СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дидактика деген түшүнүк качан жана ким тарабынан пайда болгон.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дидактикалык ойлор качан жана ким тарабынан пайда болгондугун билесизби? Дидактикалык ойлорго сиздин көз карашыңыз кандай?

Просмотр содержимого документа
«Дидактика деген түшүнүк качан жана ким тарабынан пайда болгон.»

ДИДАКТИКАЛЫК ОЙЛОРДУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ


Дидактика ( грек. «didaktikos» — үйрөтүү «didasko» —изилдөө ) — Педагогиканын бир бөлүгү, билим берүүдө көйгөйлүү болгон маселелерди изилдейт. “Дидактика” термини тарбиялоо, билим берүү жана окутуу жөнүндөгү эмгектердин авторлору тарабынан XVII к-дан бери колдонулуп келе жатат. Мисалы, Я. А. Коменский (1592-1670) өзүнүн «Великая дидактика» (1967) деген эң чоң эмгегин жаратып, анда балдарды окутуунун принциптерин жана эрежелерин берген; феодалдык коомдун идеологиясы менен философиядагы, илимдеги жаңы идеялардын арасындагы курч күрөштүн XVII кылымга мүнөздүү шарттарында дидактиканы түзгөн, ал өзүнүн дидактикасында окумуштуу катары диндик идеологиянын таасиринен чыга албаса да өзүнө чейинки болгон алдыңкы идеяларды жыйынтыктап, тарбиялоонун жана окутуунун практикасына жол салган. дидактиканын өнүгүшүнө И. К. ПесталоцциА. ДистервегЖ. Ж. РуссоК. Д. Ушинский жана башкалар зор салым кошушкан.

Бүткүл педагогика сыяктуу эле дидактикада адам коомунун өнүгүшүнүн ар кандай этаптарында мектеп алдына коюлуучу маселелерди чечүү менен тарыхый мүнөздө өнүккөн. == Окуу процесси ==шка, өз алдынча ойлонууга колдоно билгичтигин, окуучулардын билүүлөрүнүн башка жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырууга, ойлонуп эмгектенүүнүн маданиятынын зарыл элементтерине ээ болууга жана дүйнөгө көз караштын негиздерин калыптандырууга багытталган мугалим менен окуучулардын өз ара байланышкан ырааттуу аракеттеринин жыйындысы. Окуу процесси билим берүүнүн максаты менен шартталып, өзүнүн төмөнкү компоненттеринин бири-бирине жасоочу таасирлери аркылуу мүнөздөлөт:

Дидактикадагы окулуп үйрөнүлүүчү эң негизги жана эң татаал кубулуш (объект) – окуу процесси болуп эсептелет. Ал эми окуу процесси болсо бул билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү сезимдүү жана бекем өздөштүрүүгө, аларды турму

  • Окутуунун, башкача айтканда окуу предметинин мазмуну (мында ар бир класстын окуучулары үчүн), илимдердин негиздери (билимдер системалаштырылып берилет);

  • Окутуу (сабак берүү), башкача айтканда мугалимдин ишмердиги (окуучуларды окууга кызыктыруу, окуу предметинин мазмунун баяндоо, окуучулардын ишмердигин уюштуруу, алардын өз алдынча эмгектенүүлөрүнө жетекчилик кылуу, билимдерин жана билгичтик-терин текшерүү);

  • Окуп үйрөнүү, башкача айтканда окуучулардын акыл жана күч аракеттерин өз ичине камтыган алардын ар кандай ишмердиктери;

  • Окутуунун материалдык каражаттары (окуу китептери, окуу куралдары, техникалык каражаттар, куралдар жана башка).

