СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Менин иш тажрыйбам

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мен Артыков Улукбек Шакирович 1999-жылдан баштап алгачкы эмгек жолумду Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде информатика мугалими болуп иштеп баштагам. 2006-жылдан, 2007-жылга чейин окуу бѳлүмүнүн башчысы, 2007-жылдан 2014-жылдын октябрь айына чейин мектеп директору болуп иштедим. 2018-жылдан бери окуу болумунун башчысы болуп эмгектенип келе жатам. Ушул мезгилдер аралыгында мен мугалимдик кесиптин ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесип экенин баамдап билдим жана окуучулар менен иштѳѳдѳ кандай ийгиликтерге жетише алдым деген суроону коё турган болсом, мен төмөндөгүлөрдү айтаар элем.

Мектептик билим берүүнү компьютерлештирүүнүн ийгилиги тѳрт негизги фактордун, мектептик компьютер жана программалык жабдылыштар менен камсыздалышы, мугалимдин даярдыгы жана информатиканы окутуу методикасынын конкреттүү иштелгендиги менен аныкталат. Азыркы учурда информатиканы окутуунун дидактикалык системасы толугу менен калыптана элек. Мындай шарттарда биринчи планга информатиканы окутуунун негизги, максат коюлуучу проблемалары келип чыгат. Окуу процесси коп түрдүү, ар жактуу. Ал эми окутуунун бир жактуулугу, штамптуулугу эч качан мектеп реформасынын талабына жооп бербеси баарыбызга белгилүү. Ошон үчүн тиги же бул сабактын максатына жараша методдор тандалып алынат. Мына ошондуктан мугалимдин ар бир сабагы көрсөтмөлүүлүктү эле талап кылат дегенден алысмын.

Менин мектептеги иштеп жаткан мезгилдеги эн негизги проблемам:

" Жаңы информациялык технологиянын жардамы менен сабактын натыйжалуулугун арттыруу" деген теманын үстүндѳ кѳбүрѳѳк иштейм. Ошондой эле ар түрдүү интерактивдүү методдорду колдонуп, сабактарды көрсөтмөлүү өткөргөнгө аракет кылам.

Себеби, бүгүнкү жаңылануунун мезгилинде мурункудай стандарттуулук окуучулардын окууга болгон кызыгуусун төмөндөтүшү мүмкүн. Информатика сабагында компьютер окутуунун каражаты катары бул тармактагы илимдин предметине биригет. Информатика сабагынын спецификасы практикалык иштерде компьютердин канчалык денгээлде колдонулгандыгынан кѳрүнѳт. Персоналдык компьютерде окуучулардын иштѳѳсү сабакка берилген убакыттын жарымынан кѳбүрѳѳгүн алат. Мен кѳбүнчѳ сабактарымда компьютердик техниканы колдонуунун тѳмѳндѳгүдѳй түрлѳрүн колдоном.

  1. Демонстрация: компьютерде ишти мугалим аткарат, окуучулар экрандагы демонстрацияларга байкоо жүргүзүшѳт же бул демонстрациялык аракеттерди ѳздѳрүнүн жумушчу орундарында жүргүзүшѳт.
  2. Лабораториялык иш (фронталдык): 10-15 минут убакыт ичинде компьютерде окуу программалары менен аны ѳздѳштүрүү боюнча иштѳѳ же берилген материалдарды бышыктоо. Фронталдык лабораториялык иштин убагындагы мугалимдин ролу берилген окуу программалары менен иштѳѳдѳгү окуучулардын туура аракеттерине кѳз салуу жана алардын демилгеси боюнча ѳз убагында жардам кѳргѳзүү.
  3. Практикум: жеке берилген тапшырмалар боюнча ѳз алдынча персоналдык компьютерде 1-2 окуу саат аралыгында иштѳѳ: бул иш курстун толук бѳлүмү боюнча билимди жана билгичтикти синтездѳѳнү талап кылат. Мында мугалим негизинен окуучулардын ѳз алдынча иштерин кѳзѳмѳлдѳп турат.

