СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Карынын кебин капка сал . Тарбиялык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы: Карынын кебин капка сал!

Сабактын максаты:

  • Балдар карылардын коомдогу, үйдөгү орду жөнүндө түшунүк алышат;
  • Карылардын кеп-кеңеши дайыма керек экедигин билишет;
  • Кары адамдарды сыйлоого, дайыма аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө үйрөнүшөт.

Сабактын методу:  интерактивдүү, эссе.

Сабактын жабдылышы: доска, бор, карточкалар, макал-лакаптар, тексттер, сүрөттөр ж.б.

Сабактын тиби: жаңы билим берүү.

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу                                                                   
  • Топторго бөлүү                                                         
  • Текстти окуп, долбоор           түзүү, жактоо            
  • Макал-лакаптарды айтып, талдоо              
  • Суроолор менен иштөө                                           
  • Ыр                                                                                                                 
  • Жыйынтыктоо (кластер)                               
  • Үйгө тапшырма                                                         

Сабак: Балдар,  карылар – эң ыйык адамдар. Биринчиден алар бизди өстүргөн ата-энелерибизди жарык дүйнөгө алып келип, бапестеп багып өстүрүшкөн, биздин ата-энелерибиз азыркы кезде бизди багып, окутуп  өстүрүп жатышат. Өз ата-энесин карыганда ага кам көрүп, ден-соолугунун чыңдыгын текшерип, тамак-ашын бапестеп берип, кийим-кечегинен кем кылбай багуу, алардын кеп-кеңешин угуу ар бирибиздин милдетибиз. Бул адам баласынын жашоосунда муундан муунга өтө турган кубулуш.

Күмүш сакалдуу аталар, ак жоолук салынган мээримдүү чоң энелер төрүбүздүн көркү эмеспи. Карылар – үйдүн куту деп да бекеринен айтылбаса керек. Себеби , карысы бар үйдүн ырысы бар, алар өздөрүнүн кеп-кеңешин айтып дайыма уул-кыздарына, неберелерине жакшы жашоого, түз жүрүүгө багыт берип, тарбиялап турат. Бул болсо жаштардын турмушта өз ордун табууга чоң жардам болот.  Элибизде кеп бар эмеспи: «Көптү көргөн көп билет» деген, алар өздөрүнүн турмуш жолунда баштарынан көп кыйынчылыктар, жетишкендиктер, ийгиликтерди, окуяларды өткөргөн. Ошонун негизинде көп тажрыйба топтоп алышкан. Ошондуктан карыялардын кеңештери бизге абдан жардам берет. Атам замандан бери эле биздин кыргыз эли улуу адамдарга сый урмат көрсөтүшүп, аларга таазим кылып, алдынан кыя өтпөстөн баш ийип салам айтып келишкен. Ак дасторконду жайып, даамдуу тамак-аштар менен ысык чай узатуу өзүнчө эле сыймык эмеспи. Биз аларды урматтап, сыйлашыбыз керек. Алар биздин туугандырбыз! Аларды сактагыла!

Балдар төмөнкү ырларды көркөм окушат.

 Бир айылдын балдары

Бир көчөгө чогулду

Ким ардактуу ким үчүн?

Деген суроо коюлду

Эч ким оюн айта албай

Карай берди ар жакты

А мен үчүн бир гана

Атам апам ардактуу.

Бир эли бөксөрбөгөн сөз үрөнү

Казына карылардын көкүрөгү

Өткөн күн жаңы заман ортосунда

Сөз менен куруп турат көпүрөнү

Атанын өзү турсун аты  да ыйык

Муундан муунга өтүп урматталат

Сүрөтү да өзү жокто бизди дайым

Аталык ыйбат менен карап турат.

Күндүр-түндүр көтөрүп

Мээрим төгүп өстүргөн

Апам мени бапестеп

Эрезеге жеткирген.               

Балдар силер карыя, чоң ата, чоң апа, тайэне, тайата деген сөздөрдү укканда эмне жөнүндө ойлоносуңар? (Эссе жазышат)

Эссени окугандан кийин эки группага текст таратам. Текстти окуп чыгып, ватманга сүрөт аркылуу чагылдырат, жакташат.

                                                                             Аңгеме

Акылдуу карыя

             Илгери өткөн заманда деңиз жээгинде ынтымактуу эл болуптур. Алардын калыстыкты как жарган ханы өлгөндөн кийин ордуна каардуу хан келет. Ал бардык мыйзамдарды өзгөртү, алардын арасына шаардагы 60 жаштан ашкан карыялардын башын алып салуу буйругун киргизет. Ынтымактуу калк айласы кетип акыры макул болууга аргасыз болот. Ошентип хан карыган адамдардын башын жашы улгайган сайын эле алдыра берет.

