СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адистик боюнча окуу-усулдук комплекс/топтом

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мугалимдер, айрыкча окууну жаны же сырттан окуу бөлүмүн бүтүргөндөр өзү окуткан предмети боюнча окуу-усулдук комплексти түзүүдө ар кандай кыйынчылыктарга туш болушат. Ал эми адистик же предметтик багытта чыгармачылык жана усулдук жактан шайкеш түзүлгөн окуу-усулдук комплекс мугалимдердин кесиптик жактан такшалуусун айгинелеп турат.

Просмотр содержимого документа
«Адистик боюнча окуу-усулдук комплекс/топтом»

Адистик боюнча окуу-усулдук комплекс/топтом (ОУК)

(Учебно-методический комплекс - УМК) 

Предмет боюнча окуу-усулдук топтом (комплекс)– негизинен окуучу үчүн арналып түзүлөт.

Ал ар бир класс үчүн да, ар бир окуу предмети б-ча да жазылат. Топтомдун максаты окуучуну жалгыз окуу китеп м-н чектебөө, анын окуу ишкердүүлүктөрүнүн ар тарабынан өсүүсүн, калыптануусун камсыз кылуу, өз алдынча ишкер аракеттенүүлөрүн уюштуруу. Демек, аталган топтом өзүнө бир канча окуу куралдарын камтып турат. Предмет б-ча окуу-усулдук топтомдун типтери, түрлөрү ж-дө окумуштуулардын (Д. Д. Зуев, И. А. Ерофеев, В. П. Мак-саковский, С. Г. Шапавалененко, Н. М. Шахмаев, Я. А. Микк, К. Я. Сакс ж. б.) пикирлери бирин бири толуктап турат.

Предмет б-ча топтом төмөндөгүдөй окуу куралдарынын типтүү тутумунан турат ж-а окуучулардын окуу мотивациясын, кызыкчылыктарын тереңдетип, окуу маалыматтардын мол ж-а терең болушуна шарт түзөт, алардын өз алдынча иштөөгө болгон машыгууларын ар тараптуу өнүктүрөт. Мис., окуу китеби (негизги маалыматты берүүчү); жумушчу дептери (өз алдынча иштөөсүн уюштуруу ж-а башкаруу); таратып берүүчү материалдар (окуучунун билгичтиктерин ж-а машыгууларын калыптандыруучу, жеке иштөөсүнө багыт берүүчү); кошумча материалдардын жыйнагы (окуу ишкердүүлүктөрүн арттыруу, окууну турмуш м-н бай ланыштыруу); маалымат бергичтер (окуу материалдарын ар тараптан байытуучу ж-а кайталап үйрөтүүгө багыттоочу); текшерүү жумуштарынын топтомдору (үйрөнгөндөрүн ж-а машыгууларын текшерүү максатында); таблицалар (билимдерин, билгичтиктерин конкреттештирүүчү аудиовидео материалдар (окуу китепке кошумча фактылар катары колдонуу үчүн); окуу сөздүктөрү; көнүгүү топтомдору; маселелер жыйнактары ж. б. Бул топтомго кирген ар бир окуу куралдарынын сабактагы дидактикалык кызматы, орду ж-а аны колдонуу максаты, ыгы бар. Предмет б-ча окуу топтому окуучуга арналып түзүлгөндүктөн, алар ар бир окуучуга жеткиликтүү санда чыгарылышы максатка ылайыктуу ж-а алар класс каанасында же мектеп китепканасында сакталышы мүмкүн. Учурда кыргыз мектептери үчүн «Алиппе», «Кыргыз тили», «Математика», «Мекен таануу», «Орус тили», «Орус адабияты» предметтери б-ча жогоруда аталгандай топтомдор бар.



ОУК– мугалимдин предмет боюнча адистик теориялык билимин, усулдук чеберчилигин жана предметтин мазмунунун негизинде тарбиялык иштерди жүргүзүү деңгээлин жогорулатууга багыт берүү максатында түзүлүүчү окуу адабияты.

