СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз лексикасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

                         Эвфемизм

   Тилде табунун тескерисинче эвфемизм же сылык сүйлөө, сылык сөз айтуу көрүнүшү да учурайт. Эвфемизм деген термин грек тилиндеги  эи "жакшы, сылык, жагымдуу" жана femia "кабар, айтым, угулуш, речь, деген сөздөрдөн келип чыккан. Ал кыргызча "сыпаа, сылык, айтуу" дегенди түшүндүрөт.

     Эвфемизм сөздөр адамдардын жүрүм- турумундагы коомдук этикалык нормалардан, сылык сүйлөө далалатынан келип чыкканын  көрөбүз. Ал, табуга караганда, кийин пайда болуп, кенири орун алган көрүнүшкө кирет. Эвфемизмге мисал иретинде "зайып, колукту, байбиче, келинчек, түгөй, жар, жолдош" деген өндүү сөздөрдүн "аял" деген түшүнүктө айтыларын келтирсек болот.

       Кыргыз тилинде эвфемизмдер колдонулуш кырдаалына карай эки түргө бөлүнөт.

    1) контекстисиз,жеке колдонгондогу эвфемизмдер.

    2) контексттик эвфемизмдер.

     Дайыма эвфемизм иретинде жайылып кеткен сылык сөздөр контекстисиз, жеке колдонгондогу эвфемизмдер деп аталат; боюнда бар, кош бойлуу, кош кабат, жүгү бар, жүктүү, эки кат, оордоп калды-"бооз", туяксыз, согончогу канабаган,бала үнүн укпаган, багары(көрөрү) жок- "баласыз", үйлөнүү, турмуш курду(чыкты), ой табышты, баш кошту, тагдыры бирикти-"аял алды, күйөөгө чыкты" ж.б. 

     Ал эми өз алдынча турганда эвфемизм катары жайылбай, контекс ичинде гана сылык сөз иретинде кабыл алынган сөздөр контексттик эвфемизмдер деп аталат. М; С. Токтогулдун:

             "Уга берсе бир сонун,

               Улана берет мин сонун.

                 Убалы бар көздүн да,

                  Уйку деген бир сонун",- деген бир куплет ырын алсак, мында Токтогул эл алдында "эми болду ырдабайм, чарчадым, уктоо керек" деп тике айтуунун ордуна, ыр угуп жаткан элдин шагы сынбасын деп, өз оюн кыйытып, жумшартып, "убалы бар көздүн да" деп айтып жатат.

      Кыргыз тилинде нукура эвфемизмлер да, контексттик эвфемизмдер да бар. Эвфемизмдер элдин үрп-адаты, салт-санаасы, тиричилиги менен байланышып, тематика жактан кенири жолугат:

    А) адамдын мүнөзүнө, көрүнүшүнө, сыпатына, касиетине байланыштуу колдонулган эвфемизмдер: жакшы корүп калды, жылдызы түштү, көнүлү ооду, көзү түштү- "сүйүп калды", сыркоолоду, табы түштү, табы жок- "ооруду". Мындай эвфемизмдерди башка сөздөрдүн тобунан да кезиктиребиз: бээ кулундады, чыгаша жок, бойго жетти, эрезеге толду ж.б.

                       Ахматов Т, Мукамбаев Ж

            Азыркы кыргыз тили. Фонетика, лексика

               "Мектеп" 1978

     

Просмотр содержимого документа
"Кыргыз лексикасы"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!