СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили жана адабияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Түнкү сугат

 Канымкүлдүн колунда көтөргөн эки жашар уулу Токон бар. Ал экөө тең көчөнүн батыш тарабын тиктешет. Уйлар күнүгө ошол жактан кайтат. Көчөнүн аягында кырка тигилген теректердин кылда учуна илингенсип, күн боз дөңсөөнүн булуңуна акырын гана калкылдап чөгүп бара жатты. Так ошол батып бара жаткан күндүн астынан кечки күүгүм жон ылдый жылжып этектеги көлөкөлөрдү улай кууп жетип, аларды өз койнуна катып алып жаткандай. Айлана барган сайын көзгө илешпей иңирилет.

 Кеч кирип келе жатканы менен күндүн аптабы али кайта элек. Ал аз келгенсип, батыш тараптагы казактын чөл талаасынан кимдир бирөө көрүк желип жаткансып, керимселдин дем кыстырган оор толкундары лап-лап этип келе баштады. Азыр айланадагынын баары: алы кеткен самсаалаган бутактар, ичи түнт токой сыяктуу жылуу ным басып, чарбактарда демигип турган чытырман жүгөрүлөр чымынга таланып арык боюнда ылаалап турган боз бээ жайкы ысыкка чагылып, азыр түндүн келишин гана күтүп тургансыйт. Түндө жогортон муздак жел согот. Таңга жуук жер үстүн шүүдүрүм камайт. Ошондо таш «чыйрыгып» бетине тунук чык жыбырап ыйлаактанат. Мына ушул маалда жегени аш болуп

мал семирет. Үргүлөп термелген чөптөр боюн жазып өсөт. (170 сөз)

 

 

Чыныгы достук

 Жаман дос - көлөкө сыяктуу, күн тийип турганда качып кутула албайсың, күн бүркөөдө издеп таба албайсың. Ушул сыяктуу колуңдан иш, оозуңдан сөз келип, ооматың артып турганда, достошууга жан тарткан адамдардын чыныгы досу да жардам кылбай кетет.  

Кээ киши чыныгы сүйүүсүн сактай биле албагандай эле, чыныгы достукту сактай албайт. 

Ошон үчүн эртеби-кечпи көңүл суутуп, сени сындырып, сени таштап кетпеген, бул дүйнөдөгү чыныгы, ишенимдүү дос-экөө гана. Бул - эмгек жана китеп. Жашынан китепкөй, эмгекке дербиш болуп, эмгегин акылың менен чөйрөңө, элиңе жаксаң, бейтааныш кишилер түгүл душмандарың да сага - дос, жолдош. 

Ал эми сен күткөн турмуштагы дос, жоро ар кыл курагында ар башкача болот, тагыраак айтканда, өзүнө жараша болот. Адам ылгабай жаш кезинде көп дос, жоро күтөт. Бирок мезгил өткөн сайын алар, азайып, картайган кезинде эң ишенимдүү, эң жөнөкөй достор гана калат. Анткени курак өткөн сайын адам турмуштан сыналып, иргелип отурат. Анын аңдоо сезими жашоодогу көп сырды таанып билүүдөн улам, айрыкча, мезгил өтүп, турмуш аларды коомдо өз-өз ордуна койо баштаганынан улам өсө баштайт. Бири өйдө, экинчиси төмөн карап, башканы кой салам айтуудан калып, сууп кетишет. (173 сөз)      

 

Нан

Илгери–илгери бир койчу болуптур. Коюн жайып, түштө суунун боюна олтуруп алып, койнуна катып келген нанын жечү. Бир күнү нандын күкүмү жерге түшүп кетет. «Күкүмдү таап албасам болбойт, мал же киши тебелесе, анын убалы кимге?»- деп, кечке издейт. Бирок, нанды таба албайт. Эртең издейин деп баягы жерге таягын сайып, айылга кетет.

Эртеси койчу эртелеп жайытка жөнөйт. Келсе баягы таяктын жанына чеп орноп, анын ичи буудайга толуп калыптыр. Таяк болсо чылк алтын казыкка айланган экен. Койчу аларды алып, ошондон кийин азаптан кутулат.

