СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Кыргыз" этноними

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

«Кыргыз» - деген бирдей этникалык наам менен тарыхый булактарда эки этникалык коомчулуктун: бири байыркы кезде Түштүк Сибирде, Енисей боюнда, экинчиси кийинчээрек Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндө, Тань –Шань Жана Памир-Алай тоолорунда орун алганы. Эң негизгиси «кыргыз» деген кимдер, ошондой эле алардын түпкү теги кайдан чыккандыгы жөнүндөгү проблема болуп эсептелинет. Кыргыз элинин түзүлүшүнө алып келген этникалык процесстерди туура түшүнүүдө «кыргыз» этнониминин маселесин тигиндей же мындай трактовкалоо белгилүү чон мааниге ээ.

Просмотр содержимого документа
«"Кыргыз" этноними»

«Кыргыз» этнониминин проблемалары

§1 «Кыргыз» этнониминин пайда болушу

«Кыргыз» - деген бирдей этникалык наам менен тарыхый булактарда эки этникалык коомчулуктун: бири байыркы кезде Түштүк Сибирде, Енисей боюнда, экинчиси кийинчээрек Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндө, Тань –Шань Жана Памир-Алай тоолорунда орун алганы. Эң негизгиси «кыргыз» деген кимдер, ошондой эле алардын түпкү теги кайдан чыккандыгы жөнүндөгү проблема болуп эсептелинет. Кыргыз элинин түзүлүшүнө алып келген этникалык процесстерди туура түшүнүүдө «кыргыз» этнониминин маселесин тигиндей же мындай трактовкалоо белгилүү чон мааниге ээ.

Орто кылымдагы Түштүк Сибирь менен Борбордук Азиянын археологиясы жана анын тарыхы боюнча жазылган илимий жана популярдуу эмгектерди окуп олтуруп, Миң-Суу ойдуңундагы талаа райондорунда жашаган элдин атынын кытай тарыхый булактарында ар түрдүү аталышына эрксизден көнүл бурбай койбойсун. Ал эл Түштүк Сибирдеги орто кылымдардагы жазма булактарда кезиккендей «кыргыздар» деп аталат. Бирок, айрым бир Л.Кызласов сыяктуу авторлор жалпы кабыл алынган бул пикирге каршы чыгып, анын ордуна кайдагы бир «байыркы хакастар» же «орто кылымдагы хакастар» дегенди алуу керек, деп таңуулашат, анткени, алардын ою боюнча, кыргыздар байыркы хакастардын бар болгону бир гана салаасын, атап айтканда «династиялык ак сөөк тукумун» түзгөн имиш.

Акырында аталган ушул эки терминди түгөйлөштүрүп, бир урууга бириктирип, «кыргыздар хакастар», «кыргызхагяс» жана башка ушул сыяктантуу көрсөтүлгөн эмгектер да бар.

Мындай ар түрдүү аныктамалардын мааниси эмнеде жана алар кайдан жүрүп пайда болгон?

Кайсы гана терминди же энтонимди албайлы, анын чын-төгүнү барып келип эле этникалык ошол ысымды алып жүргөн элдин тилинде катталып, сакталып калган белгисине ээ, а болбосо ал кайсы тилде айтылып, жазылып жүрсө, алардын үндөштүгүнө жана окшоштугуна карап тастыктала турганы белгилүү. «Кыргыз», «кыргыздар», кыргыздыкы жана башка ушул сыяктуу сөздөр орто кылымдагы түрк тилине жакын этносторго түрк, уйгур жана эн негизинен кыргыздардын өзүнө таандык руна сымал эпитафиялык тексттеринде кездешет: гректерде херкис, араб жана перстерде кыргыз, хыргыз болуп, кытай тексттеринде бул этнонимдин жазылышы аябай айырмаланып турат. Бардыгы болуп кытай иероглифтеринде «кыргыз» деген этнонимдин 13 варианты кездешет: хягас, хагас, сяцзясы, хэгасы, цзецзясы, хэхэ, хакя, сягэ, ганьгунь, цзяньгунь цилицзисы, хэлицзисы, циэргайсы, гэгунь, киерицзису.1

Мына ушул варианттардын 1-7 варианттарын Л.Кызласов «хакас» деп билдирет. «Хакас» термини 1922-жылы пайда болгон. Енисей уездинин исполкому жаңы бир районду атаган.

