СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуу жай тууралуу эссе

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык институтуна быйыл 25 жыл болот. Ошол мааракени утурлап окуу жайдын бүтүрүүчүсү Ж. Бегматова өзүнүн ой-толгоолорун жиберген. 

Просмотр содержимого документа
«Окуу жай тууралуу эссе»

Уюткулуу окуу жайым - сыймыгым

Мен, Бекматова ЖыпараТулебаевна, Ош Мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилинин практикалык курсу кафедрасында улук окутуучу кызматында ийгиликтүү эмгектенип келе жатам. Азыркы мезгилде мен Кыргыз Билим берүү академиясындагы аспирантурада окуп, илимий изилдөө иштеримди жүргүзүп жаткан учурум.

Албетте, бул жетишкендиктердин баары, албетте мен алгач билим алган окуу жайым Ош технологиялык университетинин Өзгөндөгү филиалынан башталган. Кыргызстандагы көптөгөн университеттердин арасынан мен үчүн ошол кезде тандоо оор болгон. Мага окуп, билим алууга ыңгайлуу шарты бар, билим сапаты жагынан башкалардан кем калбаган, өзүнүн профессордук-окутуучулар курамы менен өзгөчөлөнгөн, студенттер үчүн тишелүү шарттарын эске алуу менен ушул окуу жайды тандаганмын. Менин тандоом абдан тура болгонуна жана жаңылышпай, тандоо кылганыма азыркы учурга чейин ынанып келем. Мен 2000 - жылы Ош технологиялык университетинин Өзгөндөгү филиалынын англис тили адистигине тапшырганмын. Ал жерде бизге өз кесибинин мыктылары болгон, окуу жайдын уюштурулушуна жана түптөлүшүнө өз салымдарын кошкон филология илимдеринин доктору, профессор К.Зулпукаров, филология илимдин кандитаттары А. Абдулатов менен Н. Атабекова, мыкты окутуучуларым Ж. Уразалиева, З. Мааткеримов, З. Кадырова жана Г. Абдрахмановалардан татыктуу билим алып өз кесибимдин мыкты адиси болдум.

Окуу процессинин учурунда биз үчүн керектүү болгон окуу-усулдук, илимий, көркөм адабияттар алынып, окуу кааналары жана мыкты окутуучулар менен камсыздалып турган. Ар бир сабагыбыз интерактивдүү методдор менен коштолуп, студенттер үчүн пайдалуу жана жагымдуу шарттар бар болчу. Студенттер арасында жүргүзүлгөн тарбиялык иштер, аймагыбыздагы көрүнүктүү инсандар менен жолугушуулар биздин келечекке болгон көз караштарыбызды өзгөрткөнгө түрткү болгонун баса белгилеп кетким келет. 2005- жылы окуу жайды ийгиликтүү, артыкчылык диплом менен аяктадым.

Азыркы учурда Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилинин практикалык курсу кафедрасында ийгиликтүү эмгектенип келүүдөмүн. Ошол студенттик мезгилде алган билимдеримдин негиздери азыркы учурда дагы өз жемишин берип келүүдө.

ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык институту өзүнүн 25 жылдык мааракесин өткөрүү алдында турат. Ушул 25 жылдын ичинде окуу жайдын миндеген бүтүрүүчүлөрү, азыркы кезде биз сыймыктана турган илимге эмгек сиңирген мыкты окумуштуулардан, билим берүүнүн мыктыларынан алган билимдеринин аркасында өлкөбүздүн экономика, маалыматтык байланыш, билим берүү, каржы, юридикалык, укук коргоо, женил өнөр жай ж.б. тармактарындагы мыкты адистер , инженерлер жана белгилүү мамлекеттик кызматкерлер, ири масштабдагы өндүрүштөрдүн жетекчилери болуп иштеп жатышат. Мындай кесип ээлерин даярдоодо окуу жайдын профессионалдык жактан тажрыйбалуу, атактуу илимпоз-ардагер окутуучуларыбыздын түздөн-түзтүз кошкон салымдары бар десем жаңылышпайм.

Өзүм окуп билим алган окуу жайыма мындан ары да онугууну, Кыргыз Республикасындагы башка окуу жайлар арасында эң күчтүү артыкчылыкка ээ болгон окуу жайга айланышына чын жүрөгүмдөн тилектешмин. Бизге билим берген окутуучулар курамга чың ден соолук жана иштеринде чыгармачылык бийиктиктерге жетүүсүнө жана студенттерге татыктуу кесиптик билим берүүдө талыкпаган эмгекти каалап кетем.

Сиздерди урматтоо менен, сиздердин бүтүрүүчүнүздөр Жыпара Тулебаевна Бегматова




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!