Муну бай да билет. Ал да алтындуу болуп, койчу жеткен бактыга жеткиси келет. Бир күнү бай койлорун  жайып чыгат. Калың чөптүн арасына келгенде нанды күкүмдөп, буту менен тебелейт. 

Арадан бир нече күн өтөт. Бир күнү бай баягы жерге келсе, чеп курулуп калган экен. Чептин ичинде тике өскөн буудай, буудайдын ортосунда казык. Казык  жылтылдап алтын өңдөнүп көрүнөт. Ач көз бай шашкан бойдон барып «алтын казыкты» алайын десе, чеп урап, буудай куурай болуп калат. Ал эми казык жыланга айланып, байды чагып өлтүрөт.

Ошентип күкүм нанды ардактаган койчу ырыска тунса, ач көз бай күкүмдү кордоп, ажал табат (174 сөз)

 

Укмуштуу окуя

 Уусуз сары жыландын сары чычканга болгон аңчылыгы, аны толук кактап жутуп жибериши бизди аябай кызыктырды. Эгер аны динчилер болсо «арбап» жутуп койду деп божомолдошоор эле. Чынында жаратылышта андай эмес. 

 Ар кайсы жерден көрүнгөн сары чычкандар бизди көрөр замат култ деп ийинине кирип жок болот. Бир кезде асты жактагы ийиндин түбүнөн кара чаар жылан бизди көрүп сойлоп, ийинге кирүүгө багыт алды. 

 Бирок ийин канчалык кенен болсо да анын башы батып, калган денеси кептелип калды. Жыланда кандай да болсо бир сыр бар экендигин билип, анын куйругунан кармап сыртка тарттык. Ал кадимкидей айбат кылып, ачакей тилин соймоңдотуп, каршылык көрсөтүүгө даярдана баштады. Башы менен куйругу ичке болгону менен ортосу топ жуткандай көрүнөт. Анын өз көлөмүнөн чоңураак жаныбарды жуткандыгын байкадык. 

 Анын сары чычканды жутуп жибериши өзүбүзгө сонун табылга катары сезилди. Андан кийин аны кантип жегендигин аныктадык. Жыланды мойнунан жип менен байлап, чатыр тигилген жердеги изилдөө жүргүзгөн кишилерге сүйрөдүк. Бир кезде жыландын алкымындагы байланган жибин чечтик. Ал уламдан– улам алга карай ыкыс берип, жүткүнүп, обдулуп барып денесин жыйырганда, оозунан баягы жуткан сары чычкан бүкүлү бойдон жерге түштү. Көрүп тургандар аны бүкүлү бойдон жуткандыгына абдан таң калышты. (181 сөз)

 

Пржевальск

 Бул шаардын алгачкы аты Каракол. Пржевальск деген наам революциядан мурда коюлган. Орус элинин улуу саякатчысы Пржевальский Борбордук Азияда жүрүп токтогон экен. Ал адам кыргыздын жеринен кулан кармаптыр. Ал гана эмес, бүткүл чөптөрдү текшерип көргөн экен. Бир карыяга келип: «Кыргызда эң уу чөп кайсы болот?» - деп сураса, анда ал кыргыз уу коргошунду көрсөтүп: «Муну жеген мал да, адам да өлөт» - дейт. Пржевальский уу коргошундун түбүн аарчып, жеп жибериптир. Бир аз туруп эле өңү кызарып тумчуккандай болуптур. Ошондо бир кичинекей бөтөлкөдөн дары алып жутуп жиберет. Кайра эсине келип: «Дүйнөдө мындан артык дары жок, бул миңдеген ооруну айыктырат», - дептир.

 Ошол эле Пржевальский кыргыздарга көп жакшылык кылган экен. Ушул Ысык-Көл өрөөнүндө бир убактарда эки баштуу зымырык куш пайда болуптур. Ал келгенде жут, ачарчылык, улуу тумоо, кара тумоо кошо келиптир. Ал зымырык куш көзүнө эмне көрүнсө, барын алчу экен.

