СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили 4-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили 4-класс»

Мугалимдин аты- жөнү: Бакаева Мээрим Садыбакасовна

Бишкек шаарындагы Ленин районунун № 57 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстар мугалими


Сабактын максаты:

Сабактын максаттары: «Синоним», «Антоним» түшүнүктөрүн билишет.

Синоним, антоним сөздөрдү туура колдонууну билишет, тексттен антонимдерди жана синонимдерди таба билишет.


Жаныбарларга аяр мамиле жасоону билишет.

Синоним жана антоним сөздөрдү оозеки жана жазма кебинде колдоно алышат. Таза, сулуу жазууга көндүмдөр калыптанат.


Күтүлүүчү натыйжа:

Окуучулар текстеги сөздөрдүн синонимин, антонимин таба алышат. Кебинде колдоно алышат.


Сабактын темасы: Синоним жана антонимдер

Сабактын формасы: формалары: жеке, жуп, топ, фронталдык.

Сабакта колдонулган методдор: Ашыкчасын тап оюну, сөздөрдү алмаштыр оюну


Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары,убактысы

Мугалимдин иш -аракети

Окуучунун иш -аракети

компетенттүүлүктөр

Каражаттар

Уюштуруу этабы.

Жагымдуу маанай

(2 мүнөт)

Жагымдуу маанай.

Окуучулар каалоо жазылган жылдызчаларды алмашышат. (Мугалим биркүн мурда жылызча жасап, ага классташына каалоо жазып келүүсүн суранат).

Көптөгөн кылымдар мурун эле, азыр да адамдар жылдыздын учканын көрүп, тилек кылсаңар сөзсүз аткарылат деп ишенишет. Υйүңөрдөн жасаган, каалоо- тилектер жазылган жылдыздарды алмашууңуздарды суранам.

- Мен да жылдыз даярдадым. Силерге ийгиликтүү, кызыктуу жана мазмундуу сабак каалайм.


Үйдөн жасап келген жылдыздарындагы каалоорун окушат.

ПК4. 1

электрондук.панель , слайд, жылдыздар.

Жаӊы темага киришүү

Теманы божомолдоо.

(2- 3 мүнөт)

Жупта иштөө

Эми кыргыз тили сабагын кандай өздөштүргөнүӊөрдү текшеребиз. Келгиле, жупташып иштейли. Мен силерге суроолорду берем, аларды бири-бириңерге беришиңер керек. Эгерде классташтарыӊар туура жооп берсе, жылдыз көтөрүшүңөр керек.

Мисал: 1. Сүйлөмдүн аягына кандай тыныш белгилери коюлат?

2 . Коён сөзүндө канча тыбыш, канча тамга бар?

Эн сонун! Классыбызда көптөгөн жылдыздар жанды.

3. Таза жазуу минутасы

Дептерибизге төмөнкү макалды жазалы.

Көп окуган көптү билет.

Бул макалды кандай түшүнөсүӊөр? (балдардын жооптору)

Эми оюн ойнойлу. Мен силерге сөз деп атайм, силер мага ал сөздүн карама- каршы маанисин айтасыӊар.

Арык – семиз

Коркок - эр жүрөк .

Эми мен тапшырманы татаалдаштырам, сөздүн жакын маанисин тандоо керек:

Адам – киши

Врач – дарыгер

Азаматсыӊар!

Ооба, биринчи аткарган сөздөр карама- каршы маанидеги сөздөр. Бул сөздөр антонимдер деп аталат.

Экинчи аткарган сөздөрдүн айтылышы башка болгону менен маанилери окшош. Булар синонимдер деп аталат.



Суроолорго жооп беришет. Жуптарда иштешет.

ПК4.1

Презентация, электрондук панель

Жаны теманы түшүндүрүү, маалымат берүү.