Сабактарда жѳн гана стандарттык тапшырмаларды аткаруу окуучулардын активдүүлүгүн тѳмѳндѳтѳт. Окуучулардын ишмердиктерин активдештирүү жана чыгармачылык менен ой жүгүртүүсү үчүн алардын кѳңүлүн окуу процессинде түзүлүүчү проблемалык кырдаалдарды анализдѳѳгѳ буруу маанилүү болуп саналат. Проблемалык кырдаалдарды түзүүнүн тѳмѳндѳгү жолдорун сунуш кылар элем:

  • окуучулар универсалдуу эмес программа түзүштү. Бул учурда окуучуларга параметрлерине жакын маанилери боюнча программаны иштетип кѳрүүнү сунуш кылуу керек. Окуучулар ошол замат программанын жетишпеген жактарын кѳрүшѳт, бул проблеманын туулушуна алып келет. Пайда болгон проблеманы окуучулардын жеке ѳздѳрү чечкенге шарт түзүү керек;
  • окуучуларга алардын ѳздүк билимдери, билгичтиктери жетпеген маселени коюу сунуш кылынат, мында дагы проблемалык кырдаал түзүлѳт. Бул учурда окуучулардын түзүлгѳн проблемалык кырдаалга ѳздѳрү анализ беришип, маселени чечүү жолдорунун варианттарын ѳздѳрү сунуш кылганга жетишүү керек;
  • даяр түрдѳ берилген программалардын эмне жумуш аткарарын анализдѳѳ, билүү маселелерин сунуш кылуу;
  • түзүлгѳн даяр программадагы атайын кетирилген каталарды табуу жана аларды ондоп жазып, программанын аткарылышын текшерүү.

Окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүгүн активдештирүү үчүн традициялык эмес сабактардын элементтерин да пайдаланып келем. Мисалы: мелдештерди, оюндарды киргизип, окуучуларды жаны маселелерди түзүүгѳ, аларды чечүүгѳ сунуш кылуу керек, бир эле эмес, бир нече чечилиштерди сунуш кылып, маселелерди жалпылаштырып, алардагы стандарттык эмес кырдаалдарды изилдѳѳгѳ шарт түзүү керек.

Мындан тышкары сабактын эффективдүүлүгүн арттыруу максатында дебат сабактарды уюштуруу, мындай учурда окуучулардын арасында талаш-тартыштар, ѳздѳрүнүн кѳз-караштары, далилдѳѳлѳрү пайда болот жана окуучулар ѳздѳрүнүн ойлорун, чечимдерин далилдѳѳгѳ аракет кылышат. Бул ыкмалардан башка дагы конференция сабактарды уюштурууга болот, бул сабакта активдүү, жакшы окуган окуучулар ѳз каалоосу менен тандап алган бир бѳлүм боюнча проблемалык маселелерди чечүүгѳ, айрым бир учурларын далилдѳѳгѳ аракет кылышат, бул учурда окуучулар тарабынан илимий эмгектерге биринчи кадамдар жасалат. Бул проблемалуу маселелер боюнча реферат жазууга болот. Экскурсия же саякат сабагын да уюштурууга болот.

Өтүлө турган ар бир сабагымды көрсөтмө куралдар менен, азыркы заманды технологиянын заманы дегендей окуучуларды жаны информациялык технологияны ѳз алдынча колдоно ала тургандай интерактивдүү досканын жардамы менен сабактын ар кандай формаларын, окуучулар тажап кетпегендей кылып, улам кийинки сабактарда башкача кылып алмаштырып өтүүгө аракет кылам. Азыр эскиче сабак өтүү кыйын. Сабакты инновациялык, интерактивдүү методдор менен өтүү талапка ылайык. Эффективдүү сабак жүргүзүү үчүн кѳптѳгѳн усулдук ыкмаларды сунуш кылууга болот, бирок кайсы класска кандай методдор ылайыктуу келерин ар бир мугалим ѳзү аныктоого тийиш.

