СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз этноними - кыргыз эли

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз этноними - кыргыз эли»

2.1.4.2. Кыргыз этноними – кыргыз эли



Кыргыз энчилүү аты тарыхый тексттерде эң көп тил жана тек биримдиги, маданий жана социалдык өзгөчөлүктөрдүн жакындыгы, каада-салттын окшоштугу ж.б.у.с. орток жалпылыктар менен бир топту түзүп турган элди билдирген мааниде, тагыраак айтканда, этноним катары колдонулган.

Түрк тилдериндеги тексттерде кыргыз оними этноним катары эң алгач Орхон жазма эстеликтеринде учурайт:

1. Каны, сүси терилмиш. Сүңүшдүмүз, санчдымыз. Канын өлүртүмүз. Каганка кыркыз бодуны ичикди (Каны, аскерлери чогулуптур. Согуштук, жанчтык (талкаладык). Канын өлтүрдүк. Каганга кыргыз эли баш ийди) (Тунйукук ж.э., 28-сап).

2. Барс бег эрти. Каган ат бунта биз биртимиз. Сиңлим кунчуйуг биртимиз. Өзи йаңылты. Каганы өлти, бодуны күң-кул болты. Көгмен йир-суб идисиз калмазун тийин аз-кыркыз бодунуг итип, йаратып келтимиз (Барсбек эле. Каган атагын (каган деген наамды) мында биз бергенбиз. Карындашымды жар кылып бергенбиз. Өзү жаңылды. Каганы өлдү, эли күң-кул болду. Көгмөн жер-суусу ээсиз калбасын деп, аз-кыргыз элдерин курап, жасап, (кайра) келдик) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 20-сап).

3. Өзи анча кергек болмыш. Йогчы, сыгытчы өңре күн тогсыкдакы Бөкли чөллүг ил, табгач, түпүт, апар, пурум, кыркыз, үч курыкан, отуз татар, кытанй, татабы бунча бодун келипен, сыгтамыш, йогламыш. Антаг күлүг каган эрмиш (Өзү ошентип каза болуптур. Жоктоочулар, (ыйлап) сыктоочулар, чыгыштан, күн чыгыштан Бөкли чөлдүк эл (корейлер), кытайлар, тибеттиктер, апарлар (аварлар), пурум (византиялыктар), кыргыздар, үч курыкандар, отуз татарлар, кара кытайлар, татабылар мынча эл келип, ыйлап-сыкташыптыр, жоктошуптур. Ушундай атактуу каган экен) (Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 5-сап).

Жогорудагы тексттерде кыргыз оними – белгилүү бир адамдар тобун, элди, тагыраак айтканда, Түштүк Сибирде жашаган, башында Барсбек Каган турган байыркы кыргыздарды билдирген этноним. Аталган тексттерде кыргыз энчилүү атынын этноним экендигин кыркыз бодун изафеттик сөз айкашындагы багындыруучу түгөй болгон бодун сөзү лингвисткалык-текстологиялык өңүттөн тастыктап турат. Анткени байыркы түрк-кыргыз тилиндеги бодун сөзү уруу маанисине келген бод уңгусунан жана +ун көптүк мүчөсүнөн куралып, уруулар топтому, эл, улут деген маани берген сөз (Наделяев ж.б., 1968: 108; Кононов, 1980: 146; Усеев, 2022а: 596). Демек Орхон жазма эстеликтеринде кыргыз энчилүү атынын санжыралык ишеним боюнча бир атадан тараган, ар кайсы уруулардан куралып келип бир бүтүн топту түзгөн адамдар тобун, калкты чагылдырган этнонимдик мааниси алдыңкы планда.

Кыргыз сөзү тарыхый түрк тилдериндеги тексттерде этноним катары колдонулганын көрсөткөн экинчи сөз – бул чагатай түрк тилинде жазылган Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” жана “Шежере-и теракиме” аттуу чыгармаларындагы эл сөзү:

Кыргыз эли төресине ынал дерлер, могол ве тажик падишах теген дек. Ол вактда төрелери Урус Ынал теген эрди. Чингиз Хан Бөре тегенни элчи кылып маңа бакынсун теп кыргыз элине йиберди (Кыргыз эли төрөсүн ынал деп аташат, монгол жана тажиктер падишах деген сыяктуу. Ошол убакта төрөлөрү Урус Ынал деген киши эле. Чыңгыз хан Бөре дегенди элчи кылып, “Мага карашсын” деп кыргыз элине жиберди).

