндарга жана оюн-зоок иш-чараларына катышууга, маданий турмушка эркин катышууга жана искусствого катышууга болгон укугун таанышат.



2. Катышкан мамлекеттер баланын маданий u1078 жана чыгармачыл турмушка ар тараптан катышуу укугун урматташат жана колдошот, маданий жана чыгармачыл иши, убактысын өткөрүшү жана эс алышы үчүн тиешелүү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн берилишине көмөк көрсөтүшөт.



32-статья



1. Катышкан мамлекеттер баланын ден соолугуна коркунуч келтирген же анын билим алышына тоскоолдук кылган, же болбосо анын саламаттыгына же мүчө боюунун, акыл эсинин, рухий, моралдык жана социалдык өнүгүшүнө зыян келтирүүчү экономикалык эзүүдөн жана ар кандай ишти аткаруудан коргоо укугун таанышат.



2. Катышкан мамлекеттер ушул статьяны жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн мыйзамдык, административдик жана социалдык чараларды, ошондой эле билим берүү жагындагы чараларды көрүшөт. Бул максаттарда башка эл аралык документтердин тиешелүү жоболорун жетекчиликке алуу менен катышкан мамлекеттер, атап айтканда:



а) баланын эң төмөнкү курагын же аны жумушка кабыл алуу үчүн зарыл болгон эң төмөнкү куракты белгилешет;



b) баланын жумуш күнүнүн узактыгы жана эмгек шарттары жөнүндө зарыл талаптарды аныкташат;



с) ушул статьяны натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн жазанын тиешелүү түрлөрүн же башка санкцияларды карашат.



33-статья



Катышкан мамлекеттер балдарды баңгилик каражаттарды жана психотроптук заттарды колдонуудан тиешелүү эл аралык келишимдерде аныкталгандай коргоо жана мындай заттарды мыйзамга жат өндүрүштө жана аларды сатууда балдарды пайдаланууга жол бербөө үчүн бардык чараларды, анын ичинде мыйзамдык, административдик жана социалдык чараларды, ошондой билим берүү жагындагы чараларды керүшөт.



34-статья



Катышкан мамлекеттер баланы сексуалдык мажбурлоонун жана сексуалдык жагынан бузуунун бардык түрлөрүнөн сактоого милдеттенишет. Бул максаттарда катышкан мамлекеттер, атап айтканда улуттук, кош тapaптyy жана көп тараптуу деңгээлдерде:



а) баланы ар кандай мыйзамсыз сексуалдык иш-аракетке тартууну же мажбурлоону;



b) балдарды сойкулук иштерге тартуу же башка сексуалдык практикада колдонуу максаттарында пайдаланууну;



с) балдарды ______порнографияда жана порнографиялык материалдарда колдонуу максаттарында пайдаланууну болтурбай коюу үчүн бардык чараларды көрүшөт.



35-статья



Катышкан мамлекеттер улуттук, кош тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдерде ар кандай максаттарда жана балдарды ар кандай түрдө уурдоону, балдар менен соода кылууну же алар менен контрабанда жүргүзүүнү болтурбай коюу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүшөт.



36-статья



Катышкан мамлекеттер баланын жыргалчылыгынын ар кандай аспектилерине зыян келтирүү менен ага зомбулук көрсөтүүнүн башка бардык түрлөрүнөн баланы коргошот.



37-статья



Катышкан мамлекеттер:



а) бир дагы баланын кыйноолорго же башка катаал, ырайымсыз же анын кадыр-баркын кемсинткен мамилеге же жазага тартылбашын камсыз кылышат. 18 жашка толо элек адамдар тарабынан кылмыштар үчүн аны жазадан бошотуунун мүмкүнчүлүгү каралбаган өлүм жазасы да, өмүр боюу түрмөгө отургузууда каралбайт;



Ь) бир дагы бала мыйзамсыз түрдө же зомбулук менен эркинен ажыратылбашын камсыз кылышат. Баланы камакка алуу, кармоо же түрмөгө отургузуу мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат жана өзгөчө чара катарында гана тиешелүү түрдө убакыттын мүмкүн болушунча кыска мөөнөтүнүн ичинде гана пайдаланылат;



