СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Элдик уламыш уламыш

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Элдик уламыш уламыш»

Элдик уламыш, аңыздар боюнча биринчи манасчы. Манастын ырчысы.

“Ырамандын Ырчы уулу,

Ырдап айткан кебимди.

Канчалар кордук кылганда,

Кайраным тапкан эбимди”

– деп, Манас баа берген, анын төл ырчысы Манас дүйнө салганда аны алгач кошуп ырдаган дешет. Андан соң Абыке, Көбөштөрдүн ыгына көнбөй, жер кезип, Манасты даңазалап жүрүп өткөн экен.

 

“Ырамандын Ырчы уулу,

Ычкыры бапик кырк мууну” – делинип, Сагымбайда Оргону жеңгенди, анын увазири Ырамандын баласы, өз аты Каратай экени эскерилсе, Саякбайда атайы Манасты издеп келип, чоро болот. Ырамандын Ырчы уулу тууралуу мындан башка маалымат жок. Кээде Жайсаң ырчы менен бир адам катары көрүшсө, кээде эки башка адам катары санагандар бар. Кандай болгон күндө да, “Манас” жомогун түптөп, ага чыйыр салган алгачкы ырчылардын бири катары эл дал ушул Ырамандын Ырчы уулун эсептешет.

Үмөт уулу Жайсаң

Wikipedia дан

Өтүү: багыттоо, издөө

ҮМӨТ УУЛУ ЖАЙСАҢ

Айрым божомолдорго караганда, алгачкы манасчы. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Жайсаң ырчы Манас менен Кайыпдаңдын урушунан кийинки окуяда эскерилген. Манас Кайыпдаңды согушта жеңип, анын кызы Карабөрктү алганда тигилген боз үйдүн жасалгасын:

“Салтанатын көргөндө,

Жайсаң ырчы дегени,

Жалаң үйдүн порумун,

Жарым күнү ырдаган” – деп, ырчынын аты аталат.

«Манас» эпосун алгач ирет айтып чыккан ырчы болушу мүмкүн, бирок бул пикирди негиз катары кароого болбойт” деп, белгилүү эпос изилдөөчү Муктар Ауэзов айтат. Ал эми академик Б.Юнусалиев: «Сагымбайдын вариантында эске алынган Жайсаң ырчы дегенди, Манастын чоролорунун бири Ырамандын Ырчы уулу деп аталышын эске албай коюуга болбойт» деп, белгилейт. Элдик оозеки тарыхта (санжырада) кыргыздардын байыркы мезгилдеги кол башчысы Кыргызхан Таласка жеңиш менен келишинде чоң той берип, тойдо Жайсаң ырчы бытырап кеткен көп уруунун башын кошуп, эл кылгандыгы үчүн Кыргызханды мактап ырдаган. Жайсаң ырчынын эл оозунда:

“Кыз келиниң кадырлап,

Үкү менен сыйладың,

Чачылып кеткен Узундун,

Чар тарабын жыйнадың” – деген ыры сакталып калган.

Ал эми «кыргыздардын байыркы ата-бабалары болуп эсептелген усундар (үйшөңдөр), б.з.ч. 2-кылымдан 6-кылымга чейин, Жети-Суудагы эң ири уруу союздарынан болуп келген» деп, тарыхчы Н.А.Аристов жазган. 1995-жылдын 3-июлунан тартып, Манастын кырк чоросунун бири болгон Жайсаң ырчынын рухуна кабылып, андан сан түрүндө «Манас» дастанынан маалымат алып, аны чечмелеп кагазга түшүрүп келе жаткан Мариям Муса кызынын айтуусу боюнча: «Үмөт уулу Жайсаң 682-жылы туулган. Ал Айкөл Манастан 12 жаш кичүү болгон. Энеси Карач хандын кызы Жаңылча. Жайсаң атасы Үмөт экөө тең Манастын чоролорунун катарында болушкан. Чоң Казатка чогуу барышып, Жайсаң жарадар болуп эсин жоготуп, кандайдыр бир сыйкырдуу добуштан көзүн ачкан соң, «Манас» дастанын айта баштайт. Элге улуу ырчы катары таанылып, бардыгын эсине түйүп алган соң, Токчоронун уулу Токтогул (Ырамандын Ырчы уулу) уу берип, 54 жаш курагында дүйнө салган. Сөөгү Кызарттын белине коюлган”. Аты аталган материалда Жайсаңдын таланты жөнүндө мындай деген мүнөздөмө берилет: «Үйшөңдөр Үмөтүнүн уулу Жайсаң, Үлгү ырдын чебери эле топту жарган. Ширин тил, шыңга мүчө, бой-келбеттүү, шадылуу манжалары комузга эптүү. Назик үн көмөкөйдөн мукам чыккан, Негедир жашытчу эле адамды уккан… Ошончо ырчылардын арасынан, Обону уккандарды тамшандырган; Он үчкө жашы жаңы толгон менен, Орчундун арасында жок эле тең». Ошол Мариям Муса кызынын маалыматы боюнча Үмөт уулу Жайсаң ырчынын учурунда жана көзү өткөндөн кийин да кыргыздын ар уруусунан мезгил-мезгили менен «Манас» дастанын айтып келген Жайсаң аттуу 9 ырчы чыккан экен, алар:

  1. Үмөт уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан),

  2. Сартпай уулу Жайсаң (аргын уруусунан),

  3. Солобо уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан),

  4. Касымбай уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан),

  5. Калысбек уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан),

  6. Жамгырчы уулу Жайсаң (Кошой баатырдын тукумунан),

  7. Асылбала уулу Жайсаң (нойгут уруусунан),

  8. Молдобасан уулу Жайсаң,

  9. Жаңыбай уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан).

Манасчылар

Улуу Манас - бул байыркыны, кечээкини, бүгүнкүнү, эртеңкини туюндурган бир бүтүндүк. Андыктан:

Алтындай сөздү куюлткан,
Айкөлдү айтып туюнткан,
Шекердей сөзүн куюлткан,
Шерлерди айтып туюнткан,
Элирип айтып киргенде,
Табиятты кубулткан,
Обондон жамгыр куюлткан,
Күн-түндөп айтып "Манасты",
Айрандай элди уюткан