Булардын биринчи тобуна:

  • мугалимдин өзү сабак берген илимдин тигил же бул проблемалары боюнча теориялык даярдык деңгээлин көрсөтүүчү илимий теориялар, закондор, концепциялар, гипотезалар, методдор боюнча түшүнүктөр камтылуучу адабияттар;

Экинчи тобуна:

  • кайсы бир окуу предмети боюнча билим берүүнүн жалпы проблемаларын жана анын мазмунун, окутуу методдорун, принциптерин, класстык жана класстан тышкаркы окууларды уюштуруу формаларын, жолдорун камтыган адабияттар кирет. Алардын максаты – мугалимдин сабак берүү чеберчилигинин деңгээлин көтөрүү.

Үчүнчү топко:

  • айрым алынган предметтер боюнча программалык материалдарды окутуу боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган, жалпы проблемаларды конкреттүү темалардын, сабактардын негизинде чечүүнүн методикалык жол-жоболору боюнча мугалимди куралдандыруу максатын көздөгөн окуу адабияттары кирет.

Окуу топтомунун төртүнчү тобу:

  • кайсы бир предмет боюнча окуучулардын жалпы таанып-билүү жана таалим-тарбия берүү проблемаларына, идеялык, патриоттук, интернационалдык, эстетикалык, экономикалык, экологиялык ж.б. арналат.

Бешинчи тобу:

  • сабактан тышкаркы лабораториялык-изилдөө иштерин, факультативдерди, окуу экскурсияларын уюштурууга арналат.

Алтынчы тобуна:

  • окуу хрестоматиялары, маалымат бергичтер, сөздүктөр, таблицалар, көнүгүүлөр топтомдору, маселелер жана текшерүү иштеринин, баяндама жана дилбаяндардын, тексттердин жыйнактары усулдук топтомдору кирет.

Ал эми аларды түрлөрүнө жараша: методикалык куралдар, дидактикалык материалдар, маалымат бергичтер, көрсөтмө куралдар, таратып берүүчү материалдар, алдыңкы тажрыйбалардын топтомдору, сөздүктөр ж.б. деп бөлсө болот.


1-тиркеме


Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын

7-11-класстары үчүн жаңы муундун окуу-усулдук комплекстерин (ОУК) иштеп чыгуу боюнча ачык сынак өткөрүүнүн шарттары


1. Негизги жоболор


    1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 7-11-класстары үчүн жаңы муундун окуу-усулдук комплекстерин (ОУК) иштеп чыгуу үчүн ачык сынакты уюштуруучу болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги саналат.

    2. Ачык сынак мектептик билим берүү системасына жаңы муундун стандарттарын киргизүү боюнча иш-чаралар Планын (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген Мамлекеттик билим берүү стандарты) ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

    3. Ачык сынактын максаты – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик орто жалпы билим берүү стандартынын (мындан ары – МБС) жана тиешелүү предметтик стандарттардын талаптарына ылайык окуучуларга компетенттүүлүктү натыйжалуу өнүктүрүүгө жардам берүүчү заманбап жана сапаттуу окуу программаларын, окуу китептерин, окуу-усулдук комплекстерди (мындан ары - ОУК) иштеп чыгуу. Сынак автордук жамааттардын дараметин жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө жана жаңы муундун ОУКтарын иштеп чыгууга жөндөмдүү авторлор чөйрөсүн кеңейтүүгө жардам берет.

    4. Ачык сынактын жыйынтыгы боюнча 2018-жылы 7-11-класстар үчүн окуу китептеринин линейкасынын концепциялары жана программалар тандалып алынат жана толуктап иштелип чыгат, ошондой эле 7-8-класстар үчүн окуу-усулдук комплекстер иштелип чыгат; 2019-жылы 9-11-класстар үчүн ОУКтарды иштеп чыгуу боюнча ачык сынак өткөрүлөт.


    1. Негизги түшүнүктөр:

ОУК линейкасы – бул 7-11-класстардын окуучулары үчүн предметти өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясына жана негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруучу жана төмөнкү элменеттерди өзүнө камтуучу ОУК топтому:

- мазмундуу – тексттерди, алардын тематикасын тандап алуунун бирдиктүү принциби;

- дидактикалык – материалды ачуунун логикасын жана окуу китебинин жана окуу маалыматынын блокторунун бүтүндөй түзүмүн, тапшырмалардын топтомун жана типологиясын, маалыматтын окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келүүсү;

- багыт берүүнүн бирдиктүү (жакын) аппараты (анын ичинде ОУКту тариздөөнүн бирдиктүү стилистикасы).