 Пржевальский бул элге жабыр келтирген немени атам деп нечен күн убара болот. Акыры атып түшүрөт. Ошондон кийин элдин тукуму өсө баштаптыр. Бирок зымырык куштун каргышынан саякатчы каза тааптыр. Кыргыз эли Каракол шаарын Пржевальск шаары деп атап калышат. Пржевальскийдин пристандагы мүрзөсүндөгү эстелигине коюлган куш – ошол зымырык куштун өзү. (181 сөз)

 

Чилдер

 Кекиликтер сыяктуу чилдер да көп тукумдоочу канаттуулардан. Алардын мекияндары тогуздан он жетиге чейин балапан чыгарышат. Кышкысын бөксөнү кар басканда ойго учуп түшүшөт. Аңыздардан күбүлүп түшкөн дандарды жана чөптөрдүн уруктарын терип жешет. Кар өтө оор түшкөндө тамак таап жей албай калышат. Чилдерди түнөгүнөн арыстар көп аңдышат.

 Билалы деген мергенчи экөөбүз эгин айдалган аңыз менен келе жатканбыз. Жолду карай кар тээп оттоп жүргөн чилдерди көрдүк. Бир шыраалжын куурайынын түбүндө чилдин канат – куйруктары жулунуп, жүнү сапырылып калыптыр. Куш алып жеген экен деген ойго келдик. Бирок карда арыстын изи жатат. Көрсө, чилдер кечке маал шыраалжын куурайдын түбүн түнөк кылган, ушул жерде арыстын ийини да бар экен. 

 Чилдер пайдалуу канаттуулардан. Эти өтө даамдуу жана адамга жагымдуу. Аларга күздө семиргенден кийин кар түшкөн маалда аңчылык кылуу керек. Ал убакта жүндөрү жетилип, бурта май байлап, төш эти абдан толот. Экинчиден үйүр–үйүрү менен жүрүшөт. Ар бир топ ондон ашуун. Башка топтор кошулушса андан да көп. Чилдер бири–бирине өтө күйүмдүү, кайрымдуу канаттуулар. Эгер тузакка бирөө илинсе, кекиликке окшоп дүр этип учуп качышпайт. Аны таштап кетүүнү кыйбай калгандары ары–бери өтүп «каралаша» беришет. Ошентип, жатып тузакка биринин үстүнөн бири түшөт. (182 сөз)

 

Баңгилик жана балдар

 Алкоголь сыяктуу эле баңгиликтин да өзүнчө белгилери бар. Психикалык жана күч жагына байланыштуу оорунун өөрчүшү, баңги затты дайыма кабыл алып турууга болгон муктаждык.

 Ошону менен бирге, баңгилик аракечтиктен айырмаланып, бир катар өзгөчөлүктөрү менен мүнөздөлөт. Наркотиктин тигил же бул түрүнө жараша өтө тез үйрөнүшөт. Аны алмайынча тура албай калганын айтса болот.

 Баңги заттарды бир гана жолу же биринчи жолу гана пайдаланса да балдарды татаал коркунучтуу абалга дуушар кылышы мүмкүн. Ал өлүп калууга чейинки жагдайга жеткириши ыктымал.

 Акылдан адаштыруучу наркотикалык заттарды пайдалануунун узарышына жараша, организм барган сайын аларды тез-тез талап кылат. Аны алган адам аябай кыйналат. Жүрөк булчуңдарына доо кетет. Жүрөктүн начарлашы барган сайын артат. Гастрит оорусу күчөйт. Ашказан, он эки эли ичеги оорулары пайда болот. Боорду, өпкөнү илдет чалат.

 Баңги заттар улгайгандарга караганда өспүрүмдөрдүн психикасын тез бузат. Оорунун белгилери аз дозадан кийин эле башталып, бала аябай кыйналат. Ал кыйналуу узак убакытка созулат.

