СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатиканыни

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

информатика заманнан талабы. 

Просмотр содержимого документа
«Информатиканыни»

9-ТЕМА: ЭМОЦИЯ ЖАНА СЕЗИМ

Калыптандырылуучу компетенциялар:

СЛК-3: Үйрөнүүчүлөрдү окутуу жана өнүктүрүү үчүн, ар түрдүү курактагы үйрөнүүчүлөрдө сергек жашоо образынын, жаратылышты коргоонун, энергияны сактоонун, жаратылышты үнөмдүү пайдалануунун жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялануунун көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн коопсуз (психологиялык, социалдык жана физикалык) билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жөндөмдүү;

ПК-1: Кесиптик маселелерди чечүү үчүн психологиялык-педагогикалык компетенттүүлүктөрдү колдонууга даяр жана кесиптик ишмердүүлүгүндө педагогикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын колдонууга жөндөмдүү;

ПК-4: Үйрөнүүчүлөрдү социалдаштыруунун ыкмаларын, жолдорун, методикасын жана техникасын билет, үйрөнүүчүлөрдүн кесиптик өзүн өзү аныктоосу үчүн шарттарды түзүүгө жөндөмдүү;

Дисциплинаны окутуунун натыйжалары:

Билет: Психологиялык коопсуз билим берүү чөйрөсүн уюштуруунун жана башкаруунун психологиялык концепцияларын, мыйзам ченемдүүлүктөрүн, маңызын жана алардын структуралык элементтерин

Билет: Психология илиминин негизги теорияларын, концепцияларын, методдорун жана принциптерин.

Билет: Инсанды калыптандыруунун заманбап психологиялык технологияларын, моделдерин жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн, маңызын жана алардын структуралык элементтерин;

Жасай алат: Психология илиминин негизги теорияларына, концепцияларына, методдоруна анализди жасай алат жана практикадагы тажрыйбаларга сын көз караш менен баа бере алат.

Жасай алат: Адамды социалдаштыруунун концепцияларына, факторлоруна, механизмдерине жана институттарына анализ жасайт жана сын көз караш менен карай алат.

Жасай алат:Психологиялык коопсуз билим берүү чөйрөсүн уюштуруунун жана башкаруунун көп кырдуу психологиялык концепцияларына, практикадагы тажрыйбаларга сын көз караш менен баа бере алат.

Көндүмүнө ээ:

1. Коопсуз билим берүү чөйрөсүн уюштурууда жана башкарууда психологиялык билимдерди колдонууга жөндөмдүү.

2. Коопсуз билим берүү чөйрөсүн уюштурууда жана башкарууда чет элдик жана ата-мекендик тажрыйбаларды колдонууга жөндөмдүү.

Көндүмүнө ээ:

1. Кесиптик иш аракетинде психологиялык билимдерди, методдорду колдонууга даяр.

2. Кесиптик иш аракетинде психологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын колдонууга жөндөмдүү.

Көндүмүнө ээ:

Окутуу жана тарбиялоо процессинде окуучуларды социалдаштыруунун психологиялык механизмдерин жана ыкмаларын колдонууга жөндөмдүү.


Теманын максаты:

Студенттерди эмоция жана сезимдин негизги психологиялык теориялары, концепциялары, методдору жана принциптери жөнүндөгү билимдерге ээ кылуу, аларды анализдөө билгичтиктерин жана кесиптик иш аракетинде окуучулардын эмоциясын жана сезимин калыптандырууда психологиялык билимдерди, методдорду колдонуу жөндөмүн калыптандыруу


Теманын окутуу натыйжалары (Лекцияда):

Эмоция жана сезимдин негизги психологиялык теорияларын, концепцияларын, методдорун жана принциптерин билет жана түшүнөт.

Лекциянын планы:

  1. Сезим жана эмоция жөнүндө түшүнүк.

  2. Эмоционалдык абалдын сигналдык жана жөнгө салуучулук функциясы.

  3. Эмоциянын физиологиялык негизи.

  4. Негизги эмоционалдык абалдар

  5. Жогорку сезимдер.


