СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жугуштуу эмес оорулар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жугуштуу эмес оорулар»


ЖУГУШТУУ ЭМЕС ОРУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ.



Адамзат өз өнүгүшүндө жугуштуу оорулар менен күрөшүп, инфекциялык илдеттерден өлүм азайган чакта башка коркунуч жаралды дешет медиктер.

Ал жугуштуу эмес оорулар. Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да адамдар эң көп жугуштуу эмес оорулардан каза болууда. Адистер бирок аны азайтуу же өмүрдү узартуу адамдын колунда дешет.

Кыргызстанда жалпы өлүмдүн 80 пайызын жугуштуу эмес оорулардын кесепети түзөт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде (ДСУ) Кыргызстанда өлүмгө алып келген жугуштуу эмес оорулардын төрт тобу бар:

  • Жүрөк-кан тамыр оорулары

  • Рак

  • Кант диабети

  • Респиратордук оорулар

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлгөндөр 50 пайызды түзүүдө.

"Дүйнөдө, мурдагы Советтер союзунун аймагында деле жугуштуу ооруларды дээрлик жеңишти. Саналуу гана коркунучтуулары калды. Жугуштуу эмес илдеттер эң көп өлүмгө алып келүүдө. Казакстанда да жүрөк-кан тамыр оорулары, экинчи орунда рак оорудан улам өлгөндөрдүн башында турат. Ошондой эле кант диабети балдардын да, чоңдордун да арасында өсүп жатат. Каттоодо тургандар биздин өлкөдө 4000 деп саналат, бирок иш жүзүндө алда канча жогору", - деди Казакстандагы "Аман-Саулык" коомдук уюмунун башчысы Бахык Ниязбекова

Туура тамактануу көп оорунун алдын алат

Жашоо образы, тамактануусу окшош эки коңшу өлкөдө бул оорулар боюнча көрсөткүчтөр да жакын.

  • Кыргызстанда 100 миң кишиге бул оорулардын туура келиши:

  • Жүрөк-кан тамыр оорулары 4877 учур

  • Рак илдеттери 90 учур

  • Диабет 88 учур

Жугуштуу эмес оорулардын себептери

Дарыгерлер белгилегендей, сөз болуп жаткан илдеттер канчалык кооптуу болбосун, алдын алууга болот. Адистер бул оорулар адамдын жашоо образына тыгыз байланышкандыктан алдын алуу жолдорун ошол жактан издеш керек дешет.

Жугуштуу эмес ооруларга алып келген негизги факторлор:

  • Тамеки тартуу

  • Спирттик ичимдик ичүү

  • Туура эмес тамактануу

  • Аз кыймылдоо

  • Экологиялык абал ж.б.

Эркектердин кеминде 45 пайызы тамеки тартат. ДСУнун айтымында, ар бир бешинчи кыргызстандык ашыкча салмак менен жашайт.

ДСУнун маалыматына ылайык, Кыргызстан тузду көп колдонгон өлкөлөрдүн катарына кирет.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айрым уюмдардын изилдөөсүндө Кыргызстан 180 өлкөдөн эң көп туз колдонгон төртүнчү өлкө болду

STEPS иликтөөлөрүнө ылайык, кыргызстандыктар жеген жашылча-жемиштин көлөмү да аз.

Туура эмес тамактанууда Саламаттык сактоо министрлиги транс майларды бөлүп көрсөтө баштады. Анын маалыматында, 25-64 жаш аралыгындагылардын 11,4 пайызынын орточо активдүүлүгү жумасына 150 минутага жетпейт. 3,7 пайызы гана ден соолукту чыңдоочу иш-аракеттерди жасайт.

Эгер жугуштуу эмес илдеттердин алдын алсак, инвалиддиктин да алдын алган болор элек дешет адистер. Мисалы, Кыргызстанда инвалиддик алуу да жүрөк-кан тамыр ооруларына көп туш келет, 19,6 пайыз. Инвалиддикти андан кийин өпкөнүн өнөкөт ооруларына, диабетке, шишикке кабылгандар алат.

Оорунун алдын алуу чөнтөккө пайда

Жугуштуу эмес оорулардын айынан коротулган каражат ИДПнын 3,9 пайызына барабар деген эсептөөлөр бар. 2015-жылдагы эсепти алсак, төрт негизги жугуштуу илдетти дарылоого мамлекет 3,7 млрд сом короткон.

ДСУ менен өкмөт 2017-жылы жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, төрт негизги жугуштуу эмес оорунун алдын алууга салынган инвестиция аны айыктырууга кеткен акчаны он эки эсе актайт. Мисалы, 2015-жылы ал илдеттерди айыктырууга мамлекет 54 млн доллар короткон. Ал эми жумуштун аксоосу өңдүү көрүнбөгөн башка чыгымдар 213 млн долларга тете деп бааланган.

