СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Карысы бардын ырысы бар.

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Карысы бардын ырысы бар.Класстан тышкаркы иш.

Просмотр содержимого документа
«Карысы бардын ырысы бар.»



«Карысы бардын ырысы бар» деген темада өткөрүлүүчү класстан тышкаркы иш чара.

Программада

  1. Саламдашуу.

  2. Доклад

  3. Жеке номер «Сезим»

  4. Көркөм окуу

  5. Бий. Кыргыз бийи.

  6. Инцинировка

  7. Жеке номер «Карыларым»

  8. Бий.Эркин бий

  9. Көркөм окуу

10.Жыйынтыктоо.























Сабактын темасы: Карысы бардын ырысы бар.

Сабактын максаты:Балдар карылардын коомдогу орду,үйдөгү орду жөнүндө түшүнүк алышат,Карылык бул сыймык экендигин түшүнушөт. Карылардын кеп кеңештери дайыма керек экендигин билишет. Карыларга жылуу мамиле, камкордук, мээрим керек экендигин түшүнүшөт. Карыларды сыйлоого, дайыма ар тараптуу жардам көрсөтүүгө үйрөнүшөт.

Сабактын методу: интерактивдүү

Сабактын тиби: сахналаштырылган көрүнүш.

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр,макал-лакаптар, ырлар.Сахна жасалгаланат.

Сабактын жүрүшү: а) уюштуруу.

б ) план боюнча иштөө

в ) жыйынтыктоо



1.Саламдашуу.

Ассалому алейкум кадырлуу калкым. Арбаңыздар ак сакалдуу аталар,асылзаада апалар. Пейилинен кут төгүлгөн мырзалар. Бешенесинен нур төгүлгөн айымдар. Эртеңкинин ээлери болгон сүйүктүү окуучулар. Бар болуңуздар

Кара-Кулжа Октябрдай кутман жерден. Кут конгон берекеси толгон элден. Баарына таазим этип салам айтып, Уул кызың насип этип мында келген.

Гүлдөрдүн назиктигин тартуулайбыз, Түгөнбос бак таалайды сиздерге арнайбыз. Жашоонун маңызы деп эсептелген. Чын ден соолук узун өмүр биз каалайбыз.

Карыларым дайым менин кааларым. Бөөдө кайгы эч качан торобосун. Балдарынан жалгыз калып өксүбөй, Табигаттын жамандыгы жолобосун. Сыйын көр уп бала менен келиндин, Түбөлүккө жакшылыктар жылоолосун.

Асылдыкты издеп жүрүп өмүрдөн. Аңдабапмын тургандыгын кашымда. Уулдан урмат, ызат көрүп келинден, Ата-эненин амандыгы асыл да.



2.Доклад.

Ардактуу чоң аталар,чоң апалар,кадырман карыяларыбыз. Ушунча жыл жашап, өмүр сүрүп, улуу карылытын бактылуу күчүнө таянып, баскан жолуңуздар, сүйлөгөн сөзүңүздөр, биз үчүн мыйзам катары жашап, табы күчтүү оттой сезилээри анык. Өз учурунда күчкө толгон, элдин керегине жараган инсан экениңиздерди көз алдыбызга элестетип, бүгүн маңдайыбызда балпайып отурганыңыздарга сыймыктануу менен бирге, сиздер урматтуу аталар, ардактуу апалар биз үчүн аягына чейин ырдалып бүтпөгөн, улам кайра жаңы маани, жаңы мазмун, жаңы идея менен кулпуруп, ырдалган ырыбызсыздар.Сиздер аякталбаган, бирок улам жаңырып, кайрыктары улам жаңырып, кайрыктары керемет үндөр менен байытылган обонсуздар.Сиздерди мезгил улгайтса да,жүрөгүңүздөр жаш бойдон.Көңүлү сергек, жүрөгү таза адам кайсы куракта болбосун маңыздуу өмүр сүрөт. Көңүлүңүздөр ар дайым ачык болуп,балдардын,небелелердин жыргалына бөлөнгүлө.