1. Ага каршы Яхонтов өзүнүн «Древнее упоминание названия киргиз» - деген эмгегинде (сов.этног. №2 1970) кескин түрдө 13 варианттын баарын «кыргыз» деп айтып кеткен.2

2. Супрененко өзүнүн эмгегинде: Кытай тарыхый булактарындагы гянгундардын сяцзясы бир убактагы тукуму деп берилет.

3. Орто кылымдын акырындагы орус документеринде бул этноним "киргиз, буруты, дикокаменные киргизи" деп жазылган.

4. Кыргыз улутунун наамы ата-мекенибизге мындан эки миң жыл мурда өкүм сургөн Чыгыш-Хань империясынын доорунда Сыма-Цянь деген адам тарабынан жазылган "Тарых нааме" деген китепте тунгуч ирет тилге алынган. Анткени, кыргыздар так ушул доордо эле ханзуларга малым болгон. Сыма-Цянь өзүнүн бул китебинде "уннулар шенжиреси" деген тармагында кыргыздарды "гекун" деп жазган.

5. Ошол Чыгыш-Хан империясында жашаган Бангу деген адам тарабынан жазылган "Хан жылнамасы" деген китепте да жогорку сөздү кайталагандан башка кыргыздар жөнүндө эч кандай жаңы маалымат калтырбаган. Бирок так ошол китептеги "уннулар шежиреси" деген бөлүмүндө кыргыздар "жянкун" деген наам менен тилге алынып, алар жашаган жер жөнүндө жазылган.3

Жыйнап айтканда, бул китепте да байыркы кыргыздардын жашаган орундары жана башка абалдары жөнүндө так маалымат жок. Бирок кийинки окумуштуулар жогорку кыскача маалыматтарга негизденип, алар эн алгачкы доорлордо азыркы Сибирь сайдагы Эне-Сай дарыясынын башка агымындагы райондордо жашаган деген түшүнүккө келишет. Кийинчерээк кыргыздардын наамы байыркы ханзуча жазма маалыматтарда жана «Житегу», «чийигу» «хегес», «шагас», «жылыс», «булути», деп жазылып келген. Окумуштуулар «булути» деген сөз ойрот, монголдардын кыргыздарга берген «буйрут» деген деп жазылып келген. Окумуштуулар «булити» деген сөздөн келип чыккан жана анын «кыр адамдары» деген мааниде экендигин жоромолдошот.4 Башкача аталмалар болсо «кыргыз» деген сөздүн ал бир доордогу ханзу тили менен жазылышы деп көрсөтөт.

«Кыргыз» деген сөздүн келип чыгышы жана анын маанисине келсек, Жунгонун Мин империясы доорунда жашаган Сунн Йан деген адам тарабынан жазылган «Юан тарыхы» деген китепте ошол доордогу кыргыздардын ичинде таралган уламыштарга негизденип отуруп, «кыргыз» деген сөз «кырк-уз», же болбосо «кырк өгүз» деген сөздөн келип чыккан деген жормол алгач сүрүлгөн. Мындайча айтканда, бул китепте бир замандарда ханзу райондорунан түндүк тараптарга барып калган кырк ханзу кызы ушул жерлерде жашаган ууз (өгүз) деген уруулар менен никеленгендиги, кийинчерээк булардан тараган урпактар «кырк-ууз» аталгандыгы «кыргыз» деген сөз так ушул «кырк-ууз», кырк-өгүз деген сөздөн өзгөрүлүп келгендиги жазылган.

Ал эми орус окмуштуусу Радлов «кыргыз» деген наам жөнүндө төмөндөгүдөй ойду айткан: «кыргыз» деген сөз кыргыз элинин кырк жана жүз тарап деген унгу сөзүнөн келип чыккан. Мунун мааниси тарап-тарапта жашаган кырк уруу деген болот. «Дагы бир орус окумуштуусу Березин «кыргыз» деген сөз кырк деген унгу сөз жана анын ыз деген көптүк кошулмасынан келип чыккан» - деп жазган, мунун мааниси кырк уруулар деген болсо керек деп жоромолдойт.