Окуучулардын билимдерди өздөштүрүүсүнүн жана акыл жагынан өнүгүүсүнүн эффектин максималдуу жогорулатуу үчүн окуу процессинин негизги ушул компоненттеринин бири-бирине туура байланышын таап аныктоо дидактиканын эң негизги проблемасы болуп эсептелет. Тарбиянын максаттары жана милдеттери жөнүндөгү философиялык окуу, таанып билүүнүн илимий теориясы дидактика үчүн методологиялык чоң мааниге ээ. Дидактика педагогика жана балдар психологиясы, жалпы психология жана жогорку нерв ишмердигинин физиологиясы менен тыгыз байланышта. Бул илимдердин ар бири өзүнүн областында баланын таанып билүү ишмердигинин процесстери жөнүндө билим берет. Ошондуктан балдарды окутуунун мазмунун жана методдорун окуп үйрөнүүгө чоң жардам көрсөтөт. дидактикалык эң ири көйгөйлөрдүү чечүүдө бул илимдерди чогуусу менен пайдалануу эң эле зарыл. Дидактикада изилденүүчү окутуунун жалпы закон ченемдүүлүктөрү айрым окуу предметтерин үйрөнүүнүн жана алар боюнча сабак берүүнүн конкреттүү өзгөчөлүктөрүн камтый алышпайт. Ал эми мугалимдер үчүн жалпы закон ченемдүүлүктөрдүн ар бир предметтерди окутууда ишке ашырылышынын конкреттүү жолдору өтө керектүү жана эң маанилүү. Бул маселелер предметтик дидактикаларда каралат. Окуу предметтерин окутуунун практикасында балдарга мамиле кылуунун, окутуу ишинин жолдорун жана каражаттарын тандап алуунун принципиалдуу бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Билим берүүнүн мазмуну жөнүндөгү, окутуу процессинин закон ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү, окутуу ишинин эффективдүү методдору жана уюштуруу формалары жөнүндөгү эң жалпы илимий дисциплина катары дидактика дал ошол бирдиктүүлүктү гана аныктоого тийиш. Дидактикадагы таяныч терминдер: окуу; окутуу; окуучу; окутуучу; окутуу процесси; окутуунун максаты; билим берүүнүн (окутуунун) мазмуну; окутуу принциптери; окутуунун законченемдүүлүгү; окутуу методу; окутуу каражаттары; окутууну уюштуруу формалары; билим; билгичтик; көндүм; билимдерди текшерип баалоо; өнүгүү; таалим-тарбия.

Дидактиканын негизги милдеттери:

  • окутуунун максаттарын жана милдеттерин аныктоо;

  • окутуу процессинин законченемдүүлүктөрүн аныктап чыгуу;

  • билим берүүнүн мазмунун аныктоо;

  • окутуунун эң эффективдүү методдорун жана уюштуруу формаларын иштеп чыгуу.

  • Демек, дидактика төмөнкү суроолорго жооп берет:

Эмне үчүн окутуу керек?

Эмнени окутуу керек?

Кандайча окутуу керек?


Билим берүү теориясынын проблемасы дидактикада бардык аспектте каралат: жалпы билим берүүнүн мүнөзү, окуу планы, окуу программалары, окуу китептери. Бул проблема менен тыгыз байланышта сабак берүүнүн илимий деңгээлин жогорулатуу, поли- техникалык окуунун эмгек тарбиясын жана кесипчилик багыт берүүнү ишке ашыруунун, ошондой эле окутууда жана тарбиялоодо техникалык каражаттарды колдонуунун эң эффективдүү жолдорун аныктоо маселелерин иштеп чыгуу талап кылынат.


Дидактика коомдук турмуштун материалдык талаптарына ылайык пайда болуп өсүп-өнүгүп жаткан илим. Адам коому тиричиликтин түрдүү тармактары боюнча турмуштук тажрыйбаларын жана билимдерин акырындык менен системалаштырып илим казынасына жыйнап келген. Коомдун тынымсыз өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн улам жаңы муунду бул рухий байлыктарга ээ кылуу зарылдыгы келип чыккан.