с) эркинен ажыратылган ар бир бала өзүнүн курагына таандык бопroн керектөөлөрүн эске алуу менен өзүнүн инсандыгынын ажырагыс кадыр-баркынын урматталышынан жана ага гумандуу мамиле жасалышынан пайдаланышын камсыз кылат. Атап айтканда, эркинен ажыратылган ар бир бала, эгерде баланын жогорку таламдарында мындай кылууга болбойт деп эсептелбесе, бала чоңдордон бөлөк кармалууга тийиш, өзгөчө жагдайлардан башка учурларда ал өзүнүн үй-бүлөсу менен кат жазышуу жана жолугушуу аркылуу байланышта болууга укуктуу болушу керек;



d) эркинен ажыратылган ар бир бала укуктук жана башка тиешелүү жардамга токтоосуз мүмкүнчүлүк алышын, ошондой эле өзүнүн эркинен ажыратылышынын мыйзамдуулугун сот алдында же башка компетенттүү, көз карандысыз жана келишпес органдын алдында талашуу укугун жана мына u1091 ушундай ар кандай процессуалдык аракетке карата алардын токтоосуз чечим кабыл алышын талап кылуу укугун камсыз кылышат.



38-статья .



1. Катышкан мамлекеттер куралдуу чыр-чатактардын учурунда балдарга карата колдонулуучу жана балдарга тиешеси бар эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын урматтоого милдеттенишет жана алардын сакталышын камсыз кылышат.



2. Катышкан мамлекеттер 15 жаш куракка толо элек балдардын согуш аракеттерине тикелей катышпашын камсыз кылуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүшөт.



З. Катышкан мамлекеттер 15 жаш куракка толо элек ар кандай адамды өзүнүн куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө чакыруудан карманышат. 15 жаш куракка толгон адамдардын ичинен, 18 жашка али толо элек адамдарды аскерге алууда катышкан мамлекеттер жашы кыйла улуу адамдарды алууга аракет кылышат.



4. Катышкан мамлекеттер куралдуу чыр-чатактардын убагында граждандык калкты коргоого байланыштуу эл аралык гуманитардык укук боюнча өз милдеттерине ылайык куралдуу чыр чатактарга аралашкан балдарды коргоону жана аларды багууну камсыз кылуу максатында бардык чараларды көрүшөт.



39-статья



Катышкан мамлекеттер этибарга албоонун, өзүүнүн же кыяналык кылуунун,кыйноонун же ар кандай башка катаал, ырайымсыз же кадыр-баркты кемсинткен мамиленин, жазанын же куралдуу чыр- чатактардын түрлөрүнүн курмандыгы болгон баланын дене боюу жана психологиялык жагынан калыбына келишине жана социалдык реинтеграцияланышына көмөк көрсөтүү үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүшөт. Мындай калыбына келтирүү жана реинтеграциялоо баланын ден соолугун, анын өзүн жана кадыр-баркын сыйлоону камсыз кылган шарттарда жүзөгө ашырылууга тийиш.



40-статья



1. Катышкан мамлекеттер жазык мыйзамдарын бузган катары эсептелген,аны бузгандыгы үчүн айыпталып же айыптуу деп таанылып жаткан ар бир баланын укугун таанышат, баланын кадыр-баркын жана маанилүүлүгүн өнүктүүрүгө көмөк көрсөткен, адам укуктарына жана башкалардын негизги эркиндиктерине карата урматтоону бекемдеген кайрылууларды таанышат жана u1084 мында баланын курагы менен анын реинтеграцияланышына жана анын коомдо пайдалуу ролду аткарышына көмөк көрсөтүүнүн талапка ылайык келиши эске алынат.