Ал эми татар окумуштуусу Тенешишев болсо «кыргыз» деген сөз «кырк» жана «кыз» деген унгу сөздөрдүн кошулмасынан келип чыккан деп жазган. Тил изилдөөчү Дунвийни өзүнүн «кыргыз» деген аталманын мааниси» деген макаласында жогорку «кырк-жүз», «кырк-из», «кырк-кыз»деген аныктамаларга макул болбой, анын тескерисинче, «кыргыз» деген сөз кыргыз тилиндеги «кырк-аз» деген сөздөн келип чыккан. «Аз» деген сөз болсо байыркы кыргызча «баатыр», «ак көнүл», «сулуу» деген сөз болот. Ал эми «кырк-аз» деген сөз болсо кайраткер ак көнүл, жакшы, кылыктуу, акылы кылды как жарган деген мааниде. Кийинчерээк түрк тилдеринин ассамблеясы боюнча «аз» деген сөз «из» деген сөзгө, «кырк-аз» деген сөз «кырк-изге» «өзгөрүп калган» - деп жазат.

Жогорудагы айтылган ой–жоруулар менен бирге уламыштарда төмөнкүчө берилет: «Кырк-өгүз» уламышында кыргыздардын эң түпкү атасы Карахан, анын беш уулу, көп жылкысы, көп малы болуптур. Беш уулу анын малдарын багып, алыста жүрүшкөндө, ал дагы бир Өгүз хан деген бала көрөт. Өгүзхан Карахан өлгөндөн кийин эл-жерин башкарып калат. Өгүз хан өлөрдүн алдында өзүнө караштуу бардык жерлерден өзүнүн алты уулуна бөлүп бериптир.5

Кийин бул уулунан жыйырма төрт бала төрөлүп, ар бири бир элге хан болгон экен. Күндөрдүн биринде илгери Өгүз хан олтурган ордоңун тегерегиңде бир көк бөрү пайда болгон экен. Хандын жыйырма төрт небереси акылдашып, көк бөрүнү өлтүрүшмөк болуптур. Көк бөрү муну билип калып, териге жалынып, асмандан катуу жаан жана мөндүр жаадырыптыр. Жер бетин мелтиреген суу каптаптыр.

Жыйырма төрт баланы эл жана малын катуу зыянга салыптыр. Так ушул мезгилде эң кичүүсу бийик тоого качып, жер бетин каптаган кыяндан аман калган экен. Кийинчерээк теңир бул балага мээримдүүлүк кылып, күндүн ысыгы менен жер бетин кургатып бериптир.

Тоого качкан кенже баланын эли, малы күндөн-күнгө көбөйүптүр, жер бетинин башка жерлеринде аман калган адамдар бул бала турган того чогулуп аны өздөрүнө хандыкка көтөрүп, анын бийлиги астында жашашыптыр. Бул ханга кошулбагандар «монгол жана татар» деген наам менен аталыптыр. Булар жогорку тоодо жашаган өгүз тукумун «кырөгүз» деп атаган экен. «Кыргыз» ошол «кырөгүз» деген сөздөн өзгөрүп келген дейт. Мунун мааниси – «кырда жашаган өгүздөр» деген экен. Ал эми Кыргызбай уламышында кишинин аты, ал элдин баатыр, тайманбастыгы, кыргыз урууларынын аталыштары жөнүндө баяндайт.

Жалпылай айтканда кыргыздар жана анын ар бир уруулары жөнүндө эл ичинде таралган уламыштар өтө көп. Жогоруда айтылган уламыштар кыргыз улутунун негизги, анын улут болуп калыптануусу жана кыргыз улутунун тарыхта өткөн башка улуттар, тайпалар менен болгон байланыштарын, ошондой эле бул уламыштарды илимий көз караштардын негизине карап, аларды тарыхый материализм принциптери боюнча чечүүдө тийиштүү мазмундары бар деп айтсак жанылыштык болбос.6

Андай болсо эн башында аталып кеткен «хагяс» деген термин кайдан алынган жана эмне үчүн аны айрым авторлор «кыргыз мамлекетиндеги көпчүлүк эмгекчил калктын энчилүү аты» катары сунуш кылышат? Жазма даректерде ал көпчүлүк таптакыр башка термин менен – «Кыштым» деген жалпы ат менен айтылат эмеспи.