Адегенде билим берүүнүн жана окутуунун мазмууну, уюштуруу формалары жөнүндөгү кыскача көрсөтмөлөр, инструкциялар, кеңештер жана сунуштар муундан муунга берилип келген. Өзүнүн жазма чиймеси жок элдер, алардын ичинде кыргыз эли да кылымдар бою башынан кечирген нечен түрдүү кайгы муңу менен кубанычтарын, жоортулдагы жоокерчилик менен ата конушундагы бейпилчилик күндөрүн, каардуу душмандан көргөн кордугу менен пешене теринен баар тапкан тынчтыктагы тиричилик турмушун, өз элинин тарыхын, маданиятын, тили менен дилин элдик ооз эки чыгармаларда (фольклор) үрп-адат, салт-санааларда сактап жана байытып келген.

Фольклор- элдин тарыхый турмуш тажрыйбасын чагылдырган рухий күлазыгы. Бул кылымдар бою муундан-муунга өтүп, өркүндөп, байып, жетилип келген элдик кенч. Булар элдин педогогикалык залкар ойлорун да өзүнө камтыйт. Улам жаңы муундарды турмуш-тиричиликке үйрөтүп, даярдоодогу дидактиканын ролун да ошолор аткарып келген. Элдик макал-лакаптар, жомоктор, табышмактар, терме, үлгү, насыят, санаат ырлары, айтыштардан баштап, белгилүү эпикалык чыгармаларга чейин элдин ооз эки чыгармалары дидактикалык материалдарга жык толгон. Ата-энелер, бала-бакыралардын жапырт катышуусу менен табышмак айтуу элдик салт болгон. Бул салтты акырындык менен унуткара баштадык.

Табышмак- жаш балдардын абстрактуу-логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү эң күчтүү дидактикалык каражат. Табышмактар балдарды көргөзмөлүү-кыймылдуу, көргөзмөлүү-элестүү ой жүгүртүүдөн абстрактуу-логикалык ой жүгүртүүгө алып келет, баланын ой-жүгүртүүсүндөгү чечмелөө формасын оожалдырат. Ой-жүгүртүүдөгү чечмелөө-акыл ойдун сапатынын көрсөткүчү, ой корутундусунун тактыгы-чечмелөөнүн тереңдиги, кеңдиги жана сырдуулугуна тике көз каранды.

Ошентип, табышмактар балдардын логикалык ой чабыттарын өөрчүтүү менен алардын акылын өстүрсө, улуттук оюндар катаал турмуштук кырдалдаардан оңтойлуу жолду өтө айлакердик менен бачым таап; кыймыл аракеттин чапчаң болуусуна өбөлгө түзүп, жаш балдардагы моториканы түптөйт. Ошентип, балдарды окутууда жана тарбия иштерин өркүндөтүүдө элдик мурастарды чеберчилик менен пайдалана билүү зарыл экендигин бүгүнкү турмуш күндөн-күнгө ачыгыраак далилдеп жатат. Элдик ооз эки чыгармалардын дидактикалык уюткусунун маңыз-мазмунуна азыноолак саресеп салып көрөлү.

Мисалга: «Бирди билген тирик- миңди билген –билик» деген эл макалын алалы. Бирди билген тирик деген- жашоодо эптеп өз күнүн кечирүүнүн гана ыгына ээ, тиричилик турумушунун барынчалыгына шүгүрчүлүк келтирген, айтканды кыңк этпей аткарган бир байкуш пенде деген мааниде. Миңди билген- билик деген, калк басып өткөн өмүрлөргө даана ой жүгүртүп, элдин рухий кенчинин океанынан сүзүп өтүп, аны өздөштүрүп, илим-билимдин касиеттүү шам чырагын өзүнө жол көрсөтөөр жобо туткан, тарыхта өз изи бар инсан. Макалада адам –биликтин (билими күчтүү инсандын) билимсиздерден артыкчылдыгы даңазаланып, элди билим алууга умтулууга психологиялык жактан даярдайт. «Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат». Адамды билим алууга үгүттөөчү залкар педогогикалык пикир. Билимди өздөштүрүүнү татаал табиятын туура тандап, акыл токтотуп жете түшүнгөн эл; «Билим алуу ийне менен кудук казгандай» дейт. Фольклордун бүт жанрлары –калктын дидактикалык ой жүгүртүүсүнүн өркүндөгөндүгүнүн өтө эле ынанаарлык күбөсү.

