СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Карысы бардын ырысы бар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Карысы бардын ырысы бар

Просмотр содержимого документа
«Карысы бардын ырысы бар»

КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР
Сабактын максаты: 
а) Окуучуларга карылар жөнүндө кеңири түшүнүк берүү;
б) Аксакалдык жана байбичелик нускасы бар карыларыбыз тууралуу билимдерин өркүндөтүү;
в) Улууларыбыз айткан насааттарды угууга, өрнөк алууга тарбиялоо.
Сабактын жабдылышы: Залкар ойлор, ырлар, тексттер.
Сабакта колдонулган ыкма: Топтор менен иш жүргүзүү. Кластер түзүү.
Сабактын жүрүшү: Саламдашуу (Арыбаңыз! Бар болгула!).
I. Муз жаргыч: "Макал - сөздүн көркү" (Окуучулар кезеги менен макал айтышат).
Оюн бүткөн соң "Акылман", "Калыс" деп эки топко бөлүнүп отурушат.
1. Эмне үчүн адам башкаларга далысын салып отурбашы керек?
2. Эмне үчүн шыпырынды менен күлдү аралаштырышпайт?
Балдар, улуттук педагогика боюнча суроолорго эң жакшы жооп бердиңер. Ушундай жоопторду биз кимдерден угабыз? Албетте, карылардан. Бирок бардык эле карыларыбыз жакшы сапаттардын ээси боло алышабы? Анда, балдар, "Калыс" тобуна карылардын оң сапаттары, "Акылман" тобуна терс сапаттарын тизмелеп кластер түзүү сунушталат.
Ар бир топ мисалдар, окуялар менен презентациялашат.
II. "Карылыктын чекеге түшкөн бырышынан эмес, жүрөккө калтырган тагынан сакта" деген залкар ойду чечмелөө. 
"Манас" эпосундагы Бакайдын образына токтолуу.
Бакай Манаска жолуккан күндөн тартып үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган, жамандыгын жашырган, жакшылыгын ашырган, капилетте сөз тапкан, караңгыда көз тапкан өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, эң ишенимдүү адамы катары ак кызматын кылат, акыл айтып, кеңешин берет.
"Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, 
Бөлүнүп калды кыргыз деп, 
Бөлөк элге кеп кетет, - деп Бакай карыя эл арасындагы эл ынтымагына доо кетиргендерди накыл сөзү, калыстыгы менен теске салат. 
Кыргыз элиндеги же биздин айылдагы Бакайдай акылман карыларды билесиңерби?
"Калыс" тобу байбичелердин кыз-келиндерге, "Акылман" тобу аксакалдардын улан-жигиттерге тийгизген таасири жөнүндө кластер түзүп презентациялашат.
(Окуучулар карылардын түрлөрү менен таанышканча музыкалык пауза.) 
Ар бир топ карынын мүнөзүн чагылдырган пантомимо көрсөтүшөт. Экинчи топ ошол пантомимонун негизинде карынын кайсы түрүнө кирерин аныкташы керек.
Бышыктоо: Балдар, карыларыбыз алдан-күчтөн тайганда бизге насааттан башка эмне беришет. Албетте, бата!
"Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт ", - дегендей жаштарды көгөртүүчү маани-маңыздуу баталарды берип келишет.
- Силер да бата алгансыңарбы?
Окуучулар ойлорун ортого салышат.
Баталар боюнча текст таркатуу, талкулоо.
Баалоо: Топ башчыларынын жардамы менен алган упайлардын негизинде жеңүүчү топту аныктоо.

Үйгө тапшырма: Айылыбыздагы кадырлуу карылардын эмгек жолу жөнүндө маалымат табуу, фотоаппаратка тартып келүү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!