Мисалы: Интерактивдүү сабактардын иш-аракеттердин комплекси

  • Даярдык, ар түрдүү кѳнүгүүлѳрдү аткаруу
  • Окуучуларга тапшырманы берүү
  • Топтордун курамын аныктоо
  • окуучулар иштей башташат
  • Топтордун ишине кѳз салуу.(окуучулар түшүнбѳй жатса же тапшырманын чегинен чыгып кетсе багыт бериңиз)
  • Чакан топтордогу талкууну бүтүрүү
  • Жыйынтык чыгаруу этабы

Менин мугалимдик кесипти тандагандагы эн биринчи максатым: окуучуларга татыктуу билим берип, мектептин намысын коргогон, эл керегине жараган окуучуларды окутсам, окуткан окуучуларым олимпиадаларга катышып, алдынкы орундарга ээ болсо, менин эмгегимдин текке кетпегени деп кыялданар элем. Ошол кыялдарым орундалып, бул жылдар аралыгында ѳзүмдүн болгон күчүмдү жумшап, окуучуларга татыктуу билим тарбия берип, окуучуларды райондук, облустук олимпиадаларга даярдап, жакшы жетишкендиктерге ээ болдум жана аларды мисал келтире кетейин.

Райондук олимпиадада ийгиликке жетишкен окуучулар

Окуучунун фамилиясы

Классы

Алган орду

2000-2001-окуу жылы

Итикулов Ильич

9-класс

1-орун

2001-2002-окуу жылы

Итикулов Ильич

10-класс

1-орун

2003-2004-окуу жылы

Саякбаева Назира

11-класс

1-орун

2004-2005-окуу жылы

Акунсартов Талгат

11-класс

1-орун

2005-2006-окуу жылы

Рыскелди кызы Аида

9-класс

2-орун

Искендерова Айжан

10-класс

3-орун

Досоева Медина

11-класс

2-орун

2006-2007-окуу жылы

Искендерова Айжан

11-класс

1-орун

2007-2008-окуу жылы

Рыскелди кызы Аида

11-класс

1-орун

Кубанычбек уулу Урмат

11-класс

2-орун

Кенжебек уулу Адилет

10-класс

3-орун

2008-2009-окуу жылы

Табылды уулу Байдөөлөт

10-класс

1-орун

2009-2010-окуу жылы

Эркинбек уулу Самат

10-класс

1-орун

2010-2011-окуу жылы

Автандил кызы Каным

10-класс

3-орун

Эркинбек уулу Самат

11-класс

1-орун

2011-2012-окуу жылы

Автандил кызы Каным

11-класс

1-орун

Облустук олимпиадада ийгиликке жетишкен окуучулар

Окуучунун фамилиясы

Классы

Алган орду

2004-2005-окуу жылы

Акунсартов Талгат

11-класс

3-орун

2006-2007-окуу жылы

Искендерова Айжан

11-класс

3-орун

2007-2008-окуу жылы

Рыскелди кызы Аида

11-класс

3-орун

2008-2009-окуу жылы

Табылды уулу Байдөөлөт

10-класс

2-орун

2009-2010-окуу жылы

Эркинбек уулу Самат

10-класс

4-орун

2010-2011-окуу жылы

Эркинбек уулу Самат

11-класс

4-орун

2011-2012-жыл

Автандил кызы Каным

11-класс

3-орун

Мектепте өз предметимден сырткары бул жылдар аралыгында окуу бѳлүмүнүн башчысы, мектеп директору болуп да иштедим, Бул жылдар аралыгында мен ѳзүмѳ кѳп тажрыйбаларды топтодум десем жанылышпайм жана иштеген жылдардагы ѳзүмѳ алган тажрыйбалардан бѳлүшѳ кетсем, окутуу-жана тарбиялоо процессин жалпы координациялоо, уюштуруу, жетектѳѳ, жыйынтыктарын талдоо жана мугалимдерге усулдук жактан жардам кѳрсѳтүү иш-чаралары мектеп директору жана анын орун басарларынын функционалдык милдеттерине кирет. Директор жана орун басарынын иш-аракети ѳзүнчѳ бир илим деп айткым келет. Сыртынан караганда, кайталанма иштер менен алек болгондой кѳрүнѳт. Чындыгында, ѳзүнѳ чыгармачыл мамилени талап кылган, системалуу, ѳнүгүп туруучу иш экендигин белгилегим келет.

Мугалим чыгармачыл, ачылып бүтпөгөн дастан болуш керек. Болгон чыгармачыл дараметин жумшап, окуучуларга билимин бериш керек. Тынымсыз эмгек, талыкпас аракет менен гана көптөгөн татаал жолдорду басып өтүп, ийгилигин, мөмөсүн бир топ жылдан кийин көрө баштайт.

Категория: Информатика
12.01.2020 08:15


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!