Элдик эпостордон «Эр Төштүктү» мисалга алсак. Ал табияттын адамдар үчүн жашыруун, сырдуу кубулуштарын билүүгө далалатандырып, аны иликтеп үйрөнүүгө умтулган элдин иш аракеттерин баяндайт. Жаратылыштын купуя сырларын ачып баш ийдирүү менен аны өз кызыкчылыгына кызмат эттирүү, калктын мүдөөсү экендигин көрсөтөт. Жаратылышты ооздуктап, ага үстөмдүк кылган сайын адамдын кудурети ошончолук күчөөрүн бул чыгармада баса белгиленсе, дагы бир элдик эпос «Кожожашта» жаратылыш жөнүндөгү тынымсыз кам көрүп, аны ыйык тутпаса, адам баласы үчүн бейпил тиричилик, жыргал турмуш жок экендигине калайык калк эбак эле толук ынынгандыгын далилдейт. «Кедейкан»эпосу социалдык жашоодогу теңдикти жана акыйкатчылыкты көксөгөн элдин мүдөөсүн баяндаса, «Олжобай менен Кишимжан» элдин романтикалуу пакиза жана тунук сүйүүгө болгон умтулуусу.

«Манас» эпосу -кыргыз элинин бай кенчи. Элдик педогогикалык ойдун идеалы –ар тараптан жеткилең, өркүндөгөн инсан. Идеалга жетүүнүн каражаты-көп кырдуу турмушка даярдоонун жолу –шакиртчилик (окутуучулук). Манас, Каныкей, Бакай жана башка каармандар өтө ар тараптан өркүндөгөн, табиятынан адептүү, мүнөзүнөн айкөлдүк сапаты менен бааланган, жогорку инсандык касиеттке ээ болгон, Эл кызматын өтөөнү ыйык милдетим деп эсептеген кармандар-ушул элдик салтка айланып калган шакиртчилик жолу менен калыптанышкан.

Атам замандан бери эле адамдын асыл дүйнөсүнө жакшылыктын үрөнүн сееп, өндүрүп, таасирдүү таалимдин жибек учугун урпактан урпакка улантып келген элдик оозеки адабий мурастары экендигин жердешибиз, таасын акын, таасирдүү насаатчы-педогог Жусуп Баласагын (11-кылым) «Кут алчу билим» дастанында баяндайт (Фрунзе, «Кыргызстан» басмасы 1988). Бул дастан толуп жаткан акылман насаатка жык толгон, дидактикалык ой жүгүртүүлөргө өтө бай чыгарма болуп саналат. Элдик педагогиканын жемиштүү жана жугумдуу идеяларына терең ынанган даанышман акын: Караңгылыктын туткунуна кармалып, кут билимин туюна өз рухун-ички асыл дүйнөсүн кеңите албай, жарды бойдон калыптыр. Малга, дүйнөгө жардылык кемтик эмес, рухий жардылык адам баласын пас, шоордугуна айланып, катардан калтыраар.. Шаксыз дарак жемишсиз болгондой- Рух өнүкпөгөн адамда инсандык касиет, сапат болбойт деген тыянакка келген (15,7)

Жусуп Баласагын инсандын жетилүүсүндөгү билимдин, окуунун ролун жогору баалап, билимсиз адам бактылуу боло албайт, инсандын зоболосун билим көтөрөт, билим анын куту, ийгилиги, бактысы деген тыянак чыгарат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!