СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Стандарттык билим беруу .......

Нажмите, чтобы узнать подробности

республикабызда стандарттык билим беруу боюнча катуу талкуу болуп жаткан кез!

Сиз иштеген жерде да ошондой проблемма барбы

Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты

  • Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүүнүн стандарты – бул билим берүүнүн заманбап деңгээлинин сапатына кепилдик берүүгө мүмкүн болгон жалпы талаптардын тизмеси.
  • Мамлекет өзүнүн бардык атуулдарына милдеттүү түрдө камсыз кылуучу билим берүүнүн минималдуу, алгачкы,түпкү деңгээли.
  • Бул деңгээлден төмөн түшүүгө болбойт,ошол деңгээл гана адамга өз алдынча билимин улантууга,өзүнүн турмуш жолун туура аныктап алууга мүмкүндүк берет.

  • Демек, Стандарт- коом тарабынан ар бир атуул кепилдене турган билимдүүлүктүн мамлекеттик нормасы.
  • Мындай норма окуучулардын билим деңгээлин өлкөнүн ичинде жана андан тышкары жерде салыштырып баалоого мүмкүндүк берет.

  • Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты билимдүүлүктүн деңгээли менен аныкталат.
  • Билимдүүлүктун деңгээлин сандык көрсөткүчтөр менен баалоого болбойт.
  • Ал милдеттүү окуу жылдарынын саны менен да
  • Окуу предметтеринин тизмеси менен да
  • Окуу программаларынын сапаты менен да
  • Окуу материалынын көлөмү менен да
  • Аттестаттагы баалар менен да ченелбейт

  • Билимдүүлүктүн деңгээлин мындай көрсөткүчтөр менен баалоо стандарттык-бюрократтык структураларда гана орун алат.
  • Чындыгында билимдүүлүктүн денгээли – адамдын практикада активдүү ойлоно билгичтиги жана ишмердүүлүк жөндөмү,б.а. Анын эмнени иштей ала тургандыгы жана татаал көйгөйлүк кырдаалдарда эмнеге жөндөмү бар экендиги.
  • Мындай жөндөмдүүлүктү калыптандыруу андан да татааал

Аны туура аныктоо кеминде төмөнкүдөй талапты камсыз кылууну милдеттендирет:

  • 1 ) Билим берүүнүн мазмуну бүткүл адамзаттык баалуулуктарды камтыш керек ансыз жалпы кабылдануучулук болбойт.
  • 2) Этникалык,улуттук жергиликтүү материалдар оптималдык максималдуу камтылуусу керек.
  • 3) Окуу материалы окуучуларга жеткиликтүү болууга тийиш.

Стандарт –билим берүү процессинин бардык

катышуучулары үчүн багыт болуп саналат.

Стандарт - коомдун талабына ылайык мамлекеттик билим берүүнүн ченеми,нормасы

Мектеп билимин берүүнүн жаңы моделинин кийинки маанилүү компоненти-

  • практикалык жөндөмдөргө,
  • билимин колдоно билүү мүмкүндүгүнө,
  • жеке долбоорлорун ишке ашырууга багыттоо болуп саналат.

Инновациялык билим берүү мекемелеринин ишинде мындай мамиле- компетенттүүлүк деп аталат

  • Компетенттүүлүк мамиле окуучуларда ийгиликтүү социалдаштыруу мумкүндүгүн камсыздоочу компетенцияларын калыптандырат.
  • Компетенттүүлүк мамиле биринчи орунга окуучулардын маалымдуулугун эмес, практикалык жөндөмүн,практикалык иште пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү ыкмаларын өздөштүрүү жөндөмүн коет.

  • «Компетенттүүлүк » деген термин латын тилиндеги «competenz » деген сөзүнөн алынып «билгич», «жөндөмдүү» «шайкеш келген » деген түшүнүктү туюндурат.
  • Компетенттүүлү к - бул иштин көзүн билүү менен маселелерди оң жагына чече билүүчүлүк.Мында билим, билгичтик,ыкмалар ишке ашат.

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому боюнча (2014-жыл,21-июль,№403)
  • Негизги компетенттүүлүк
  • Предметтик компетенттүүлүк

Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартындагы негизги компетенттүүлүктөр:

  • маалыматтык,
  • социалдык-коммуникациялык,
  • өзүн уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү.