манасчылар жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
Байыркы манасчылар: Ырамандын Ырчы уулу, Жайсаң ырчы, Токтогул ырчы, Келдибек Карбоз уулу, Балык Кумар уулу, Акылбек ж.б.
Манас бир өлгөндө, Балык бир көчкөндө Талас ичи ээнсиреди
Балык Кумар уулу
Өз мезгилинин эң күчтүү манасчыларынын бири Балык Кумар уулу 1799-жылы Талас өрөөнүндө туулган. Балык 1887-жылы 88 жаш курагында Чүйдө кайтыш болгон.
Түш көрүүсү
Талас өрөөнүнөн Кокон хандыгына салык, зекет үчүн төлөнгөн койлорду айдап баратып, бороон болуп Манастын күмбөзүнө конуп калышат. Ошондо Балык түш көрөт. Ага Манас чоролору менен жолугат. Бир аксакал киши:
- Ой, Бекмурат, бизди тааныбайсыңбы? - дейт.
- Көргөн жок элем, бирок болжоп турам, - дейт Балык.
- Эмесе, ошол болжогон кишиң бизбиз. Биздин турук кылган үйгө кирип калыпсың. Токтогул деген ырчы бизди айткан. Сен да бизди аныктап айтып көрсөт. Оозуң, көзүң балыктыкына окшош экен, сенин мындан кийинки атың Балык болсун. "Манасты көрдүм, сүйлөштүм, аныктан анык" деп айт. Эми биз кетебиз… Кабакка барсаң, бир тоголок тору бышты ээр-токуму менен бутунда чидер салынып турат. Биз ошону сага бердик.
Андан соң Бакай Манасты, кырк чорону тааныштырат. Ошондон кийин атчандар шарт коюп жүрүп кетишет. Ошентип Манас даарып кеткенден кийин Бекмурат Балык атка конот да, Манас айта баштайт.
Кадыр-баркы
Кумар уулу Балыкты Талас эли өтө баалаган. Ал өз кезегинде Ажыбек датка, Бүргө баатырлар менен эл бийлеген даражага да жеткен. Атагы таш жарып, кыргыз элинин булуң-бурчуна тараган. Солтонун манабы Байтик жигиттерине беш төө коштотуп, Ажыбек даткадан Балыктын Чүйгө көчүп келүүсүн өтүнгөн. Ошондо Балыктын ажырашаягы үч айга созулуп, эл менен ырдап коштошот. Анда да элди кыя албай, жүгүн түшүрүп бир жылга көчпөй токтоп калат. Байтик экинчи жолу беш төө жетелетип Ажыбек даткага тартуу кылат. Ошондон кийин гана Балык Чүйгө көчүп келет. Чүй эли Балыкты атынан айтпай, аба деп кадырлаган. Өргөөсү Байтиктин үйүнөн бийигирээк жерге тигилген. Ар кандай иштерди Байтик Балык менен кеңешип чечкен. Талас эли "Манас бир өлгөндө, Балык бир көчкөндө Таластын ичи ээнсиреди" деп айткан.
Кечээги манасчылар:
Сагынбай, Саякбай, Шапак, Молдобасан, Мамбет, Акмат, Дүңкана, Шаабай, Кааба ж.б.
Манасчылардын Манасы - Сагынбай
Сагынбай Орозбаков
Кыргыз элинин залкар манасчысы Сагынбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кабырга деген жерде туулган. 1930-жылы ата-бабасы жашап өткөн Кочкордо кайтыш болгон.
Түш көрүүсү
Сагынбай козу кайтарып жүрүп түш көрөт. Бир аксакал карыя: "Ач оозуңду, балам, алтын шилекейимен чачыратайын. Мындан жаман болбойсуң" дейт. Бала коркуп оозун ачпайт. Карыя: "Манас айткың келеби?" дейт. Бала сүйүнүп кетип: "Ооба" дейт. Ошондо тиги аксакал кумга, шилекейге окшогон нерсени Сагынбайдын оозуна куюп жиберип көздөн кайым болот. Ошондон баштап Сагынбай Манас айта баштайт.
Сагынбай жөнүндөгү пикирлер:
Эл оозунан:
"Сагынбай "Манас" айтып кеткен жерден мал оорулары, адам оорулары жоголуп, төрөбөгөн аялдар төрөчү экен".
"Бир жылы Чүй өрөөнүндө "Манас" айтып жүрүп төрт жүз кер кашка жылкы айдап келиптир".
"Сары-Чүйдүн кум казактарынын ырчылары менен жолугушканда тигилер "биздин казак-кыргызда мындай олуя ырчы жок" дешкен экен".
"Сагынбай манасчылардын Манасы эле".
"Сагынбайдын ар бир сөзү - бир аттык"
Токтогул: "Кыргыздан мындай манасчыны эч көргөн эмесмин, эстен тандым".
Молдобасан: "Акындык жагынан ага тең келген күчтү көргөн эмесмин, биз анчейин анын баласы катарындабыз".
Ыбырайым Абдырахман уулу: "Семетейдин Коңурбайдан кун кууган урушун айтканда жөн эле эсим оогон".
Алыкул Осмонов: "Сагынбай Орозбаков-дуку болбосо анда калгандары бизди "Манас" эпосунун күчүнө мынчалык таң калтыра албас эле. Сагынбайдын сөздөрү башкалардыкынан бөлүнүп турат. Сагынбайды окуп туруп башкалардыкына келгенде, төрт катар үйдөн бир катар үйгө түшкөндөй ылдыйлайсың… Өзүбүздү көтөрбөй айтканда… Сагынбай Орозбаков да Пушкин, Толстой, Данте, Шекспир сыяктуу таң калтыруучу күч болуп эсептелет".
Чыңгыз Айтматов: "Сагынбай өзүнчө бийиктелген аскар тоо. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакта кайталанбас руханий көрүнүштүр".
Бүгүнкү манасчылар: Уркаш, Назаркул, Асанкан, Талантаалы, Салимбай, Рыспай, Замирбек, Самат, Дөөлөт, Улан ж.б.
Манас - карарган эл болуп, бүркөлгөн кара жер болуп…
Дөөлөтбек Сыдыков
Манасчы, 1983-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Шор-Булак айылында төрөлгөн. Республикалык, эл аралык фестивалдардын лауреаты.
Түш көрүүсү
13 жашынан баштап "Манас" айта баштаган. Түшүндө Саякбай ата келип: "Минтип айтып жүр" деп, өзү айтып көрсөтүп берет. Ошондон кийин Саякбай түшүнө удаа-удаа кирет. Дөөлөт мал кайтарып жүрүп, ат үстүндө манас айта баштайт. Кийинки бир түшүндө чексиз мейкиндикте тоо-таш, карагайлуу жайлоодо турганын көрөт. Анан кулагына кандайдыр бир үн угулуп: "Кана, айтчы, Айкөл Манасты көрүп атасыңбы?" дейт. Айланасын караса эч ким көрүнбөйт. Баягы үн кайра кайрылып: "Жакшыраак карабайсыңбы, турбайбы!" дейт. Анда да эч кимди көрө албайт. Көрсө, Манас дүйнөсү көз алдында чагылдырылган мейкиндиктей керилген, көк асмандай кенен уч-кыйырсыз экен. Айкөл карарган эл болуп, бүркөлгөн кара жер болуп турган тура. Баатырдын турпаты айтылгандай эле бар экен. Колду аралап жалгыз баратыптыр. Жакындап келгенде бир көрөт, бирок бат эле узап кеткендиктен даана көрө албай калат.
Дагы бир түшүндө Тал-Чокудан төрт баатырды көрөт. Көлдүн тескей тарабында, Тоңдун тушунда калың эл тоонун боорунда жайылып отурушат. От жагылып, казан асылып, эт бышып жатат. Аңгыча кыбыла тараптан төрт баатыр келет. Астындагы минген тулпарлары тигил тоонун башынан бу тоонун башына бир өтүп, туяктары чокуларга тийип-тийбей келе жатты. Бир маалга аларга кошулуп, ал да жөнөйт. Ошентип отуруп, Тал-Чокунун башына чыгышат, төмөн жакта агып жаткан үч дайранын куймасын көрсөтүшөт. Дайранын аттарын да атап беришет. Дайралардын ар жагы түзөң болуп, майда бөксө тоолор мунарык тартып турат. Алар бир кыйлага Кытай тарапты карап турушат. Архив бөлмөсү



Бука ырчы



2009-Декабрь

Автору: Али Турдугулов   

Кыргыз эли табиятынан таланттуу келип, илгертен ырчы-жарчыларга, жамакчы жомокчуларга, акындарга, санжырачыларга жана сынчыларга абдан бай, бирок, учурунда элдин жазма-сызмасы болбогондуктан, андай инсандардын көпчүлүгүнүн ысымдары бизге жеткен жок. Көзү өткөн ошол ата-бабаларыбыз өздөрүнө чейинки илгертен калган көркөм сөз өнөрүн мурас тутуп, байытып, өнүктүрүп, өздөрүнүн артынан соолбос булак, сөз өнөрүнүн мурасын калтырып кеткенин тана албайбыз. Кайсы бир доордо өмүр сүрүп, анан улам мезгил өткөн сайын эл оозунда айтылып, анын аң-сезиминде сакталып калыш үчүн жөнөкөй эле катардагы карапайым адам болуу жетишсиз. Ал үчүн же мезгил күүсү менен бирге чертилген доордун улуу даражадагы тарыхый инсаны, же болбосо табиятынан талант даарыган чыгармачыл адам, кептин толук маанисинде, акылман-даанышман адам болуу керек. Демек, артыңдан эстелик болуп кала турган көөнөрбөс мурас калтырып кетишиң шарт.