1.Сезим жана эмоция жөнүндө түшүнүк.

Адам реалдуу дүйнөнү таанууда ага пассивдүү мамиледе болбойт, активдүү аракеттенет. Ошол эле учурда өзү курчап турган ал заттын таасирине да кабылат. Ушундай кайчылаш мамиленин негизинде таасир эткен дүүлүктүргүч жана өзүнүн аракти жөнүндө адамда ички субьективдүү ой толгоо пайда болот. Жасаган ишинин натыйжасына, таасир эткен дүүлүктүргүчтүн мүнөзүнө карата сүйүүнү, өкүнүү, канаатанбоо, жек көрүү сезимдери калыптанат. Бир обьект адамды кубантат, сыймыктантат, экинчиси кайгыртат, үчүнчүсү кайдыгер абалда калтырат кайдыгер абалда калтырат.

Адамды өзүн курчап турган обьектилерге болгон өкүнүчү, кубанычы жана башка мамилеси психология илиминде эмоция жана сезим деген категориялар аркылуу белгиленет. Эмоция - латын сөзү «толкундоо, козголуу» дегенди түшүндүрөт.

Эмоция сезим процесстери адамдын өзүн курчап турган чындыктагы кубулуштарга, заттарга болгон субьективдүү мамилесин көрсөтөт. Дүйнөнү таануу, өзгөртүү аракетинде личностто жекече мамиленин пайда болушуна алып келет. Алар субьективдик, жекелик гана мүнөзгө ээ болуп адамдын түрдүү жактары менен сырдуу байланышта турат.

Эмоция менен сезимдин (чувство) табиятын ачык түшүнүү үчүн аларды сезүү (ощущение) процесси менен салыштырган оң. Сезүүдө личность заттардын айрым касиеттери менен мамиледе болуп, ошол касиеттер аркылуу зат жөнүндө маалымат алат. Сезүү сезим процесстери бири-бири менен тыгыз байланышта турат. Сезүү эмоция процессин пайда кылуучу булак. Ошол эле мезгилде өзү эмоциянын негизинде пайда өзгөрүүгө дуушар болот.

Адамды курчап турган обьективдүү чындык эмоцияны козгойт жана эмоциянын жардамы менен дүйнө таанылат. «Адам баласынын эмоциясыз чындыкты изилдөө эч качан болбогон жана болбойт дагы». Жазуучулардын акындардын улуу эмгектери да дайым эмоциянын таасиринде жаралган. Анткени тигил же бул иш аракетин аткарууда эмоциялык абал адамдын өзүндөгү ички жашыруун энергиясын колдонууга мүмкүндүк берет. Буга мисалдар көп. Катуу келе жаткан автобустун дөңгөлөгүнөн эне баласын куткарып калууга үлгүрө алат. Же Ата Мекендик согуш учурунда солдаттардын оор согуш куралдарын татаал жерлерге көтөрүп чыгышын элестетеличи.

Эмоция өзүнүн тар маанисинде адамдын алгачкы органикалык керектөөсү менен байланышкан (канаатануу, канаатанбоо) жөнөкөй органикалык талаптарда (тамак-аш, үй-жай, кийим-кече) пайда болот. Сезим болсо адам баласынын тарыхий өнүгүүсүндө керектөө менен өзөктөшкөн татаал психологиялык мамиле, өзгөчө процесс. И.П. Павлов да эмоция менен сезимди бир, мазмундаш кубулуш деп караган эмес. Эмоцияны инстингт, сезимди социалдык турмуш менен байланыштыган. Кыскасын айтканда, эмоция менен сезим процесстеринин ортосундагы айырма-чылыктар төмөнкүдөй.

- Сезим адамга гана тиешелүү, эмоция адамга да макулуктарга да таандык.