2. Бул максаттарда эл аралык документтердин тиешелүү жоболорун эске алуу менен катышкан мамлекеттер, атап айтканда:



а) бир дагы бала аракет же аракетсиздикти жасап жаткан мезгилде улуттук же эл аралык укукта тыюу салынбаган аракетти же аракетсиздикти жасагандыгынын себеби боюнча жазык мыйзамдарын бузган дел эсептелбешин, айыпталбашын жана айыптуу деп таанылбашын;



b) жазык мыйзамдарын бузган деп эсептелген же аны бузгандыгы үчүн айыпталып жаткан ар бир баланын эң жок дегенде төмөндөгүдөй гарантияларын;



1) мыйзамга ылайык анын күнөөсү далилденгенге чейин айыптуу эместигинин презүмпциясын;



2) ага каршы коюлган айыптоолор жөнүндө токтоосуз жана түздөн-түз маалымат берүүнү, зарыл болгондо анын ата-энеси же мыйзамдуу көзөмөлчүлөрү аркылуу өзүн коргоону жүзөгө ашыруу жана даярдоо учурунда укуктук жана башка зарыл жардам алууну;



3) мыйзамга ылайык адвокаттын же башка тиешелүү адамдын катышуусу менен акыйкат угуунун жүрүшүндө, эгерде бул баланын жогорку таламдарына карама-каршы келбейт деп эсептелсе, атап айтканда анын курагын же анын ата-энесинин же мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнүн абалын, курагын же анын ата-энесинин же мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнүн абалын эске алуу менен каралып жаткан маселе боюнча компетенттүү, көз карандысыз жана келишпес орган тарабынан кечиктирилгис чечим кабыл алууну;



4) күбө катары көрсөтмө берүүгө же күнөөсүн мойнуна алууга мажбурлоодон эркин болууну; айып коюучу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн өз алдынча, же болбосо башка адамдардын жардамы менен иликтөөну жана актоочу күбөлөрдүн бирдей катышуусун камсыз кылууну жана алардын көрсөтмөлөрүн иликтөөнү;



5) эгерде бала жазык мыйзамдарын бузду деп эсептелсе, ушуга байланыштуу кабыл алынган тиешелүү чечимди жана ар кандай чараны жогору турган компетентүү, көз карандысыз жана келишпес орган же сот органы тарабынан мыйзамга ылайык кароону;



6) эгерде бала u1082 колдонулган тилди түшүнбөсө же ошол тилде сүйлөбөсө тилмечтин акысыз жардамын;



7) териштирүүнүн бардык стадияларында анын жеке турмушун толук урматтоону камсыз кылышат.



З. Катышкан мамлекеттер жазык мыйзамдарын бузган деп эсептелген, аны бузгандыгы үчүн айыпталган же айыптуу деп таанылган балдарга түздөн-түз тиешеси бар мыйзамдарды, жол-жоболорду, органдарды жана мекемелерди, атап айтканда;



а) балдардын жазык мыйзамдарын бузууга жөндөмсүз деп эсептелген эң төмөнкү курагын белгилөөнү;



b) зарыл жана керек болгондо мындай балдар менен адам укуктарын толук сактоо жана укуктук гарантияларды сактоо шартында соттук териштирүүнү пайдаланбастан мамиле жасоо боюнча чараларды көрүүнү белгилөөгө көмөк көрсөтүүгө аракеттенет.



4. Баланын жыргалчылыгына, ошондой эле анын абалына жана кылмышынын мүнөзүнө ылайык келген мамилени камсыз кылуу максатында аны мекемелерде багууну алмаштырган багуу, камкордук кылуу жана көзөмөлдүк кылуу жөнүндө жобо, консультативдик кызмат көрсөтүүлөр, сыноо мөөнөтүн белгилөө, тарбиялоо, окутуунун жана кесиптик даярдоонун программасы жана багуунун башка түрлөрү сыяктуу ар кандай иш чаралардын болушу зарыл.



41-статья



Көпчүлүк даражада баланын укуктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөткөн жана төмөндөгүлөрдө камтылган:



а) катышкан мамлекеттин мыйзамында;



b) аталган мамлекетке карата колдонулуучу эл аралык укуктун нормаларында камтылышы мүмкүн болгон ар кандай жоболорго ушул Конвенциянын эч тиешеси болбойт.