О рто кылымдарда (балким, андан бир аз мурдараак) өмүр сүрүп, чыгармачылыгын ошол мезгилдин мерчеминде өнүктүрүп, бүгүн минтип, ысымдары тек гана уламышка айланып калган Бука ырчы, Ырамандын ырчы уулу, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жайсаң ырчы, Асан Кайгы өңдүү инсандар жогоруда биз айткан кыргыздын атам замандан бери куйрук улап келе жаткан таланттуу даанышмандарынын айрымдары гана. Алар биз үчүн өмүр бою үйрөнө турган адабий, маданий мурас калтырып кетишти. Ал мурасты үйрөнүү менен биз элдин өткөн турмушун: каада-салтын, үрп-адатын, жашоо мүнөзүн жана ойлоо психологиясын, эң негизгиси, улуттук эс тутумун жазбай үйрөнөбүз. Алар аркылуу качандыр бир мезгилдерде ата-бабаларыбыз менен эриш-аркак өмүр сүрүп, элде не бир акылман-даанышман инсандар жашаганын билип, урпактарыбызды урматтап, адам рухун баалай, кастарлай билүүгө дит байлайбыз. Ошондон улам, бүгүнкү турмуш-тиричилигибиздин, жашообуздун маңызын аңдап, эртеңки күнүбүздү, келечегибизди түптөйбүз.

Дегинкиси, бүгүнкү улут адабий мурасын, улут маданиятын туура аңдап, туура өздөштүрүү ишинде илгертен түптөлгөн эстутум (память), айрыкча улуттук эстутум (коомдук, улуттук аң-сезимдин формасы катары), анын функцияларын туура реконструкциялоо, пайдалануу - биринчи планда туруучу маселе. Даанышмандар дүйнөсүн аңтарып ачуу аркылуу жана классикалык адабий мураска жаңыча мамиле жасоо аркылуу гана улут маданиятынын келечегин түптөө мүмкүн экенин эмитен аңдаганыбыз туура.

Орто кылым адабий мурасын аңдоо, өздөштүрүү, интерпретациялоо, асыресе, улуттун көөнө мурасын, салтын, тарыхын өздөштүрүп алуу дегендик эмес, экинчи жагынан, учурдагы элдердин, улуттардын, маданияттардын интеграцияланышындагы ааламдашуу процессине ыкчам аралашуу мүмкүнчүлүгүн да жаратат. Жогоруда айтылгандай, орто кылымдан бери оозеки формада жашап, элдин аң-сезиминде адабий-маданий мурас катары муундан муунга кастарланып, эстафета сымал өткөрүлүп келген чыгармалардын айрым үлгүлөрүн Үмөт уулу Жайсаң, Ырамандын Ырчы уулу, Токтогул ырчы, Бука ырчы, Жайсаң ырчы, Толубай сынчы, Асан Кайгы сыяктуу даанышман инсандарыбыз жаратышкан. Бу саам, асыресе, Бука ырчы жөнүндө алгачкы гана маалыматтарды берүүнү туура көрүп турабыз.

Ысымы уламышка айланган бул инсан жөнүндө адабиятчылардын (кеңири болбосо да) айрым изилдөөлөрү бар. Тилекке каршы, алардын баарында ырчынын аты Кетбука деп берилет, бул туура эмес. Орто кылымдарда өмүр сүргөн бул даанышман адамдын азан чакырып коюлган чын аты Бука эле. Эми Кетбука аты кайдан, эмнеликтен жаралып калды?

Бука ырчы найман уруусунан чыккан белгилүү инсан болгон, ал болжол менен XIII кьлымдын биринчи жарымында өмүр сүргөн. Так ошол мезгилдерде улуу каган, Монгол империясынын негиздөөчүсү Чыңгыз хан жашап өткөнүн окурмандар тарыхый маалыматтардан улам билишет, буга кеңири токтолуу зарыл эмес. Эл арасында ошондон бери айтылып келаткан уламыштарга ылайык, улуу баласы Жуучунун баш бербей баратканына ачууланган каган аны өлтүрүп келүүгө желдет жиберет да, кайра өкүнүп калат. Өлүм өкүмүн жандырган буйрук артынан баргыча, Жуучу өлүмгө буйрулуп кеткен болот. Тарыхый так маалыматтарга ылайык, ал жарыкчылык менен 1127-жылы кош айтышат. Ошондо каардуу ханга уулунун өлгөнүн угузууга эч ким даабайт. Бука ырчы табият талант тартуулаган чечен гана болбостон, эл бийлеген бий, чатак баскан (сөзү эки болбогон) даанышман да экен. Бул суук кабарды Бука ырчы угузат. Текстти окуп көрөлү:

Туу куйругу бир кучак,

Тулпар качты, Айганым.

Туурунан бошонуп

Шумкар качты, Айганым.

Алтын така, күмүш мык

Дулдул качты, Айганым,

Алтын туур ордунан

Туйгун качты, Айганым.

Алтын ордо багынан

Көл бөксөрдү, Айганым.

Терек түптөн жулунуп,

Жер бөксөрдү, Айганым.

Ала-Тоо кулап бас болуп,

Бел бөксөрдү, Айганым,

Берекелүү нур чачкан,

Эл бөксөрдү, Айганым.

Төрөлөрдүн уругунан

Төл бөксөрдү, Айганым.

Кара жандан таптаттуу

Ынак көчтү, Айганым,

Касиеттүү башкача,

Чырак өчтү, Айганым.

Айганым деп Чыңгызханды айтып жатат. Айрым маалыматтарда, уламыш-санжыраларда ал Ай-хан деп айтылат. Ай шооласынан, нурдан бойго бүтүп, күнөөгө бата элек кыздан төрөлгөн деген мифологиялык түшүнүк бар. Тигинтип табышмактатып ырдап, эмнени айтып жатканын Ай-хан дароо эле туят, «тулпар качса карматпай, менин туйгунум өлгөн турбайбы, көнөктөп жамгыр төгүлсө, менин көзүмдүн жашы турбайбы» деп баласынын өлгөнүн түшүнөт. Сөзүнүн аягында суук кабар угузганы үчүн ырчыны жекирген жери бар:

«Кет, кет, Бука, кет Бука,

Кеби жаман, ит Бука.

Карап турган кашымда,

Көзүң курсун, ит Бука.

Комуз чертип ырдаган,

Ырың курсун, ит Бука».

Кыязы, ушундай саптардан кийин изилдөөчүлөр ырчынын атын Кетбука деп жаза башташса керек. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда Бука ырчынын Айгандын баласынын өлгөнүн угузганы жөнүндө бир нече варианттагы материал бар. Ар биринде ар кандай айтылганына карабай, баарынын маңызы бир.

Ысымы уламышка айланган бул ырчы жөнүндө мындай уламыш-кептерден башка эл ичинде бир нече күүлөр да сакталып калган.

Айтматов ааламы

Ч.Айтматовдун талант КҮЧҮ
Манас Ата тоосунун ак кар, көк музунда

 

Манас жана Чынгыз
Жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов кыргыз элинин руханий дөөлөттөрү тууралуу ой-толгоолорун аяктады. Төмөндө анын "Манас жана Чыңгыз" бөлүмүнөн үзүндү жарыялайбыз.