Күндөрдүн  бир күнүндө  айылдагы эң акылдуу карыяга кезек келет. Анын акылдуу уулу атасын сандыкка салып эч бир жанга көргөзбөй багат. Ал аңгыча хандан буйрук келет. Суу жээгинен алтын кумураны көрөт да бардык жаш балдарды чогултуп алып мындай : «Эгерде кимде ким ушул кумураны таап чыкпаса башын алам » дейт. Күндөр өтүпайлар өтүп акылдуу балага да кезек келет. Ал атасынан акыл суроого  барат. Атасы чечкмндүүлүк акылы менен ал алтын кумура сууда эмес ал жанындагы чынардын башында күнгө чагылышып суудан көрүнөт дейт. Карыянын баласы атасы айткандай эле чынарга чыгып караса кумура илинип туруптур. Алтын толгон кумураны алып хандын алдына барат.

Хан жигитке ыраазы болуп ага тилеген тилегиңди айт дейт. Жигит атасынын картаң болсо да акылдуу экенин жана карыялардын бир эл үчун аябай керектүү акылманы болоорун айтып, атасынын жана жалпы эле ошол айылдын карыяларынын өмүрүн сурап калган экен.

Хан болсо  ушуга чейин канча деген балдар барып таппай, өмүрү кыйылды, демек карыялардын кеңеши, акылы жакшы турбайбы деп ойлонуп калган экен.

                                                                   Акылсыз уул

Илгери өткөн заманда бир айылда Кадыр аттуу бала жашаптыр. Ал өз ата-энесин өмүрүндө сыйлаган эмес экен. Ал гана эмес катуу сөзү тийип, кээде колу да тийчү экен. Бир күнү болбогон бир иш менен атасы менен урушуп кетип, бир чоң дөбөнүн үстүнө жеткенде атасын аябай сабап коюптур. Көргөн эл жерге түкүрүп, баланы аябай жаман көрүшөт. Күндөр өтүп Кадыр өзү да балалуу болот. Баланын атын Тилек коёт. Тилек да өз атасындай болуп, ата-энесин сыйлабаган бала болуп чоңоёт. Бир күнү атасы менен урушуп кетип, баягы дөңдүн үстүндө Тилек атасы Кадырды уруп жатканын эл көрүшөт.Ошондо бул окуяны көргөн кары адамдар: «Жашоонун табышмагын карасаңар, так ушул жерде мындан бир нече жыл мурун Кадыр өз атасын урду эле, эми минтип ошол окуя ны баласынан көрүп жатат» дешкен экен.

Ошондон бери эл арасында ата-энеңди кандай сыйласаң, өз балаңдан ошондой сый көрөсүң деген сөз калыптыр.

Келгиле балдар доскада илинген макал-лакаптарды окуп, кыскача чечмелейбиз.

Макал-Лакаптар:

Жаш күчү менен

Кары кеңеши менен

Жаш келсе ишке, кары келсе ашка

            Ата сөзү – алтын, көнүл коюп уксаң

Ата сөзүн укпасаң, ажырайсың журтуңдан.

Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны.

Карысы бардын ырысы бар!

Заманы жакшы болсо , карысы жаш болот.

Агайындын кадырын , жалалуу болсоң билээрсиң

Ата-эненин кадырын,  балалуу болсоң билээрсиң.

Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.

Кары адам – үйдүн куту.

Карысы бар үйдүн карааны чоң.

Карыга катуу айтпа, ката кетирсе жаакка чаппа.           

Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү

Карылар – кагылайын үйдүн куту

Карылар кагылайын элдин куту

Жакшы сөз, кеп-кеңешин аябаган

Кадырман калайыктын уюткусу.

Кайгыдан адам картаят, шаттыктан адам жашарат.        

Өнөр башы - аталар                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                         

Адеп башы - энелер

Карысы жок эл болбойт,

Тулаңы болбой жер балбойт

Карынын кебин капка сал

             Кары билет кааданы

Карчыга алат сонону

Көрдүңөрбү балдар кыргыздын ар бир макалынын  маанисинин тереңиде өзүнчө бир философия жатат, алар турмуштан алынат.

Бүгүнкү биздин майрамдык сабагыбыз да аяктап баратат. Келгиле балдар сабактан кийинки ой-толгоолорубуз менен бөлүшөлү. Даракка илинген карточкаларды алып, андагы суроолорго жооп беришет.