- Сезим социалдык турмушка көз каранды. Адамдагы сүйүү, жек көрүү, жолдоштук ымала, түрдүү умтулуулар коомдук тарыхий өнүгүүнүн негизинде келип чыккан. Эмоция мындай мүнөзгө ээ болойт. Эволюциялык өнүгүүдөн, органикалык керектөөлөрдү канаатандыруу зарылдыгынан пайда болгон жана сезимге караганда алгачкы. Көп учурда адам менен айбандын эмоциясынын пайда болуусу окшош келет. Аны ачынуудан, жыныстык канаатануудан ачык байкайбыз. Бирок сезим социалдык таасирдин жардамы менен иретке салынып турат. Дегинкиси, сезим кишинин социалдык муктаждыктарына негизделген. Эмоция - анын дифференцияланган бир түрү. Кыскасы эмоция жана сезим турмушундагы же таануу аракетиндеги, иш процесиндеги же башка ар түрдүү кырдаалдагы адамдын ички мамилесинин түрдүү формаларын чагылды-руучу психологиялык түшүнүктөр.

Стеникалык, астеникалык сезимдер жана амбмвалентүү сезимдер.

Астеникалык сезим көңүлдүн туруксуздугу, уйкунун бузулушун, сезгичтиктин чектен төмөндөшүн, тез чарчагандыкты жана начарлоону туюндуруучу процесс. Бул сезимде ишке болгон аракет төмөндөйт, энергия пастайт.

Стеникалык (грек сөзү - бизче «күч») сезим. Стеникалык сезим индивиддин жогорулаган иш жөндөмдүүлүгүн, түрдүү тоскоолдуктарга болгон туруктуулугун, узак убакытка чейин иштөө жөндөмдүүлүгүн мүнөздөйт. Бул сезимде жүрөк кубатуу иштеп, кан басымы жогорулайт, энергия күчөйт.

Амбиваленттик сезим (амби валент латын сөзүнөн бизче «эки», «күч»). Бул амбиваленттик сезим түшүнүгүн швейцариялык психиатр Э. Блейлер сунуш кылган. Бул сезим бир эле мезгилде, бир эле кубулушка, бир эле затка адамдын эки башка көз карашта болуусун билдирет.

М: Сүйүү менен жек көрүү, ыраазычылык менен нараазычылык ж.б. Бул сезимдердин бирөөсү четтетилет экинчиси далдаасында калат.


2. Эмоциянын сигналдык жана жөнгө салуучулук функциясы.

Эмоция жана сезим обьективдүү дүйнөнү адам менен, жаратылыш-тын ортосундагы мамилени чагылдыруу менен бирдикте конретүү функцияны аткарат.

Сезимдин эки кызматы бар: биринчиси билдирүү (мимика) бет булчуңдарынын өзгөрүшү: понтомимика - жаңсоо жана дене булчуңдары-нын абалдары, экинчи башкаруучулук адамдын жүрүш-турушундагы өзгөрүүлөр функция. Адам алынган сигналдардын жардамы менен өзүнүн иш-аракетин, жүрүш-турушун башкарат. Демек, эмоциянын башкаруучу-лук функциясы пайда болот. Бул функция адамдагы толкундоолорду, жүрүш-турушту багыттайт, аракетти активтештирет.

Эмоция жана сезим сезүү (ощущение) башка психикалык процесстер сыяктуу эле обьективдүү чындыкты үйрөнүүгө көмөктөшүү менен бирге айлана чөйрөнүн терс таасиринен алыстоого, пайдалуу жагын көздөй адамды багыттап турат. Сезимдин сигналдык кызматы адамдын организминдеги же аны курчап турган чөйрөнүн өзгөрүшүнөн пайда болот.


3.Эмоция менен сезимдин физиологиялык негиздери.

Физиологдор, психологдор - невроз, инфаркт, миокард, гипертония, аш казан ооруусу, он эки эли ичегинин жараты, кант диабети сыяктуу ооруулар терс эмоциянын натыйжасы экенин танышбайт. Саналган ооруулар акыркы жылдары 20 эсе жогорутаганын байкалган. Мындан тышкары азыркы учурда дене гигиенасы менен өз ара мамиле «гигиенасы» актуалдуу мамилелердин бирине айланууда. Ушундай кырдаал эмоция менен сезимдин физиологиялык сезидин физиологиялык негизин билүү зарылчылыгын туудурат.