Ушул кеч күздө Күркүрөө суусунун боюнда турам. Алыста көз учунда аппак чокулуу Манас ата тоосу заңкаят. Көк асман шаңкаят. Кыйыры көрүнбөй кылкылдаган кенен талаа, мээлүүндүгү искелген таптаза аба. Чыңгыз ата жарык дүйнөгө келген, балалык өспүрүм чагы өткөн касиети артык Шекер айылы. Ал ушул чөлкөмдө эс тартты. Жамандык менен жакшылыкты, ак менен караны, адамдык менен айбандыкты ушул жерден таанып көрдү. Ошол катаал, татаал мезгилдеги оор турмуш, "эл душманынын бүлөөсү" деп жектеп басынткан кордоолор аны эресеге эрте жеткирди.
Жазуучунун бир каарманы, өз акыйкатчылыгынын курманы болгон таланттуу акын Сабырдын: "Канткенде адам улуу адам болот - деген ыр түрмөгү анын "Бетме- бет", "Жамийла", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Гүлсарат", "Ак-кеме", "Кылымга тете бир күн", "Кыямат", "Касандранын эн тамгасы" чыгармаларынан тартып окурмандарга жаңы эле тартууланган "Тоолор кулаганда" аттуу соңку романынын күрөө тамыры, арка-бели, өзөгү өңдүү кызмат өтөгөнү өзгөчө ажайып.
Эзелтеден чечилбеген
улуу талаш,
Канткенде адам уулу
адам болот?
Ураалап жоо кууса да ушул
талаш,
Канткенде адам уулу
адам болот?
Ажалга көз жумса да ушул
талаш,
Канткенде адам уулу
адам болот?
Душманды кырып-жоюп
басканда да,
Душмандан жан соогалап
качканда да.
Түбөлүк чечилбеген улуу талаш
Канткенде адам уулу
адам болот?
Адамзат качан чечет качан
коет -
Канткенде адам уулу
адам болот?
Бул адам атадан бери адамзат пендеси чече албай баш оорутуп келаткан азаптуу, машакаттуу түйүн. Аалам үчүн алакан отундай эле болгон Жер-Энесин ачкөздүгү ашынып, арааны ачылып бараткан адам пендеси өз колу менен кыйратып алабы? Адам акылы өзүнүн ачкөздүк кумарын токтотууга чамасы жетпей калабы? "Дүйнөнү бийликке айландырууга болбойт, антсе да акыл жүйөөсү аны тозокко айландырып албашыбызда" деген осуятын айтыптыр улуу орус ойчулу Бердяев.
Демек, адам өзүн тозокко кабылтпаш үчүн адам болушу керек экен "Адам бол айланайын!" Бул сөз Чыңгыз аганын бала чагында Карагыз апасынын айткан насааты эле. Апасы аны дайыма айтуучу. Кулагынан өтүп жүрөгүнө жетип, каны-жанына сиңип кеткен сөз ошол. Дүрбөлөңдүү отуз жетинчи жылы Нагима эне төрт баласы менен Маймак станциясынан түшкөндөн кийин Карагыз апанын үйүнө келип баш калкалаган. Айтматтын Айымкүл, Төрөкул, Карагыз, Гүлайым, Рыскулбек деген беш баласы болгон.
Төрөкул Айтматов 1935-жылы Москвада марксизм - ленинизм курсунда бир жыл билим алып аны бүтүргөндөн кийин "Кызыл профессура" институтуна кирип окуп калат. Ошондон көп узабай үй-бүлөсүн Москвага көчүрүп кетет. Чыңгыз биринчи, экинчи классты Москвадан окуйт. Ошол жерде балдардын кенжеси Роза төрөлөт. Жакшылыкка толгон айлар, жылдар бейкапар өтүп жаткан.
Бир күнү Чыңгыз атасы экөө Москва алдындагы токойдо сейилдеп жүргөн маалда эки киши мушташа кетет. Бирөө экинчисин кызыл жаян кылып аябай сабап кирет. Жанындагылар ажыратып койбой жарданып карап тура беришет. Ошондо күчтүүсү күчсүзүн кордогон мындай адилетсиз зомбулукка чыдабай кеткен Чыңгыз - Ата, тигилерди арачалап койчу - деп ыйлап жибериптир. Мүмкүн бул болочокку улуу гуманисттин жан дүйнөсүндө тубаса өнүм алган адамдык сапаттын, боорукердиктин, адамды сүйүүнү түбөлүк тамырланткан жакшылыктын үрөнү, уюткусу менен көрөңгөсү, дээрден жанган шамчырагынын адепки белгисидир.
Чыгармачыл адам катары бул инсанга симпатия бергеним- ал бизге жөнөкөй ойлонгонду, жөнөкөй сүйгөндү, жакшыны баалай, жаманды айырмалай билгенди үйрөткөн. Акыркы сапарга узатуу азасында Президентибиздин аны ойчул атаганы жакты. Анткени, ал бизге чыгармалары менен ой жүгүрткөндү үйрөттү. Кийинки дүйнөлүк деңгээлдеги маселени козгогон чыгармалары өзүнчө бир дың. Мурдагы чыгармаларында кадимкидей кыргыздын духу сезилип, кыргыздын жыты жыттанып турат, ар биринде айкөл калк экенибиз туюлат.
...Кеч күздүн сыдырымдуу боз мунарыгын жамынып тунжураган адыр-күдүрлөрдүн этегине жайгашкан чакан айыл, анын айдыңында бойлошо шыңкыйып, учу көктү сайган сүмбөдөй түз теректер, "Дүйшөндүн мектеби" деген ат менен дүйнөгө таанылган бир убактарда ушул аймактын жаркыраган терезеси болгон, Чыңгыз аганын өзү Миңкамал апайдан сабак алган мектеп, андан арыта асман мелжиген Манас ата тоосунун өңүрүндө, көз учунда мунарлаган, Султанмураттын десанты түшкөн, өспүрүм курактын кайрылып келбес каркыралары конгон бөксөлүү түзөңдөр куду өзүм өсүп өнгөн кыйбас жеримдей көз алдымда турган.
Ал эми Күркүрөө өзөнү эңиштеп кеткен төмөндө аягы асман танабынын алыскы жээгине такалып көз өлчөмү жетпей кылкылдаган боз талаа кыштын кабарын чакырган сыдырымга жонун тосуп, Жамийланын шыңгыр күлкүсүн, Даниярдын керемет обонун уккан талаа менмин, Гүлсараттын жорголук даңазасына, карып болуп каржалган кайгысына күбө болгон талаа менмин дегендей мелмилдеп жаткан. Танабай, Толгонай өңдүү адам асылдары мезгилдин жаз өңдүү бир ирмеминде дүр этип жайнап чыккан кыска өмүрдүн жыргал-кууралын көргөн, турмуштун миң буйгаттуу кыйын-кезеңине көкүрөк тосуп, күчтөн тайып карыган, кыялкеч келин Алиман жаркылдай күлүп гүл терген керемет талаа чын эле ушул эмеспи! Капырай десең! Улуу жазуучунун руху, сезим дүйнөсүнүн чексиз мейкинине жайылып, чалкып жаткан жаратуучулук байманасы да айлана-чөйрөсүн жаркыратып шоолаланткан кенчтей башкалардан өзгөчөлүү, бешенелүү болот экен.
Башкаларды билбейм, жеке өзүмдүн баамымда Чыңгыз аганын чыгармаларында сүрөттөлгөн жер-суунун айдың-ажары, каармандарынын жашоо-тиричилиги менен кулк-мүнөздөрү, өз ара мамилелери дайыма жүрөккө жарык берип жылытып турган кереметтүү көркөм дүйнөдөй болуп көрүнөт.
Анан, ошол жерлерди өз көзүм менен көргөндө, бул кадимки эле кыргыз айылдарынын бири, ошол айылдардын ар биринде өсүүчү кадимки эле теректер, эл-жерге тирлик берген суусу, шылдырап аккан өзөн-сайлар, жазында көлдөй толкуп жайкалган көктөмү күзүндө минтип сары өлөң болуп кубарган адыр-түздөр экенин көргөнүмдө жазуучунун көркөм сөз кудуретине, кадыресе табиятты гүл безенген керемет дүйнөгө айланткан өнөр рухунун улуулугуна таазим этип башымды ийгем... Көрсө, сүрөткердик улуу күчтүн сыры ошондо турбайбы. Чыңгыз аганын ошол керемет КҮЧҮ, каны-жанынан, поэтикалык илхамынан жаркып төгүлгөн талант КҮЧҮ ушул касиеттүү Манас Ата тоосунун ак кар, көк музунда, киндик каны тамган айылынын айдың талааларында экенине ошондо ынангам.
"Кыргыз Туусу" гезитинин басма сөз борборунда Европадан Ата Мекенине биротоло кайтып келген сүйүктүү жазуучубуз менен улуттук интеллигенция өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анда Чыңгыз аганын орус тилинде жаңыдан жарык көргөн "Тоолор кулаганда" романына байланыштуу ой-пикирлер, жазуучунун андан башка да чыгармачылыгы жаатында суроо-талаптар ортого салынган. Мен да көп жылдан бери көңүл-көкөйүмдө жүргөн Эламан Манасчы жөнүндөгү суроомду бердим эле. Эгерде чыгарма жаралып калганда манасчынын образы Манастын өзүндөй эле дүйнөлүк адабиятта бирден бир, уникалдуу болуп калмактыгын, кыргыздарды башка эл-журтка таанытууда руханий көпүрө катары эбегейсиз милдет аткармактыгын, окурмандар дагы эле күтүп жүргөн ошол романдын тагдыры эми кандай боло тургандыгын айтып...