Жыйынтыктоо үчүн суроолор:

  1. Ата-эне бактылуу болуш үчүн сен эмне кылышың керек?
  2. Келечекте ата-эненин бактылуу, татыктуу карылыгын камсыз кылуу үчүн кандай ой пайда болду?
  3. Карылар үйдүн куту деген сөздүн маанисин чечмеле.
  4. Карылар кандай максат менен бизге акыл-кеңештерин айтышат?
  5. Акылдуу, таланттуу карыялардан кимдерди билесиңер?
  6. Бардык эле карыялар акылдуу, жакшы деп ойлойсуңбу?
  7. Өзүңдүн карылыгыңды кандай элестетесиң?

Эми Сыймык өзүнүн «Апакем» деген ыры менен апаларыбызды куттуктайт. (Сыймык ырдайт).

Мына балдар биз силер менен бүгүн Карылар үйдүн куту дегенге дагы ынандык. Демек силер жакшы тартибиңер, окууңар, мамилеңер менен ата-апаңарды, чоң ата, чоң апаңарды, тайэне, тайатаңарды сүйүнтөт экенсиңер. Силер да келечекте чоңоюп, бойго жетип үй-бүлө курасыңар, балалуу болосуңар. Ошондо ата-энеңер менен чоң ата, чоң апаңарды эстейсиңер. Турмушта туура багыт алып, ордуңарды таап, балдарыңардын сыйын көргүлө. Ал үчүн ушу мезгилден баштап карыларды жакшы көрүп, сыйлагыла.  Көчөдөн көрсөңор дайыма ийилип салам бергиле, коомдук транспортто орун бошотуп берип, эгерде жардамга муктаж болсо эч качан колуңардан келген жардамыңарды аябай жакшылык кылып, бата алгыла.

Үйгө тапшырма:      Чоң ата, чоң апа, тайэне, тайаталарыңардын эмгек жолу, балалык чагы жөнүндө билип, аңгеме жазып келгиле.

Төмөнкү жомокту ролдоштуруп окуп беришет

Акылдуу карыя

             Илгери откон заманда  дениз жээгинде ынтымактуу эл болуптур. Алардын калыстыкты как жарган ханы олгондон кийин ордуна каардуу хан келет. Ал бардык мыйзамдарды озгорттуу, алардын арасындагы шааргагы 60 жаштан ашкан карыялардын башын алып салуу буйругун киргизет.

(Залкар)- шаардагы 60 жаштан ашкан кары адамдардын башын алгыла.

(жигиттер)- Куп болот ханым!

 Ынтымактуу  калк айласы кетип акыры макул болууга аргасыз болот. Ошонтип хан карыган адамдардын башын жашы улгайган сайын эле алдыра берет.

           Кундордун бир кунундо айылдагы эн акылдуу карыяга кезек келет. Анын акылдуу уулу атасын сандыкка салып эч бир жанга коргозбой багат.

(Насип)- Ата хандын жарлыгы бизге да келет. Мен сизди ушул сандыкка салып багайын, журунуз.

(Жоодар) –Макул уулум.

Ал ангыча хандан буйрук келет. Суу жээгинен алтын кумараны корот да бардык жаш балдардычогултуп алып.

(Залкар)-«Эгерде кимде ким ушул кумураны таап чыкпаса башын алам» дейт.

Кундор отуп айлар отуп акылдуу балага да кезек келет. Ал атасынан акыл суроого барат.

(Насип)-« Ата хандын буйругу мага да келип жетти.Суу жээгинен алтын кумараны алып чыкпасам, менин да башымда алат» деди.

 Атасы чечкиндуулук акылы менен

(Жоодар)-« Ал алтын кумара сууда эмес, ал жанындагы  чынардын башында кунго чагылышып суудан корунот» дейт.

Карыянын баласы атасы айткандай эле чынарга чыгып караса кумура илинип туруптур.акылдуу бала ханга барып.

(Насип)- Ханым айткан буйругунуз аткарылды. Мына алтын кумараныз.

(Залкар)-Ооо азаматсыз! Эмне кааласан, тилесен ошонун баарын аткарам. Кана айт.

(Насип) –«Ханым ушул кумураны табууга менин картан акылдуу атам жардым берди. Карыялар бир эл учун аябай керектуу акылман болушат, ошондуктан атамдын жана жалпы ушул айылдын карыяларынын омурун сурайт элем сизден» деди.

(Залкар)- «Кечиргиле элим ушуга чейин канча деген балдар барып таппай, омуру кыйылды , демек карыялардын кенеши , акылы, биз учун абдан керек экен. Атанды алып кел!.

 (Жоодар)-  Калайык калк баарынарга батамды берейин. Бак каарысын , кызыл даарысын. Кызынар Кырымга , уулунар Урумга жетсин. Оомийин!

           Ушул окуядан кийин кол жээгиндеги эл ынтымактуу, бейпил жашоодо жашап калыптыр.

Просмотр содержимого документа
«Карынын кебин капка сал . Тарбиялык саат»

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!