Окуу китептин план-проспекти — бул окуу китебинин мазмунун негизги жоболору, теманы ачып көрсөтүүнүн принциптери, түзүлүшү, бөлүктөрдүн көлөмдөрүнүн өз ара катышы жөнүндө документ. Анда китептин ар бир түзүмдүк бөлүгүнүн кыскача мазмуну берилет жана автордук баракчаларда алардын болжолдуу көлөмү, ошондой эле иллюстрациялардын болжолдуу саны жана мүнөзү, тиркемелердин курамы жана басылманын аппараты (көрсөткүчтөр, эскертүүлөр жана комментарийлер ж.б.) аныкталат.

План-проспекттин көлөмү китептин пландалган көлөмүнөн көз каранды, бирок 5-10 барактан ашык эмес.



Окуу китептин План-проспекти


  1. Жумушчу аталышы

  2. Категориясы (окуу китеби, окуу куралы, колдонмо ж.б.)

  3. Авторлордун Аты-жөнү

  4. Автор (-лор) жөнүндө маалымат

  5. Пландалган көлөм (сүрөттөрдү эске албаганда)

  6. Иллюстрациялардын болжолдуу саны (схемаларды эске алуу менен), кандай түрдө берилет (фото, сүрөт, иллюстрациялар, түстүү же кара-ак).

  7. План-проспектти толтурган күнү кол жазманын даярдыгынын пайыздык көрсөткүчү

  8. Кол жазманын толук даяр болуусунун болжолдуу күнү

  9. Китептин мазмуну (болжолдуу мазмуну)

  10. Аннотация


Окуу китеп – бекитилген Мамлекеттик билим берүү стандартына, предметтик стандарттарга ылайык келген жана аталган басылманын түрү катары сунушталган, мугалимге окутуу процессинде окуучулардын ишин уюштурууга жардам берүүчү окуу предметинин системалуу баяндамасын, анын бөлүмдөрүн, бөлүктөрүн камтуучу көп функциялуу окутуу каражаты. Окуу китептери базалык же альтернативдүү болуусу, басылма жана/же электрондук түрдө чыгарылышы мүмкүн.

Окуу-усулдук комплекс (ОУК) – мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, бирдиктүү методологиялык негизде иштелип чыккан жана окутуу процессин уюштуруу үчүн зарыл жана жетиштүү болгон ченемдик жана окуу-усулдук документтердин топтому. ОУК милдеттүү түрдө окуу китебин (окуу куарлын), окуучулар үчүн иш дептерин камтыйт; ошондой эле башка окутуу жана контролдоо каражаттарын камтышы мүмкүн. ОУК басылма жана/же электрондук түрдө чыгарылышы мүмкүн.

Окуу куралы – окуу китебин толуктоочу же жарым-жартылай же толугу менен алмаштыруучу, расмий бекитилген жалпы билим берүүчү окуу программаларын ишке ашырууда колдонууга жол берилген окуу басылмасы. Окуу планына же жаңы дисциплина же окуу программасына жаңы тема киргизилген учурда биринчи кезекте окуу куралын басып чыгаруу иши уюштурулат. Окуу китеби, эреже катары апробацияланган окуу куралынын негизинде түзүлөт.

Эксперт – тиешелүү квалификацияга ээ жана тиешелүү чөйрөдө тажрыйбасы бар жеке жак.


2. Ачык сынакка катышуу


2.1. Ачык сынакка автордук жамаатар, ОУК иштеп чыгуу боюнча тажрыйбага ээ басмалар же уюмдар, ошондой эле консорциумдар (авторлор, басып чыгаруучулар жана басмаканалар бирикмелери) катыша алышат.

Ар кандай класстар үчүн ОУКтун линейкасынын бирдиктүү концепциясынын жана ОУКтун бирдиктүү усулдук мамилесинини алкагында ар кандай автордук жамааттар тарабынан иштелип чыгышы мүмкүн.

2.2. Сынакка Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн жарандары, ошондой эле башка өлкөлөрдө катталган юридикалык жактар катыша алышат.