 Наркомандын өнөкөткө айланган кайсы гана дарты болбосун ал көпкө созулган жана барган сайын күчөгөн мүнөзгө айланат. Наркотикалык заттарды пайдаланбаган бирдей эле курактагы адамдарга караганда наркомандардын өлүмү 26 эсе жогору.   Наркомандар эң оор жугуштуу оорулардын бири болгон СПИДдин кеңири жайылтуучулары катары эсептелет. (183 сөз)

 

Көкөй кести

Күн кеч бешим болуп калган. Нарыда көл жатат. Эч нерседен кабары жок, каадасынча каалгый тартып аркада тоо. Мурат өзү менен өзү болуп, «жайдак ээр» эки атты коштогон бойдон келе берди. Жол ээн эле. Жол эле дейсиңби, мына бу дүмүрөй дүнүйөң түгөлү менен ээн калгандай эле.

Жол да арбычудай эмес. Мурат ага да кайыл сыяктуу. Эми шашканы каяк? Барат да акыры. Көөнүндө ар кайсынын башын чапчып, жүрөгү дүпөйүл. Кээде эки жагын карап коөт: кунары кеткен таштак боз талаа, боз баткы адырлар. Жадагалса тиги жылгааларында да бир көзгө урунар көгү жок. Баары бопбоз: ташы да, чөбү да. Чөп деп ком, эмненин чөбү, бар болгону ача шыбак. Эриксизден көз алдына өз айылы, өзү туулуп өскөн жеринин элеси тартыла калат. Албетте, ар кимдин туулган жери өзүнө мисир. Канткен менен чындыгында эле,  анын Желбайырындай жер кайда! Бул маалда ал жерде гүл аңкып эле тургандыр да. Эмне эксең ошонун бары чыгат. Талаасында эгин кайкып, жемиши жайнайт. Жайлоосучу! Чөбү тушардан келип, суусу көк кашка. Бир гана өкүнүчү – тээ ата – бабадан бери келаткан улуу салтты ыйык тутуп, ошол береки толгон жергесин мекендебегени. Мурда өңүндө эмес, үч уктаса түшүнө кирбеген кайдагы бир карааны калча аска – таштын арасында жүргөнү. Арийне тагдырындагы жазмышы ушу го.  (193 сөз)

Жылан эне

 

Ошентип, Бөрүбай жылан менен кош айтышып, ымыркай менен жалгыз калат. Анын ортосунда бир жыл өтөт. Ал күндүртүндүр кызыл эт баласын багуу менен алек. Баласы ыйлаган сайын таңдайына энесинин карегин сала коөт. Наристе аны бир аз сорсо эле курсагы тоюп, көшүлүп уктап калчу экен. Ошентип, кыш өтүп, жаз чыгат. Бир күнү баласы ыйлаганда, Бөрүбай каректи анын таңдайына салып коюп унутуп калат. 

Балээнин бары мына ушул жерден башталат. Наристе каректи соруп жатып, жутуп ийиптир. Атасы эстей коюп баланын оозун караса керек жок. Бөрүбайдын айласы кетет. Кечке жуук бала катуу ыйлайт. Анын курсагы ачканын билген атасы, эптеп тамак беримиш болот. Бала оозуна наар албайт. Бала какылдап ыйлоонун үстүндө. Ошентип, эч жерден жылан аялын таппаган Бөрүбай койнундагы чоорун колуна алат. Арман-зарын айтып ыйлай баштайт. Чоордун үнү, чоордун муңу шамал аркылуу жеткен го. Бир күнү бала көтөрүп, азып тозгон Бөрүбайдын алдынан баягы жылан эне каршы чыгыптыр. 

 -Эмне болду? Чоордун муңун укканда жүрөгүм түшүп калды. Деги бала аманбы? 

-Балаң аман!- дейт да Бөрүбай болгон окуяны аялына айтып берет.

 -Айтпадым беле, бала каректи жутуп албасын деп. Болбостур эми. Жүрө бергин менин артыман. Жылан сойлоп жөнөйт. Бала көтөргөн Бөрүбай анын артынан жөнөйт. Бир кезде алар жылан эне жашаган Турна көлдүн жээгине келишет. (196 сөз)

Просмотр содержимого документа
"Кыргыз тили жана адабияты"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!