Мүмкүн, суроо күтүүсүздөн болгондур, же мүмкүн Чыңгыз ага алиге аяктай элек бул чыгармасын айрыкча аздектеп, жүрөгүнүн, жан кутунун тереңинде дагы эле ыйык тумардай сактап жүргөнүнөн уламдыр, жообун катуу толкунданып, ыраазы болуп кубанган маанайда берген эле.
... Ошол жетимишинчи жылдын башы чыгармачылыктын айы менен күнү тууп турган ажайып күндөр болчу. Жер көөдөнүн жарып дүр эткен жаз көктөмүндөй, сөз арашаны көкүрөк дилден агыл-төгүл агып, күркүрөгөн өзөндөй көбүрүп-жабырып, биринен бири озо жамырап, ээ-жаа бербей күргүштөгөн күндөрү болчу.
Капыл-тапыл сөз кени ачылып, калем учу түтпөй, убакыт жетпей турган, кууралың да жыргал болгон ажайып күндөр болчу. Жүрөгүңдү ак кагаздын үстүнө таштап койгон, анын ар бир түрсүл кагышынан канаттуу сөз жаралып турган бактылуу күндөр эле. Жазуучу үчүн андан ашкан бакыт барбы?!
Келечектин улуу романы ошентип жазыла баштаган. Өкүнүчтүүсү - убагында бүтпөй калганы болду. Анткен менен жүрөктүн дал толтосунда азыр да жашап, ушул тапта да жазылууда. Даанышман агабыз ушундай таризде жооп берген. Баштап коюп алиге бүткөрө албай жүргөн, андан башка да көп нерселери бар экенин, убакыт жетсе ошолорду четинен бүткөрө берерин айтып, окурмандарын кубантып койгон. Ошондо жолугушууга катышкандардын бири да анын "Тоолор кулаганда" романынын бул жүз ачаары улуу агабыз менен маектешкен соңку окуя болуп калаарын, ушул чыгарманын аты "Чыңгыз Айтматов" деген улуу тоонун кулашынын, улуу рухтун урашынын бир аян-жышааны экенин, "Өнөр алды кызыл тилдин" кайталангыс поэтикасы мындан ары такыр жаратылбай, жазылбай токтоп калаарын эч ким ойлогон эмес.
Ооба, аттиң дүйнө! Эми мындан ары ажайып керемет сөздөр, ааламды кезип, чарк айланып учкан канаттуу сөздөр жазылбайт. Улуу чебердин сыйкырдуу калеминен сулуулук көрк алган сөз гүлү мындан ары жаңы-жаңы чанагын жарып ачылбайт! Рух мухитине куючу бир улуу дайра капилеттен агымын токтотту, ажайып акыл-ойдун асман тиреген аскар тоосу күтүүсүздөн кулады! Актыктын, тазалыктын, абийир, ыймандын Ааламына жол салган, анын кыл чокусунда туруп АДАМ болуунун сырын айткан, сынын тапкан, нурун чачкан дагы бир даанышман инсан дүйнөдөн ушундайча өттү.
Айкөл Манас тууган элин өз жанынан артык сүйүп, "Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин" деп өмүрү өткөнчө ага ак кызматын кылыптыр. Эл да айкөл Манасын ардактап: "Асман менен жериңдин, Тирөөсүнөн бүткөндөй, Айың менен Күнүңдүн, Ширөөсүнөн бүткөндөй" деп анын айкөлдүгүн, теңирден бүткөн ыйыктыгын манасчылык өнөр менен кылымдан кылымга өткөрүп, урпактан урпакка мурастап келген экен. Ошол манасчылар айкөл Манас заманында эле калыптанып, кыргыздын каны-жанына сиңип, адамдыктын уюткусу болуп калган, кыргыз рухунун чен-өлчөмүнө айланган нарк-салттарды - ыймандуулук менен ынсаптуулукту, кенендик менен тереңдикти, ар-намыстуулук менен айкөлдүктү даңазалашкан. "Манас" баяны ошентип, "Байыркы кыргыз рухунун туу чокусуна" (Ч.Айтматов) айланган.
"Манасты" биринчи айтуучулар Ырамандын ырчы уулу менен Жайсан Үмөт уулу Манастын чоролорунун катарында салгылаштарга катышып, өз көзү менен көргөн баатырдык окуяларды ырга айлантып айтып чыгышкан. Ошондон бери канча доорлор бою манасчылардын устат-шакирттери аягы үзүлбөй уланып отуруп биздин заманга жетти. Ырчы уул менен Жайсандан кийин "Манасты" дастандап айткан ак таңдай ырчы айтылуу Токтогул болгон деген аңыз бар. Андан кийинки, элде аты аңыз болуп айтылып калган, дареги бизге жеткен биринчи улуу манасчы, 18-кылымда жашаган Келдибек Карбоз уулу. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндөгү баян болгону, Келдибек манасчы кызыган кезде үнүнөн боз үй солкулдап, чак түштө күүгүм түшүп, жан-жакта Манас жана анын чоролору минген тулпарлардын дүбүртү дүңгүрөп турчу экен.
Келдибектен кийинки улуу манасчылар Балык Кумар уулу, Тыныбек Жапый уулу, Чоюке Өмүр уулу, Найманбай Балык уулу, Сагынбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Шапак Рысменде уулу, Тоголок Молдо, Жаңыбай Кожек уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Даңкана, Шаабай, Кааба Ырамандын ырчы уулунан башталган манасчылыкты ыр өнөрүнүн мухитине айландырышкан. Алар Манасты күндөп-түндөп, айдан айга айткан оозеки ыр өнөрүнүн устаттары. Айталы, Балык Чоң казаттын өзүн эле кырк күнү тынбай айтып, ошондо да аягына чыкпаптыр. Ал эми Чоюке Манасты Чоң казатка чейин эле үч ай бою тынбай айткан экен. Сагынбайдан Манасты канча күнү айтаарын сурашканда: "Өмүр бою айтып келатам, бир да жолу аягына чыгара айта элекмин" дептир.
Ошентип, адепки айтуусу Ырамандын ырчы уулунан башталган манасчылык өнөр миң жылдардын кыйырларын басып ашуу-даванын ашып отуруп, улуу манасчылар Сагынбай менен Саякбайдын айтуусунда ыр мухитине айланган чагында биздин заманга жетти. Бул эки залкар манасчыга Чыңгыз ага дүйнөлүк кайталангыс көрүнүш катары жогору баа берген: "Сагынбайдан жазылып алынган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам Сагынбайдын сөз байлыгына, акындык чеберчилигине, сүрөткердик кудуретине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. "Манас" - "Манас" болгондон берки эпостун тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагынбай бир өзү дилине сыйгызып тургандай сезилет" - деген "Байыркы кыргыз рухунун чокусу" аттуу макаласында. Ал эми "Ал океан сымал "Манастын" миллион сабын жат билген" деген эмгегинде залкар манасчылардын соңкусу Саякбай Каралаевдин ажайып талантына таасын баасын берип: "Каралаев "Манас" айтып жатканда андан көзүңдү тартып ала албай, кирпигинин ирмелишинен тартып колунун жаңсалышына чейинки ар бир кыймылына арбалып, көрөңгөнүн көөр таштай чанда бир кезиге турган шыбаганы даарыган бул адамдын авазына кулак төшөп, муюп олтуруп, анын жазат-жаны эпикалык уюткунун өзүнөн бүткөнбү деп ойлой кетесиң", - деп манасчынын "дүйнө жүзүндө өзүнөч жалгыз гана болгон улуу талант" экенин баса айткан.
Жазуучунун бүт чыгармаларынан Манас рухунун поэтикасы менен көрөңгө-уюткусу бекеринен баш багып турбайт. Анткени, анын чыгармалары да Манастай эле улуттук аң-сезимге терең чөмүлүп, эне тили менен эне сүтүндөй таасир күчкө ээ болгондугу ошол байыркы Манас рухунун анын чыгармаларына байырлап, жаңыдан жаралып уланып жатканынын нукура белгиси. Чыңгыз ага өзү да: "Мен четке чыкканымда өзүм менен эки нерсени тумар тутуп ала жүрөмүн. Ал - "Манас" менен Мухтар Ауэзовдун чыгармалары" деп бекеринен айтпаса керек. "Манасты" дүйнөгө таанытып, ааламга алып чыккан руханий көпүрө менен шаты ошолдур.
Бекбай АЛЫКУЛОВ,