Казакстанда Жугуштуу эмес оорулардын зыянын азайтуу концепциясын кабыл алышкан.

СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

25-64 жаш арасындагы кыргызстандыктардын 3,7 пайызы гана ден соолукту чыңдоочу дене тарбия менен алектенет

Бул өлкөдө туура эмес тамактануудан 2018-жылы 25 миң адам өлгөн, бул 15 миллиону бар калк үчүн өтө көп дейт аталган концепцияны иштеп чыгуу тобунун мүчөсү Гульнара Курбанбаева. Өзү бизнес чөйрөсүндө иштеген Курбанбаева мамлекетти чара көрдүрүү үчүн оорунун экономикалык зыянын көрсөтүш керек деди:

"Адам канчалык ооруган сайын иш өндүрүмдүүлүгү төмөндөйт. Муну мамлекетке гана эмес, бизнеске да түшүндүрүш керек. Алар мекеменин жумушу натыйжалуу, өндүрүмдүүлүгү жогору болуш үчүн колунда иштегендердин ден соолугуна акча сарптоого кызыктар болуш керек. Мисалы, учурунда медициналык тейлөөдөн өткөрүп, дене тарбияга шарттарды түзүп берген жакшы. Кызматкерлер ооруп жумуштан калгандан көрө алдын алыш керек".

Казакстандын концепциясын Кыргызстанда кабыл алууга аракет кылып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты, врач Альфия Самигуллина документ жугуштуу эмес ооруларды өтүшүп кеткенде эмес, алдын алууга жол ачат деп эсептейт.

Жугуштуу эмес оорулар кылым коркунучу

Кыргызстан 2013-2020-жылдардын программасын кабыл алган. Анын натыйжа берип же бербегени боюнча азырынча изилдөө жок.

Кыргызстан 2013-2020 жылдагы программасындагы максаттарынын бири - 15 жаштан жогоркулар арасында тамеки тартууну 15 пайызга азайтуу болчу. Ал эми адамдын кыймылын он пайызга көбөйтүү каралган. Ал эми спирттик ичимдиктерди өнөкөт колдонууну 10 пайызга азайтуу максат кылынган.

Жогорку Кеңештин депутат Альфия Самигуллина профилактикага адамдар каражат бөлүүнү каалабай турганын айтат. Ал профилактика башында кымбат болоорун бирок, ооруну дарылоодон арзан, натыйжалуу жана көп жагынан жеңил экенин баса белгиледи.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстанда эң көп өмүрдү алган жүрөк-кан тамыр оорулары

Самигуллина жугуштуу эмес оорулар адамдын жашоо образына байланыштуу экенин кошумчалады:

"Жугуштуу эмес оорулар - бул негизинен биздин жашоо образыбыз, адаттарыбыз жана мода болуп кирген жагдайлар. Мода биринчи кезекте биздин жаштардын жашоосун калыптандырууда. Кыздар, балдар 15-16 жашында чоң болугусу келет, анын арты менен жаман адаттарды калыптандырып алышат. Алдын алуунун негизи - дарыгерлерден кеңеш алуу".

Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу департаментинин директор орун басары Кубан Кундашев жогоруда аталган илдеттердин баарын алдын алууга болот дейт:

"Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө жарандар системалуу түрдө медициналык көзөмөлдөн өтүп турушат, диагностика кылат. Анализ тапшырып, кан басымын өлчөп, эң эле жөнөкөй тиш догдурга барып турушат. Тамак-ашын көзөмөлдөп жеп, керек болсо диета кылышат. Башкача айтканда. ар ким өз саламаттыгына көңүл бурат. Бизде андай болбой жатат".

ДСУ жогорудагы факторлор менен күрөшүү жүрөк-кан тамыр, инсульт, диабеттин экинчи түрүн 80 пайызга азайтып, ракты 40 пайызга төмөндөтөт дейт.

Жугуштуу эмес оорулардан өлгөндөрдүн саны 2030-жылга дүйнөдөгү жалпы өлүмдүн 75 пайызын түзөт. ДСУ ага каршы күрөштүн дүйнөлүк стратегиясын 2000-жылы кабыл алган.

Бир катар мамлекеттер 2011-жылы БУУнун Башкы ассемблеясында декларация кабыл алышкан. Анда жугуштуу эмес илдеттерди 21-кылымдын негизги коркунучу катары карашып, дүйнөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө доо кетирип жатканын белгилешкен.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!