СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Место работы

Лицей "Билим" при ОшГУ

Обо мне

Менин педагогикалык философиям

Ар бир баланын дараметине жараша, учурдагы деңгээлинен баштап өстүрүү – бул менин максатым дагы, милдетим дагы деп билем

         Баланын чоңойгондо ким болору анын кичинесинде ойногон оюнунан эле билинет экен деп ойлоп калдым. Кичинекей кезимде мени атам менен апам “басканын кара, басканын, эжекенин басканындай” деп эркелетишчү. Анда мен ансайын боюмду түзөп, согончогумду көтөрүп (эжекемин туфли кийгенин туурагым келген го), какайып басчумун. Эч качан өзүмөн чоңдор менен ойногон эмесмин. Жалаң гана өзүмдөн кичинелерди айланама топтоп алып ойногон жакчу. Анткени чоңдор менен “мектеп-мектеп” ойногондо мени окуучу кылып коюшар эле да. Анан калса алар көпчүлүк учурда “дүкөнчү-дүкөн”, “догдур-догдур” оюндарын ойношчу. А мен эжеке болгум келчү. Ошол үчүн да Айжаркын, Айбарчын, Сагын, Толгонай, Акылайлар менен ойночумун. Эки жакка эки тазикти көмөрө коюп, анын үстүнө узун тактайдан жаткырып парта жасап, таштардан олтургуч тизип, ашкананын артына, көңкананын жанына дароо эле “Дүйшөндүн мектебин” кура кетчүмүн. Алар кичинекей да, али окуй элек. Үйүндө дептер-ручкасы жок. Ошондуктан өзүм аларга 2 сомдук көк дептерди ортосунан кыркып, сыртына аты-жөнүн жазып, анан кленка пакет менен сырттап... Пакеттен дептер тыш жасоо да өзүнчө керемет иш. Аны тегиздеп кыркасың, бириккен жерлерин күкүрттү күйгүзүп туруп басып-басып койсоң өзүнчө эле “дельфин” тыш дапдаяр. Ошентип ар биринин колуна карматам. Сабактан кийин сөзсүз жыйнап алам. Антпесе кайран мээнет күйбөйбү.

Кудум эжекемди туурап эшиктен кирип, алар менен саламдашып өзүмө даярдаган “өзгөчө” орундукка олтуруп, сабак баштайм. Көбүнчөсү мактап, алакандарына, дептерине беш коюп берем. Өтө берилип кеткенде уруша кетип, эки да коюп жиберем. Андайда окуучуларым “мен ойнобойм” деп кетемге түшөт. Кайра эле өзүм жалдырайм “эжеке деген калп эле урушат да” деген болуп.

Доскабыз – сыртынын краскасы көчкөн көк трактордун эшиги. Бор маселесине келсек акыбалым оор болчу. Азыр ойлоп көрсөм ошол кезде доскага жазган ак борлор таңкыс болгон окшойт. Себеби менин эжекем 2-3 борду кагазга ороп келип жазып, кайра сабактын аягында унутпай кагазына тамекини орогондой көздү кызартып ороп, кайра алып кетчү. Унутуп калса экен деген тилегимди таш каап кала берчүмүн. Анткени менин борум – кадимки отко күйүп бүткөн жыгач – көө эле. Трактордун эшигине жакшы эле жазылчу. Болгону кайра өчүрүү кыйын эле. Колдорум капкара болуп, тилик-тилик болуп жарылып кеткенине деле кайылмын.

Ошентип оюнум да, оюм да, басканым да, турганым да мугалимди туурап атып бул кесипке болгон сүйүүм артып мугалим болуп калдым. Бир кездеги балалыктагы кыялым ишке ашып мугалимдик кесиптин аркасы менен көп нерсе үйрөндүм. Көп нерсеге жетиштим.

Ал эми менин бүгүнкү күндөгү кыялым да, максатым да “ар бир күнү татыктуу мугалим болуу” болуп калды. Анткени мугалим болуу башка, “татыктуу мугалим” болуу башка тура. Эгерде окуучулар сенин ар бир сабагыңды күтүшсө, сенин сабагыңда өзүн эркин жана ишенимдүү сезишсе, сенин сөздөрүңдөн шагы сынып эмес, шыктанып турушса, ошондо гана өзүңдү татыктуу мугалиммин деп эсептесең болчудай.

Мен сабакка кирген класста келечектин музыканттары, сүрөтчүлөрү, багбандары, илимпоздору, спортчулары, эң башкысы дени сак коомдун мүчөлөрү олтурат деп билем. Менин окуткан математика сабагым ар кимисине ар кандай жагдайда пайдасын тийгизет. Ошондуктан предметти окутууда ар биринин дараметине, кызыгуусуна жана эң башкысы учурдагы деңгээлине жараша мамиле кылам. Эртеңки 9-б класста сабагым бар болсо, мен класс үчүн эмес, класстагы ар бир окуучу үчүн даярданам. Ар бири үчүн пландаштырам. Апалай, Аксаамай, Куштарбек, Дарман... Ар бири көз алдымда. Ар биринин кызыгуусу, математикалык дарамети ар башка. Ошондуктан ар бирине өзүнө жараша мисал-маселелерди бөлүштүрүп берем. Долбоордук иштерди дайындайм.

Баланын жаманы болбойт. Дагы бир жолу кайталайм, “Баланын жаманы болбойт!” Кандай гана кырдаал болбосун анын бала экендигин, турмуштук тажрыйбасы аз экендигин эске алып, мугалим анын менен тил табышууга барышы кажет. Кызыгуусуна, дараметине карап тапшырма берсе эле окуучуда предметке болгон сүйүү ойгонот.

Мен мугалим экендигиме сыймыктанам.

 

Моё образование

Билимим:        1997-ж            толук орто билим     Чаткал районуна караштуу Сатыбалды

                                                                                   Байдөөлөтов атындагы орто мектеп

                        2009-ж            жогорку билим         ОшМУнун математика жана

                                                                       информациялык технологиялар

                                                                       факультети, математика адистиги

            2014-ж           магистратура            ОшМУнун МИТ факультети, математика

                                                                       Багыты, 510100

Рейтинг

Баллов: рейтинг1670.3 Место: место30179 (Подробнее)

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!