Эмоция адамдын денесиндеги түрдүү өзгөрүүлөргө: жүрөктүн иштешине, кандын жүрүшүнө, дем алуу органдарынын, булчуң эттердин аракетине таасирин тийгизип, бардык организмдин кызматын башкарып тургандай элес калтырат. Жүрөк нормалдуу абалда мүнөтүнө 70 жолу кагат, ал эми эмоцияналдуу абалда 150 гө чейин жетет. Дюмо ар кандай эмоцияналдык абалда бир мүнөттөгү дем алуунун төмөнкүдөй сандык көрсөткүчүн келтирет: кубанганда 17 жолу, пассивдүү капаланууда 9 жолу, активдүү капаланууда 20 жолу, корккондо 64 жолу, ачууланууда 40 жолу. Күчтүү эмоциялык абалда турган ашказандын иштөөсү начарлайт. Тамак сиңирүүчү ширелердин бөлүнүшү азаят.

Адамдын эмоциялык сезимдрин башкаруучу орган баш мээ болуп саналат. Негизги милдет чоң жарым шардын кыртышына таандык. И.П. Павлов өзүнүн изилдөөсүндө эмоциянын, сезимдин, денедеги өзгөрүүлрдүн жүрүшүн чоң жарым шардын кыртышы башкарбастан, «вицералдык мээнин» таламус, гипоталамус, лимбикалык системанын иш аракеттери да көмөктөшөрүн далилдешкен. Бул борборлорго рахаттануу, кайгыруу, жыныстык канаатануу борборлору жайланышканын билебиз. Эмоцияны, сезимди башкаруучу борборлордун баш мээде обьекьтивдүү жашай турганын далилдей турган так эксперименттер жүргүзүлгөн.

1953-жылы Д.Олдс тарабынан чычкандын баш мээсинен «канаатануу» борборду тапкан. Чычканды аыйн жасалган клеткага камап анын башы аркылуу электр тогу бар чынжыр өркөрөт да токту туташтыруучу кнопканы клетканын ичине жайлаштырат. Электр тогу чычкандын башы аркылуу өтүп турган учурда, чычкан клеткадагы клетканы бир канча миң жолу, токту ажыратып койгондо бар болгону 10-15 жолу баскан.

Дж.Ингрем менен Ренсон маймылдын гипоталамусун иштеп чыгарып, ал аркылуу электр тогун өткөргөндө анда эч кандай эмоцияналдык реакция пайда болгон эмес. Тескерисинче, гипоталамусу иштеп турганда, ток жиберилсе, коркуу ачуулануу сыяктуу эмоциялары козголгон. Швед Дж. Андерсен эчкинин баш мээсинин белгилүү бөлүгүнө ийне менен хлористый-натрийди куйганда эчкиде сууга болгон ач көздүк келип чыккан. Сууну ичи жарылганга чейин иче берген. Дүүлүгүнү токтоткон соң эчкинин суу ичкени калган сууга чаңкоо гипоталамуста жатканы ачык.


4. Негизгиэмоционалдык абалдар.

Адамда күчтүү, күчсүз дүүлүктүргүчтөрдүн таасиринен пайда болгон абал кыска узак убакытка созулушу ыктымал мындай абалдар спецификалык мүнөзгө ээ жана түрдүү формада кырдаалда кздешет.

Көңүл. Жагымдуу, жагымсыз,пайдалуу, пайдасыз ж.б. ар түрдүү дүүлүктөргүчтөрдү жалпы организмге таасир этишинин натыйжасына адамдын жакшы, жаман сезүү абалы психология илиминде көңүл деген түшүнүк аркылуу туюнтулат. Көңүлдүн пайда болуу себептерине төмөнкүлөр кирет.

Начар интенсивдүүлүккө ээ М. кайгыруу, чочулоо сыяктуу касиеттер адамдык толкундоо абалына кирет.

Белгилүү убакытка созулат. Бир саатка, бир күнгө же андан ашык.

Белгисиздик мүнөзгө ээ. Көңүлдүн тигил же бул түрүн пайда кылуучу себептер адамга алдын ала белгисиз болот.