15 мүнөт

Жупта иштөө, топтордо иштөө



Китеп менен иштөө

(кайталанган тамгаларды карандаш менен чийип салуу) Дйсдиднддойнддидмдйд

прпарпнптпропрнпрорпирпм

Кандай сөз чыкты?

Азаматсыӊар, Синоним, антоним

Синонимдер деген эмне? Антонимдер деген эмне?

Синонимдер эмне үчүн биздин кебибизге керек?

(Бизге синонимдер керек, анткени алар биздин кепти ачык, образдуу экспрессивдүү кылып, кайталануудан качууга жардам берет)

Эми көнүгүү аткаралы. (Жупта иштөө). Төмөндөгү сөздөргө маанилеш сөздөрдү тапкыла

Акылдуу - ….., толук -…….., добуш -…….., татынакай -…….., булганыч - ………

Көнүгүү иштөө (Жупта иштөө).

Төмөндөгү сөздөргө карама- каршы сөздөрдү тапкыла

Күлкү - ……, өмүр - ……., тынчтык - ………Азаматсынар!



ПК4.3

Презентация, электрондук панель

Сабакты бышыктоо практикалык иш.

18 мүнөт

Топтордо иштөө


Сүйлөмдөгү сөздөрдү башка синонимдер менен алмаштыргыла.

1 - топ.

(Асты сызылган сөздөрдү синоним сөздөргө алмаштыргыла)

Картаӊ коёндор чуркады.

(Асты сызылган сөздөрдү антонимдерге сөздөргө алмаштыргыла)

Коён өйдө чуркады.

2 - топ

(Асты сызылган сөздөрдү синоним сөздөргө алмаштыргыла)

Улгайган коёндор күлүп жиберишти.

(Асты сызылган сөздөрдү антонимдерге сөздөргө алмаштыргыла)

Асан үйдү жыйнады.

3 - топ

(Асты сызылган сөздөрдү синоним сөздөргө алмаштыргыла)

Кышында коёндор кыштакка жакындашат.

(Асты сызылган сөздөрдү антонимдерге сөздөргө алмаштыргыла)

Анара сабактан жакшы баа алып кубанды.


Топтордо талкуулап иштешет. Сөздөрдү антоним жана синоним сөздөр менен алмаштырып жазышат.

ПК 4.2


НК 2

Ватман, маркер, А4 барактары керектелет.

Физминутка

Чап-чап оюну

Эгерде мугалим синоним сөздөрдү айтса – кол чабышат.

антоним болсо – ордуларынан басышат.





Бышыктоо

Фронталдык иш

Оюн "Ашыкча сөздү тап"

Даамдуу, ширин, күчтүү, таттуу ( күчтүү)

Кайгылуу, капалуу, күлкүлүү, бактысыз. (күлкүлүү)

Бейбаш, жоош, тентек, ээнбаш. (жоош)

Базар , улгайган, карыган, картаӊ. (базар)

Сулуу, сүйкүмдүү, ажарлуу, узун, татынакай. (узун)


Ашыкча сөздөрдү табышат. Эмне үчүн ошол сөз ашыкча экендигин түшүндүрүп беришет.


Таркатма материалдар

Билимдерди баалоо. Рефлекция.

2 мүнөт.

Жекече баалоо, топторду баалоо, калыптандыруучу баалоо, суммативдик баалоо.

Окуучулар өздөрүн баалашат.

НК3


Үй тапшырмасы

1 мүнөт.

Мугалим сөздөр жазылган таркатмаларды таратат. Окуучулар ал сөздөрдүн антоним жана синонимдерин таап келишет.

Өз алдынча иштешет.



Жыйынтыктоо этабы

1-2 мүнөт.

Сабакта эмнени үйрөндүк?

Силер синонимдерди, антонимдерди колдонууну үйрөндүӊөр.

Сүйүктүү кыргыз тилибиздин канчалык бай жана ар түрдүү экендигине дагы бир жолу күбө болдуӊар.

Саламатта калгыла!

Жооп беришет. Жыйынтыкташат.







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!