42-статья



Катышкан мамлекеттер тиешелүү жана таасирдүү каражаттарды пайдалануу менен чоңдорго да, балдарга да Конвенциянын принциптери жана жоболору жөнүндө кеңири маалымдоого милдеттенишет.



4З-статья



1. Ушул Конвенцияга ылайык кабыл алынган милдеттенмелердин катышкан мамлекеттер тарабынан аткарылышына жетишүүнүн прогрессин камсыз кылуу максатында Баланын укуктары боюнча комитет түзүлүп, ал төмөндө каралган милдеттерди аткарат.



2. Комитет жогорку адеп-ахлактык сапаттарга ээ болгон жана ушул Конвенцияда камтылган жактарда компетенттүү деп таанылган он эксперттен турат.



Комитеттин мүчөлөрү катышкан мамлекеттер тарабынан алардын граждандарынын ичинен шайланат жана жеке сапаттары менен айырмаланышат, анын үстүнө географиялык жактан акыйкат бөлүштүрүүгө, ошондой эле башкы укуктук системаларга көңүл бурулат.



З. Комитеттин мүчөлөрү катышкан мамлекеттер көрсөткөн адамдардын тизмесине киргизилгендердин ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. Катышкан ар бир мамлекет өз граждандарынын ичинен бир адамды көрсөтө алат.



4. Комитетке алгачкы шайлоолор ушул Конвенция күчүнө кирген күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен, ал эми кийин эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Ар бир шайлоого эң жок дегенде төрт ай калганда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы катышкан мамлекеттерге өз кандидатураларын эки айдын ичинде көрсөтүүнү сунуш кылган кат менен кайрылат. Андан кийин Башкы катчы мына ушундай жол менен көрсөтүүлгөн бардык адамдардын тизмесин бул адамдарды көрсөткөн катышкан мамлекеттерди көрсөтүү менен алфавиттик тартипте тизме түзөт жана бул тизмени ушул Конвенциянын катышуучуларына берет.



5. Шайлоо Башкы катчы тарабынан чакырылган катышкан мамлекеттердин кеңешмелеринде Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук мекемелеринде өткөрүлөт. Катышкан мамлекеттердин үчтөн экиси кворум түзгөн мындай кеңешмелерде Комитеттин курамына добуштардын көпчөлүгүн жана катышкан мамлекеттердин өкүлдөрүнүн добуш берүүгө катышкандарынын көпчүлүк добушун алган кандидаттар шайланды деп эсептелет.



6. Комитеттин мүчөлөрү төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Алар өз кандидатуралары кайталап көрсөтүлгөндө кайра шайланууга укуктуу болушат. Алгачкы шайлоолордо шайлануучу беш мүчөнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эки жылдык мезгилдин акырында аяктайт; алгачкы шайлоодон кийин токтоосуз түрдө бул беш мученун ысымдары кеңешменин председатели тарабынан жребий боюнча аныкталат.



7. Комитеттин кандайдыр бир мүчөсү өлгөндө же отставкага кеткенде же ал кандайдыр бир себеп боюнча Комитеттин мүчөсүнүн милдетин андан ары аткара албаганда, Комитеттин ошол мүчөсүн көрсөткөн катышкан мамлекет Комитет жактырган шартта калган мөөнөткө өз граждандарынын ичинен башка экспертти дайындайт.



8. Комитет өзүнүн жол-жоболорунун жекече эрежелерин белгилейт.



9. Комитет өзүнүн кызмат адамдарын эки жылдык мөөнөткө шайлайт.



10. Комитеттин сессиялары, эреже катары, Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук мекемелеринде же Комитет тарабынан аныкталган башка ар кандай ылайыктуу жерде өткөрүлөт. Комитет, эреже катары, өз сессияларын жыл сайын өткөрөт. Комитеттин сессияларынын узактыгы Башкы Ассамблея жактырган шартта ушул Конвенцияга катышкан мамлекеттердин кеңешмесинде аныкталат жана зарыл учурда кайра каралат.



11. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Комитет өзүнүн функцияларын ушул Конвенцияга ылайык натыйжалуу жүзөгө ашырыш үчүн зарыл болгон кызматкерлерди жана материалдык каражаттарды берет.



12. Ушул Конвенцияга ылайык түзулген Комитеттин мүчөлөрү Бириккен Улуттар Уюмунун каражаттарынан Башкы Ассамблея тарабынан белгиленүүчү тартипте жана шарттарда алышат.



44-статья



1. Катышкан мамлекеттер Комитетке Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Катчысы аркылуу Конвенцияда таанылган укуктарды бекемдөө жана бул укуктарды жүзөгө ашырууда жетишилген прогресс жөнүндө докладдарды:



а) тиешелүү катышкан мамлекет үчүн Конвенция күчүнө киргенден кийин эки жылдын ичинде;



b) кийин ар бир беш жылда берип турууга милдеттенет.



2. Ушул статьяга ылайык берилүүчү докладдарда ушул Конвенция боюнча милдеттенмелерди аткаруунун даражадасына таасир тийгизген, келип чыккан факторлор жана кыйынчылыктар көрсөтүлөт. Докладда ошондой эле Конвенциянын аталган өлкөдө колдонулушунун Комитеттин толук түшүнүшүнүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү маалымат да камтылат.



З. Комитетке ар тараптуу алгачкы доклад берген катышкан мамлекетке ушул статьянын 1-пунктуна ылайык берилүүчү кийинки докладдарында кайталап берүүнүн зарылдыгы болбойт.



4. Комитет ушул Конвенцияны жүзөгө ашырууга байланыштуу кошумча маалыматты мамлекеттен сурап u1072 алышы мүмкүн.



5. Комитеттин иши жөнүндө докладдар эки жылда бир жолу Башкы Ассамблеяга Экономикалык Социалдык Кеңештин көмөкчүлүгү астында берилип турат.



6. Катышкан мамлекеттер өз докладдарынын өздөрүнүн өлкөлөрүндө кеңири маалымдуулукка ээ болушун камсыз кылышат.



45-статья



Конвенцияны натыйжалуу жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү жана ушул Конвенцияда камтылган эл аралык кызматташтыкты кубаттоо максатында:



а) Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемелери, Балдар фондусу жана Бириккен Улуттар Уюмунун башкы органдары алардын ыйгарым укуктарынын чөйрөсүнө кирген маселелерди кароодо ушул Конвенциянын ушундай жоболорун жүзөгө ашыруу жөнүндө маселелерди кароодо өкүл болууга укуктуу. Комитет Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемелерине, Балдар фондусуна жана башка компетенттүү органдарга өзүн максатка ылайыктуу деп эсептеген кезде алардын тиешелүү ыйгарым укуктарын чөйрөсүнө кирген жактарында Конвенцияны жүзөгө ашыруу боюнча эксперттердин корутундусун бериши мүмкүн. Комитет Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемелерине, Балдар фондусуна жана Бириккен Улуттар Уюмунун башка органдарына алардын иш чөйрөсүнө кирген жактарда Конвенциянын жүзөгө ашырылышы жөнүндө докладдарды берүүнү сунуш кылышы мүмкүн;



b) Комитет өзү максатка ылайыктуу деп тапкан кезде Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемелерине, Балдар фондусуна жана башка компетенттүү органдарга катышкан мамлекеттердин техникалык консультация же жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүчү камтылган же ушуга муктаж экендиги көрсөтүлгөн ар кандай докладдарды, ошондой эле ушундай өтүнүчтөр же көрсөтмөлөр жаатындагы Комитеттин пикирлерин жана сунуштарын жөнөтөт;



с) Комитет өзүнүн атынан баланын укуктарына тиешелүү айрым маселелер боюнча иликтөө жүргүзүүнү Башкы катчыга сунуш киргизүүнү Башкы Ассамблеядан өтүнүшү мүмкүн;



d) Комитет ушул Конвенциянын 44 жана 45-статьяларына ылайык алынган маалыматка негизделген жалпы мүнөздөгү сунуштарды жана сунуштамаларды киргизиши мүмкүн. Мындай жалпы мүнөздөгү сунуштар жана сунуштамалар ишке тиешеси бар ар кандай катышкан мамлекетке женөтүлөт жана катышка н мамлекеттердин пикирлери болсо, алар менен кошо Башкы Ассамблеяга билдирилет.