Организмдин физикалык абалы сырткы шарт адамдар менен болгон мамиле ар дайым көңүлдүн пайда болушуна түрткү берет. Көңүлдүн туруктуу болушу адамдын жашына мүнөзүнө, жеке өзгөчөлүктөрүнө темпераментине, эркине байланыштуу болот. Иш аракетке анын түрдүүчө натыйжасына көңүл сөзсүз таасир этет. Кушбак турганда адам өзүн чыйрак сезет, ишке жөндөмдүүлүгү кескин түрдө жогорулайт.

Аффект (келесоолонуу, жиндөө). Адамдагы эффективдүү абалдын төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү бар.

Эң чоң интенсивдүүлүктө жүрөт, ачык байкалат. Адам эффективдүү абалда турганда, колдору түйүлүп, үнү катуу чыгып, дем алуусу начарлап, бети канга толгондой кызарып кабагы бүркөлөт. Адам эффективдүү абалда өзүн-өзү жоготуп, бир орунда катып калышы мүмкүн же эффектиге себепчи болгон шарттан качууга аракет кылат.

Кыска убакытка созулат.

Отчетсуз мүнөзгө ээ. Аффективдүү абалда адам өзү жасап жаткан ишке маани бербейт, аракетин өзү башкара албай калат. М, 22 жаштагы Н, аттуу келиндин сулуу, сымбатуу күйөөсү болгон. Күндөрдүн биринде келин ишке баратып, жолдош кызынын үйүнөн күйөөсүнүн үнүн угуп калат. Үйгө кирсе күйөөсү жолдош кызы менен турат. Күйөөсү уялуунун ордуна аялын шылдыңдагандай карайт. Үйүнө келип эч нерсе болбогондой кир жууйт, келген милиционерлерге, алардын суроолоруна таң калуу менен карайт.

Диффузиялык мүнөзгө ээ аффектини пайда кылуучу дүүлүктүргүч адамдын бүткүл денесине бийлик кылып, аң-сезимди иштен чыгарат. Мындай абалда адам чектелген гана обьектилерге көңүл бурат.

Ошентип аффект - адамдын аң сезимин толук, тез ээлеп, дуулдап өтүүчү эмоционалдык процесс.

Стресс (чыңалуу). Бул татаал психикалык процесс. Стерсс адамдын кыймыл аракеттеринин, ойлоосунун жогорку чыңалуу абалында өтүүсүн мүнөздөйт. Ал коркунучтуу абалда аракет кылганда, иш аткаруу убактысынын чукулдугунда, иште көп белгисиздиктер орун алганда пайда болот. Стресстик абал жогорку өкмөттүк дэңгээлдеги адамдардын сөздөрүн которгон котормочуларда ачык байкалат. Алар кыска убакыттын ичинде айтылып жаткан убакытттын ичинде айтылып жаткан информацияларды мазмунун бузбай, так которуп, угуучуга жеткизүүгө тийиш. Которуу учурунда котормочулардын кан тамыры бир минутада 160 жолу соккон, электрокордиограмма кескин түрдө бузулган.

Стресстин адамдын иш аракетине, жүрүш турушуна таасир этиши нерв системасынын түрүнө жараша болот. Козголуу тибиндеги адамдар стресстик абалда көп сөздүү болуп, колу менен керексиз кыймылдарды жасайт. Көңүлү ойлоосу тез алмашат. Ал эми тормоздолуу нерв системасына ээ болгон адамдар өзүн эркин кармай албай, кыймылдары жайлайт. Стресстик абалда пайда кылган дүүлүктүргүчтөрдү көп эстей берет, ойлоо аракети начарлайт.

Стресстин табиятын биринчи болуп Г.Силье изилдеген. Адам стресстик абалда турганда үч стресстик абалды башынан кечирерин аныктаган. Биринчи фаза - «коркунуч реакциясы». Мында адам стресстик абалды жеңүү үчүн бүткүл абалын жумшайт. Кан коюлуп, хлордун сосставындагы иондор азаят, нерв ткандарынын начарлашы байкалат. Экинчи фазасында организм таасир эткен дүүлүктүргүчтөргө көнө баштайт. Кан, салмак, хлордун составы калыбына келет. Эгер адамга таасир эткен күчтүү дүүлүктүргүчтүн таасири алынып салынбаса, анда стресстин үчүнчү фазасы пайда болот. Ал көтөрүмдүк же арыктоо фазасы болот. Анда адам физиологиялык жактан өзгөрөт же өлүм коркунучу туулат. Ошентип - стресс күтүлбөгөн, ыңгайсыз абалда пайда болуу менен бирге чоң нервтик чыңалууну жумшап, белгилүү иш-аракетти аткарууда пайда болгон эмоционалдык процесс.