3. Ачык сынактын этаптары жана өткөрүү мөөнөтү

Сынак эки этап менен өткөрүлөт. Биринчи этапта каттоодон өткөн автордук жамааттар үчүн жаңы муундун окуу китептерине (ОУК) карата талаптар менен авторлорду тааныштыруу боюнча көрсөтмө берүүчү семинар өткөрүлөт. Экинчи этаптын жыйынытыгы боюнча сынактык комиссия тарабынан эксперттик коштоо менен толуктап иштеп чыгуу жана пилот жүргүзүү үчүн окуу-усулдук комплекстер тандалып алынат.

3.1. Биринчи этапка катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:

- өтүнмө/автордук жамааттардан каттоо (№1 формага ылайык) - кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде.

Биринчи этап өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин эки айдын ичинде жүргүзүлөт.

- ОУК (7-11-класстар) кол жазмаларынын линейкасынын концепциясын;

- окуу китебинин проспекти (7-класс же линейканы баштоочу окуу китеби).

Биринчи этапта авторлор үчүн маалыматтык жолугушуулар жана консультациялар өткөрүлөт.

3.2. Сынактын экинчи этабына катышуу үчүн төмөнкүлөр берилет:

- линейканын бардык окуу китептеринин проспекттери.

- 7 жана 8-класстардын окуу-усулдук комплекстери – (ар биринин даярдыгы – 50% кем эмес).

- ОУКтун линейкасынын дизайнынын концепциясы жана иллюстрациясы менен класстардын бирөөнүн окуу-усулдук комплексинин версткаланган 2-3 параграфы.

Документтерди тапшыруу мөөнөтү - сынактын биринчи этабы аяктагандан кийин үч айдын ичинде.

3.3. Сынактык материалдар өзбек тили жана адабияты жана тажик тили жана адабияты предметтери боюнча окуу-усулдук комплекстердин кол жазмаларынан тышкары окуу-усулдук комплекстер мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.


4. Экспертизалоо жана тандап алуу процедурасы

4.1. Сынактык материалдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы стандарттар жана билим берүүнүн сапаты боюнча Координациялык кеңештин Катчылыгына, төмөнкү дарек боюнча: 720040, Бишкек ш., Тыныстанов көчөсү 257, 334-кабинетке сынактык комиссияга берүү үчүн жиберилиши керек.

4.2. Келип түшкөн кол жазмалар катчылыкта катталат. Ар бир кол жазмага шифр ыйгарылат жана ал шифр менен кол жазма сынакка катышат.

4.3. Шифр ыйгарылган кол жазмалар КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген критерийлер жана баалоо процедурасынын негизинде (5-тиркеме) Кыргыз билим берүү академиясынын тиешелүү лабораториясына рецензия алуу үчүн жиберилет. Лабораториялар жетекчилер жана КБА президенти тарабынан кол коюлуучу рецензияларды даярдайт.

4.4. Кол жазмаларды кароо жана рецензияларды даярдоо материалдар келип түшкөндөн кийин үч жуманын ичинде жүргүзүлөт. Корутунда берилген ОУКтун линейкасынын сапатын жакшыртуу жана апробация жүргүзүү боюнча сунуштарды камтыйт.

4.5. ОУК кол жазмалары КБАнын лабораторияларынын рецензиялары менен Координациялык кеңештин Сынактык комиссиясына кароого жиберилет.


5. Сынактык комиссия жана сынактык иштерди балоо критерийлери

5.1. Сынактык комиссия Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы стандарттар жана билим берүүнүн сапаты боюнча Координациялык кеңештин эксперттер боюнча маалыматтар базасына кирген эксперттерден түзүлөт. Сынактык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилет.

5.2. Сынактык комиссиянын мүчөлөрү сынактын катышуучулары боло албайт.

5.3. Сынактык комиссиянын алкагында ар бир предмет боюнча, өзүнө усулчуларды, практик-мугалимдерди жана академиялык илим жаатындагы өкүлдөрдү камтыган, 5 адамдан турган эксперттик топ түзүлөт.

5.4. Толуктап иштеп чыгуу жана апробация жүргүзүү үчүн 2 кол жазма тандалып алынат. Эгерде келип түшкөн бардык кол жазмалар тандап алуу критерийине ылайык келбесе, кайрадан сынак өткөрүлөт.