3. Алып баруучу: Жандырып кыргыз сырларын, Жашоонун көрүп жыргалын. Ынтымак ырыс биз тилеп. Ырдайлы кыргыз ырларын.

Жеке номер. Сезим.(Гүлназ Бекболсун кызынын репертуарынан)

4.Декломация.

Оо карылар сыймыктанаар жайың бар, Ала-Тоодой силер кошкон салым бар. Ар бир сөзүң уюткусу акылдын, Ар адамга акыл насаат сөзүң бар.

Камчы басып ат салдырбас астыңа, Оо карылар таазим кылам жалпыңа. Келгин куштай келип кете бересиң, Кээ бириңер кайткыс болуп артыңа.

Мезгилинде акыл насааат болдуңар, Ушул доордо силердин чоң ордуңар. Түбүн түптөп эң байыркы замандын. Пайдубалын алгач силер койдуңар.

5. Алып баруучу: Көзгө сүйкүм кыргыз бийин, Кимдер гана билбесин. Кыргыз кызы кызгалдактай, Кулпурушуп бийлешсин.

Кезекте Кыргыз бийи.

6. Инсценировка.

Бизден улуулар, биз бала кезде чоң аталарыбыз, чоң апаларыбыз от жанында, дасторкон четинде уул-кыздарына, неберелерине акыл насаатын айтып, суроолоруна акылман жоопторун айтчуу дешет. «Элибизде карысы бардын ырысы бар», «Карынын сөзүн капка сал» деген макал сөздөр жөн жеринен айтылбаса керек.Себеби ак сакалдуу аталардын акылы туңгуюктан жол таап, келечекти көрө билүүсү менен жаш муундарды туура жолго тарбиялап келишкен.Анда неберенин суроосуна чоң аталарыбыз кандай жоопторду берет чогуу угабыз.

7. Жеке номер. Карыларым.(Жайнагул Калчаеванын репертуарынан)

8.Алып баруучу: Музыка сезимдердин гүлүн терген, Музыка жүрөктөргө сүйүү берген. Музыка бийлейм анын ыргагында, Музыка ойнойт ал да ырларымда. Кезекте Бий

9. Көркөм окуу.

Бар болсо ар бир үйдүн карысы, Ошол болот бар байлыгы ырысы. Кары кебин жүрөгүнө сактаган, Кут куюлуп өйдө жылат жумушу.

Кыргызымда кымбат наркты сактайлы, Бийик тутуп эне сүтүн актайлы. Коломтонун оту болгон атакем, Эртели кеч айткан сөзүң баалайлы. Биз дайыма жакшы сөздү тартуулап, Ата –энени урматтайлы сыйлайлы.

Кези келсе таң да атаар, кеч кирээр, Таза булак суусу соолуп эскирээр. Татынакай мөлтүрөгөн жаш кезиң, Таяк кармап карылыкка жеткирээр.



Ар үйдө ак сакалдуу кары болсо, Балпайган байбичеси дагы болсо. Келини кербезденип бой көтөрбөй, Уулунда намыс менен уят болсо.

  1. Алып баруучу: «Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» деп элибизде айтылган улуу сөз бар. Адатта батаны жаштар сурашат. Батаны айылдын ак сакалдуу аталары, байбиче апалары беришчүү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып биз да улуулардан бата сурайбыз. Мектебибиздин ак сакал агайларынын бири …. агайдан, айылыбыздын ак саамай энелерибиздин бири … энеден бата сурайбыз.



  1. Алып баруучу: Бар болсо ар бир үйдүн карысы, Ошол болот бар байлыгы ырысы. Кары кебин жүрөгүндө сактагандын, Кут конуп өйдө жылат жумушу.



Ушуну менен «Карысы бардын ырысы бар» деген темада өткөрүлгөн иш чарабызды жыйынтыктайбыз. Бар болгула кадырман карыларым.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!