СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суроолордун ромашкасы

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бенжемин Блум белгилүү америкалык психолог, критикалык ой-жүгүртүү моделин жаратуучу болгон. Блумдун таксономиясы мугалимдер үчүн сабактарды пландаштырууда кеңири колдонулууучу ыкмалардын бири болуп эсептелет. 

Просмотр содержимого документа
«Суроолордун ромашкасы»

«Блумдун таксономиясы» же «Суроолордун ромашкасы»

Дата рождения

21 февраля 1913[1]

Место рождения

  • Лансфорд[d], Карбон, Пенсильвания, США

Дата смерти

13 сентября 1999[1] (86 лет)

Место смерти

  • Чикаго, Иллинойс, США

Страна

  •  США

Место работы

  • American Educational Research Association[d]

  • Чикагский университет

Альма-матер

  • Университет штата Пенсильвания

  • Чикагский университет

Награды и премии

премия Торндайка[d]


Америкалык белгилүү психолог жана педагог Бенджамин Блумдун таанып-билүү деңгээлдери боюнча максаттарын аныктаган таксономиясына (билим, түшүнүү, колдонуу, анализ, синтез жана баалоо) негизделген суроолордун системасы учурдагы билим берүүдө өтө актуалдуу болуп эсептелет. Сынчыл ойломдун негиздерин үйрөнө баштаган 1997-жылы күзүндө «Блум» немец тилинен которгондо «гүл» деп которуларын эске алып, окумуштуунун теориялык түзүүлөрүн көрсөтмөлүү жана кызыктуу кылып берүүнү чечтик. Семинардын көпчүлүк катышуучулары – практик педагогдор теорияга анчейин жакшы маани беришпеген. Алынган «гүлдү» алар «Блумдун ромашкасы» деп аташты. Бирок көбүнчө тигил же бул суроо Б.Блумдун таксаномиясы боюнча кайсыл типке кире тургандыгын так аныктоо татаалдыкка турду. Ага кошумча көпчүлүк мугалимдер: «Мунун баары кооз, бирок биз үчүн практикалык материалды активдүү өздөштүрүү пайдалуураак» - дешти. Ошентип модификациялоо этабы башталды: Суроолордун баяндалышы такталып, сабактарда «ромашканы» колдонуу ыкмалары иштелип чыкты.

Натыйжада Россияда дагы «Блумдун ромашкасы» аталган суроолордун «ромашкасы» түзүлдү. Анын суроолорунун тизмеги америкалык кесиптештер Джеймс менен Кэрол Бирстин сөздөрүнөн алынган. Ошентип гүлдүн алты желеси суроолордун алты тибин аныктады.

Жөнөкөй суроолор – булар жооп берүү учурунда кандайдыр бир фактыларды атап, анык маалыматты эстөө жана кайра айтып берүүнү талап кылган суроолор. Аларды көбүнчө билимдерди текшерүүнүн традициялуу түрлөрү болгон зачеттордо, тестирлөөдө, терминологиялык диктант алууда ж.б. колдонушат.

Тактоочу суроолор көбүнчө «Демек, сен … деп айткың келеби?», «Менин түшүнүгүмө караганда …», «Мен жаңылган болушум мүмкүн, бирок менимче, Сиз … жөнүндө айттыңыз окшойт» деген сөздөр менен башталат. Бул суроолор адамга айткан сөзүнө карата тескери байланышты түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт. Кээде аларды маалыматта айтылбаган, бирок божомолдонгон маалыматты алуу үчүн беришет. Бул суроолорду терс мимикасыз берүү маанилүү. Тактоо үчүн суроолордун пародиясына (көтөрүлгөн каш, алайган көз, ж.б. менен): «Сен чындыгында эле ушундай деп ойлойсуңбу?» деген мисалды келтирүүгө болот.

Интерпретациялоочу (түшүндүрүүчү) суроолор адатта «Эмне үчүн?» деген суроодон башталат. Кээ бир учурларда (бул жөнүндө жогоруда айтылган) алар негативдүү түрдө – актанууну талап кылгандай кабыл алынышы мүмкүн. Башка учурларда алар себеп-натыйжалуу байланыштарды түзүүгө багытталат. «Эмне үчүн күздө дарактын жалбырактары саргаят?» Эгерде суроонун жообу белгилүү болсо, анда ал түшүндүрүүчү суроодон жөнөкөй суроого айланат. Демек, суроонун бул тиби жоопто өз алдынчалыктын элементи болгондо иштейт.

Чыгармачыл суроолор. Эгерде суроодо шарттуулуктун, божомолдоонун элементтери болсо биз аны чыгармачыл суроо дейбиз. Мисалы: «Адамдардын ар бир колунда бештен эмес, үчтөн манжалары болсо, дүйнөдө кандай өзгөрүштөр болот эле?», «Рекламадан кийин фильмдин сюжети кандай болот деп ойлойсуз?» ж.б.

Баалоочу суроолор. Бул суроолор тигил же бул окуяларды, кубулуштарды, фактыларды баалоонун критерийлерин аныктоого багытталган. Мисалы, «Эмне үчүн … жакшы, ал эми … жаман?», «Бир сабак экинчисинен эмнеси менен айырмаланат?» ж.б.

Практикалык суроолор. Эгерде суроо теория менен практиканын ортосундагы байланышты түзүүгө багытталса, биз аны практикалык деп айтабыз. Мисалы: «Күндөлүк турмушта Сиз кайсы жерде диффузия кубулушун байкай аласыз?», «Окуянын каарманы катары Сиз кандай аракет кылат элеңиз?» ж.б.

Бул стратегияны колдонуу тажрыйбасы көрсөткөндөй бардык курактагы (1-класстан тартып) окуучулар бардык типтеги суроолордун маанисин түшүнүшөт (б.а. өздөрү мисал келтире алышат).

Сынчыл ой жүгүртүү Бенжемин Блум модели менен таанымал болгон америкалык психолог билим, билүү, окутуу, жана талант өнүктүрүү үчүн бир нече олуттуу салым кошкон илимпоз инсан. Блумдун таксономиясы билим колдонулган  сферада таанып-билүү көндүмдөрү үчүн классификация системасы болуп саналат. Мугалимдер бул ыкманы  сабактарды пландаштырууда колдонушат. Ал 1913-жылы Пенсилвания штатынын  Лансфорд чөлкөмүндө туулган. Ал эрте жашынан окууга жана изилдөөгө киришкен. Ал 86 жашында 1999-жылы каза болгон.



Игорь Загашев.Умение задавать вопросы. «Перемена» журналы.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!