5.5. Эксперттер, сунуштаган кол жазмалардын сапаты үчүн моралдык жана материалдык жоопкерчилик тартышат жана толуктап иштеп чыгуу жана апробациялоо процессин коштошот. Акы төлөө мөөнөтү контракт менен белгиленип, үч транш менен төлөнөт: биринчи – рецензияны бергенден кийин (30%), экинчи – апробациялоо жүрузүлгөндөн кийин (30%), үчүнчү – иштин жыйынтыгы боюнча, ОУК бекитилгенден кийин (40%). Пилоттун жыйынтыгы боюнча окуу китебине карата 50%дан жогору мугалимдер терс баа берген учурда, оң корутунду берген эксперттерге экспертизалоо үчүн каражаттардын 40% төлөнбөйт; эгерде эксперт апробациядан өтпөй калган окуу китептерин эки жолу жактырса, эксперттин аты-жөнү «кара тизмеге» киргизилет. Мындан кийин эксперт окуу китебин баалоо ишине тартылбайт.

5.6. Эксперттердин корутундусу Координациялык кеңештин отурумунда каралат. Координациялык кеңештин чечими протокол менен бекитилет жана апробацияга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн КР БИМ коллегиясына кароого жиберилет.


6. Жыйынтыктоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо


Сынактык комиссиянын чечими сынак аяктагандан кийин 5 иш күндүн ичинде Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жана «Кут билим» гезитине жарыяланат.

Сынактын жеңүүчүсү деп табылган кол жазмалар КР БИМдин финансылык колдоосу менен толукталып иштелип чыгат (зарыл болгон учурда) жана апробациялоого даярдалат. Кол жазмаларды толуктап иштеп чыгуу сынактын жыйынтыгы жарыялангандан кийин эки айдын ичинде жүргүзүлөт.


7. Этикалык маселелер

7.1. Ачык сынак, катышуучулар, сынактык комиссиянын чечимдери жана тиешелүү документтер, анын ичинде баалоо критерийлери, бул Жобо, предметтик стандарттар ж.б. жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин веб-сайтына жарыяланат.

7.2. Сынактык комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле техникалык персонал баалоо боюнча отчеттордун купуялуулугун камсыздоого милдеттүү. Сынактык комиссиянын чечимдери Министрликтин сайтына жарыяланат. Эксперттердин сунуштары сынактын катышуучуларына гана берилет.

7.3. Сынактын катышуучулары автордук укукту жана окуу китептеринде, мугалимдер үчүн усулдук колдонмолордо же кошумча материалдарда колдонулган материалдарга карата авторлордун укугун урамттоого милдеттүү.

7.4. Плагиатты алдын алуу үчүн кол жазмаларды «Антиплагиат» сайтында эки жолу: кол жазмаларды кабыл алуу этабында жана апробациялоо этабынын алдында (толук текстти берүү учуру) текшерүү каралган. Тексттерди текшерүү үчүн сайтты Билим берүү жана илим министрлиги аныктайт. Жарыяланган бир сынактын алкагында Министрликке келип түшкөн бардык окуу китептери бир гана сайт аркылуу текшерилет. Плагиат аныкталган учурда ОУК сынактын кийинки этабына катышууга жол берилбейт, ал эми авторго айып салынат жана «Кара тизмеге» киргизилет. Плагиат болуп башка адамдын идеясын же чыгармасын/материалын же аларды авторго же булакка шилтеме жасабастан толук же жарым-жартылай колдонуу саналат.

7.5. Сынактык комиссияга сынактын катышуучулары же үчүнчү жактар тарабынан кысым көрсөтүү аракети болгон учурда окуу-усулдук комплекстин сынакка андан ары катышуусуна жол берилбейт.


8. Автордук укуктар

8.1. Сынакка берилген бардык материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде автордук жана чектеш укуктарды жөнгө салуу жаатындагы нормаларга ылайык келүүсү зарыл. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республиканын окуучуларына окуу материалдарынын басма жана электрондук түрүнүн кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында ачык сынакта жеңип алган окуу-усулдук комплекстерге карата автордук жана чектеш укуктарды өзүнө калтырат.

Сынакка жиберилген, бирок тандалып алынбаган кол жазмалар авторлорго кайтарылып берилбейт жана Кыргыз Республикасынын автордук укук жаатындагы мыйзамдарын сактоо менен КР БИМдин архивинде сакталат.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!