СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Предметтик компетенттүүлүктөр

Нажмите, чтобы узнать подробности

Химия курсун окуп-үйрөнүүдө төмөнкү предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу сунушталат:

1. Таанып билүү жана илимий суроолорду коё билүү.

2. Химиялык кубулуштарды илимий түшүндүрүү (чечүү).

3. Илимий далилдөөлөрдү пайдалануу.

Окутуу жараянында предметтик жана негизги компетенттүүлүктѳр (маалыматтык, социалдык-коммуникациялык, өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү) төмөнкү куралдар менен калыптанат: окутуунун активдүү жана интерактивдүү усулдары; химиялык демонстрациялык эксперименттер – лабораториялык жана практикалык сабактар, химиялык маселелер жана кѳнүгүүлѳр. Алар заттар, материалдар жана жараяндар менен химиялык сабаттуу мамиле кылуусун, өзүнүн жашоосу үчүн дагы, ошондой эле коопсуздукту жана айлана-чөйрөнүн кадимкидей, табигый иштѳѳсүн өзүнө камтыйт. Предметтик компетенттүүлүктү калыптандыруу сабактын ар түрдүү баскычтарында жүргүзүлөт. Окуучулар пассивдүү угуучу эмес, мугалимдин аракетин кайтаруучу катары таанып билүү жараянынын активдүү катышуучусу болушат. Предметтик компетенттүүлүктү калыптандырууда чыгармачыл көп деңгээлдеги үй тапшырмалары сунушталынат. Маселен, сунушталган теманын бирѳѳсү боюнча билдирүүнү даярдоо, тигил же бул кубулуш же закондун демонстрациясын даярдоо, эксперименттик же чыгармачылык маселелерди чечүүнү издѳѳ. Ар бир окуучу ѳзүн өнүктүрүүнүн ушул баскычында өзүнө жеткиликтүү тапшырманы тандайт жана аткара алат. Эгерде ушул тема чоң кызыгууну пайда кылса, дароо бир нече тапшырманы аткарса болот. Предметтик компетенттүүлүктү калыптандырууда окуучулардын окуудагы жетишкендиктеринин деңгээлин баалоо өтө чоң мааниге ээ, ал оозеки жана жазуу формасында, өз алдынча жана текшерүү иш, зачет, семинарлар, жылдык жана тематикалык баалоо түрүндө жүргүзүлөт.

Категория: Химия
09.04.2023 09:46


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!