Стресске окшогон кубулуштардын бири - фрустрация. Бул англис сөзүнөн которгондо «пландын бузулушу, жолу болбогондук» деген маанини берет.

Фрустрация – кайгыны баштан кечирүүнү, канаатанбаган, көедөгөн максатка жетпеген абалды көрсөтүүчү терс эмоционалдык процесс. Анын ачык көрүнүшү болуп депрессия, агрессия саналат.

Бул жооптуу ишти аткара албагандан, жолдошторунун туугандарынын алдында өзүн жоопкер-чилигин, күнөөлүүлүгүн сезип, ал абалдан чыга албагандан пайда болот. Кыскасы депрессия терс эмоциялык фондо пайда болуп, адамдын мотивациялык сферасын өзгөртөт, таануу мүмкүнчүлүгүн, жүрүш-турушун жалпы абалын начарлатат.

5. Жогорку сезимдер.

Жогорку сезимдер моралдык, интеллектуалдык, эстетикалык болуп бөлүнөт. Алар адамдын рухий дүйнөсүн, личность катары потенциалдык деңгээлин мүнөздөйт.

Моралдык сезим, коом тарабынан иштелип чыккан моралдык категориялардын негизинде адам өзүн курчап турган обьектилерге карата мамилесин билдирет. Анда личносттун адамдар ортосундагы мамилеге, өзү жашаган коомго болгон жекече көз-карашы чагылат. Моралдык сезим этикалык нормалардын, адамдын мамилелердин системасында пайда болот. Ар бир коом, эл өзүнүн жашоо чөйрөсүнө жараша белгилүү моралдык нормаларды иштеп чыгат. Адамдын моралдык сезими жакшы көрүүдө, сыйлоодо жек көрүүдө, сүйүүдө, ыраазылык билдирүүдө байкалат. Моралдык сезим социалдык мүнөзгө ээ болуу менен бирге өтө татаал, көп кырдуу көрүнүш. Психологияда ойлоо менен эмоциялык сезимдердин ортосунда тыгыз байланыштын бар экендиги маалым. Эмоция ойлоо аракттеин башкарууга жөндөмдүү. Адам таануу процессинде ар кандай жаңы гипотезаларды жаратат. Алардын реалдуулугун, тактоо, далилдөө же жокко чыгарууда адамда ишенбөө, таң калуу, кызыгуу жана кубануу сыяктуу эмоциялык абалдар пайда болот. Бул абалдар адамдын алдында турган гипотезаларды кунт коюп, анализдөөгө, баалоого мажбур кылат. Натыйжада жаратылыштын закондору ачылат.

Эстетикалык сезим. Адам баласынын өз колунда жасаган же жаратылыштагы кооздукту кабыл алуудан пайда болот. Бул сезимди кооз предметтер, табияттын көркү, искусствонун шедеври туудурат. Сулуулук адамды өзүнө тартып, анын ички дүйнөсүндөгү түрдүү өзгөрүүлөргө алып келет. Эстетикалык сезимди жалаң гана сулуу предметтер эмес, өтө интеллектуалдуу личность да, өз эмгеги менен элди таң калтырган инсан да козгой алат.


Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Эмоция жана сезимдин табияты жөнүндө айтып бергиле.

  2. Эмоционалдык абалдын сигналдык жана жөнгө салуучулук функцияларын түшүндүрүп бергиле.

  3. Настроение, стресс, аффект, фрустрация, депрессия ж.б. эмоционалдык абалдардын мүнөздүү белгилерин айтып бергиле.

  4. Жогоркусезимдердинтүрлөрүнайтыпбергиле.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!