Улуу Манас – бул
байыркыны, кечээкини, бүгүнкүнү, эртеңкини туюндурган бир бүтүндүк.
Андыктан:


Алтындай сөздү куюлткан,

Айкөлдү айтып туюнткан,

Шекердей сөзүн куюлткан,

Шерлерди айтып туюнткан,

Элирип айтып киргенде,

Табиятты кубулткан,

Обондон жамгыр куюлткан,

Күн-түндөп айтып “Манасты”,

Айрандай элди уюткан


манасчылар жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Байыркы манасчылар: Ырамандын Ырчы уулу,
Жайсаң ырчы, Токтогул ырчы, Келдибек Карбоз уулу, Балык Кумар уулу,
Акылбек ж.б.


Манас бир өлгөндө, Балык бир
көчкөндө Талас ичи ээнсиреди

Балык Кумар уулу

Өз мезгилинин эң күчтүү манасчыларынын бири Балык
Кумар уулу 1799-жылы Талас өрөөнүндө туулган. Балык 1887-жылы 88 жаш
курагында Чүйдө кайтыш болгон.


Түш көрүүсү

Талас өрөөнүнөн Кокон хандыгына салык, зекет үчүн төлөнгөн
койлорду айдап баратып, бороон болуп Манастын күмбөзүнө конуп калышат.
Ошондо Балык түш көрөт. Ага Манас чоролору менен жолугат. Бир аксакал
киши:

- Ой, Бекмурат, бизди тааныбайсыңбы? – дейт.

- Көргөн жок элем, бирок болжоп турам, – дейт Балык.

- Эмесе, ошол болжогон кишиң бизбиз. Биздин турук кылган үйгө кирип
калыпсың. Токтогул деген ырчы бизди айткан. Сен да бизди аныктап айтып
көрсөт. Оозуң, көзүң балыктыкына окшош экен, сенин мындан кийинки атың
Балык болсун. “Манасты көрдүм, сүйлөштүм, аныктан анык” деп айт. Эми биз
кетебиз… Кабакка барсаң, бир тоголок тору бышты ээр-токуму менен
бутунда чидер салынып турат. Биз ошону сага бердик.


Андан соң Бакай Манасты, кырк чорону
тааныштырат. Ошондон кийин атчандар шарт коюп жүрүп кетишет. Ошентип
Манас даарып кеткенден кийин Бекмурат Балык атка конот да, Манас айта
баштайт.

Кадыр-баркы


Кумар уулу Балыкты Талас эли өтө
баалаган. Ал өз кезегинде Ажыбек датка, Бүргө баатырлар менен эл
бийлеген даражага да жеткен. Атагы таш жарып, кыргыз элинин
булуң-бурчуна тараган. Солтонун манабы Байтик жигиттерине беш төө
коштотуп, Ажыбек даткадан Балыктын Чүйгө көчүп келүүсүн өтүнгөн. Ошондо
Балыктын ажырашаягы үч айга созулуп, эл менен ырдап коштошот. Анда да
элди кыя албай, жүгүн түшүрүп бир жылга көчпөй токтоп калат. Байтик
экинчи жолу беш төө жетелетип Ажыбек даткага тартуу кылат. Ошондон кийин
гана Балык Чүйгө көчүп келет. Чүй эли Балыкты атынан айтпай, аба деп
кадырлаган. Өргөөсү Байтиктин үйүнөн бийигирээк жерге тигилген. Ар
кандай иштерди Байтик Балык менен кеңешип чечкен. Талас эли “Манас бир
өлгөндө, Балык бир көчкөндө Таластын ичи ээнсиреди” деп айткан.

Кечээги манасчылар:

Сагынбай, Саякбай, Шапак, Молдобасан, Мамбет, Акмат, Дүңкана, Шаабай,
Кааба ж.б.


Манасчылардын Манасы –
Сагынбай

Сагынбай Орозбаков

Кыргыз элинин залкар манасчысы Сагынбай Орозбак уулу
1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кабырга деген жерде туулган. 1930-жылы
ата-бабасы жашап өткөн Кочкордо кайтыш болгон.


Түш көрүүсү

Сагынбай козу кайтарып жүрүп түш көрөт. Бир аксакал карыя: “Ач оозуңду,
балам, алтын шилекейимен чачыратайын. Мындан жаман болбойсуң” дейт. Бала
коркуп оозун ачпайт. Карыя: “Манас айткың келеби?” дейт. Бала сүйүнүп
кетип: “Ооба” дейт. Ошондо тиги аксакал кумга, шилекейге окшогон нерсени
Сагынбайдын оозуна куюп жиберип көздөн кайым болот. Ошондон баштап
Сагынбай Манас айта баштайт.

Сагынбай жөнүндөгү пикирлер:

Эл оозунан:

“Сагынбай “Манас” айтып кеткен жерден мал оорулары, адам оорулары
жоголуп, төрөбөгөн аялдар төрөчү экен”.