Маалыматтык компетенттүүлүк

  • Өз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу, негиздүү тыянактарды калыптандыруу үчүн маалыматтарды пайдаланууга даярдык. Маалымат менен иштей билүүнү талап кылат: жетишпеген маалыматты максатка умтулуу менен издөө, айрым фрагменттерди салыштыруу, гипотезаларды бирдиктүү талдоо, коюу ыкмаларына ээ болуу. Адамга сын көз менен ой жүгүртүлгөн маалыматтын негизинде акылга сыярлык чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Реалдуу обьекттердин (телевизор, магнитофон, телефон, факс, компьютер, принтер, модем, көчүрүүчү аппарат) жана маалыматтык технологиялардын (аудио- жана видео жазуу, электрондук почта, ЖМК, Интернет) жардамы менен керектүү маалыматты өз алдынча издөө, талдоо жана тандоо, уюштуруу, кайра өзгөртүү, сактоо жана аны берүү ыгын түзөт. Бул компетенция окуу предметтеринде жана билим берүү жаатында, ошондой эле курчап турган чөйрөдө камтылган маалымат менен окуучунун иштөө ыкмасын камсыз кылат

Социалдык-комуникациялык компетенттүүлүк

  • Өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун таламдары менен айкалыштырууга даярдык, өз көз карашын позициялардын ар түрдүүлүгүн таануунун жана башка адамдардын (диний, этностук, кесиптик, инсандык) баалуулуктарына урмат менен мамиле кылуунун негизинде цивилизациялуу коргоп калуу. Маектешүүдө зарыл маалымат алууга даярдык жана аны жеке, социалдык жана кесиптик маселелерди чечүү үчүн оозеки жана жазуу жүзүндө билдирүү. Милдеттерди чечүү үчүн башка адамдардын ресурстарын жана социалдык институттарды пайдаланууга мүмкүндүк берет. Ал жарандык-коомдук иште (жарандын, байкоочунун, шайлоочунун, өкүлдүн ролун аткаруу), социалдык-эмгек чөйрөсүндө (керектөөчүнүн, сатып алуучунун, кардардын, өндүрүүчүнүн укуктарын), үй-бүлөлүк мамилелер жана милдеттер жаатында, экономика жана укуктук, кесиптик өзүн аныктоо маселелеринде билимге жана тажрыйбага ээ болууну билдирет. Бул компетенцияга, мисалы, эмгек рыногундагы жагдайды талдоону, жеке жана коомдук пайдага ылайык аракеттенүүнү билүү, эмгек жана жарандык өз ара мамилелердин этикасына ээ болуу. Окуучу заманбап коомдо жашоо үчүн социалдык активдүүлүктүн жана функционалдык сабаттуулуктун минималдуу керек болгон ыкмаларына, өзүнө жоопкерчиликти алуу, чечимди биргелешип чыгаруу жана аны ишке ашырууга катышуу мүмкүндүгүнө, ар түрдүү этно маданияттарга толерантуулукка ээ болот.

Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлук

  • Маалыматта, окуу жана турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен аларды өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенүү менен чечүүгө, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечимдерди кабыл алууга болгон даярдык.[1]
  • Ал денени, ички дүйнөнү жана интеллектуалдык өзүн-өзү өнүктүрүү ыкмаларын өздөштүрүүгө, эмоционалдык жактан өзүн-өзү башкарууга багытталган. Мында реалдуу обьект окуучунун өзү. Ал жеке кызыкчылыгында жана мүмкүнчүлүгүндө иштөө ыкмаларына ээ болот, бул үзгүлтүксүз өзүн-өзү таануу, заманбап адамга таандык болгон жеке касиеттерин өнүктүрүү, психологиялык сабаттуулукту, ой жүгүртүүнү жана жүрүм-турумун калыптандыруу. Бул компетенцияга жеке гигиена, өзүнүн саламаттыгы жөнүндө кам көрүү, ички экологиялык маданият кирет.

  • Предметтик компетенттүүлүктөр негизги компетенттүүлүктүн негизинде ар бир предметтин мазмунуна, көлөмүнө,татаалдыгына жараша ар түрдүүчө кабыл алынган
  • М: 10-11-класстарда География сабагын уюштурууда үч компетенттүүлүк эске алынат

Категория: Информатика
24.02.2023 20:34


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!