Биздин заманга чейин 201-жылдагы Өгүз хан жөнүндөгү кытай жылнаамаларында айтылган кабарларда «Өгүз хан» көп кол жиберип батышты көздөй алар гяньгунндар ээлеген жерди басып алат. Бул жупуну эскерилген маалыматтын мааниси эбегейсиз зор. Окмуштуулар талашсыз изилдеп чыккандай «гянгунндар» деп кытайлыктар байыркы кыргыздарды аташкан. Мына ошол маалыматтын аркасы менен биз б.з.ч. Ш кылымдын аягында эле кыргыз ээлик кылган жерлер бар экенин билебиз, башкача айтканда кыргыз этнониминин «хакас» эмес реалдуу чындык экендигине ынансак болот. «Хягас» деген термин кытай созунун орус тилинде трансформацияланышынын натыжасында аны өткөн кылымда «хягастар» деп туура эмес транскрипциялап алышкан. Бул сөздүн эч кандай өзүнчө мааниси жок.

Тань доорундагы кытийин ай текистинде ал кыргыздарды түшүндүрөт. хакастар»деген термин 1917-жылдан кийин тагыраак айтканда 1922-жылдан этноним маанисин алды.

XVIII кылымдан ХХ кылымдын башына чейин окумуштуулардын «хягасы» терминин колдонушу аларды «хакас» терминин жактоочулары деп айтууга эч негиз боло албайт. Бирок Л.Р.Кыздасов буга макул эмес. И.Ю.Клапрот, В.Шотт, Н.Бичурин. да бул сөздү орусча, немисче, французча ар кандай жазышкан.

Энее-Сай кыргыздарынын тарыхы жөнүндө жазылган эн алгачкы атайын эмгектин автору В.Шоттун алдында да, цзянгунь, хагясы, цзилицзцы жана кыргыздар деген терминдин байланышы туурасында суроо туулган, ал суроо «накта кыргыздардын» пайдасына туура чечилген. Н.Н.Козьмин белгилегендей «Кыргыз» деген этноним жергиликтүү интеллигенциянын ан-сезиминде Эне-Сайдагы кыргыз бектигинин XVIII кылымдагы «алар жеңилип калган» соңку мезгилдерин эске салса, «хакас» деген сөз орто кылым доорунун башындагы мамлекеттүүлүктүн даңктуу мезгили менен байланышкан. Ошентип, «күчтүү мамлекетти» кайра жаратуучу белгилүү өлчөмдөгү идеялык чакырык болуп кызмат өтөп бермек.

Бир сөз менен айтканда, «хакас» деген терминдин этноним катары кабыл алынышы тарыхый себептер менен эмес, саясий конөюктура менен байланышкан. Ошентип, «хакас» деген сөз термин «күчтүү мамлекетти» кайра жаратуучу белгилүү өлчөмдөгү идеялык чакырык болуп кызмат өтөп бермек.

Айткандай эл, Сибирдин түштүгүндө улуттук – мамлекеттик курулуш иштери башталган чакта кытайча «хагяс» деген сөздүн мааниси түрк тилиндеги «кыргыз» дегенге төп келерин, ошол себептүү «хакас» термини өз алдынча маанини туюнта албай тургандыгын буга чейин эле илимпоз изилдөөчүлөр кандыра далилдеп коюшкан. Ошондой эле хакастар кийинчерээк кытай жылнаамалдарында киликиде б.а. кыргыз деген ат менен белгилүү болушкан. Аска бетинде сакталып калган жазууларда алар өздөрүн «кыргыз» деп аташат.

«Хакас» термини Сибирь археологиясында Н.Бичурин тарабынан киргизилген. Бара-бара ал орус тилинде «хакас» болуп өзгөргөн. «Хакас» формасында Д.Клеменц, И.П.Кузнецов-Красноярский жана башкалар пайдаланган. «Хакас» термини жасалма сөз экендигине карабастан аны уруу-уруу жагынан ар башка этникалык топтордон куралып, XIX кылымдын аягы, ХХ кылымдын башталышында гана бир журт болуп биригип, улут аталган азыркы реалдуу элдин эзелтеден келаткан энчилүү аты катары таңуулаган аракеттерге ошол кезде кыргыздардын тарыхы боюнча ата-мекендик илимдин тажырыйбасында биринчи жолу очерктердин жыйнагын түзүп, Борбордук Азиянын тарых-таржымалын мыкты белгилеп билген, билерман адис В.В.Бартольд адилеттүү түрдө каршы чыккан.

