СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз лексикасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

                  Табу

   Табу деген термин полизениялыктардын сөзүнөн алынып, тил илимине тараган. Ал "өзгөчө белгилөө,тергөө, өз атын айтпай жашыруу, өз атын айтууга тыюу салынган" деген түшүнүк берет. Табу же тергеме деп аталган сөздөрдүн тобу-тилдин байыркы өнүгүшүнөн калган көрүнүш. Анын манызы элдик турмуштун экономикалык жана маданий абалы, социалдык түзүлүшү төмөн кезде, табийгат кубулуштарын чектелген түрдө, иллюзиялуу түрдө кабыл алып жүргөн кезине барып такалат. Адам баласы алгачкы мезгилде,өнүгүүнүн эн төмөнкү төмөнкү баскычында турган кезде,алар айлана-чөйрөгө, а түгүл сөздүн өзүнө да бир сыйкырдуу көрүнүш катары мамиле кылышкан.

       Табу же тергеме сөздөрүнүн пайда болушунун социалдык, гнесеологиялык жана психологиялык тамырлары  так ошол мезгилге барып чиеленишет. Адамдар көп нерселерди "ыйык"  деп эсептешкен. Алар магия мен сөз ортосундагы тикеден-тике байланыш, катыш бар деп түшүнүшкөн. Көп учурларда алар сөздөрдү нерселердин ажырагыс бөлүгү, ал турсун манызы деп да билишкен. Мына ушундай шартта "ыйык" нерселерди өз атынан атоого тыюу салынган жана аларды экинчи бир сөз менен жымсалдап, тергеп айтуу жагы күчөгөн.

      Кыргыз элинде чечек деген оору тергелип, "коросон ата, улуу тумоо, чон жарыктык, баягы жарыктык, жапайы мончок, баягы" деп айтылган. Ал турсун "оөуям келиптир, конок келиптир" деп да коюшкан.

      Кыргыз тилинде табу же тергеме сөздөр мергенчиликке, ооруга, адам аттарына, өлүм коркунучуна байланыштуу атоолордон турган. Табу же тергеме сөздөр атоолордо гана учурабастан, кыймыл-аракетти туюндурууда да орун алган.

                          Ахматов Т, Мукамбаев Ж

                 Азыркы кыргыз тили. Фонетика,лексика.

                      "Мектеп" 1978

Просмотр содержимого документа
"Кыргыз лексикасы"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!