№ | Сабактын максаттары: | Күтүлүүчү натыйжа: |
1 | Билим берүүчүлүк: Кыргызстандын борбор шаары жөнүндө маалымат алышат. | -эгерде окуучулар борбор шаары менен таанышса; -кооз жерлерин айтып бере алышса; -жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнүшсө; -сөз байлыгын көбөйтүүнү улантышса; |
2 | Ɵнүктүрүүчүлүк: Текст менен иштөөгө, сүйлөм түзүүгө көнүгүшөт. | -берилген көнүгүүлөрдү аткара алышса; -эркин оюн айтууга машыгышса; -текстти окууга көнүгүшсө; -сүйлөмдөрдү туура түзүп, машыгышса; - ырларды көркөм айта алышса; -лар мүчөсүнүн варианттарын билишсе, жаза алышса;; |
3 | Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар ар кандай улут болсо да, бири-бирине жардам берүүгө үйрөнүшөт. | -ар бир баланын оюн угушса; -ар бир бала ынтымак-достукта жүрүшсө; -бири-бирин сыйлоого үйрөнүшсө; |
Сабактын этаптары Убакыт | Мугалимдин иш аракети | Окуучулардын иш аракети | НК | ПК | Баалоо |
Уюштуруу 5 мүн | Саламдашып , окуучулардын тизмесин толуктаймын. Жагымдуу маанай түзөмүн. Баалоонун түрлөрүн айтып кетемин. | Саламдашат. Нөөмөтчү жооп берет. Жагымдуу маанай түзүшөт. М: борбор шаар,кооз, көрктүү, ар улуттуу. | | | |
Үйгө берилген тапшырманы текшерүү 10мүн | Үйгө берилген тапшырманы текшеремин. Ырды көркөм айтуусуна көңүл бурамын. Туура жазган окуучуларга упайларды беремин. | Окуучулар үйдө жазган сүйлөмдөрүн текшертишет . Ырды айтышат. Туура жазагандарга упай алышат. | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 | Калыптандыруучу баалоо |
Окуучулардын билимин актуалдаштыруу 2 мүн | Окуучуларга суроо берилет. Балдар , Ата Мекнибиз -Кыргызстан экен, эми Кыргызстандын борбор шаары кайсы экен? Борбор шаар дегенди кандай түшүнөсүңөр? Азаматсыңар! Демек, бугунку өтө турган темабыз Бишкек шаары. | Окуучулар Сүрөттү карап суроолорго жооп беришет. Баары өз ойлорун айтышат. Мекенибиз Кыргызстанды түшүнөбүз. Биздин туулуп өскөн жерибиз. Борбору Бишкек шаары. | НК1 НК2 | ПК1 ПК2 ПК3 | Калыптандыруучу баалоо |
Жаңы тема жана сабактын максаты менен тааныштыруу Көнүгүү менен иштөө 10 мүн | Сабактын үч бирдиктүү максаттарын көрсөткүчтөрү менен тааныштырам. Тех. каражаттын жардамы менен слайд көрсөтүлөт. 1-көнүгүү. Сөз айкашын окуймун. Бишкек шаары кооз, көрктүү. Сөз айкаштарын айкалыштырып окуйбуз. 2-көнүгүү. Сүрөт аркылуу иштөө.Сүйлөм түзүү. Ким туура айтса упай беремин. | Окуучулар тасманы көрүп, маалымат алышат. айтышат. 1-көнүгүү. Окуучулар көнүгүүнү аткарууда мугалимдин артынан сөз айкаштарын кайталашат, маанилерин түшүнүшөт. 2-көнүгүү. Сүрөттүн жардамы менен иштешет. Сүйлөм түзүүгө машыгышат. М: Бул борбордо жайгашкан. | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 ПК3 | |
Жаңы материалды бышыктоо 10 мүн | 3- көнүгүү. Алгач окуучулар менен жаңы сөздөрдү хор кайталайбыз. Маанилерин түшүндүрөмүн. Текст менен иштөө. Суроолорго жооп айтуу. Туура окуган, туура айткан балдарга упайлар берилет. 4-көнүгүү. Үлгү боюнча сүйлөшүү . Сүйлөшүүнү улантышат. 5-көнүгүү. Сөздөргө –лар мүчөсүн улап жазгыла жана сүйлөм түзгүлө. 1-көнүгүү. Ким? Эмне? деген суроого жооп берген сөздөрдү бөлүп жазуу. Алгач биринчисин көрсөтүп беремин | Окуучулар сөздөрдү мугалим менен чогуу кайталашат, маанидерин түшүнүшөт. Текстти бир-бирден окушат. Суроолорго жооп беришет. 4-көнүгүү. Окуучулар бжуп-жубу менен үлгүнү окушат. Бири-бирине да суроо беришет. Датка сен да Бишкекте болдуң беле? 5-көнүгүү. Окуучулар -лар мүчөсүнүн вариарттарын эстеп , сөздөргө улап жазып, сүйлөм түзүшөт. 1-көнүгүүнү кызыгуу менен иштешет. | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 ПК3 | Аныктагыч баалоо |
Артка кайрылуу Рефлекция 5 мүн | Бул сабакта эмнелерди эстеп калдыңар? Бишкек шааны кандай шаар? экендигин жазып, өз оюңарды калтыргыла. | Окуучулар кызыгуу менен таратмаларга жазып ойлорун калтырышат. | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 ПК3 | Калыптандыруучу |
Үйгө тапшырма берүү 2 мүн | Үй ташырма 6-көнүгүү .Ыр жаттоо. 5-көнүгүүнү дептерге жазуу.103-бет. | Жазып , белгилеп алышат. | | | Калыптандыруучу баалоо |
Баалоо 1 мүн | Окуучулардын билими сабактын максатына ылайык, айтылган көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат. | | | | |