“Бир жылы Чүй өрөөнүндө “Манас” айтып жүрүп төрт жүз кер кашка жылкы
айдап келиптир”.

“Сары-Чүйдүн кум казактарынын ырчылары менен жолугушканда тигилер
“биздин казак-кыргызда мындай олуя ырчы жок” дешкен экен”.

“Сагынбай манасчылардын Манасы эле”.

“Сагынбайдын ар бир сөзү – бир аттык”

Токтогул: “Кыргыздан мындай манасчыны эч көргөн
эмесмин, эстен тандым”.

Молдобасан: “Акындык жагынан ага тең келген күчтү
көргөн эмесмин, биз анчейин анын баласы катарындабыз”.

Ыбырайым Абдырахман уулу: “Семетейдин Коңурбайдан кун
кууган урушун айтканда жөн эле эсим оогон”.

Алыкул Осмонов: “Сагынбай Орозбаков-дуку болбосо анда
калгандары бизди “Манас” эпосунун күчүнө мынчалык таң калтыра албас эле.
Сагынбайдын сөздөрү башкалардыкынан бөлүнүп турат. Сагынбайды окуп
туруп башкалардыкына келгенде, төрт катар үйдөн бир катар үйгө түшкөндөй
ылдыйлайсың… Өзүбүздү көтөрбөй айтканда… Сагынбай Орозбаков да Пушкин,
Толстой, Данте, Шекспир сыяктуу таң калтыруучу күч болуп эсептелет”.

Чыңгыз Айтматов: “Сагынбай өзүнчө бийиктелген аскар
тоо. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакта
кайталанбас руханий көрүнүштүр”.


Бүгүнкү манасчылар:

Уркаш, Назаркул, Асанкан, Талантаалы, Салимбай, Рыспай,
Замирбек, Самат, Дөөлөт, Улан ж.б.


Манас – карарган эл болуп,
бүркөлгөн кара жер болуп…

Дөөлөтбек Сыдыков

Манасчы, 1983-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң
районундагы Шор-Булак айылында төрөлгөн. Республикалык, эл аралык
фестивалдардын лауреаты.


Түш көрүүсү

13 жашынан баштап “Манас” айта баштаган. Түшүндө Саякбай
ата келип: “Минтип айтып жүр” деп, өзү айтып көрсөтүп берет. Ошондон
кийин Саякбай түшүнө удаа-удаа кирет. Дөөлөт мал кайтарып жүрүп, ат
үстүндө манас айта баштайт. Кийинки бир түшүндө чексиз мейкиндикте
тоо-таш, карагайлуу жайлоодо турганын көрөт. Анан кулагына кандайдыр бир
үн угулуп: “Кана, айтчы, Айкөл Манасты көрүп атасыңбы?” дейт. Айланасын
караса эч ким көрүнбөйт. Баягы үн кайра кайрылып: “Жакшыраак
карабайсыңбы, турбайбы!” дейт. Анда да эч кимди көрө албайт. Көрсө,
Манас дүйнөсү көз алдында чагылдырылган мейкиндиктей керилген, көк
асмандай кенен уч-кыйырсыз экен. Айкөл карарган эл болуп, бүркөлгөн кара
жер болуп турган тура. Баатырдын турпаты айтылгандай эле бар экен.
Колду аралап жалгыз баратыптыр. Жакындап келгенде бир көрөт, бирок бат
эле узап кеткендиктен даана көрө албай калат.


Дагы бир түшүндө Тал-Чокудан төрт
баатырды көрөт. Көлдүн тескей тарабында, Тоңдун тушунда калың эл тоонун
боорунда жайылып отурушат. От жагылып, казан асылып, эт бышып жатат.
Аңгыча кыбыла тараптан төрт баатыр келет. Астындагы минген тулпарлары
тигил тоонун башынан бу тоонун башына бир өтүп, туяктары чокуларга
тийип-тийбей келе жатты. Бир маалга аларга кошулуп, ал да жөнөйт.
Ошентип отуруп, Тал-Чокунун башына чыгышат, төмөн жакта агып жаткан үч
дайранын куймасын көрсөтүшөт. Дайранын аттарын да атап беришет.
Дайралардын ар жагы түзөң болуп, майда бөксө тоолор мунарык тартып
турат. Алар бир кыйлага Кытай тарапты карап турушат.

Улуу Манас — бул байыркыны, кечээкини, бүгүнкүнү, эртеңкини туюндурган бир бүтүндүк. Андыктан:
Алтындай сөздү куюлткан,
Айкөлдү айтып туюнткан,
Шекердей сөзүн куюлткан,
Шерлерди айтып туюнткан,
Элирип айтып киргенде,
Табиятты кубулткан,
Обондон жамгыр куюлткан,
Күн-түндөп айтып «Манасты»,
Айрандай элди уюткан
манасчылар жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Байыркы манасчылар: Ырамандын Ырчы уулу, Жайсаң ырчы, Токтогул ырчы, Келдибек Карбоз уулу, Балык Кумар уулу, Акылбек ж.б.
Карбоз уулу Келдибек
Манасчы, 1800-жылы Чүй өрөөнүндө Жыл-Аргы деген жерде туулуп, 1880-жылы кайтыш болгон.
Түш көрүүсү
Шамшы өрөөнүндө жашап турган мезгилинде балдар менен ышкын терип ойноп жүрүп, ысык күнгө талыкшып уктап кетет. Түшүндө баатырлар курчап алганын көрүп, чочуп ойгонуп кетсе чын эле өзүн курчап турган Манас баштаган баатырларды көрөт. Ырамандын Ырчы уулу кырк чорону, Манасты тааныштырып, бир Карагер атты тартууга берет. «Сен аттуу манасчы болосуң, башка жөө манасчылар алыс бара алышпайт. Ал эми сен алдыңдагы тулпарың менен бир түндө эле кырк кыраандын баскан-турган жерин, көрсөткөн эрдиктерин, элдин каада-салтын бүт көрүп келе аласың да, сүрөттөп айта аласың.
Аттууга жөө жете албайт
Экөөгө бирөө бата албайт
Илгери өткөн чындыкты
Жашырып капка ката албайт.
Бабаларың тээтиги
Берген атын кайра албайт.
Элиңдин манасчылары
Сенчелик «Манас» айта албайт, — дейт Ырамандын Ырчы уулу. Келдибек бабалары берген атты минери менен толкунданып «Манас» айта баштайт. Канча айтканы белгисиз, ат үстүндө алкынып-жулкунуп ырдап жүрүп отурат. Кара терге түшүп, эси ооп, үнү чыкпай калат. Койчулар үйүнө алып келишип, эмчи-домчу, молдо калбай келип, жин тийди деп тамыр кармап дем салышат. Кичине сыркоолоп калса керек деп жоромолдошот. Келдибек эки-үч күн тил-оозсуз жатып, анан эс алып, тилге келет да, жогоруда көрсөтүлгөн окуяларды, баатырлардын тору атты белек калтырып кетишкенин айтып берет.
Касиети
Келдибек «Манастын» кайсы бөлүгүнөн айтса да ошол окуяга байланышкан кырк жигити келгендей ит улуп, төө боздоп, жылкы кишенеп жиберчү экен. Үзүктөрдү желпилдетип, кереге-уукту кычыраткан бороон болуп, чагылган чартылдап, жаратылышта да өзгөрүү болгон. Атургай жайыттагы мал айдоосуз короого келип калчу экен. Элдин арасында ар кандай оору-сыркоолор көбөйгөндө, малды ылаң басканда Келдибек манасчыны атайы ат чаптырып алдырып «Манасты» күн-түндөп айттырышкан.
Көлөмү
Сагынбай менен Саякбайдын варианты Ирандын «Шахнаамесинен» төрт эсе, гректердин «Иллиадасынан» кырк мертебе көлөмдүү. Ал эми Келдибектин айткан варианты Сагынбай менен Саякбайдын варианттарынан 40-50 эсе чоң, көлөмдүү, окуяга бай эпос. Сагынбай менен Саякбайдыкы үчилтик, төртилтик болсо, ал эми Келдибектики 40 илтикке жеткен. Ал Кан Кошойду да үч-төрт илтик кылып айткан.
Келдибектин эскерүүсү
«Мен «Манасты» айта баштаганда Ырамандын Ырчы уулу дароо жанымда пайда болуп, өзү берген Карагер ат менен алып жөнөйт. Кайсы окуяны айтып баштасам ошол окуя болуп өткөн жерге алып баргансып, көзүмө элестелип көрүнүп турат. Өзүм да ошол окуяларга аралашып, Манастын кошуунундагы адамдардын бири болуп калам. Айрыкча алардын эрдиктерин жар чакырып даңктап калам…»