46-статья



Ушул Конвенцияга бардык мамлекеттер кол коё алат.



47-статья



Бул Конвенция ратификацияланууга тийиш. Ратификациялык грамоталар Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына сактоого берилет.



48-статья



Ушул Конвенцияга ар кандай мамлекет кошула алат. Кошулуу жөнүндө документтер Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына сактоого берилет.



49-статья



1. Ушул Конвенция жыйырманчы ратификациялык грамота же кошулуу жөнүндө документ Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына сактоого берилгенден отуз күндөн кийин күчүнө кирет. 2. Ушул Конвенцияны ратификациялаган же ага жыйырманчы ратификациялык грамотаны же кошулуу жөнүндө документти сактоого бергенден кийин кошулган ар бир мамлекет үчүн ушул Конвенцияга мындай мамлекет тарабынан анын ратификациялык грамотасы же кошулуу жөнүндө документ сактоого берилгенден отуз күндөн кийин күчүнө кирет.



50-статья



1. Ар кандай катышкан мамлекет түзөтүү сунуш кылышы жана аны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына бериши мүмкүн. Башкы катчы берилген түзөтүүнү алар ушул сунуштарды кароо жана алар боюнча добуш берүүнү өткөрүү максатында катышкан мамлекеттердин конференциясын чакырууга макул же макул эместигин көрсөтүшүн өтүнүү менен катышкан мамлекеттерге сунуш кылынган түзөтүүнү жиберет. Эгерде мындай билдирүү берилген күндөн тартып төрт айдын ичинде эң жок дегенде катышкан мамлекеттердин үчтөн бири макул болсо, Башкы катчы мындай конференцияны Бириккен Улуттар Уюмунун атынан чакырат. Катышкан мамлекеттердин конференцияга катышкан жана добуш берүүгө катышкан көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган түзөтүү Башкы Ассамблеяга бекитүүгө берилет.



2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык кабыл алынган түзөтүү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилгенден кийин жана ал катышкан мамлекеттердин үчтөн экисинин көпчүлүк u1076 добушу менен кабыл алынгандан кийин күчүнө кирет.



З. Түзөтүү күчүнө киргенден кийин ал аны кабыл алган катышкан мамлекеттер үчүн милдеттүү болуп калат, ал эми башка катышкан мамлекеттер үчүн ушул Конвенциянын жоболору жана алар тарабынан кабыл алынган мурдагы ар кандай түзөтүүлөр милдеттүү бойдон калат.



51-статья



1. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы мамлекеттер тарабынан ратификациялоо же кошулуу учурунда жасалган сунуштардын текстин алат жана бардык мамлекеттерге жиберет.



2. Ушул Конвенцияны максаттарына жана милдеттерине ылайык келбеген сунуштарга жол берилбейт.



З. Сунуштар Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына жиберилген тиешелүү билдирүү аркылуу ар кандай мезгилде алынып салынышы мүмкүн, ал бул тууралу бардык мамлекеттерге андан кийин билдирет. Мындай билдирүү Башкы катчы аны алган күндөн тартып күчүнө кирет.v



52-статья



Ар бир катышкан мамлекет ушул Конвенцияны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына кат жүзүндө билдирүү жасоо аркылуу денонсациялай алат. Денонсация Башкы катчы билдирүүнү алгандан бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.



53-статья



Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы ушул Конвенциянын депозитарийи болуп дайындалат.



54-статья



Ушул Конвенциянын англис, араб, испан, кытай, орус жана француз тилиндеги бирдей кучке ээ болгон түп нускалары Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына сактоого берилет. Ушуларды күбөлөндүрүп, өздөрүнүн тиешелүү өкмөттөрү тарабынан белгилүү даражада ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Конвенцияга кол коюшту. __




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!