«Хакас» деген терминдин кыргыздардын түпкү теги менен байланышы жок деген тарыхчылардын, лингвисттердин, чыгыш илимпоздорунун бир тыянакка келип, каяша пикирлерин пайда кылгада Л.Р.Кызласов актануу иретинде: «мен бар болгону советтик тарых илиминде «кыргыз» жана «хакас» деген терминдердин тегерегинде маселе алиге чейин бир жаңсыл болуп башы ачыла элек маселе экендигин көрсөтүп, ага кенири профилдеги адистердин, баарыдан мурда этникалык тарыхты изилдегендердин көнүлүн бурмакка 1964-жылы «УII-XII кылымдардын жазма даректериндеги «хакас» жана «кыргыз» деген терминдердин өз ара байланышы жөнүндө» аттуу атайын макала жазган элем, - деп жазган. Тарыхка салкын мамиле кылуу, же болбосо аны чаташтыруу тарыхтын көркүн, баалуулугун бузат эмеспи. Ал эми болор-болбос материал таап, аны толук изилдебей туруп, ортого салуу деген шылтоо - бул чыныгы тарыхчы үчүн эн зор күнөө деп ойлойм.

Тарых- бул чындыкта гана талап кылат. Ал эми чындык эч качан сынбайт. Ийилсе ийилет, бирок сынбайт, эртеби –кечпи ал бой түзот.

В.Я.Бутанаевдин эмгектеринде «кыргыз» этнониминин кенири тарагандыгын далилдүү көрсөтөт: хакастар азыркыга чейин кыргыздарга таандык архелогиялык эстеликтерди ажыратып, баамдай алышат, хакас фольклорунда кыргыздар жөнүндө көптөгөн маалыматтар кездешет, составына Эне-Сай кыргыздары, анын ичинде Тенир-Тоо кыргыздары кошулган хакас жана башка элдердин тили менен маданиятында окшош элементтер бар. 7

Ошол мезгилде хакас этнографиясында, топонимикасында жана фольклорунда «байыркы хакастардын» изи да жок, «хакас» сөзү эч кандай формада кездешпейт. «Хакас» деген сөздүн өзү да хакас тилинин фонетикалык түзүлүшүнө туура келбейт. Хакастар бул «атты» такыр пайдаланышпайт, алар ушул кезге чейин өздөрүн «талдар» деп аташат».

Мына ушундай чындыкты далилдеген тарыхчылар тарыхтын байышына кош колдоп салым кошушат. Ушул сыяктуу татаал талаш-тартыштуу гипотезаларды пайда кылган бул «кыргыз» этнонимии маселеси бүгүнкү күндө да бир жыйынтыкка келбей, талаш-тартыштын чордону болуп келе жатат.

Айтор, айтылгандардын баарын жыйынтыктап келгенде тарыхка түз көз менен карап, анын чындыкка жакындыгын, төп келүүсүн билүү зарылдыгы туулат.

Жогоруда келтирилген авторлордун илимий изилдөө иштери канчалык даражада тарыхый чындык экендигине толугураак ынанып, ишенүү үчүн кыргыз жазуучуларынын алдында али көп илимий иштер бар экендиги талашсыз, менин далалатым да көбүн эсе төмөнкү жазма тарыхый булактарга таянууда болду.

1 Восточные авторы о кыргызах. - Бишкек, 1995. 12-б.

2 Худяков Ю. «Кыргызы на просторах Азии»- Бишкек, 1995. 20-б.

3 Худяков Ю. «Кыргызы на просторах Азии»- Бишкек, 1995. 20-б.

4 Байтур А. «Кыргыз тарыхынын лекциялары» Бишкек, 1992. 1- китеп. 25-б.


5 Байтур А. «Кыргыз тарыхынын лекциялары» Бишкек, 1992. 1- китеп. 26-б.

6 Байтур А. «Кыргыз тарыхынын лекциялары» Бишкек, 1992. 1- китеп. 32-б.


7 «Кыргыздар». Т\згън Жусупов К. 3-китеп. Бишкек, 1995. 3-том 153-б.


8



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!