Кечээги манасчылар: Сагынбай, Саякбай, Шапак, Молдобасан, Мамбет, Акмат, Дүңкана, Шаабай, Кааба ж.б.
Саякбай Каралаев
Улуу манасчы Саякбай Карала уулу 1894-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңүнүн Семиз-Бел деген жеринде туулган. 1971-жылы Бишкек шаарында кайтыш болгон.
Өңүндө түш көрүүсү
Орто-Токойдо жарамазан айтып жүрүп, Саякбай жалгыз үйгө бет алат. Тар капчыгайдан өтүп келатканда кулак жарган укмуштай чаңырык чыгат. Саякбай коркконунан атынын оозун кое берет. Капчыгайдан өтө бергенде жол боюнда сонун өргө туруп калган болот. Ашкере сулуу айым алдынан чыгып:
- Аттан түшүп даам татып кет, — деп кайрылат. Аң-таң болгон Саякбай атын мамыга байлап коюп сулуу ачкан эшиктен кирсе үйдө эч ким жок, дасторкон жайнаган дүйүм тамак. «Уялба, уялба, жигит, табактагылардын ар биринен тат» дейт. Жыртык жаргак шымынан кысынып, эптеп-септеп кымырынып-кымтынып атып даамдардан ооз тиет да туруп кетмекчи болот.
- Ай, ай, жигит, неге шашасың? Тамактан жеп кет, — дейт алиги айым. Саякбай болбой сыртка чыкса, дүбүрөгөн эле атчан жоокерлер. Чоң сакал карыя теминип кирип келет да, оң колу менен асынган баштыгынан бир нерсе уучтап чыгып:
- Мына, жигит, момуну оозуңа салып чайнап жут, — дейт.
Же таруу эмес, же кум эмес, оозуна салса кычырап чайналбайт. Ак сакалдуу карыя найзасы менен тап берип:
- Бирөөн калтырбай жут! — деп демитет. Анан жоокерлерди көрсөтүп, бирден баарын тааныштырат. — Өз жолуңа чыкканда эки кой айдаган адам чыгат. Андан койду сатып алып, элге союп берип бата ал. Мына бул көргөндөрүңдү айтып жүр, — деп ураан чакырып жөнөп калат. Жер дүңгүрөп, чаң асманга көтөрүлөт. Чаң тарап кеткенден кийин караса, баягы ак өргө жок. Саякбай бир таштын түбүндө отурат. Аябай аң-таң болуп, бир чети толкунданып үйүнө баратса, алдынан чын эле эки кой айдаган киши кездешет. Ал жерден койду сатып алып, союп, элден бата алат. Ошондон кийин күндө уктап жатып «Манас» айтып чыгат.
Таң каларлык касиет
Саякбайдын төкмө акындыгын андан он эки миң метр киноматериал жазып алган режиссер Мелис Убукеев даана байкаган. Ар түркүн себептерге байланыштуу азыр эле тартып алган эпизодду кайра тартууга туура келгенде Сакең мурдагы айткан сөздөрүн эч качан кайталабай, улам башкачалап турчу экен. Ал эми манасчы кызып келгенде камерадагы тасма бүтүп калып, техника дайым эле анын артынан үлгүрө албагандыгы бөтөнчө таң каларлык. Ошентип, техника манасчыны батыра да, ээрчий да албай, зор таланттын жанында жөндөмсүздүгүн көрсөткөн.

Бүгүнкү манасчылар: Уркаш, Назаркул, Асанкан, Талантаалы, Салимбай, Рыспай, Замирбек, Самат, Дөөлөт, Улан ж.б.
Замирбек Баялиев
Манасчы, республикалык «Эл ичи — өнөр кенчи» кароо сынагынын С.Каралаев атындагы алтын төш белгисинин ээси. 1980-жылы Талас районунун Манас айылында туулган.
Түш көрүүсү
Он беш жашынан баштап түшүнө Манас баштаган баатырлар кирет. Алгачкы көргөн түшүн сезиминин тереңинде, жүрөгүнүн түпкүрүндө сыр болуп жашашын каалайт. Андан кийин көп эле түш көрөт: он жети жашында жайдын күнү үйгө жатпай, салкынга эшикке жатып жүрөт. Бир күнү түшүндө Манастын күмбөзүндө жүргөн болот. Күмбөздү көздөй басса арчалардын арасынан көк жал бөрүлөрдү жандай басканын көрүп, ачыкка чыккан жерде күлүмсүрөп, нурданып турган жапжаш Сыргак баатырды көрөт. Ошол учурда иттин үргөнүн, улуганын, ызы-чуу түшкөнүн угуп-билип уктап жаткан болот. Эртең менен Күлүйпа деген коңшу чоң апасы жети токоч таратып жүргөн экен, «Түндө ит сен жаткан жакты карап үрүп, улуп жаагы басылган жок» дейт. Ошентип убакыт өтө берген. «Манас» айтуудан тартынып жүрө берип көпкө ооруйт. Ата-энеси доктурга алпарып, илдетин аныктай албай убара болушат. Ошондой күндөрдө дагы түш көрөт. Түшүндө алыс жактан чаң чыгып, жоокерлер келе жаткан болот. Алма бакты ичине качып кирсе, кырк-элүүдөй адам тегеректеп, кармайын дейт. Качып келип үйгө кирет. Эшигин илип терезеден карап турса артынан удаа келген бою зор адам эшикти булкат. Үй кыймылдайт. «Сизге ким керек?» деп терезени черткилейт. Чоң киши кайрылып капталына карап «Манас айтпайсыңбы?!» деп терезени бир урат. Замирбек чочуп кетет. Эшикке чыгып, «Манас» айтам, айтам деп өзүн күнөөлүү сезет. Эл чогулуп тегеректейт. «Мындан кийин айтып жүрөм» деп атып ойгонуп кетет. Жүрөгү оозуна тыгылып, лакылдап калган экен. Ошондон кийин Манастын күмбөзүнө барып, мал союп, элден бата алып, «Манас» айта баштайт. «Манас» айткандан кийин ооруган жери басылып, ден-соолугу чыңалат.
Бабаңардын жомогу
Кылымдарды карыткан
Өз тукумун өзүнө
Ким экенин тааныткан
Айтып өтсөм андыктан
Ачылбаган сыры көп
Жок болбогон жарыктан
Кылымдап айтса бүтпөгөн
Улуу дөөлөт камтылган
Эч ким тартып ала алгыс
Ыйыктыктар катылган
Уккан жанды уюткан
Айтып бүткүс дар кылган
Айкөл Манас баатырдын
Арбагын тирүү бар кылган
Кылымдап колдоп жүрсүн деп
Кыргызга Кудай жар кылган, — деп айтканы бар манасчы Замирдин.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!