Бул тексттеги кыргыз сөзү этноним катары колдонулуп, Огуз хандын Кыргыз деген небересинен тараган элди чагылдырат. Анткени кыргыз сөзү багыныңкы түгөй катары орун алган кыргыз эли изафеттик сөз айкашындагы эл сөзү чагатай түрк тилинде жана азыркы кыргыз тилинде улут, белгилүү бир тилде сүйлөгөн калк деген маани берет (:71; Абдувалиев ж.б., 2010: 1420). Демек чагатай түрк тилиндеги жана азыркы тилибизде сакталып калган эл сөзү кыргыз энчилүү атынын этноним катары колдонулганын тастыктап турат.

Ушул жерде белгилей кетчү нерсе – бул азыркы тапта калкты билдирген эл сөзүнүн байыркы түрк-кыргыз жазма эстеликтеринде мамлекет маанисине келиши. Белгилүү болгондой, Кыргыз кагандыгы жазма эстеликтеринде эл сөзү мамлекет деген гана мааниде колдонулган: Эр эрдемим элимке тапдым. Теңри элимке, эдгү кадашым адырылдым (Менин эрдигим – мамлекетиме кызмат кылдым. Ыйык мамлекетимден, жакшы туугандарымдан айрылдым) (Е 13, 3) (Усеев, 2022а: 641). Ошондуктан окумуштуулар эл сөзүнүн калк-мамлекет-аймак-тынчтык маанилеринин ортосундагы семантикалык байланышка, кайсы маани төл маани экендигине көңүл бурушуп, мунун коомдук-социалдык себебин түшүндүргөнгө аракет кылышкан. Мисалы, Г. Дёрфер эл сөзүнүн алгачкы мааниси тынчтык, ынтымак болгонун, бул мааниден (тынчтык ичинде жашаган) уруулар биримдиги, калк мааниси келип чыкканын, өз кезегинде бул мааниден аймак, өлкө мааниси пайда болгонун белгилесе, Е. В. Севортян эл сөзүнүн семантикалык эволюциясы уруу, уруулар биримдиги˃калк˃мамлекет˃аймак, облус, өлкө түрүндө жүргөнүн жазат (Севортян, 1974: 341-342). Кандай болгон күндө да, эл сөзүнүн байыркы тексттерден баштап калк, мамлекет, өлкө, аймак маанилерин камтып турушу байыркы түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда мамлекет менен калктын бир бүтүндүн бөлүктөрү экендигин чагылдырып, мамлекеттин өзөгүндө эл, калк турганын тастыктайт. Ошону менен бирге төмөндө тиешелүү бөлүмдө сөз боло тургандай, кыргыз сөзүнүн өлкө, аймак маанисинин келип чыгышына өбөлгө түзүп берген.

Тарыхый түрк тилдериндеги тексттерде калк маанисиндеги бодун жана эл сөздөрүнөн сырткары арапча кавим жана таифе сөздөрү да учурап, кыргыздар үчүн колдонулган:

Осмон түрк тилиндеги текст:

Ве Кашгардан бери бир таифе вар, атына кыргыз дирлер. Анлар дахы конар-гөчер таифедир, могол жинсидир. Чоклук кавимдир (Кашгардын бери жагында бир тайпа (эл) бар, аты кыргыз дешет. Алар дагы көчмөн эл, моголдордун түрүнөн. Көп сандуу эл) (Acar, 2014: 43).

Күбө болгонубуздай, Сейфи Челебинин осмон түрк тилинде жазылган “Таварих” аттуу эмгегинде орун алган бул текстте кыргыздардын бир калк, эл экендигин билдириш үчүн кавим жана таифе сөздөрү колдонулган. Бир жерде жашаган калк, адамдар тобу деген мааниге келген арапча кавм сөзүнөн келип чыккан кавим сөзү осмон түрк тилинде да ушул мааниге келет. Арапча адамдар тобу, бөлүк, тайпа деген маани берген таифе сөзү да осмон түрк тилинде аталган маанилерди берет (Özön, 1971: 308, 798). Демек жогорудагы текстте кыргыз энчилүү аты бир жерде жашаган калкты, адамдар тобун, тагыраак айтканда, элди, калкты билдирген этноним катары орун алган. Кавим жана таифе сөздөрү азыркы кыргыз тилинде коом жана тайпа түрүндө учурап, турмуштун конкреттик-тарыхый шарттарында биригип жашаган адамдар тобу; урук, уруу деген маанилерди билдирет (Абдувалиев ж.б., 2010: 742; 1130). Демек осмон түрк тилиндеги кавим жана таифе сөздөрү да кыргыз энчилүү аты тарыхый тексттерде этноним катары орун алганын көргөзүп турат.



п.с. Сүрөттө Баткендеги аска сүрөттөрүндөгү XVIII кылымдагы кыргыздар. Күрөшүп жаткан балбандар, куш салган мүнөшкөрлөр, мылтык аткан мергенчилер, кучакташкан эки дос.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!