Диалектилик лексика
Жергиликтүү бир аймакта гана колдонулуп, же адабий
сөздөрдүн мааниси , тыбыштык түзүлүшү боюнча айырмаланган сөздөр диалектилик лексика деп аталат.
Диалекти сөздөр тилдин жергиликтүү өзгөчөлүгү катары
Оозеки тилде гана эмес, көркөм чыгармаларда да кезигет. Мүнөзү боюнча диалектизм сөздөр фонетикалык, морфологиялык (грамматикалык), лексикалык, семантикалык, фразиологиялык деп бир нрче түргө бөлүнөт.Кыргыз тилинде диалектилер түндүк жана түштүк диалекти деген эки чоң топко бөлүнөт.Ошондой эле территориялык жактан анча чоң эмес аймактагы тилдик өзгөчөлүктөр говорлор деп аталат.Диалекти сөздөр(говорлор) адабий тилде стилдик
максатта эмоциялык боекчону, синонимдик түшүнүктү берүү үчүн адабий чыгармалардагы кейипкерлердин речинде, автордук речте да колдонулат. Диалептилик сөздөрдүн негизги белгиси - территориялык мүнөзгө ээ
болгондугу. Фонетикалык, лексикалык, грамматикалык, семантикалык, фразеологиялык жактан ж.б. белгилери боюнча айырмага ээ экендигинде.
Фонетикалык диалектизм- говорлор менен диалектилериндин тыбыштык өзгөчөлүгүнө же тарыхый фонетикалык көрүнүштөргө карата айтылган сөздөрдүн
тобу.М:бадириң - бадырың , пыштак-быштак, эде-эле, шонтип- ошонтип ж. б.
Фонетикалык диалектизмдер бир нрче түргө бөлүнөт:
Составында з, с тыбыштарынын өзгөчө айтылышына карай: азел,асал- бал, азый- асыйж.б.
Составында л, н, - тыбыштарынын бири-бирине карай
өтүп айтылышына карай: жалчыман- жалчыма, жедирмелеп-жөдирмек ж. б.
П,б, м тыбыштарынын бири-бирине өтүп айтылышы: памил-бамил, пыч-быч ж. б.
Д, т тыбыштарынын алмаштырылып айтылышы: дорбо - торбо, деңиз- теңиз ж.б.